А.Сарманбектов. “Айбанталаадагы адам”

(аңгеме)

Замандаш агам
Эсенбек Абдрасуловго
арнаймын

Адам баласыбы, же айбаны болобу, канчалык карек чаргытып караса да көз курчу акыр-чегине чейин толук камтый алгыс казактардын даркан талаасы тээ, алыстан кылайып чыккан күндүн кыйгач тийген алсыз нурларынан чукурана ойгонуп келатты. Кыш. Аяздын алгачкы күндөрүнөн эле кук эткен кузгуну да, как эткен каргасы да караан үзүп качып кетчү бул, Кубандыктын толтосундагы Айбанталаа чылк аппак, күн нуруна жылт-жулт чагылышкан муздак кар алдында калган. Кыш чилдесинин чучукка чейин жеткен кычыраган суугунан бардык жашоо мүлдө токтоп, толугу менен тоңуп калган сымал. Дегенибиз менен астейдил, абайласаң андай эмес, учкай караганга гана ошондой. Алмустактан бери жашоонун улуу көчү эч токтобой, улана берет эмеспи. Тирүүлүктүн өктөм мыйзамы ошол…

Бу, этек-жеңи тосулбай ачык, кар алдында дөмпөй­гөн төө тикенден бөлөк көзгө да, чар тарабынан тынымсыз зуулап турчу шамал-бороонго да такоолу жок жайык талааны эзелтеден адам баласы байырлаган эмес. Айрыкча ушундай, ызгаарлуу кышта кай тарапка жүз бурсаң бетиңе муздак борошо уруп, “аа” деп ач айкырык салып озондосоң да кайрымсыз аңгыраган Айбанталаага адам эмес, айбандар араң чыдайт. Тээ, кылымдар кыйырындагы жоокерчилик, көчмөн замандардагы кыйчалыш кезеңде жансыз талааны узун-туурасынан найзаларын сороңдотуп бөрүлөрдөй жортуп өткөн атчандардын жер солкулдаткан дүбүртү, же көртирлигин төө-атына артынган чубалган көчү, боз топурдун чаңын уюлгута айдаган мал-жаны гана болбосо, азыр адам буту дээрлик баспай калган. Анткени, суу жок. Адам оокаты, анын мал-жаны суусуз кайдан өтсүн. Чөйчөктөй ойдуңда гана бото көзүндөй булак бар. Ал, бир төө тойгус мөлтүрөгөн булак кайдан, кантип башат алат, табышмак. Көзүн ким ачканы да белгисиз, небак унутулган. Тек, айбанаттар жайы-кышы тилин суулачу жалгыз жанга даба ошол. Кыш келгени ал да, айнектей мелтиреп тоңуп калат.

Ошол булактын кашындагы калпактай дөбө­чөдөгү карайган жүдөө, жалгыз кепеден адамдын алсыз кургак жөтөлү улам чыгып жатты. Тобо, ушундай тозоку, ит чыдагыстай жердин түбүн да адам пааналайт экен ээ? Жүрөгү тоо ал жанкечти ким болду экен? Кантип күн кечирип келет? Бу, адам буту жеткис жердин түбүнө кайдан, качан, кантип келип калган? Ай-талаада адашып алганбы? Же адамдардан качып, из жашырып жүргөн кыйсыпыр кылмышкерби? Анчалык не кечиримсиз күнөө кылды экен? Балким, акылынан айнып калган мусапыр болуп жүрбөсүн? Адамдар аны кантип жоготуп, же биротоло кыйып коюшту экен? Не, анын артынан издеп алары жокпу?..

Чынында ал, акча табам деген азгырыкка алдырып бу, айтылуу Акдөбө калаасынан жетимиштей чакырым алыс Шубартау кен шаарчасынан да нары деңиздей жайылып кеткен Кубандык аймагына тээ, Кыргызстандын Таласынан жер кезип келген Эсенбек болчу. Эми гана отузду ортолоп калган. Арийне, анын көздөгөнү жалгыз гана акча эмес, аны бу, алыскы талаага аргасыз айдап, из жашырып кетүүгө кубалаган купуясы да бар…

Төрдөгү төөнүн көзүндөй терезеден агылып түшкөн алсыз мунарыктын жарыгы болбогондо кепенин ичи дээрлик караңгы. Ортодогу урап калган мештүү жалгыз бөлмөнүн төр жагында кат-кат жыйылып жаткан айбанаттардын каткан терилери кургак шуудурап, алдынан алгач тарбаңдаган адам колу, анын артынан арыстандын жалындай саксайган чачтуу баш көрүндү. Астапырылла! Адам баласы да ушундай мусапыр, жан кейиткен жапайы кейипке түшөт экен ээ! Сакал-муруту да саксайып, бетин жаап, белине чейин түшүп, чуудаланып кеткен. Тарбалаңдап, үстүндөгү терилерди калдырата шилеген колдору алгач чыкпаганда аны сөзсүз киши кийик, же жапайы бир жаныбар деп ойлоп башка тарс атып жантаслим кылып, же корккондон артын карабай айгайлап качмагы турулуу болчу!

Арып-ачып, араң кыбыраган ал эптеп терилерден белине чейин суурулуп чыкты да, таза абадан удаама-удаа оп тартып алганынанбы, кыйлага күрс-күрс кургак жөтөлүп, күйүгө оор дем алып кыйлага чалкасынан сулап жатты. Денеси муздак нымшыйт. Аны бул турушунда отуз жаштын оттуу курагында деп айтууга ооз барбайт эле, жашы билинбей, терең бырыштуу, кан-сөлү качкан арык бети көк-кара тартып карылыктын капшабына небак алдырып койгондой көрүнөт. Куугундан качкан жарадар кайберендей каржалган ал, каруусунан огеле кайтып калган экен, бир аз машакат тартканга денеси нымшып, муздак тер чыга түшкөн чекесин алакан сырты менен кайталай сүртүндү. Кыбыраган кыймыл, көз карашында толук кайдыгерлик. Үстүндөгү асманы айкарасынан жарылып, алдындагы кара жер астын-үстүн болуп кетсе да ага баары бирдей. Жанынан да, жашоодон да биротоло түңүлгөн сымал. Кепедеги каңырсыган терилердин жытынанбы, же чучукка жеткен сууктан кагынганбы, өпкөсү соо эместей. Ачкалыгынан деле болсо керек. Алсыз денеге оору тап эмеспи. Адам сымал жылуу тамак ичпегенине оо, нечен ай болуп кетти. Он күнгө деп, өлчөнүп берилген паегун эптеп бир айча созду. Келгенине болсо жарым жыл чамалады көрүнөт. Эмнени гана оозанбады, рас, мылтыгынын огу, отуна ширеңкеси барда чыйпылдаган чымчыгыбы, казактар балбак, кыргыздар балпак дечү мышыктай чычканыбы, алардын не көзүнө көрүнө калганын эле ыргыта атып, капканга кармап терисин сыйрып алар замат шишке сайып отко кактап, же кардын суусуна кайнатып жеп жүрдү. Карга, сагызгандын эти уу деген жалган экен, айла кеткенде алар да адамга табылгыс азык болот тура. Алтургай Эсенбек чыйпылдаган үй чычканын да табылганына сүйүнүп жеди. Болгондо да атайын, мышыктай зарыга аңдып, артынан сая кууп, былчыйта басып өлтүрүп, чийкилей жебедиби! Адамга баарыдан да ачтыкты жеңүү кыйын экен! Ансыз дене ажалга алдырат тура. Жашоо үчүн эмнеге гана барбайт адам баласы. Кыбыр эткендин баары көздөн учуп, көрүнө калганына ойлонбостон кол салып, жеп-жалмап, жалгыз ой-максаты тамак табуу гана болуп калат экен. Дегиңкиси эле, бу жашоо дегениң тереңинде тамак табуунун аракети гана окшобойбу. Ошондой, ойлобос пастыкка че­йин түшөт тура, пенде…

Эми минтип, огу да, оту да жок, кыбыр эткендин баары кышкы чээнине кирип, канаты барлары сууктан уча качып кеткен соң атайын алыстан куба келип, артынан сая түшө атып, кургатып койгон балпак, карышкырдын терисин шимип (!), күн кечирип калганына да ай аралады. Жок, оозго салар, тамак аттуу ныпым эчтеме жок. Адам баласы баарынан да тамаксыз чыдабайт дечү эле, жалган экен, канчалык каран күнгө кабылып, курт-чычкандын, алтургай карышкырдын этин, курттаган куртун да чийки жеп, такыр эле арга түгөнгөндө каткан терини сорсо да чыдайт тура! Мына, ага жаңы эле күйүккөн демин баскан Эсенбектин ит тилиндей балбыраган терини оозунан алып чыгып, түнү менен жаш баладай соруп чыккандан улам көкжашык болуп калган аны дагы азык кылууга жарар бекен дегендей үмүт менен кыйыла карап алып, босого тарапка жийиркене ыргытканы даана далил. Ушу, көк чимкириктей немени кантип оозума салдым экен дегендей, тамагын кырына какырынып-түкүрүнүп да алды. Дайыма ушинтет. Анткени, абийири таза, жипкирет. Жатаарында болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгыда сыйпалап жатып майлуу делген жон териден күнүгө тилип алат да канчалык жийиркенгенине карабай, көзүн чылк жуумп, жытын да албайын деп, дем албай туруп кайрадан оозуна салат. Айласы жок! Дагы, терилерге туз сээп койгону абийир болуптур. Теричинин талабы ошондой эмес беле, болбосо каңырсып, каткан немени тузсуз эч оозго ала алмак да, түн бою шимий алмак да эмес. Ай, ким билет… Дегиңкиси, ушул, үзүктөй көкжашык териден жан оту үзүлүп кетпей кыбыраса да тирүү турат го! Ошондой жанга ылаажынын болгонуна да шүгүр. Аны өзү да жакшы билет.

Билбегенде!..

Бир күнү, жыл жаңыраар маал болсо керек, тез эле кайтып кетем деп ишенген ал, артынан келип, алып кетчү мергенчилерди күтө-күтө жадап, же жолду билбей, не ай талаада айбанатка жем болуп, ара жолдо то­ңуп өлбөйүн деген коркуудан улам кепени байырлап, күтүүгө аргасыз бел байлап калган кези эле. Алгач, ашыга санап жүрүп, акыры артынан издеп келген адам келбей, жол карай берип үмүтү өчө баштаганда күн эсебин да жоготуп койгон.

Ошол, кыштын кычыраган суук күнү адатынча ач ойгонду. Кабыргасы кайышып калган. Оозуна кара суу келет. Дароо эле эсине тамак түштү, жегенге жараарлык азык табылаар бекен? Ай, ким билет, кечээ эле эч нерсе таппай, баягы өзү союп ыргыткан сөөктөрдү аңтарып жүрүп карышкыр, чөөлөрдөн калган балпактын бир кыр аркасын таап алып, бычагы менен чукулай чийки мүлжүп, карышкырдын жиликтерин чагып, кемирчегин шимий соруп ачын эптеп баспады беле. Ал, жан азыгынын жалгыз үмүтүнө айланып калган сөөктөрдү миң мертебе аңтарып чыкты. Ырыстуусу деле калган жок. Мындай болорун билгенде, аларды айбандарга ыргытпай өзү түгөл жыйнап албайт беле! Ким билиптир! Адам баласы эртеңин элес албай, дайыма тайыз ойлойт тура. «Жыгыларым билгенде саман төшөп албаймбы!» деген амалсыз өкүт ошол.

Анүстүнө, эч жанга зыянсыз, бу балбактардын капканга түшсө да айбат көрсөтүп койбой, жанарга жасап жанталашып койбостон көздөрүнөн жаш шорголотуп, мусапыр адамдай үнсүз ыйлаганын көргөндө Эсенбектин жан дүйнөсү аңтарылып, кийин атпай койгон. Планын да урдум деп, капкандарын кайра жыйып келген болучу.

Ошентсе да дагы издеп көрөйүн, тишке илинер бир нерсе табылып калар, башкага аргам канча деген Эсенбек кат-кат оронуп алган бир кишилик таар чатырынын жылуусунан сыртка чыккысы келбей бир саам жанагинтип ой багып жатты да, акыры кара курсагы улам кыйнап, турбаска амалы калбады. Кепенин ичи негедир бөтөнчө караңгы. Бу неси? Же али таң ата элекпи? Кантип эле? Же жата берип, ал күн-түндөн адашып калды бекен? Жо-ок… Азырынча акылынан айный элек…

Эсенбек көрдөй караңгылыкта алдыга колун созо дубалды таап, аны бойлой сыйпалап жүрүп эшикти таап, итерди эле ал ачылган жок. Катуулап түрттү, ачылбады. Бар күчүнө салып эки колдоп, анан ийни менен канчалык жиниге итерсе да эшик сыртынан кагылып, же кулпулангандай былк этпеди! Алгач, Эсенбек эч нерсе түшүнбөй башка чапкандай деңдароо боло түштү. Дагы эмне балээси башталды?! Шериктери келип тамашалап жатышпасын?!

– Эй! Ким бар? Ачкыла! А-ач!!! – деп, кантип ызалуу кыйкырып жибергенин өзү да байкабай калды. Анан эч жооп болбогон соң, өзүнүн жалгыздыгын, дагы бир катуу капшапка кабылганын жүрөгү сезип, акыл токтотуп, сыртынан караниет бирөөлөр камап салганбы деп да жүрөгү шуу эте чочуп кетти. Ой күлүк эмеспи, ошол бир саамда эсине нелер гана келип-кетпеди! Баягы, артынан аңдыгандар акыры таап алыштыбы деген кексе ой да дене боюн үркүттү. “Кантип? Койчу? Адам келбес Айбанталаага алар кайдан жетип келе калышсын?! Ким билет, колу да, укуругу да узун немелер…”

Чынында, далдоосу жок жепирейген жер тамдын артынан урган карлуу бороон уюлгуй берип, кепенин төбөсүнө чейин кар шыкалып калган болчу. Аны Эсенбек кайдан билсин. Үңүрөйгөн жалгыз терезеден да, эшиктин жылчыгынан да канчалык жандалбас кылган менен жарыктын бир үзүгүн таба албай, көрдөй караңгылыкта жападан жалгыз, көр чычкандай карайлап калды. Терезеден да суурулуп чыга албайт. Аны кимдир бирөөлөр, балким курулганында элеби, бармактай темир зымдар менен кайчылаштыра тосуп салышкан экен. Көзөнөгүнө баш эмес, муштум батпайт. Ураган мештин бышкан кыштары менен эшиктин тактайларын да, сойлоп чыгар оюк оюп, же уратып чыгармын деп дубалды да туш келди жиниге ургулап көрдү. Тоңуп калган тактай, тамдан кыштардын биринен сала экинчисинин быркырап сынганы болбосо эч майнап чыккан жок. Колдору гана жооруп, тытылды. Акыры алы кетип тажап да бүттү. Бу, ааламда өзү жападан жалгыз калгандай. Аны менен эч кимдин иши жоктой. Дүйнө керең. Ошондо Эсенбек ар бир пенденин өзүнө гана буюрган өз тагдыры болорун, эч ким ага шыпаа кыла албай, өмүрү өткүчө өзү гана кара жанын карч уруп, бетме-бет кармашып келээрин анык туйду. Мурда байкаган эмес экен. Көрсө, дүйнөнүн терең сырын, адам ааламын анык туйгусу келген чыгыш кечилдери менен философтору бекеринен өз эрки менен тоолордогу ээн үңкүргө өзүн-өзү жалгыз камап, же азаптуу алыс сапарга коколой жер кезип кетишпейт тура. Ой-дүйнөнүн орошонун издеген индеецтердин джунгли токой-тоосуна бекингени, египеттик жрецтердин киши кире алгыс чулу таштуу пирамидаларын байырлашканы да ошондон улам тура… Дүйнөнүн тереңдигин, адам өзүнүн ички жан-кубатын түшүнүү үчүн жалгыздыктын жапасын, жашоонун азап-тозогун тартуусу керек белем! Адамдардын арасында жалпы агымдын шарына алдырып, майда-барат кызыкчылыктарга алданып, акылмандыктан адашып жүрө берет тура…

Ошондон тартып, кепенин эшиги биротоло бекилип, күн-түнү экени түк билинбей, камалды да калды. Тирүүлөй көрдө калган сымал. Эзели андан чыга алчудай эмес. Үмүт да үзүлө баштады. Түпсүз ой-санаалар гана кыйнайт. Тирүүлүктүн жалгыз белгиси ошолор эле. Баарынан да ачкалык жан кыйнап, итапкан суукта калганда “ушундай азаптан көрө!..” деп, өлүп алуу да оюна келди. Терилерди таңып койгон шооналарды сыйпалап таап алып, тарамдап өрүп, үзүлүп кетип убараланбай тынч жаным чыксын деген ой менен аларды кошуп аркан эшип, алтургай илмектегенге чейин жетип, анан айныган болчу.

Эсенбек бу жарык дүйнөгө калпыс келгени – төрөлгөнү. Ал, ошондо эле күмөндүү, алты айлык ара төрөлүп калганында, жарыкчылыктан жатыркап баладай бакырып түшпөдү. Кызыл жашык наристенин тамыры да бүлкүлдөп сокпой калганын көрүп, өлүк деген ага-аталары бала мүрзө казып, денесин аруу сууга алып, жеңил кепиндеп, жерге берээрде туттугуп калган наристе “баа!” эте бакыра ыйлап жиберип жатпайбы! Ошентип, түбөлүк жерге кетер денесине капыстан жан кирип, кыбыр этип кыймылдап, тегерегиндегилердин текши жүрөгүн түшүргөнүн кийин, чоң энесинен укканы эсинен кызыл сызыктай сызылып өттү. Кезээрип ачка, сүлдөрү качып арыктап бүткөн Эсенбек ал оюнан арбактай ырсайып, ичтейинен жылмайган болду. Ошондо, көмүлүп калбай, көр оозунан кайткан балага асан чакырылып, ырым менен Эсенбек аты берилген болчу. Ал, андан кийин да ажал менен нечен жолу беттешти. Баарында жеңип чыкты. Ошону үчүн азыр аман-эсен соксойуп олтурбайбы. Анын ажал менен болгон эрөөлдөрүн айтып олтурса адам ишенгис! Ошондой-ошондойлордон соо калган Эсенбек, эми минтип уккан жандын бири да ишенбес бүгүнкү же, эртеңки ажалы менен дагы тикелешип, арбашып отуру…

Эсенбекти ошол, энеси ара төрөп салган күн маал-маалы менен эсинде улам жаңырыктай берет.

… Энеси менен атасы арабада жол жүрүп баратып эле белгисиз бир нерседен улам селт эте катуу коркуп кеткен энеси боюндагы баласынын сол бөйрөк талаштыра тирей тээп алып, анан адаттан тыш мемиреп калган “өнөрүнө” жүрөксүп, алда нени боолгой коюп, аттын башын үйдөй болгон кызыл ташты карай бурдуртат. Али ай-күнүнө жете элек болсо да ошол жерден толгоосу башталып… Кудайдын парманы менен мындайды баштан өткөрүп көрбөгөн өз атасы Абдырасул өз канынан жаралган уулу Эсенбектин “киндик атасы” да болгон экен. Ошол тапта үйдөй кызыл таштын наркы жагынан узундугу бир жарым арчынга жакын боору кызыл сур жылан сурайылдай жылып, наристенин энесин карай сойлоп жөнөйт. Мындай күтүүсүздүктөн коркуп, алдастап калган атасы тиги жыланга кол салмак болот. Аптыккан алсыз аялынын “Кой! Тийбе!? Урба, таш менен!.. Бул жаныбар бизге аян болуп келди. Балабыздын колдоочусу окшойт! Өзү кетет…” дегенин кулагына илбей, ал, чайнектей таш менен жыланды белге уруп, жыла албай ийрелеңдеп калган аны биротоло жанчып, оолак ыргытып салат. “Бул жаныбар Жараткандын зыянсыз аяны эле го!..Эми балабыздын тагдыры кандай болот? Колдоочусуз калбадыбы… жашоосу азап болот го?!.” деп, аялынын зарлап, чырылдаганы кулак сыртынан кетти. Бирөө жарык дүйнөгө келди, бейкүнөө экинчиси набыт кетти. Табигаттын татаал да, өкүнүчтүү өктөм да мыйзам ченеми ошондой тура. Бул, ойго келгис окуяны Эсенбекке эс тартып калган он бир, он экилер чамасында апасы Сейил айтып берген эле…

Ошол, бир чай кайнамдык саамда ажалга бет алып калган Эсенбектин бар болгон дүйнөтаанымы, оомал-төкмөлүү өмүр жолунун үзүктөрү ушинтип, акыл-эсинде айлампалап айланып, шурудай тизмектелип өткөн болчу. “Өлүк арстандан тирүү чычкан болуу артык” дегендей качанкы бир, кайсыл бир элдин накыл кеби акылында жаңырыктап, ушул кепеде өлүп калсам курттан калган денемди акыры бир таап алгандар бозтопуракты чукуп көөмп коюшаар, ошону менен ай-талаада түбөлүк жалгыз-жапа кала берерим турулуу иш” деген ой да аны тооруп турду. “Менсиз жашоо кербени токтоп калмак беле, эч качан!” Ал чын. Тээ, Будда менен Конфуций даанышмандар, Манас менен Атилладай айкөлдөр, Иисус менен Мукамбет пайгамбарлар, дүйнөнү дүрбөткөн Искендер Зулкарнайын менен Чыңгызхан… сыяктуу өкүмзарларды ажал алганда да дүйнө огунан чыгып кеткен эмес. Анан Эсенбектин артынан жарыкчылык да астын-үстүн түшүп, адамзаты азага батып, каран күн түшүп калмак беле? Анчалык ким экен? Жоктон бар болуп, ичээр суусу түгөнгөн соң кайрадан топуракка кете турган кадыресе бир пенде да. Улуу табияттын ачуу мыйзамы ошондой. Аны жоктосо жалгыз энеси, эгерде ал да тирүү болсо, анан бирин-экин теңтуштары жоктошор. Анан убакыт баарын унуттурат. Бирок, адам баласы, алардын ичиндеги Эсенбек экинчи, кайра жаралбайт! Эч качан! Арийне, адам пендеси табияттын улуу буйругу менен бир мертебе келип калган жалган дүйнөнүн опол тоодой оорчулуктарын көтөрүп, маңдайга жазган сыноону жеңип кетмеги менен бийик эмеспи деген чындык оту ой-санаасын өзөктөп, бейчекиликтен колун кармап токтотуп, акырында арканын кайра жандырткан. Эмне, Эсенбек бул ээн талаага ит ажалын издеп келиппи? Албетте, жок. Адам пендеси бу жарыкчылыкка адамдык асыл касиеттерин айгинелер түмөн-түркүн сыноолордон өтүү, аларды айкөлдүк менен жеңүү үчүн келмеги ырас. Жеңилсе, болгондо да өз колу менен өмүрүн кыйса Эсенбектин болгон итапкы дарамет-чаркы ушул беле деген кемтик кепке калып, укум-тукумуна чейин шермендеси чыкпайбы, кокуй! Андан ашкан айып, күйдүргөн күйүт болорбу, акыл-эстүү адамга? Артындагы аялуу адамдарынын абийирине доо салгыча, адам атынан айланып кетсин!.. Аны Кудай да кечирбейт! Өзү болгондо да айтылуу Бүргө баатырдын урпагы болсо. Ооба, ооба, айылын калмактар чаап, кулчулукка айдап кеткенде артынан жалгыз кууп барып, туткунга түшүп, мойнуна, колу-буттарына жыгач-темирден зоолу салынып, акыры баатырдыгын таанытып, калмактардын зулум ханынын башын алып, кыргыз элинин көз карандысыздыгына зор салымын кошкон Бүргө баатырдын ал, алтынчы муундагы небереси эмеспи!

Ушундай угуттуу узун ой-санаа тартып, алыстан айланган акыйкат жолду туя алган Эсенбек “мен, канчалык тозоку, башыма түшкөн азаптардын баарына чыдап, көтөрүшүм керек! “Жаман ит деле кара башын багып алат, балам, кайда болбо, кандай кайгыга кабылба, адамдык парасатың менен алтын башыңды бийик тутуп, дайыма эл ичинде бол, өз элиңдин намыс-кадырына шек келтирбей ажалды да татыктуу кабыл алгын. Сен Бүргө баатырдын тукумусуң. Сыймыктан! Ага татыктуу болгун!” деген чоң атасы Качыбектин сөздөрү эсинде жаңырыктап, “эмне, мен жаман итче жокмунбу, бир мертебе келген карабаскыр оорчулукту жеңе албасам, эмнем адам, өзүм үчүн болбосо да энем үчүн, чоңатам Бүргөнүн кадыры, кыргызымдын абийири ак болуусу үчүн тозоктун тозоңун да сөзсүз жеңишим керек, акыркы демим калгычакты ажал менен дагы да арбашайын! ” деген бекем ой-бүтүм менен ошондо мойнуна жыландай оролуп жанын кыяр арканды алыс ыргыткан. Көрсө, качан гана оорчулук жанга батып, кабырга кайыштырмайынча пенде терең ой салып, чындыкка бетме-бет батынып чыга албайт тура. Эсенбек да мурдатан минтип жашоонун түпкү чындыгы, элдик ар-намыс тууралуу үстүрт ой чаргыткан менен тыңдап ойлонгон эмес экен. Эми, өзүнүн жандили менен минтип жалгыз, жекеме-жеке, болгондо да акылды алаксытар жарыксыз караңгыда бетме-бет калганында гана баарын даана туйду. Мындайда адам өзүн өзү эч алдай албайт. Өзүнөн өзү кайда качмак?! Көңүл чаргытып, кийинкиге калтырууга ылаажысы калбай калат. Ушутапта Эсенбектин эсинде Абайдын:

Эр жигит, күреспегин, балубан мен,
Балубанды жыга алмайсың шалган мен.
Аттиң ай, быр жыкпастан жугылдым деп,
Өмириң өтип кетер, арман мен… – деген ыры күтүүсүз жаңырыктап өттү. Качандыр бир кезде аны китептен окуган эле. Эми капыстан кайрылып, эске түшө калганын карасаң, кызык.

Ага өзүн өзгөчө жан, эр-баатыр түгүл, катардагы карапайым эле пенде сезе турганы себеп болсо керек. Балким ажал менен арбашып жатканынан уламдыр… Ошентсе да ал, азыр кыргыз элинин карааны, дегеле ата-бабасы тааныбаган чоочун бирөө болсо да адам аттуунун караанына зарлап турду. Анткени, алардын ийнине таянып, адамдын жылтыр көзүн көрүп, жок дегенде азыноолак жылуу сөзүнөн болсо да кайрат, кубат алмак. Жалгыз адамдын айбанаттан айырмасы деле жок тура. Пенде үчүн жалгыздыктан ашкан азап, алсыздык жок экен го! Адамдар – биримдиги менен гана бактылуу, жеңүүчү болот турбайбы…

Чынында эле кимдир бирөөлөр Эсенбектин артынан издөө салып калса, арийне, антип жоктобой коюшпас, анын асылып өлгөн денесин таап алган бирди-жарым аңчы тааныштарбы, малчы, жолоочу казактарбы, же өзүн ушул Айбанталаага жөнөткөн аңчылардын он-беш күндөн кийин кишилерди жиберип сөзсүз алдырып аламын, чеберде деген чоң курсак орус жетекчисиби, кимиси болсо да аа, жаман кыргыз, болор-болбос кыйынчылыкка чыдай албай асынып, ит өлүм тапкан тура деп жемеге алмагы чын. Анысы менен атпай кыргызды кемсинтип, сөзсүз, дилинен бүткүл улутка иренжий турганын ойлогондо канында катылып жаткан бабалардын байыркы намысы от алып кеткен болучу. Каны кайнады! Агасынын тагдыры менен өзүнүн башына балта чаап, артынан сая кубуп келаткан кастары эсине түшө калып “өзүм өлүп берсем алардын чечекейи чеч болуп, издегени көктөн түшкөндөй калпагын асманга ыргыта сүйүнүшпөйбү, жок, мен алар аман турганда эч качан өлбөймүн!” деп кыжынып алды. Өзүнүн жүүнү боштугуна кыжыры келди. Экинчи кайталабаска ант берди. Ошол бойдон жанын кыюу тууралуу ууру ойлор кээде бирин-экин алсыз жылт эткени болбосо, биротоло өчкөн болчу.

Куудурап каткан терилердин жүнүн ичине карата кабаттай оронуп-чулганып алган Эсенбектин эми да эмнелерди ой тегеретип жатканын ким билсин, дубаланып калгандай дулдуюп, нечен машакат менен каптал чөнтөгүнөн муштумдай түйүнчөк алып чыгып, кастарлай жазып, андагы кара кочкул топурдан чымчып алып чалкалай эки кур оозуна салды. Анысын шашпай, көпкө чейин даамын соро кемшиңдей чайнады. Болгон жаназыгы ушул, катып калган терилерди четинен аңтарып, алардан кырып алган эт-майы эле. Анысын күнүгө эки-үч маал ошентип, асмайдай аяр оозуна алып, шилекейи менен эрите чайнап, жутат да артынан эшиктин жылчыгынан колун созуп кардан чеңгелдеп, сугунуп алат. Айла кеткендеги ойлоп тапкан акыркы азыгы ошол. Анысы түгөнсө эле бүттү, ачкасынан жантаслим болду дей бер. Сыртка чыкса эптеп бир нерсе табар беле, эшикти тоскон калың кар эримейинче камалганы камалган. Оо, кыйла болуп кетти, ушинтип ачка, камакта каржалып, катуу камыкканына. Канча экенин күн эсебин жоготкон өзү да билбей калды. Жок эле дегенде терисин сыйрып алып дөңдөн ылдый ыргыткан айбандардын бирди-жарым сөөктөрүнөн таап албайт беле. Аларда кантип эле карга-кузгундан, курт-кумурскалардан калган үзүк эт калбасын. Калгандыр… Эсенбек үчүн ошол, кезинде каңылжаарды жара сасып, алыстан кызыл жошо болуп аркайып жатчу сөөктөр чоң огожо, баалуу байлыктай көздөн учуп туру.

Атаңгөрү! Бир жылда бирин-экин гана малчы, же жолоочу тепчий өтчү адамсыз ээн Айбанталааны узун-туурасынан каалашынча майкандаган карышкырларды, аянычтуу кыңшылап тарпка келген чөөлөрдү Эсенбек кандай гана кырбады дейсиң! Анан эмне, ошону үчүн келип жатса… жок…

Совет бийлигине каршы Фрунзедеги студент кезинде эле Эсенбек “ар бир адам өз мекенинин, улутунун кызыкчылыгы үчүн күрөшүүсү керек, мекенчилдик – улутчулдук, улутчулдук – мекенчилдик” деп, бекем ишенип, өзү теңдүү мекенчил жаштардын “Таң нуру” аттуу жашыруун кыймылын түзүп, ачык жыйындарда бийликти, жетекчилерди катуу сындап чыккан болучу. Барган сайын ал кыймылдын катары улам калыңдап баратышынан коогаланган КГБчылар аны “улутчул” атап, жашыруун тизмесине алып, алгач өздөрүнө аста чакырып, кепке тартып, алдап, акыры “көндүрө” албасын туя баштаганы артынан куба түшүп калганын Эсенбек сезип калган. Дагы бир коога: кыргыздардан чыккан биринчи миллионер аталган аталаш агасынын ичитар атаандаштары аны акыры Чым-Коргонго тыгып, иниси кек кубалап, өч алам дебесин деген кыйжы ой менен жалданма кишисинин колу менен башына балта чаптырышкан. Кудайдын парманы менен курч балта жаза тийип, баары бир, кектегендердин соо койбосуна көзү жетип ооруканадан качып чыккан болчу. Ошол, Фрунзеге келаткан жолдо эр ортонуна келип калган кызыл чийкил, кепкор адам менен катарлаш отуруп калды. Сөздөн сөз чыгып, өзүн Качкын деген ал бир маалда:

– Эй, баамымда, барар жериң жок көрүнөсүң, акча тапкың келеби, жүрү, мени менен Казакстанга… – деп калды.

– И, эмнеге?

– Мергенчилик кылабыз. Эмнени атабыз дегиң келип турат го, балбак атабыз.

Эчтемеге түшүнбөй элейе тиктеген Эсенбекке күлүп:

– Балбак деген талаа сууру болот, Кыргызстандагы сусликтен чоңураак, мышыктай. Ар бир териси токсон тыйындан. Аны атып, капкан салып, терисин сыйрып алып этин ыргытсаң ага карышкыры да, чөөсү да, ачкүсөнү менен сүлөөсүнү, атургай, калтарга чейин келет. Баарын атасың, териси: карышкырдыкы жүз, сүлөөсүнүнүкү жүз элүүгө, калтары эки жүз, чөөсү отуз-кырк сомго чейин. Эсептей бер, беш-алты балбак, бир-эки карышкыр, анан беркилерин ыгына жараша атып алсаң бир күндө эле бул жердеги эки-үч айлыгыңды таап аласың… – деди божурап.

Эсенбекке эмне, издегени жерден табылып жатса, ошол жерден эле ээрчип, Качкындын үй-тирлигин эптешип, бир айга жетпей Казакстанга жүрө беришти. Анан ушул, туруктуу мергендер келбеген, итапкан Айбанталаага өз эрки менен… качып да келип отурбайбы…

Бул, жердин түбүнө кимдин колу жете койсун, андан көрө акча таап алайын деген Эсенбекке ар айбан көзүнө акча көрүнүп, аткан сайын алары арбып бараткансып, артын ойлоп койбоду го, ошондо! Капканын калдырата көтөрүп, күнүгө балпактардын ийнине салып, желип-жорто тарп аңдып келген айбандарды эркек-ургаачысына, азуусу ката элек бөлтүрүк, күчү­гүнө карабай атты, качканына, караанын үзүүгө жандалбас салганына болбой артынан куба томолото атып, эсинен кетти го. Айбанталаага кайдагы кыргынчыл айбан келип калды эле деп качыштыбы, же анын алыска атылган куралынын көзүнө илинип калбайлы деп акылтегеретип айлана өтүп калыштыбы, апта өтпөй чөө-бөрүлөр сээлдей түштү. Анда да болбой Эсенбек алыстан дүрбү салып, көзү чала калса эле төө тикенди далдалана өкүрөңдөй чуркап, кароолуна илингенди соо калтырбады. Бир гана күрсүйгөн көкжал дөбөтүнөн башкасын. Аны эки жолу жаза атып, үч-төрт мертебе огу жеткидей аралыкка жакындап баргыча кудай ургандай сак неме ойт бере качып, ата албай армандап калды. Кийинчерээк ал кашабаң да же үйүрү кыргынга тушугуп жаалы келгенби, не ал амалкөй ок жетпес аралыкты так болжоп алганбы, Эсенбекти алыстан акмалап калчу болду.

Бир күнү адатынча дүрбүсүн алып бөрүлөр көрүнүп калар бекен деп тегерекке көз чаптырып жаткан. Көрүнбөдү. Канчалык көз каргыткан менен топ-топ болуп карайган төө тикендерден башка кыбыр эткен жан жок. Аппак, көз тайгылта мелтиреген кардан көзү да карыгып кетти. Оюнда жакын арада малчылардын короо-сарайлары көрүнүп калса ага барып, издөөчүлөр келгенче жан багып турайын деген көксөөсү да бар болчу. Жок. Жер кепеден кырк-элүү чакырым аралыкта адам аттуу жашабайт дегендери чын көрүнөт. Алардын турагынын жыты да жок болсо Эсенбек кайда бармак эле? Адашып кетсе, же айтпай-дебей келген кардуу бороондо калса, өлбөдүбү. Ошондо анык сөөгү да табылбай калбайбы! Кышта ачыккан, анын кызыл кыргын салганына өчөгүшүп калган карышкырлар да капыс-купус кол салуудан кайта коюшпас.

Өзүнчө кыжалатка туна түшкөн Эсенбек ким бирөөнүн шилисинен шибегедей жиреген өткүр көзүн жон териси менен сезе койду. Артына кылчая берсе он беш-жыйырма кадам жердеги мүрзөдөй дөмпөйгөн дөбөчөдө аны баягы көк дөбөт тирмейе тиктеп турган экен! Тим эле атылчу жебедей окторулуп калган! Шек бербей артынан аяр аңдып келген тура! Жанында сук көздүү бөлтүрүгү да бар. Эсенбектин денеси тырмагынын учунан чачынын түбүнө чейин титиреп кетти. Мылтыгы кепеде калган эле. Алаңгазарлыгына ачуу өкүнүп алды. Ким күтүптүр мындайды! Не кыларын билбей амалы куруп, тизеси калтырап кетти. Анчалык артына бурула калбаганда ким билет, атырылып келип, кежигеден бурдай басып жыгылат беле. Анда эле… Экөө тиктеше түштү. Карышкыр сук, аеону билбеген мерес көздөрү менен аңдоос сала тирмийе тике карап турду. Кылт эткен мүмкүнчүлүк болсо баса калчудай, сак. Эсенбек да эсин жыя тик карады, аны. Эгерде карышкыр менен бетме-бет чыгып калсаң эзели көздөрүңдү ала качып тайсалдабай, айбаттуу тике карагын, эгерим чапчаң кыймыл жасап, же кача көрбө деген сөздөрдү эстеди. “Эк, барбардигер! Башка салганын көрбөскө аргам канча! Кол салса кармашпай не болупмун, өлбөгөн жерде калармын!” деген бүтүмгө бекем келе, турнабайын мыжыган оң колун түшүрө жамбашындагы аскер канжарына аста жакындата берди. Тигил атырылса эле аны шак сууруп, жүрөккө туштап матырып албай жаны жокпу! Анын бул кыйды ойун дөбөт да туйду белем, же адамдын тике айбатынан тайсалдадыбы, дагы бир саамга байкоос салып турду да артына октос берип, жортуп кете берди.

“Ох!.. Кудай…чын эле аман калдымбы?!” деген Эсенбек күтүлбөгөн эрөөлдөгү жеңишине эсиркеп, жамбашындагы канжарын сууруп алды да, артын карабай желип бараткан карышкырдын артынан кылычтай жарк-журк эттире булгалап:

– Э-эй, акмак! Экинчи кайрылып келе турган болсоң сениби, каныңды ичемин!- деп, ачуу айкырып алды. Мунусу тек, куру айбат, өзүнө өзү дем бергени эле. Чынында ал, али эсине толук келе элек болчу.

Бу, жандими адамга дагы эмне болду, дагы не калайманын салганы туру дедиби, дөбөт айбаттуу үнгө кылчайып, саамга тык токтой калды да бөрү жүрүшүн улап кете берди. Ошол бойдон ал кайрылып көрүнгөн жок. Адам айбатынан сүрдөдүбү, же өзүнөн ашкан жанкечтиге кайрылып катылбайын дедиби ким билет, балким бу Айбанталаадагы катуу аяздан аман чыга албас, өзү кыйналып, арам өлсүн дегендир. Арийне, адамдын ага эч алдырбасын, алыска атылган куралысыз деле өзүнөн өйдөлүгүн, көкжалдыгын сыйлагандыр…

Бу, учуксуз узак да, убайлуу да ай-талаадагы кепеде камакта камыккан күн-түндөрдө энеси эсине көп түшчү болду. Эне кадырын бала жаны кыйналганда, айрыкча ажалга бетме-бет келгенде даана туят белем! Тубаса туюк сезим, инстинкт деген ошол го. Нечен эр жүрөк баатырлар да өлүп баратканда “апа!”, “эне!” деп, ыйык адамын оозанып шейит кетээрин көп эле угуп, окуган. Байкуш энесин көрбөгөнүнө он жылга аяк басты. Улам бир азгырылма ойго алдырып, Кавказдан Монголияга чейин жер кезип жүрүп, ана-мына дегиче эле ушунча узак убакыт өтүп кетиптир. Аман болгой эле. Акыркы, Фрунзе-Ош темир жолунда иштеп жүрүп жакшы ишине сыйлык катары берилген комсомолдук жолдомо менен Анжиян аркылуу Экибастузга келип, андан Семейге өтүп “Скотимпортто” иштеп калгандан бери энесин көрө элек. Андан кийин Фрунзеде окуп жүргөнүндө да энесинин тирүүлүгүнөн көңүлү токпейил тартып, күнүмдүк машакаттарына башоту менен алаксып, атайылап барып, жолукпады. Эми аман жетсем, эсен-соо болсо жанынан карыш чыкпай, акыркы деми чыкканча айылда болбосом майнеке болоюн. Колумдан келген бардык зыйнатымды көрсөтүп, мен үчүн тарткан азаптарынын акыбетин кайтарышым керек. Антпесем адамдыгым, балалык парзымды актаганым кайсы деген Эсенбектин эсине, баягы, балакат кезинде тирүүлөй көмүлбөй калганы негедир кайталай түштү. Чоң атасы ошондо “бу, неберемдин тагдыры татаал болуп калды, уусу заар болсо да, ниети ак, акылман жылан жа­ңы жаралган адам баласын коштоюн, кол­доюн деп келип забын кетти эле, ал өк­сүктөн не бир канча ирет ажалга тушугуп, бирок, буюрса баарынан аман чыгып, Кудайым берген, жыландай узун, татыктуу өмүрүн сүрөт” деген экен. Ошондой болсо кана?!

Кийин, мектеп жашына келип калганында эле томолой жетим деп кемсинтиштиби, же пенделик кылып азыноолак пулга көз артыштыбы баласынтып Эсенбекти өз туугандарынан эле айылына каңгып келишкен цыгандарга да сатып жиберишти. Алардын табору менен алты жыл бою өзүбек, орус, казак, кыргыз жергесин узун-туурасынан кыдырып, өздөрүнө окшош тээжик аттарын, докчул балдарын кастарлап багып, малайлыктын мал чыдагыс кордугун көрдү, ичкен тамагын актап, акча табыш үчүн кыз-балдарына кошулуп жер тепкилеп бийледи, ачык асман алдында жайында ысып, кышында тоүду, ошондо да өлгөн жок. Баары бир боорун бербей жүрүп, тутулуп калса өзүнүн соо калбасын даана билсе да сегиз жыл дегенде тобокелге салып дагы бир туткун бозбала менен качып чыккан. Анда да ушул, Казакстандын айыл-талааларын аралап, Балхаштан тартып Таласына чейин тентип, күнү-түнү куугундан жашынып, ит көрбөгөн тозокту башынан кечирип, айлына араң жеткен. Бир ажалдан калган. Кыргыздын каны күчтүү экен, эзели атажуртун сатпайт. Бу, улуу сезим нечен кылымдап, кырчылдашып жүрүп ичегинин кылындай чыңала чыйралган окшобойбу! Антпегенде, болгону он үч гана жаштагы бала курсагы тойгон жердин кулу болуп жүрө бербейт беле? Ыя, Кудай, али жашоонун эмне экенин билбеген балтыр эти ката элек балага ошончо татаал тагдырды неге буйруп, ачуу азапка эмнеге салды экен?! Же аны Иса пайгамбар сыңары кийинки ачуу азаптарын татыктуу жеңүүгө даярдап жатты беле?..

Эсенбек жыйырмадан ашып, эр тартып калганында Таластагы жүн-тери кабыл алуучу ишкананын директору болуп иштеген агасы Байтилештин да азабын аянбай тартты. Атасынын иниси болучу. Ал, чыгаан, Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи миллионер атыккан анын байлыгына көз артып, таламайга салып талашкандар сопсоо агасын жинди деп, Чымкоргонго тыгышкан соң азыр-кийин агасынын кунун куубасын деп Эсенбекти балта менен башка чаап жатышпайбы! Кыраакылык кылды ошондо, учурунда мант берип. Жалаңдаган курч балта каракушуна кыйгач тийип, анда да бир ажалынан калган. Ымыркай кезинде эле Эсенбектин татаал тагдырын анык туюп айткан чоң атасы чын эле тегин адам эмес экен, олуя тура. Ошондо, бир ажалдан Кудайдын парманы менен аман калганына миң мертебе тобо айтып, эгерим милийсага айтып, же анык кек кууп калса бизди соо калтырбайт деп өзүн күм-жам кылаарына көзү канык жетип, эки саат жатпай ооруканадан качып кеткен. Куп кылыптыр, кийин ар кимден көп эле укту, тигил кескилердин артынан сая издегенин. Фрунзеге келатып, автобуста, жанындагы сапарлашы менен сөздөн сөз уланып олтуруп, аны ээрчип кетпегенде аяктан деле таппай коюшмак эмес.

Деги, Эсенбектин тагдыры табышмак. Алдын да, артын да түк болжоп болбойт. Күңүрт, туман. “Скотимпортто” иштеп, зайсандык казактар менен алыскы Монголиядан кой айдап келатканында биринчисинде каракчылар менен атышып араң кутулса, экинчисинде өзүн ушуякка үндөп келген жердеши, ончакты эле кадам алдыда ат менен кой айдап бараткан Талаптын башына тоодон муштумдай таш түшүп, жантаслим болду. Тээ, кыл чокудан аткан октой күүлөнүп келген таш каракушун жара башына кирип кеткен экен, үн дебей үзүлүп кете берди, тагдыры тайкы байкуш. Балдарымды, аялымды бактылуу, бардар турмушка жеткирсем деп ак эткенден так этчү эле, өзү жетимдиктин катуу капшабын жаштайынан тартып калган экен. Ошондо адам жаны чымындыкындай эле, ажалы ар көз ирмемди сая кетирбей дайыма жанында аңдып турарын даана туйду. Анан эмне, “Чо-ойт эркечим!..” деп бейкапар ырдап бараткан жеринен эле капыс мүрт кетип жатса.

Ошол, кой айдоосунда сапарлаш казак агаиндерден улуу Абай менен Шакерим тууралуу, алардын эл ичинде аңызга айланып кеткен оош-кыйыш тагдыры, нускалуу сөз-ырларын алгачкы ирет эшиткен эле. Улам бири кезектешип, не бир макалдатып айтышаар эле. Анан Эсенбек ээликпей коймокпу! Бектас деген өзүнөн беш-алты жаш эле улуу ал зайсандык агатайын ээрчип кете берди.

Семейден чыккан узак жолду кубалай жүрүп Доголоң менен Хан-Бийги тоолору кошулган капчыгайдан өтө бергенде эле кенен талаа алаканга салгандай ачылат экен. Ал, Доголоң тоосунун этегинен башталган Абай району, улуу акындын туулуп өсүп, сөөгү коюлган жер. Тактап айтканда бир кездеги ал, Жийдебай конушунун азыр көрүстөндөрү гана калып, эли октябрь төңкөрүшү, айтылуу ачарчылык зарзамандарында туш-тушка чачырап, ооп кетишкен. Кийин, 1952-жылы Абайдын жазма мурасын издеп, ураган дубалы гана калган тамын Мухтар Ауэзов каздырган экен. Андан киши бойлуу, кийизге оролгон кагаздар чыгыптыр дейт. Ошондо “Не болду, соншалык, сага, карагым!” деп, Мукең боздоп, ыйлап жибериптир деп, Телибай мергенчи айтып берген эле, Эсенбекке. Ал, армандуу окуя эзели эсинен кеткис болуп орноп калган эле.

Абай менен Шакерим аталаш туугандар экен. Демек, айылдаш-канатташ байырлашып, бир тагдырды тең бөлүшкөн. Экөөнүн тең элдик эрлерден болуп калганы ошондон улам болсо керек. Ошентип, Эсенбек, Кудайдын буйругу менен ал айылдагы Шакер Абенов деген саясатчы адамдын үйүндө жашап калды. Көп өтпөй Шакеримдин Ахат деген баласын да көрдү, жазуучу Камел Орозалиндин үйүнөн. Андан Шакеримдин динчилдерди сындап жазганы үчүн алар аны “бай-манап Кунанбайдын, Абайдын тукуму, эл душманы” деп чагым жазып, Баканастын түрмөсүнө каматышат. Ошентип ал, казак элинин улуу акыны, жазуучусу, калың калкы ХХ кылымдын башында сабатсыздыктын сазына батып жаткан кезде билимин Франциянын, Меккенин, Түркиянын дүйнөлүк казына саналган китепканаларында тереңдеткен акылман Шакерим Кудайбердиев 1931-жылы атылып кеткен экен. Ал акылман адам туурасында Макс Кучинский деген немис тарыхчы, этнографы 1923-жылы “Талаа жана анын жашоочулары” деген китебин зор урмат-сый менен жазыптыр. Чыгармаларын чыгартпай, куугунтук көрүп жүрүп ак жеринен арманда шейит кеткен экен, кайран киши. Ошондо да ал өз жанын кыймак түгүл, ойлогон да эмес! Анан канчалык катаал делген менен Эсенбектин тагдыры алардыкына кайдан караандасын! Өз өтмүшү өттү. Тирүүлөй тозокту көрдүм дегени менен алты саны аман, тирүү турат го!..

Тек, ал азаптарынын баары энесинин жүрөгүн кызылжаян жаралап, атылган ажалдуу жебедей дал тийгени анык! Жаноту менен кантуюмунан уютуп жараткан баласынын бардык азап-тозогун кызыл жиптей жүрөк толтосунан өткөрүп, эч шек да бербей чыдаган эне жүрөгүнүн чыдамкайлыгына тобо жана даңаза!!! Бирок, анын “Эсенбекке энелик мээримим жок” дегени да бар эле. Ал неси?..

Жалгыз көздүү терезеден гана билинер-билинбес мунарык түшкөн кепеде, жана жерге шыпырылып түшкөн терилердин үстүндө чалкалап жаткан Эсенбектин эсине баласы түштү. Анын бирден-бир ишеними, үмүт-тилеги, жарыкчылыктагы жападан жалгыз жараткан жакшылыгы, артындагы туягы ошол. Жүрөгү элжирей түштү, анысын эстеп. Ошол кыйналбаса экен. Ананайын, бойтоңдоп эл катары мектепке барып калса керек. Аны ээрчитип кетип энеси эссиздик кылбадыды. Жок, жок, Эсенбектин өзү эси жоктук кылган көрүнөт…

Алия ошол кезде университетте окуган кыздардын эң ажарлуусу, жаркыны да болучу. Же андан үч курс алдыдагы Эсенбекке ошондой көрүндүбү… Айтору, экөө бири-бирине катуу арбалышты. Жигиттердин чымыры, октон да тайманбас өртү, алдыңкы, акылгөй жаштардан советтик мыйзам жол бербес “Таң нуру” аттуу эркин уюм түзүп алып, аны жетектеп, кыргыз жаштарынын улуттук сезимдерин ойготуу, аны көкүрөктөгү от сымал жалындатуу ишине башоту менен киришип, топ жыйындарда паракор, мытаам, аялпоз мугалим, декандарды, алтургай ректордун шалакылыгын бетке айтып шартылдаган көмүрдөй кара тармал, узун чач, сакал-муруту куп жарашкан, кыттай уюган Эсенбектин жапырык чабуулуна кайсыл кыз туруштук бере алмак!

Экөөнүн табышканы да кызык: студенттик жыйында Эсенбек адатынча трибунада жалындап сүйлөп жатып четкерээк олтурса да жайнаган көздөрүн ага кадаган татына кыз көзүнө чалдыгып калды. Ошол замат жандили дирт этип алды да, учкун түшкөн майдай чатырып, дароо жалындап, от алып кетти. Жыйын таркап Жамбылдык казак кызы Алия тепкичтен түшүп баратканда артынан Эсенбек куба келип алдынан тосо токтотту да, атын да сурап койбостон:

– Сени канчалык күттүм, мага турмушка чыккын. Сага баарыбир жетемин! – десе болобу! Кыз, текебер, менменсинген жигитти шыңкылдай күлүп, жоопсуз айланып өтө берген. Бирок, анын дилине да мурдатан “чок” түшүп калган эле… Бир, жума кылыктанганга алы жетти… Жаштыктын жалындуу доорун экөө бирге кана кечишти белем, ошондо! Эсенбектин тагдырындагы эң бактылуу доор болгону ошол гана. Анын советтик системаны ачык эле айыптоосунун айынан окуудан айдап, кийин “былгыган мезгил” аталган ошол замандын көлөкө жактарын ашкерелеп, чет өлкөлөргө чейин дүң саламын деген опузасынан улам анын “жаагын басып” курсуна кайрадан алып, кыйсыпырлуу КГБнын кайталап чакырып, жүрөгүнүн үшүн алуу аракетинде бир канча күн бою камакка алуусу да экөөнү ысык арзуусунан ажырата алган жок. Тескерисинче, бекемдеп, сыймык, урмат менен ширелтип салган.

Эсенбек кызыл дипломун алган күнү Алия экөө баш кошту. Өрттөй жалындап, ишке тойбой турганына карабастан КГБ менен компартиянын майда төбөл­дөрүнүн жашыруун көрсөтмөлөрүнүн айынан Эсенбек ай айланбай эки кызматтан куулуп, Фрунзенин эч бир жеринен иш берилбей, тынымсыз көмүскө куугунтуктан улам Алиянын дипломуна да кайыл болушуп, айыл­га, Таластын Чат-Базарына кетип калышкан. Агезде бийликти айыптоо, айыбын ачуу деген кайда! Андай “антисоветчилер” социализмдин душманы аталып дароо жок кылынчу, түрмөгө кесилип, же агасындай Чымкоргонго өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жабылып, күчтүү психотроптук дарылар менен акылынан айрылтылчу, же “кокустуктан” жаны кыйылчу. Өкү­нүчтүүсү, татынакай Алия менен үй-бүлөлүк бактысы канчалык күтүүсүз, ысык башталса ошончо тез, чорт үзүлүп калды. Эсенбек айылына барган менен көнгөн адаты калбай бир айга жетпей өзү теңдүү жаштардан дагы улутчул уюм түзүп, аларды элеттик куучирендер менен кармашууга көтөрүп, борбордогулар менен байланыштырып, ийиндеш иш алып барып, жаш аялын айлап калтырып кетип жүрдү. Жарым кылымдан ашуун басмырланып, аң-сезимде өчүрүлө баштаган улуттук сезимди учурунда ойготуп калуу керек эле. Ансыз элине, өлкөсүнө чындап күйүү, берилүү болмок эмес. Эсенбектин түшүнүгүндө өз улутуна канын-жанын аябаган адам, элин да, өлкөсүн да көтөрө алмак эмес. Ошондуктан улутчулдук сөзсүз керек! Аны айыптоо – аксымдык. Келечексиз мамлекетте гана ошондой, өз улутуна күйбөгөн, өлүк жүрөк маңкуртчулук орнотулат.

Ал эми али жаш, аруу махабатка, эркектин кубаттуу да, кумарлуу да дем-жытына кана тое элек Алия ишсиз, үйдө камыгып, кайыненесинин азыноолак пенсиясы менен ач-ток жашоо кечирип, канчалык тиштене чыдаган менен акыры, бир жаштан ашып калган баласын көтөрүп алып төркүнүнө кете берди. Күнөө анда эмес, чынында али үй-бүлө күтүүгө даяр эмес, башынан эле каңгыбаш Эсенбекте болучу. Бирок, анын беттеген иши бийик, элине керек эле… Аттиң, азыр Алиясынын не бир кумарлуу, ысык кучагынын бир көз ирмеми болсо кана?! Эсенбек ал үчүн баарына барат эле. Өткөн өтмүш эзели кайрылгыс болуп кетти го!..

Ушундай узун санаалардан тажап кеткен Эсенбек башын аста чулгуй берип терезенин күндөгүдөн алда канча жарык тартып калганын баамдады. Анын көзү караңгыга көнүп, ар бир жылт эткен шооланы айыра сезип калган эле. Канчалык кыйынчылыкка бата берсе адамдын денесинде катылган купуя сапаттары ачыла баштайт тура. Айтылуу Тибеттин, Индия менен Кытайдын кечилдери ошондой максат менен алыскы, тоо арасындагы монастырларына, үңкүрлөрүнө бекинип, адамбезерликке өтүшөт окшобойбу. Алардын үчүнчү көзү ачылып, табыпчылыгы, олуялыгы, терең дүйнөтаанымы улам артып келиши аны айныксыз ырастап турбайбы. Эсенбек да капкараңгы кепеде камалганы күндүзүбү-түнүбү айланасын кадимкидей ажырата “көрө” баштаган. Алгач сокурдай сыйпалап, далай азапка баткан менен, кийинки күндөрү кайда, эмне турганын буурулдатып көрө алат. Ар нерсе абадай алсыз, көрүнбөс болсо да өзүнөн кандайдыр нур чыгарат окшойт. А терезеден болсо кадимкидей эле акшоола берешен төгүлүп калыптыр!

“О, Кудай! Туткундан сыртка чыгар күн да келип калганбы?!” деген кыязда кубанычы көкүрөгүн тепкен Эсенбек төрт көзүнүн үчөө сынып, өзү карышкырдын терисин кенептеп койгон терезеге келди. Узун-туурасы бир карыштык аман калган айнек аяздын саймасына толуп, мунарыктайт. Эсенбекке ошол да чоң дем, жашоосуна табылгыс үмүт эле. Эгерде ал сыртка аман-эсен чыга алса анын адамсыз ай-талаадагы чоң жеңиши болмок! Тирүүлөй тозокту, эң башкысы – өзүн жеңе алганы, рухунун күчтүүлүгү ошол.

Эсенбек жарыкты, жарык дүйнөнү катуу сагынып калган экен. Тырмактай тешиктен болсо да сырттагы кең, эркин дүйнөнү көз тойдура көрүп алууга ашыгып, терезени тоскон аязды тырмагы менен кытырата кырып, ысык деми менен кайталай үйлөп, эритип кирди. Аны, чалкыган Айбанталаада адашкан тепкедей кепени али калың күрткү басып жатсачы?!. Эсенбек ырыс кесер ал ойду жууткусу келген жок. Бар үмүт-тилеги сыртта, чоң жашоодо.

Айнекти бир элидей кыроо басканына караганда суук катуу болгон экен! Али оту кайта элек алаканы менен улам басып, ысык демин үйлөп жатып бармак басым айнектин музун эритип алды. Бирок, андан канчалык көз курчун кетирип шыкаалаган менен сырт көрүнгөн жок. Шыкалган кар. Эсенбектин ындыны өчө түштү. Илгери үмүт менен канчалык машакат тартып, жаналакетке түшсө да, жарык жашоо көрүнбөдү. Баягы эле карабаскыр кар! Шалдайып олтура кетти. Демек, демек анын камагы али бүтө элек экен. Ал азап дагы канча, канчага созулат деги?! Жанга баткан андан кутулчу күн акыры келеби? Качан?!.

– Ү-үх!..– Эсенбек амалы куруп күйүттүү үшкүрүнүп алды. – Иттин жашоосу…

Баарынан да жалгыздык жанына катуу батып кетти. Жок дегенде бир ит же мышык болсочу, караан тутуп, ага үн салып, тирүү көздү көрүп турганга. Адам үнүн сагынды. Кыргызды, аялзатын айтпай эле гой, кытай, жүүттүн жаман эркеги болсо да бет келгенин азыр кыса кучактап, мурдунан шуулдата өбүүгө даяр эле! Арасында аралашып жүрсө адамдардын баркы билинбейт турбайбы. Азып-тозгондо, жалгызчылыкта аздектелип… Деги эле эмне көп болсо ошол баркталбайт экен, бу турмушта. “Өз мекенинде пайгамбар болбойт” деген ошол, ачуу чындык белем…

Аңгыча сырттан күтүүсүз шоокум угулуп калды, бирөө басып жүргөндөй, кар кыртылдап! Эсенбек делдейе кулагын түрдү. Ооба, ооба, кыймылдын, тирүү жандыктын доошу!.. Ал, кандайча терезеге ыргып жетип сыртты шыкаалап калганын өзү да сезбей калды. О, Кудай! Ким бирөө терезени тоскон карды шилеп, ачканга аракет кылгандай. Жана эле кар тосуп турбады беле! Ким, ким болду экен ал?

Аяздуу терезеден үрүл-бүрүл, жөргөмүштүн желесиндей алсыз төгүлө түшкөн күтүүсүз жарыктан Эсенбектин көздөрү карыгып кетти. Аргасыз жүлжүйдү. Жылт эткен жарыктын үзүгүн бир көрүүнү Кудайдан нечен тиленип, заркакшап зарлабады беле. Мына, жарык!.. Көрдөй караңгылыкта айлап жатып, жарыкчылыктан жедеп жатыгып калган белем.  Ошол эле кезде ал акыры жарык дүйнөнү көргөнүнө ишенип-ишене албай сүйүнүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй лакылдап, көөдөнүнө сыйбай дапдаарып турду! Өлүм чеңгелинен чыгаарына үмүт оту жылт жанды. Чын эле ал кар туткундан кутулдубу?! Кайрадан адамдарга аралашабы?! Ие, тобо, адам баласына жарык дүйнөдөн ашкан кымбат нерсе жок белем! Жашоонун жалгандыгына көзү даана жетип туруп анын убай-уусуна, арман-кайгысына, түмөн түйшүк, сарысанаа, салган азаптарына… карабай пенделер неге мынчалык ага жандими жармашат десең?! Көрсө, жапачылыктын баары утурумдук тура. Кайгынын артынан кубаныч, азаптан кийин бакыт, туткундан соң азаттык… келип, акырында жакшылыкка жалгашып, үмүт үздүлбөй алга жетелеп, азгырып алат белем. Жамандыкты дайыма жакшылык жеңет тура. Кара башка канчалык кайгы келбесин, адам жакшылык күтүп жашайт экен го…

Ана, айнектин бармак басым жеринин бубагы эрий түшүп, анан алакан отундай кеңейди. Дүйнөгө зарыгып, жарылып кетчүдөй жашоого ачыгып калган Эсенбек үчүн аалам бүтүндөй ошол, алакан отундай эриген айнекке батып турду! Ал дароо муздак айнекке чап жабышты. Али аязы толук эрий элек мунарыктуу айнектин нары жагында агала карлуу Айбанталаа керилип жатты! Карлар эрий баштап, жаздын деми небак келип калыптыр! Төө тикендер карайып, билинер-билинбес дөңсөлөрдүн күңгөй тарабы эрип, карайып, жер ала. Чалкыган асман көпкөк, чайыттай ачык, дүйнө бейгам жадырап. Анда каршы терши чабыттай учкан чымчык, канаттуулар…

Аңгыча, айнекке сугалак жабышкан Эсенбектин бет алдында карышкырдын башы сорок деп чыга калды! Мындайды түк күтпөгөн Эсенбектин жүрөгү жарылып кетчүдөй катуу болк этип алды. Бирок, жан дүйнөсү кийинки тарткан жапачылыктан тоңмоюн тартып калган белем, токтоолук кылды. Акыл токтотту. Баягы көк дөбөт! Издеп келген көрүнөт. Эрегиши кайта элек экен. Ал да качпады.

Эсенбек менен карышкыр эки карыш аралыктан тирмийе тиктешип турушту. Адам менен айбан. Аң-сезим менен жапайылык. Айкөлдүк менен жырткычтык. Адамдын карегинен акыл өктөмдүгү чачыраса, карышкырдын көзүнөн жапайы от жанат. Көз караштар эрөөлү. Эки көкжал тайсалдабай тике тиктешти. Ким билет, эгерде ортолорунда айнек, анда кайчылашкан темир зым болбогондо экөө бири-бирине атырылып, жырткыч акыры бет маңдай келген душманына азуусун салып өчүн алса, адам андан кем калышпай бар айбаты менен каршылашып, экөөнүн бири өлмөк беле! Ошентмек.

Адамдын алгыр көзоту ийнедей курч, чагылгандай кубаттуу белем, карышкыр ага туруштук бере албай, жеңилип баратканын туйгансып акыркы айбатын кылып азуусун арсайта ырылдады. Оозунан бурала чыккан ысык буу айнектин кыйла музун жошолонто эритип жиберди. Такай ысык канга чыланып жүргөндөн болсо керек, кыркаар тизилген курч тиштери саргылт, айбаттуу. Эсенбек анын бул, амалсыз сес көрсөтүү­сүнөн тайсалдап калмак түгүл жаш баланын артыкчылыгым ушул деп, болпоң булчуңун көрсөткөн куру амалындай көрүп:

– И, жаман,– деп, өзүнчө күңкүлдөй сүйлөнүп алды да, мыскылдай жылмайып, анан… күтүүсүздөн ха-ха!лап жамажайы жайыла каткырып жиберди! Бу эмне, анын ажалды кенебес жанкечтилигиби, ашкере баатырлыгыбы, же өз өктөмдүгүн даана сезгениби? Балким, бу, күлкү дегениң тунма, кыйчалыш учурда гана сыртка калкып чыга келүүчү баарынан күчтүү, адам пендесинин кыйраткыч көмүскө куралы болуп жүрбөсүн?..

Сөөгү небак сөпөт болсо керек деген адамынын узак күн тарткан запкысынан чөгүп да койбостон, минтип, жан күйгүзө ачуу каткырып жатканына түшүнбөй нес боло түшкөн карышкыр бу, неси дегенсип элтейе түштү. Башын селт тартты. Арыстандын башындай саксайган чач, сакал-муруттун арасынын оттуу көзү гана жылтырап, жапайы каткырып жаткан немени акылынан адашып калганбы дегенсип, айран таң кала тиктеп аярлай калды да, карышкыр амалы түгөнө артына мант берди. Бул, анын жеңилгени болучу! Айбандардын жапайы мыйзамы ошондой. Көзүн алакачтыбы, бүттү, утулду. Ал, үйүрүн түгөт кылган адамдын өлгөн денесин көрөйүн, супсунумду суутайын деген үмүт менен келген эле. Мындай катуу суук, камактагы ачкалыкка кайраты катуу делген карышкыр да чыдамак эмес. Анан эле, небак жантаслим болду деген адамы азып-ачканына карабай аны кайра шылдыңдап жер жара каткырып жатса… Тобо, бу, адам дегениң анык сырын так айта алгыс сыйкыр зат экен го! Жеңилчү жерден жеңип, ыйлачу жерден каткырган…

Экөөнүн эрөөлү ошону менен биротоло тамам болду. Кайрылып беттешкен жок.

А чынында Эсенбек кегин кууп келген кексе карышкырдын акыркы, алсыз айбатына караганда, өзүнүн өлүм менен өмүрдүн мизинде зарлап күткөн эркиндикке акыры түбү аман жеткенине, демек, жеңишине жетиналбай сүйүнгөнүнөн, башынан кечирген ит чыдагыс кордуктардан арылганына эреркеп, кайрымсыз шынаадай жанга баткан ызасы ый аралаш жапайы күлкү менен жарылып чыккан болучу. Анын бардык тарткан азап-тозогу, сарсанаасы көкүрөк-жүрөгүн тээп, барс жарылчу чыйкандай чыңалып чыккан эле.

Аңгыча жер билир-билинбес гүүлдөп, улам жакындап келаткан машиненин доошу ачык угулду…

Алдыда кенен жол ачыла турган жапачыл жарыкчылыктан, андагы турку түрлүү  адамдардан жатыга түшкөн экен Эсенбектин, негедир түпөйүл тартып жүрөксүп турду. Алда кандай болор экен алгы жашоом деген сарысанаа анын жандүйнөсүн чагылгандай чарпып өттү.

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “А.Сарманбектов. “Айбанталаадагы адам”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.