Жетиген жергебизде кайрадан шаңшый баштады

jetigenЖусуп Айсаев – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында салттык музыка боюнча ага окутуучу. Буга чейин улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкачы катары таанымал болсо, жакынкы күндөн бери ал эл алдына чыгып, “Жетиген” деген музыкалык аспапты чертип, музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратып, баштады. Мунусу улуттук музыка өнөрүбүздөгү жаңы саамалык катары таанылууда. Албетте, жетиген мурда тарыхыбызда болгон, аны ата-бабабыз черткен, бирок, бара-бара унутулуп калган. Мен Жусуп Айсаевдин жетигенде кол ойнотуп, Асанбек Кыдырназаровдун айтылуу “Кыргыз көчү” күүсүн черткенин угуп, башкача бир сезимдерге бөлөндүм.

Мындан аркы сөз – музыкалык аспапты жайылтуучу Жусуп мырзада.

Тарыхтан эки ооз сөз

Колумдагы көп кылдуу музыкалык аспаптын – жетигендин узундугу 1.5м . Негизинен бул аспапты тээ Энесайдагы, Алтайдагы кыргыздар менен хакастар, якуттар, тывалар жана башка улуттар чертип келишкен. Бирок, хакастарда көбүрөөк колдонулган. Бизде, “жетиген” деп аталса, хакастар “Чатхан” (тывалар Чадаган) деп аташат. Чатханды чечмелей келсек, “чат”- бул жат, ал эми “хан” – кан, негизинен “жат кан” деген түшүнүктү берет. Аны тизеге коюп чертесиң. Мисалы, комуз же башка музыкалык аспаптар такыр башкача абалда чертилери белгилүү.

Бул музыкалык аспапты тек гана түрк тилдүү элдерге тиешелүү десек жаңылышабыз, анткени ал дүйнөнүн бир топ жерлеринде колдонулуп жүрөт. Японияда аны “Кото” дешсе, Кытайда “Ше жана цин” деп аташат. Чатхандын бүгүнкү күнгө жетип калышына хакастардын салымы өтө зор. Советтер Союзунун учурунда улуттук салттуу музыканы көрмөксөнгө салып келишкен эмеспи. Ошол себептен унутулуп, калк арасында көп колдонулбай калыптыр. Хакас композитору Георгий Челбораков бул аспапты изилдеп, күүнүн нотасын кагазга түшүрүп, элге тараткан.

Тээ байыркы убакта аялдардын чатханды ойногонуна тыюу салынган экен. Кийинчерээк гана кеңири колдонулуп, ыр-күүлөр менен бирге, хакас элинин “Алыптыхнымах” деген тарыхый баатырдык эпосун коштоп чертүүгө көнүшкөн.

Жетигендин Кыргызстанга жетиши

Мурда-кийин чет жерде фестивалдарга катышканда хакастардын бул музыкалык аспабына көз салып койчу элем. Биздин кыргыз оркестринин курамын байытуу үчүн ушундай аспап керек экен деген ой да көңүлүмдө жашап жүрдү. Кийинчерээк хакастар менен таанышып калдым. Ал жакта чатханда кол ойнотуп чертип, ырдап, атүгүл,ал аспапты чаап, өзү жасаган уста Сергей Чарков деген жигит бар. Анын эмгеги менен хакастарда бул аспап кеңири жайылып, жанданып атат. Кыргызстанга мен алып келген жетиген да анын эмгеги. Ошентип, көптөн берки тилегим ишке ашып, “Борбор Азиядагы арт менежмент” фондунун жардамы менен эзелки аспабыбызды кыргыз жерине жеткирип олтурабыз. Аталган фонд бардык чыгымды көтөрүп, былтыр 2012-жылы күз айларында мени Хакасияга жөнөткөн эле. Ал жакта беш күн болуп, чертүү ыкмаларын үйрөнүп, керектүү маалыматтарды чогултуп, жетигенди алып кайттым.

Айрым маалыматтарга караганда, тээ Карахандын доорунда эле биздин “Койчулардын коңур күүсү” бул аспапта чертилчү экен.

Аспап Орусиядагы кедр дарагынан жасалат. Ал дарактын аты кыргыздын кадимки “кыдыр” деген эле сөзүнөн экен. Кедр – демек, кыдыр жыгачы. Уста Сергей Чарков ар түрлүү кылдарды тагып, изденип отуруп, ушул кылга токтолуптур. Мунун добушу бийик, тунук, кубаттуу чыгат. Башында кылы комуздай эле койдун ичегисинен жасалса керек деп ойлойм. Эксперимент катары, башка кылдарды дагы тагып көрсөк, деген ой бар.

Музыкабыздын байышына – салым

Жетигендин добушу комуздун добушу менен шайкеш келип, жакшы айкалышат. Үнү комуздукуна салыштырганда бир аз бийик чыгат. Себеби, анын кылдары темирден жасалат. Жетигендин Кыргызстанга келиши кыргыз музыкасынын байышына өз салымын кошпой койбойт. Муну көргөндөр биресе таңданып, биресе кубанып жатышат. Жетиген негизинен түпкүрүндө жети кылдуу болгон. Убакыт улам өткөн сайын шартка ыңгайлашып олтуруп, ага кошумча кылдар салына баштаган. Менин колумдагы аспап он төрт кылдуу. Жетигенди башка музыкалык аспаптар сыяктуу эле кыргыздын энчиси деп эсептейм. Эң кызыгы, биздин кайсы гана аспабыбызга арналган күү болбосун, жетигенге атайын жазылган сыяктуу дал келет. Бүгүнкү күндө музыка боюнча адистер жетигенди ансамблдерге, оркестрлерге кошууну сунуштап жатышат. Буюрса, бул иштин өтөөсүнө чыгуу үчүн бардык аракетимди, бүт чыгармачыл дараметимди жумшаймын.

Кыргыздын байыркы музыкалык аспаптары

Кыргыздын музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышынын негизги өзгө­чөлүктөрүнүн бири – бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта, ырым-жырым, үрп -адаттарында кеңири колдонулуп келгендигинде.
Алардын колдонуп келген музыкалык аспаптары турмуш тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгону жалпыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрү­нүшүнө, элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгизбей койгон эмес.Ошондуктан аспап өткөн замандын музыкасына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөлүктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү анын калдыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жашап келаткан элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден бир күбөсү.

Бай тарыхы жана маданий салты бар элдин мурастык музыкаларынын да бай казынасы болот. Музыкалык ой – жүгүртүүсүн учкул фантазиясын аса таяк, жылаажын, чымылдак, зуулдак, чогойно чоор, чопо чоор, сыбызгы, добулбас, доол, дар, кыл кыяк, сурнай, керней, комуз, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, үч ичек комуз сыктуу ондогон музыкалык аспаптарда өнүктүрүп, аларды жашоо- тиричилигинде кеңири пайдаланып келишкен музыкалык мурасы бай элдердин бири – бул кыргыздар.

Кыргыз элинде Музыкалык аспаптардын кайсы бир түрлөрү таш доорунда эле жасала башталып, жыгачтарды кагыштыруу, таштарды ургулоо аркылуу “тарсылдак”, “кылдырак”, “шаңгырак”, “шылдырак” сымал добуштарды алып жыгачтын сөңгөктөрүн көңдөйлөп, кыйгак өсүмдүктөрдүн жалбырактарын үйлөө менен “чыңылдаган”, “ызылдаган” ышкырык үндөрдү таап, бул эң жөнөкөй жана жапайы музыкалык үндөштүктөрдү жашоо муктаждыктары үчүн пайдаланууну колго алган.

Элибиздин өткөн тарыхын, маданиятын, кылымдарды камтыган салт-санаасын, эстетикалык касиетин, көркөм дүйнөсүн үйрөнүүнүн негизги булактарынын бири болгон музыкалык аспаптардын баалуулугу, керектүүлүгү мына ушунда.

«Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.