Кымыз менен дарылоо

kymyzКымыз – көчмөн эл арасында эзелтен бери белгилүү суусундук. Ал негизинен бээнин сүтүнөн, андан сырткары, уйдун жана төөнүн сүтүнөн да жасалат.

Кымыз тууралуу алгачкы маалымат байыркы грек тарыхчысынын (биздин заманга чейинки 484-424-жылдар) эмгегинен жолугат. Ал скифтердин турмушун баяндап жазып, берегилер бээнин сүтүн чаначка куюп, бышуу жолу менен өзгөчө бир суусундук алышат деп жазган.

Дарылык касиети бар кымыз бээнин чийки сүтүнөн жасалат. Ал ашказанды, ичегини тазалайт. Чаалыккан организмге жакшы сиңет, адамдын ичтейин ачат, кандын курамындагы холестринди азайтат. Аз кандууларга, анемия дартынан азап тарткандарга миңдин бири. Өпкө оорулууларга, ашказанында жарасы барларга, нерв дартына чалдыккандарга жакшы жардам берет.

Кымыз менен дарылангандар санаторийге барып дарылангандарга караганда ишке жөндөмү бир кыйла артат, өздөрүн шайдоот алып жүрөт, салмагы азаят. Анткени кымыз менен дарылануунун натыйжасында организмдеги азык алмашуу оңолот. Кымыздын курамында С витамини абдан көп, айталы, уйдун сүтүнө салыштырмалуу үч эсе арбын.

Кымыз менен дарылануунун босогосунда бул суусундук бөтөнчө суусундук экенин, андыктан ага алдын ала көнүү керектигин эске тутуу абзел. Демейде дарыгерлер кымыз ичүүнү аз-аздан, атап айтканда, 50 миллилитрден баштоону сунуштап жүрүшөт. Анан бара-бара аны 250 миллилитрге чейин көтөрүү керек. Ошентип, бир суткада үч литрге чейин ичүүгө мүмкүн. Кымызды тамак жегенге бир саат калганда бир күндө алты жолу ичүү туура.

Бээнин сүтү иммунитетти көтө­рүүгө, жалпы эле тери оорусуна, кызыл жүгүрүккө, сөөк-муун оорусуна, ички органдарга, өт, боор, ичеги-ашказан, бөйрөк, өпкө, бронхит, жоон ичегилерге, суук өткөн жеңил ооруга, уйку без, нерв ооруларына ичсе жагымдуу. Ошол эле учурда бейтап бээнин сүтүн кайсы маалда, кантип ичүү керек экенин алдын ала билип, анан ичүүсү зарыл. Бээнин сүтү өтүшүп кеткен ооруга жардам бербейт. Ашказанында кислотасы көп адамдар, мындайча айтканда, гастрит келели менен ооругандар этияттап, чектеп ичүүгө тийиш. Эске сала кетсек, калк ичинде айтыла жүргөндөй, “кымыз кырк жылдык ооруну козгойт”. Кымыздын дарылык касиети үркөр чыгып, чөп каткыча жагымдуу болот. Үркөр чыкканда чөп күчүнө кирип, дан алып калгандан кийин оорукчан адамга бээнин сүтү да, кымызы да күчтүүлүк кылып, адамга жагымы болбойт.

Кымыз кайсы бир мезгилге дейре туз кислотасын да алмаштыра алат. Кымыз ичүү белоктор менен майдын сиңишин жакшыртат. Медициналык адистер белгилегендей, кымызды айрыкча шаардыктардын такай ичүүсү зарыл.

Кымыздын жогорку аш болумдуулугун сүттүн курамы менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Сүттү ачытканда май өзгөрбөй, өз калыбында калат, бирок, белок бат сиңүүчү азыкка, май канты сүт кислотасына, этил спиртине, көмүр кислотасына жана башка жыпар жыты аңкыган азыктарга айланат. Мунун баары кымыздын денебизге жагымдуулугун арттырат.

Кеңеш катары айта турган дагы бир нерсе, кымыз ким тарабынан жасалбасын, ал куюлган идиш, пластик бөтөлкөсү катуу болууга тийиш. Себеби, кымыз бөтөлкөнүн ичинде ачыйт. Идиш ичинде ачыбаган кымыз, тактап айтканда, бөтөлкөсү жумшак кымыз анча жакшы болбойт, а түгүл, ден соолукка зыян келтирип коюшу да ыктымал.

Кымызды уйдун сүтүнөн да жасашат. Уй кымыз майсыздалган сүткө 25 пайыз кант жана суу кошуу жолу менен жасалат. Уй кымызы да бээ сүтүнүн кымызындай эле сапаттарга ээ.

Ал эми төө сүтүнөн жасалган кымыз азыркы Кыргызстанда абдан аз ичилет. Арийне, канатташ казак калкынын дасторконуна арбын коюлат. Аны казактар “шубат” дешет. Дарылык касиети абдан мыкты суусундук.

Ылаңдаган бээнин сүтүн ичпеңиз!

Жергебизде жылдагыдай эле кымыз ичип дарылануу кызуу башталды. Ата- бабабыз кымызды эзелтен бери элдик медицинада кеңири колдонуп келгени белгилүү. Акыркы жылдары “кымыз менен дарылоо” жөнгө салынып, бээ сүтүнүн дарылык касиетине ишеним артып бараткандай. Айрым ишкер адамдар үчүн “кымыз менен дарылоо” бизнеске айланган.

Өлкөдө бул багытта кандай иш жүрүп жаткандыгын билүү үчүн республикалык ветеринариялык дарт аныктоо борборуна баш бактык. Сыртынан бейкапар көрүнгөн мекеменин ичинде дарылоо сезонуна карата иш кызуу жүрүп жаткан экен. Малдын дартын аныктатуу үчүн келген мал доктурлардын, ошол эле малчылардын мал-жандын дени сактыгына көңүл кош эместиги байкалат. Себеби, акыркы жылдары жылкыдан бруцеллёз оорусу чыгып жатат. Муну калктын калың катмары толук биле бербесе керек. Ушул максатта ветеринариялык дарт аныктоо борборунун башчысынын орун басары Асан Кыдыргычевдин жылкыдагы бул ылаң туурасында азыноолак маегин уктук.

– Алгач жалпы элебруцеллёз тууралуу бир аз токтоло кетсем. Бул оорунун өмүрү өтө узун, илгертеден бери келатат. Бруцеллёз боюнча 1864- жылы изилдөө жүргүзүлө баштаган. Анан улам калыпка салынып олтуруп, 1907-1908-жылдары бруцеллёз оорусунун алты түрү аныкталган. Муну изилдеген Брусь деген адам болгон, береги кесел ошол адамдын атынан “бруцеллёз” деп аталып калган.
Негизинен бруцеллёз бодонуку, кой-эчкиники, иттики болуп, алты түргө бөлүнөт. Бирок акыркы күндөрү мен бир орчундуу маселени көтөрүп чыгып атам. Анткени ушу кезге чейин жылкыга жуккан бруцеллёз жок деп келгенбиз. Бирок, мындан беш-алты жыл мурда Ысык-Көл облустук ветеринариялык башкармалыкта иштеп турганымда жылкы баласы да бруцеллёз менен ооруй турганын биринчилерден болуп айтып чыкканбыз. Ошол кезде эки жылкы ооруп калып, текшерүүдө бул ылаң жылкыга да өтөөрү аныкталган. Бруцеллёздогу эң коркунучтуу жугуштуу кесел таякчалары бул кой менен эчкиники. Мындан бир нече жыл мурда жылына төрт миңден ашык адам бул ооруга кабылса, кийинки убактагы алдын-алуу иш-чараларынын натыйжасында бул дартка чалдыккан замандаштарыбыздын саны бир аз кыскарды. Ошентсе да, оору мурдагы калыбында калып атат, аны түп тамырынан жоготуу мүмкүн эместей. Бруцеллёз малдан гана жугат, адамдардан бири-бирине өтпөй турган оору. Анын эң негизги зыяны аялды да, эркекти да тукумсуздукка алып келет. Ушуну адамдар түшүнүшсө. Бизде жылына бир миллионго жакын изилдөө жүргүзүлөт, ошонун ичинен сексен-токсон пайыз бодо малдыкын, кой-эчкиникин, ит, чочконун кандарын текшерип келебиз. Быйыл жыл башынан бери 316 миң малга изилдөө жүргүзүлсө, андан миңге жакын оорулуу мал аныкталды. Бир миллион малдан эки жүз алтымыш мин оорулуу мал чыгып атат.

Бруцеллёз менен ооруган уйдун же кой, эчкинин сүтүн алтымыш градуста он мүнөт кайнатсак, ал эми токсон градуста беш эле мүнөт кайнатсак, бруцеллёздун микробдору өлөт. Ушул жол аркылуу бруцеллёзго натыйжалуу каршы күрөшүү мүмкүн. Ал эми бээнин сүтүн кайнатып ичкенге болбой атпайбы, буга кандай чара көрүү керек? Бул – бүгүнкү күндөгү эң орчундуу маселелердин бири. Былтыркы жылы 36 миңден ашуун жылкыга изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен кыркка жакын бээден бруцеллёз дарты аныкталган. Эң коркунучтуусу – бир эле бээнин сүтүн бир күндө көп адам ичет. Бул маселени тийиштүү адистердин баарынын алдына койгонбуз, “Ар бир жылкычы желедеги малын изилдөөдөн өткөрсүн” деген талап бар. Кийинки кезде эл да түшүнүп калды, үйүргө кошоордон мурда бээни текшертип кетип жатышат.

Жылкыдагы бруцеллёздун пайда болгонуна он жылдан ашты, бирок, ал кезде кымыз менен дарылануу жарандарыбыздын арасында бүгүнкүдөй өтө өнүккөн эмес эле. Калың журтка берээр кеңешим – кымыз, сүт ичээрден оболу жылкычыдан биздин экспертизаны талап кылышсын, биз ар бир малга анализ жасайбыз. Ден соолугубузга кам көрүү – ар бирибиздин колубузда. Мына, кымыз ичүү мезгили башталды, бир оорусун айыктырам деп барып дагы башка ооруну жуктуруп алуудан сак болушсун деген максатта акыркы кезде бардык малчыларга бээни желеге байлаардан оболу текшерүүдөн өткөргүлө деген катуу талап коюлган. Кыргызстандын ар бир аймагынан кан тапшыруулар үстөкө-босток түшүүдө. Жыл башынан бери беш баш жылкыдан бруцеллёз оорусу аныкталды. Ооруган малды жок кылуу керек. Бул илдет менен күрөшүүгө Бүткүл дүйнөлүк банк бизге каражат бөлүп бергенин да кошумчалап кетүүгө тийишмин.

Даярдаган Адилет Карыбекова, «Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.