Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү максатында Чынгыз Айтматовдун Эл аралык “Ысык-Көл форумунун” колдоосу алдында “Турар” басмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналы 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып мыкты прозалык жана поэзиялык чыгармаларга, котормолорго эл аралык “Арча” сыйлыгынын конкурсун жарыялайт

Конкурстун шарттары:

1. Чыгарма мурда жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпаган болуусу тийиш.

2. Конкурстун мөөнөтү: 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып 2013-жылдын 1-мартына чейин.

3. Авторлор чыгармасын жашыруун адабий ысмын коюу менен кагаз жүзүндө үч нускада жана сыртына автордун адабий ысмы жазылган конвертке салып — электрондук вариантын диск түрүндө (чыгарманын түп көчүрмөсү, автордун сүрөтү, кыскача өмүр баяны жазылып) редакцияга тапшыруусу (заказ кат, колмо-кол ж.б.) зарыл.

4. Конкурс жабык өтөт. Калыстар тобу татыктуу деп эсептеген чыгармалар автордун жашыруун адабий ысмын коюу менен “Жаңы Ала-Тоо” журналында жарыяланат.

5. Конкурс үч номинация: проза, поэзия, котормолор боюнча өткөрүлөт.

6. Конкурска келип түшкөн чыгармалар кайтарылып берилбейт жана редакция тарабынан сындалбайт.

7. Конкурстун жыйынтыгы 2013-жылдын март айында калыстар тобунун жашыруун добуш берүүсү аркылуу чыгарылат жана дарек катын ачып жеңүүчүлөрдүн чыныгы ысмын аныктоо менен жеңүүчү-авторлорго сыйлыктар Нооруз майрамына карата салтанаттуу тапшырылып, жыйынтыгы ММКларда жарыяланат.

“Жылдын мыкты жазуучусу”, “Жылдын мыкты акыны”, “Жылдын мыкты котормочусу” наамын ыйгаруу менен жанрлар боюнча өз-өзүнчө сыйлыктар ыйгарылат: 

Проза: 

1 сыйлык. “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 100 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

Поэзия:

1 сыйлык. “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен 50 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

Котормо:

1 сыйлык: “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 50 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын дареги: 720031, Бишкек ш.,Горький көч. – 1 А.
E-mail: Jany.alatoo@gmail.com

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.