Жыргалбектин жаңы эки ыры

j_kasabolotov_azattyk

ҮШҮК

Чоочун болуп зор дүйнө кечиндеги
Чоң турмуштун көмүскө четиндеги,
Мөөрү турат жүрөктүн, катып калган
Мөңгү болуп асканын бетиндеги.

Каректерим жашоонун карап түрүн,
Кан тамырым кайдыгер кагат бүгүн.
Көргөндөрдүн көбүнө көөнүм жоктой
Көз жеткенге сөз жетпей барат бүгүн.

Өзгөрүүлөр өсүүгө жеткиришти.
Өткөндөрдүн кадырын кеч билишти.
Элес-булас айрылган тасмалардай
Эсимдеги элестер эскиришти.

Көлөкөдө көк чөптөй өндүңөрбү?
Көр оокаттын шартына көндүңөрбү?
Жүрөт дешет жаштыктын көчөсүндө.
Жүрөгүмдүн караанын көрдүңөрбү?

Күүнүн сырын билсеңер тергилечи?
Күлкү аралаш кайрылып келгилечи?
Көөдөнүмдөн кайдадыр кайып болгон
Көңүлүмдү кайтарып бергилечи!

 

ТОЙ

Жайнаган зал. Жаркылдаган бийчилер.
Жалдырайсың жалгыздыктан эзилип.
Арасында сен кошулуп отурган
Адамдардын баары чоочун сезилип.

Чоочун дүйнө, чоорун тартып ырдаган.
Чогулган эл, бир нерсеге сүйүнгөн.
Кызыгы жок сылыктыкка баш иймей.
Кыз-келиндер, атаандашып кийинген.

…А сен болсо көксөгөнүң тоо түбү.
Ачык сөздөр, анда-санда сөгүнгөн.
Машиненин капотунда тамак-аш.
Мас боло элек достор, сыры төгүлгөн.

Ойлор жакын, күлкү жакын, сөз жакын,
Ортодогу жасалмалык жоюлган.
Тартынбаган, таарынбаган теңчилик.
Тамекиң да тең ортого коюлган.

Кызык баян, кысталбаган каткырык.
Кыйла алыс жак, кыйкырсаң да укпаган.
Тааныш күлкү, таркаган чер, кызуулук,
Таң атаарда талый түшүп уктаган.

… Күлдүрүүдө меймандарды тамада.
Күтүүдөсүң ушул кечтин аягын.
Тост айтылат, той ээсинин даңкына.
«Томсорбо!» деп жеңден тартат аялың.

Эт тартылып, элден-журттан бата алып,
Эптүү колдор дасторконду талашты.
Чоюлгандар чопулдашып коштошуп,
Чогулгандар чоочун бойдон тарашты.

Ашып-шашкан ушул элдин баарына
Адал ниет, асыл тилек жар болсун.
Жалгыздыкка батырса да жан-дилди
Жакшылыктын салтанаты бар болсун.

Жыргалбектин башка ырлары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.