Кубатбек Табалдиев: “Байыркы айкелдер – 60-бабаларыбыздын эстеликтери”

Кубатбек Табалдиев 1962-жылы 21-июлда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

К. Табалдиев – кыргыз археологу, тарыхчы окумуштуу. Тарых илимдеринин канди­даты, Манас-Түрк университетинин профессору.

100гө жакын илимий, 40 илимий-популярдык макалалардын жана 3 монография, 2 брошюра жана башка эмгектердин автору.

altay.balbal– Жакында “Барометрге” белги­лүү окумуштуу Юлий Сергеевич Худяковдун маеги чыкты. Анда ал кыргыздар Енисейден мурда Борбордук Азияда да жашаганын айтат. Буга биздин тарых илими кандай карайт?
– Сиздердин гезитке кенен маек куруп берген Юлий Худяков менин илимий жетекчим. Анын жетекчилиги астында Новосибирскиде археология боюнча аспирантурада окугам. Юлий Сергеевич менен алгач 1988-жылы таанышып, ушул күнгө чейин илимий байланыштабыз. Токсонунчу жылдары Кочкор жергесинде кыргыз тарыхчылар жамаатынын археологиялык экспедициясын уюштурганда, жыл сайын аны чакырып, көптөгөн маалыматтарды топтоп, ошонун негизинде орто кылымдагы көчмөндөрдүн археологиялык эстеликтери, алардын маданияты, аскер иши, маркумду көмүү, эскерүү иш-чаралары боюнча кандидаттык диссертациямды коргогом. Белгилүү аалым Енисей кыргыздарынын тарыхын студенттик курактан бери терең изилдеп келе жатат. Анын биринчи макаласы жетимишинчи жылдары эле жарыкка чыккан, ошондон бери өз илимий багытынан кайтпай, ишин бүгүнкү күнгө дейре улантууда.

Енисей кыргыздарынын Монголиянын аймагында, Кыргыз Нур көлүнүн айланасында жашагандыгы тууралуу бул мезгилге чейин эң биринчилерден болуп академик Бартольд айтып кеткен. Бирок, бул пикир археологиялык жактан толук далилденген эмес. Азыркы кездеги Монголиянын түндүк – батышын Енисейге чейинки кыргыздардын жашаган аймагы деп атоого болбойт. Ал аймактарда байыркы кыргыздардын бир дагы эстелиги ачыла элек. Келечекте ачылып калышы мүмкүн. Кытай, араб, фарсы тилдерин изилдеп, үйрөнгөн Тынчтыкбек Чоротегиндин көз карашы боюнча, бул аймактарга Енисей кыргыздары 9-10-кылымдарда келген болуусу керек. Ошол себептен ал жер “Кыргыз Нур” деп аталып калган болушу ыктымал.

Енисей кыргыздары Енисейге чейин б.з.ч. 3-4-кылымдарда кайсы жерде жашаган деген масе­ле көп­чүлүк окумуштуулардын көңүлүн бурууда. Бул туурасында кытай жазма булактарын изилдеген Боровкованын эмгегинде айтылат. Анын көз карашы боюнча, Енисейге чейин кыргыздар Чыгыш Теңир Тоодо отурук­ташкан. Азыркы Нарын облусу, борбордук Тянь-Шань, андан ары Хан Тенгриден Кытайдын аймагына чейин кирип кетет. Мына ошол аймактарда байыркы ата-бабаларыбыз жашаган. Ошентип, Енисей кыргыздарынын эң алгачкы Ата мекени Чыгыш Тянь-Шань деп эсептелинип калат. Ошол аймактардан Енисейге барып, андан соң кайра өз мекенине кайтып келүүсү тууралуу ой – абдан кызыктуу, жаңы пикир болду. Мына ушуну Юлий Худяков абдан колдойт. Ал токсонунчу жылдардан берки макалаларында, китептеринде ушуну дайыма айтып келатат. Эң оор маселелердин бири – бул жазма булактар. Чыгыш Тянь-Шань тоо кыркасындагы табылган эстеликтердин биринде “кыргыздар жашаган” деген бир сүйлөм бар. Ошол жерде жашагандыгы туурасында Боровкованвын болжолдуу гана пикири айтылып атат. Аны археологиялык далил аркылуу бекемдөө – азыркы мезгилдеги эң татаал маселелердин бири.

Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгын белгилегенибиз менен ошол мезгилдин археологиялык далилин азыркы күнгө чейин таба элекпиз. Балким, алар белгилүүдүр, Теңир Тоодо, Тянь-Шанда белгиленген эстеликтердин арасында бардыр. Бирок, биз ал эстеликтерди Енисейдеги кыргыздардын эстеликтери менен түздөн-түз байланыштыра албайбыз. Оор болуп жатат. Себеби, Енисейдеги кыргыздардын маданияты Орто кылымдарга таандык. Балким, ал жакка баргандан кийин алардын маданияты өзгөргөн чыгаар. Ошол Енисейге чейинки кыргыздардын археологиясын изилдөө азыркы күндөгү эң орчундуу маселелерден. Эгерде бул оң жагына чечилсе, мына ошондо гана биз Енисейге чейинки бир топ аймактарда жашаган кыргыздардын тарыхын, маданиятын изилдей алат элек.

Кытайдагы материалдар менен эгемендик алгандан кийин гана таанышып баштадык. Чындыгында Теңир Тоодо жашаган биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктагы көчмөндөрдүн археологиясы менен, Чыгыш Теңир Тоодогу кийин жашаган көчмөндөрдүн археологиясын салыштырып карап көрсөк, экөө бири бирине шайкеш. Мисалы, маркумду көмүү, маркумду эскерүү салты, чопо идиштери жакын. Мен Үрүмчүдөн баштап, Монголиянын Хами шаарына, кийин Үрүмчүдөн баштап, кайра Кашкарга чейин эки жолу барып келдим. Ошол жердеги музейлердеги коллекцияларды карасам, чек аранын аркы тарабы менен берки тарабындагы маалыматтар бири бирине абдан жакын экен. Себеби, ал мезгилдеги чек ара азыркы чек ара эмес. Байыркы мезгилде Теңир Тоонун аркы тарабында жашагандар менен берки тарабында жашаган элди маданияты бирдей эле болгон. Ошолорду айырмалап караш керек. Бирок, археологиялык изилдөөлөрдүн эң оор жагы табылган сөөктөрдүн этностук өзгөчөлүгүн аныктоо болуп саналат. Мисалы, бир көрүстөн ачылса, анда бул “сак” же, “усун” деген жазуусу жок да. Ал үчүн анын буга чейинки диагностикалык маалыматын табыш керек. Бул маселе дагы узакка созулат. Он, жыйырма, отуз, элүү, жүз жылга чейин уланышы мүмкүн. Бирок, сактардын, усундардын учурундагы археологиялык материалдарды карасак, ушул чыгышы мүмкүн.

– Ошол эле Енисейде, Хакасияда табылган таштардагы жазуулар Кыргызстандын аймагынан да чыгып жатат. Мындай жазууларды, таштарды изилдөө план ченемдүү, ырааттуу түрдө жүрүп жатабы?
– Мен буга археолог катары жооп берем. Менин түздөн-түз изил­дөө багытым – көчмөндөрдүн маркумду көмүү салты, алардын аскер иштери, аскер куралдары, маркумду эскерүү салты, алардын кооздуктары. 1991-92-жылдары Юлий Сергеевич менен Кочкордогу эстеликтерди изилдөө учурунда мага орто кылымдагы кыргыздар менен тектеш түрк элдерин изилдеп жатабыз деп айтчу. Маркум жылкысы менен кошо көмүлгөн көрүстөндөрдү, алардын аскер куралдарын, маркумду эскерткич айкелдерди таптык, бирок, “эмне үчүн жазуу жок, жазуу болуш керек” деп ар бир ташты карай берчү элек. Кийин, 1998-жылы Кочкордо изилдөө жүргүзгөндө таштагы жазуу эстеликтерин таба баштадык. Кыргызстанда 1896-жылдан 1998-жылга чейин – бир кылымдын ичинде 20 жазуу табылган болсо, биз токсон сегизинчи жылдан баштап, 2012-жылга чейин 30дан ашык жазуу таптык. Көрсө, эстеликтерди эпиграф тармагын изилдеген окумуштуулар гана изилдеп келген экен. Менимче, буга комплекстүү изилдөө талап кылынат. Археолог керек экен. Биринчи жолу Кочкордон руникалык жазуусу бар таш эстеликтерди тапкандан кийин биз тажрыйбалуу болуп калдык. Кайсы жерден издеш керек экенин билдик. Кандай жерден эстеликтерди табуу керектиги боюнча маалыматтарды топтоп калдык. Кийин Таластан, Ысык-Көлдөн, Ак-Өлөңдөн, 2012-жылы Караколдогу ташты жергиликтүү мугалимдин аркасы менен таап алдык. Абдан кызык жазуу экен. Ошол жазууларды тапкандан кийин адистерге кайрылдык. Биз аны толук чечмелеп окуй албайбыз. Салыштырып карап көрсөк, окумуштуулардын көз карашы да бир аз айырмалуу экен. Ленинграддык окумуштуу Сергей Миронович Кляшторный Кочкордогу жазууну 716-730-жылдардагы жазуу деп айтты. Кармушин деген окумуштуу ал жазуу эстеликтеринин Енисей жазууларына дагы жакындыгы бар деп эсептейт. Түркияда иштеген жаш окумуштуубуз Алимов Рыспек ал Теңир-Тоодогу жазуулар классикалык Орхон жазууларына жакын эмес, тескерисинче, Енисей жазууларына жакын, Енеиейден бери жылганда анын авторлору жазууларын кошо ала келген, ал Енисей кыргыздары болушу мүмкүн, бирок, ал жерде Алтайдын жазууларынын да таасири көрүнүп турат дейт. Ошондо жазуу Енисейден баштап, Алтай аркылуу Теңир-Тоого келип атат. Эң акыркы 2012-жылы табылган жазуу Орхон-Енисей тибиндеги жазуу абдан чоң кызыгууну туудурду. Себеби, кудум ушундай жазуу Енисейде он тогузунчу кылымдын акырында, жыйырманчы кылымдын башында табылган экен. Ал үңкүрдөгү жазуу боёк менен жазылыптыр. Ал жазуу азыр жок. Ошол жазуу кайталангансып атат. Болжолу бир диний коомдун өкүлдөрү жазып келгендей. Муну кесиптешибиз Абдиев Таалай окуп, бул жазуу менен былтыр ноябрь айында Берлиндеги конференцияга катышып келдик. Таалай Караколдогу жазуу боюнча, мен Ак-Өлөң, Кочкордогу эстеликтер тууралуу маалымат жасадык. Азыр да мүмкүнчүлүк болсо эле ошол талааларга чыгып, эстеликтерди изилдегенге ынтызарбыз. Бул абдан кызык. Кочкордогу жазуулардан кийин ЮНЕСКОдон бир долбоор утуп алдык да, аспирантым Кайрат Белек менен биригип, “Кыргызстандагы таштардагы жазуулар” деген китеп чыгардык. Кайрат араб жазууларын изилдейт. Өзүнүн көп жаңылыктары бар. Диссертация жазып жатат. Чечмеленген сөз, сүйлөмдөр илим, тарых үчүн өзүнчө бир көөнөргүс булак экен. Мен дагы археологиялык иштеримден алыстап, жазууларга аралашып калганыма өкүнбөйм. Себеби, биздин ишибиз жаңы ийгиликтер менен коштолуп калды. Буга чейин көптөгөн окумуштуулар таштагы жазууларды изилдеп келишкен. Биз буларга кошумча катары 100дөн ашуун жазууларды изилдеп, мурдагы изилдөөлөрдү кошуп, ушул китепти чыгардык. Китеп 2008-жылы чыккан, андан бери да жаңы маалыматтарды таптык. Таштарды изилдөөнү ырааттуу жүргүзүүгө аракет бар. Биз эле эмес, башка окумуштуулар да көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

– Байыркы кыргыздардын тарыхын изилдеген учурдагы чет элдик, биздин окумуштуулар жөнүндө айтып берсеңиз.?
– Байыркы кыргыздардын тарыхын изилдеген чет өлкөлүк окумуштуулардын эң көрүнүктүүсү – Юлий Сергеевич Худяков. Азыр активдүү иштеп жатат. Андан сырткары, Дмитрий Глебович Савинов деген илимпоз бар. Ал кандидаттык ишинде Түштүк Сибирдеги биринчи миң жылдык, экинчи мин жылдыктын башындагы калктардын эстеликтерин изилдеген. Азыркы мезгилде дагы Тыванын, Хакасиянын, Алтайдын аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдөөнү жүргүзүп келе жатат. Ал кишинин Енисей кыргыздары улам Батышты карай жылган сайын алардын маданияты жергиликтүү калктардын таасири менен улам өзгөрүп турган деген пикири – маанилүү пикир. Ал археология аркылуу Енисей кыргыздарынын Теңир-Тоого келишине абдан кызыккан. Жанагы пикирди биз археология жактан далилдегендей болуп калдык. Енисей кыргыздары маркумду өрттөп көмүшкөн. Кызыласов Теңир Тоодо бир да өрттөлгөн кыргыз сөөгү жок деп келген. Савинов башка усул менен изилдеш керек, Енисей кыргыздарынын маданияты башка жакка оогондо өзгөргөн деп келди. Көрсө, бу туура эмес экен. Айрым араб булактарында маркумду өрттөө кыргыздардын мурдагы салты болгон, азыр алар жергиликтүү элдин таасиринен маркумду өрттөбөй калды делет. Биздин изилдөөлөр боюнча, өткөөл мезгилдеги эстеликтер адамдын өзүн өрттөбөсө да, анын буюм-тайымын өрттөшкөнүн, сөөктү от аркылуу тазалашканын көрсөтүп турат. Көчүп келген Енисей кыргыздарынын эстеликтери он бир, он эки, он үчүнчү кылымда ушул жерде жашаган элдердин салтына жакын экен. Биз ошолорду салыштырып изилдөө аркылуу он үчүнчү кылымдан берки археологиялык тарыхыбызды жакшы билебиз. Биздин калк мурда Теңир Тоодо, Жети-Сууда, Алайда, Ферганада жашаган элдердин тарыхын жакшы билиши керек. Анткени алардын баары азыр кыргыздын курамында. Эч жакка кеткен жок. Ошолордун мурастары да биздин ата-бабалардын мурастары болуп эсептелет. Балбал, айкелдерди да колдошубуз керек. Алар биздин 55-60 бабаларыбыздын айкелдери болуп калат. Кызыласовдорду да жаман көрүш туура эмес. Анткени, окумуштуулардын ортосунда ушундай талаш-тартыш болуп турушу керек. Ошондо илим өсөт.

Мындан сырткары, Новосибирскиде Кыргыздарды изилдеген менин жакшы кесиптештерим бар. Андай окумуштууларды күзүндө болуучу конференцияга чакырган жатабыз. Енисей кыргыздарына тектеш түрк тилдүү калктардын эстеликтерин да кошо изилдеп жүрөбүз. Ашина түрктөрү менен Енисей кыргыздары эки атанын балдарындай… Эгерде жалаң эле Енисей дей берсек, анда бул жерде жашаган чоң-чоң калктардын, журттардын тарыхынан баш тартып калган болобуз.

– Өзүңүздүн илимий пландарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Башынан Орто кылымдагы көчмөндөрдүн эстеликтерин изилдеп келгем. Азыр да улантып жатам. Шакирттерим бар. Алардын айрымдары Юлий Сергеевичтин аспиранттары. Алды бүтүп, жактоонун алдында. Ошолор менен бирге мурдагы изилдөөлөрдү толуктап, тактап, жаңы эмгек жазсам деген оюм бар. Таштагы жазууларга да кызыгып калдык. Кайрат Белек менен чыгарган китепти дагы кошумчалап жазсак деп ойлойм. “Манас” университетинде археологиялык изилдөөлөргө туруктуу көңүл бурулуп жатат. Биздеги изилдөөлөр боюнча чоң альбом даярдап жатабыз. Ага чейин китепче чыккан. Бирок, бизге туруктуу колдоо көрсөткөн илимий мекемелер жок. “Манас” университети гана жылда бир ай изилдөө жүргүзгөнгө шарт түзүп берген. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет кылабыз.

– Куруп берген маегиңизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Маектешкен Жаркынай ишенбек кызы, «Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.