Ким «Арзымат»? Арзыматпы же адабият тарыхын бурмалагандарбы?

Бир ырдын тарыхы

2014-жыл – эл аралык Тюрксой уюму тарабынан кыргыздын ак таӊдай акыны Токтогулдун жылы деп аталып, бүтүндөй түрк тилдүү өлкөлөр «тоо булбулунун» 150 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиледи. Майда-барат, ыпыр-сыпыр иш-чаралардан баштап акындын 150 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Мезгил сынына кала турган бараандууларынан айтсак, Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгына арналган «Токтогул» энциклопедиясы баштаган бир катар адабий иликтөөлөр өз алдынча китеп болуп жарык көрүп, адабиятчылар Омор Сооронов, Абдыкерим Муратов, акын Исабек Токтогулов өз эмгектеринде акындын чыгармачылыгына байланышкан айрым талаштуу жагдайларга тактык киргизүүгө аракеттенген алгачкы «дыӊ бузуучулардан» болуп калышты. Бирок, 150 жылдыктын жалпы духунан алганда, Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгына карата болгон бир жактуу мамиле, дух, тенденция ошо тейде кала берди. Адабиятчысы болобу, саясатчысыбы, акыркы жылдарда суроо жаратып келаткан Токтогулдун чыгармачылыгындагы оош-кыйыш жагдайлардын келип чыгыш себептеринин агын ак, карасын кара деп атоого батынган жок. Уулдак-дуулдакта чындыктын үнү угулбады. Чындыкка орун табылбады.

«Ураа, патриоттор» каалайбы, же жокпу, адабият тарыхы деле коомдун тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Адабият тарыхына болгон кайдыгер, көз жумду мамиле – бул жалпы тарыхка болгон кара ниеттик, кара өзгөйлүк деген эле сөз. Адамзаттын тарыхы сыяктуу эле, адабият тарыхы да калыс, объективдүү мамилени, кемитпей да, ашырбай баа берүүнү талап кылат. Калпты чындай койгулаштырып, тарыхый чындыкты бурмалоо бул катардагы гана кылмыш эмес, бул тарыхка карата жасалган чыккынчылык.

Ушул өӊүттөн алганда, иралды тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун өмүрү-чыгармачылыгы совет мезгилинде ошол заманга жараша өтө эле идеалдаштырылып, саясатташтырылып, социалисттик кургак идеологиянын курмандыгына айланганын белгилөө менен сөз баштаганыбыз туура болот. Мамлекеттик машина Токтогулду демократ, интернационалист жана эч бир акындан жеӊилбеген акын катары көрсөтүү далбасасы менен тарых чындыгын каалагандай бурмалап, Токтогул ырдабаган ырлар «ырдалды» болуп, Токтогулга шакирт болбогон акындар ага шакирт болуп, ал эми Токтогулдан акындык жана адамдык парасаты менен бийик турган акындар жана адамдар – тоо булбулунун акындык дараметине жана адамдык парасатына көлөкө түшүрүп кое тургансып, алар тууралуу бир жактуу маалыматтар берилип, же болбосо, андай акындар, адамдар таптакыр эле жашабаган катары бир ооз да эскерилбегени тарыхый талашсыз чындык. Токтогулду даӊазалоо мамлекеттик деӊгээлде болгонун ушундан билиӊиз, бир катар драматургдар, акын-жазуучулар Токоӊ тууралуу роман, повесть, драмаларды жазып, ал чыгармаларда тоо булбулунун Сибирдеги эч кимге белгисиз турмушу идеалдаштырылып, айрымдары өз чыгармаларында Токтогулду орус революционерлери менен коюн-колтук алыштырып, акынды революционер кылып сүрөттөп ийишкен. Токтогулдун элдик ырчы экенин далилдеш үчүн бай-манаптарга, эшен-калпаларга каршы ырдаган таптык ырларына көбүрөөк басым жасалып, акындын чыгармачылыгын изилдеген адабиятчылар да акындын мына ошол маанайдагы ырларына, айтыштарына бир беткей баа беришип, Токтогулдун ырларына текстологиялык-фактологиялык талдоолорду жүргүзүлгөн эмес. Токтогулдун ырлары эл арасындагы сөз билген адамдардан оозмо-ооз жазылып алынганында маселе жок, бирок көпчүлүк учурда социалисттик идеологиянын элегинен өтүп, керектүүлөрү чогулуп, керексиздери жок кылыныптыр: «20-жылдардын соңунда жана 30-жылдардын башында эле Т.Сатылгановдун өз оозунан Б.Карпыков жана А.Кулукеев бир топ ырларын жазып алышкан экен, тилекке каршы, ал ырлардын көбү табылбай калган, же жок кылынган» деп жазат адабиятчы А.Муратов «Такталбаган Токтогул» аттуу адабий-тарыхый иликтөөсүндө. Анан да жыйналып эле тим болбой, аны басмага даярдагандар тарабынан акындын ырларына «басмачылык» жасалып, «кол салынганы» же тагыраагы кол тийгизип жибергени тоо булбулунун ырларынан оркоюп эле көрүнүп турат. Бул ээнбаштык Токтогулдун чыгармаларын басууга даярдагандар тарабынан жасалган «басмачылыкпы», мамлекеттик идеологдордун тийгизген шарапатыбы, буга бүгүн так жооп табуу кыйын. Акындын ырларын окуп отуруп, анын чыгармаларына ыгы жок кийлигишүүлөр көп болгонун, ашкере идеализациялоонун шарапаты менен өздөрү билип-билбей туруп, кантип душмандык жасаганын билбей калганын көрөсүӊ.

Биз мунун баарын Токтогулду каралоо эмес, тактоо максатында айтып отурабыз. Ак таӊдай акындын «багы ачылып» калганына да жана чыгармачылыгы бир тараптуу изилденип калышына да иралды объективдүү жагдайлар себеп болгону талашсыз. Бул тууралуу адабиятчы А.Муратов биз мисал келтирген эмгегинде мындайча жазат: «Антсе да Токтогулдун багы ачылып калышына бир-эки жагдай түрткү бериптир Адабиятчы Лев Пасынков эскерүүлөрүндө мындай деп жазыптыр: «1933-жылы Алексей Максимович Горький Токтогул жөнүндө кабарды угуп, Токтогулдун карагай кыйган балта менен кыргыз комузун чаап, анын коштоосунда кыргыз-орус достугун даӊазалап ырдаганын, «Орус күүсүн» комузга салып черткенин укканда, муштумдарын түйүп, түйүлгөн муштумдарын тизесине матап, ага сыймыктанып жана кубанып, көз жашын көлдөтүп ыйлаган…». Дал ошол Горький «муштумдарын түйүп, түйүлгөн муштумдарын тизесине матап», «көз жашын көлдөтүп ыйлап» отурган учурда Кетмен-Төбөдө Токтогул ачарчылык менен кармашып, акыры каза болуп, анын каза болгону менен өкмөттөн бир кишинин кабары болбой… иши кылып, «кыргызчылык» менен күн өткөрүп жатканбыз… Тарыхтан белгилүү СССР Жазуучулар союзунун I съезди, ошондон бир жылдан кийин – 1934-жылы Москвада чакырылат. Ошондо «орус революциянын күзгүсү» А.Горькийдин ооматы келип турган, ал жазуучуларды компартиянын көгөнүнө байлап берүү үчүн катуу кам көргөн, андыктан Жазуучулар союзу дегенди ойлоп тапкан, өзү союзга жетекчи болгон. Ошол А.Горький ошол чогулушта авар элдик ашугу Сулейман Стальскийди сүйлөтөт (ка-ап, аттиӊ, орусчаны суудай билген балким биздин Токтогул сүйлөп калат беле), ал түз эле президиумдан чыгып ырын окуйт, кебин айтат, анын сөзү жана ыры А.Горькийге аябай катуу таасир эткен окшойт, айтор көп өтпөй ушул сабатсыз, акылдуу, парасаттуу ашуг тууралуу тамшана жазып, аны «XX кылымдын Гомери» атайт, элдик поэзиянын акак-берметтери болгон мындай адамдарды сактоо керектигин жалпы дүйнөгө даӊазалайт. Анан кыргыздар өз «сулеймандарын» издеп кирет. Албетте, алардын ири алды падышалык бийликтен ыдык көргөн, комузчу десе – комузчу, төкмө десе – төкмө, күүчү десе – күүчү, алтымыштан ашык шакирт чыгарган, анан жанагы Горькийди ыйлаткан Токтогул болгон. Бир нерсеси кем болгон белем, анын алдына «демократ», «композитор» деген эпитеттерди кошушат. Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат».

Ошентип, Токтогулдун чыгармачылыгын чогултууга мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бөлүнүп, «Дароо эле өкмөт жана Жазуучулар союзу Кетмен-Төбөгө жана Таласка А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев ж.б. акындарды жиберет, алар А.Үсөнбаев, К.Акиев, К.Досуев, А.Огонбаев ж.б. Токонун шакиртимин дегендерге жолугуп, акындын мурастарын жазып келишет ».

Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдөөдө акын Жоомарт Бөкөнбаевдин эмгегин баса белгилеп айтпай кеткенде болбойт. Ал өзүнүн эскерүүлөрүнүн биринде, Токтогулдун чыгармаларын чогултуу жана пропагандалоо ишине өмүрүнүн төрт жылын арнаганын жазып кеткени бар. Чындыгында да, мындай чоӊ иштин башында күйгөн бир адам болбосо болбойт. А.Муратовдун тарыхый-адабий иликтөөсүндө: «1938-жылы Ж.Бөкөнбаевдин мезгилдүү басма сөзгө «Токтогулдун ырлары – элдин кенчи», «Токтогул жана Коргол ырчы», «Элдин булбулу», «Шайыр акын», «Токтогулдун күүлөрү уурдалбасын», «Эл ырчысы», 1939-жылы «Токтогул Сатылганов», «Кыргыз элинин улуу акыны», «Токтогул менен Эшмамбет», «Калык ырчынын устаты» ж.б. макалаларын жазат. Алар аркылуу акындын атын тааныта баштайт, оруска каршы чыккандардын Анжиан көтөрүлүшү деп аталган окуясына катышкан кишини актоого, ошол кездин прогрессивдүү адамы болгон интернационалист, демократ, революционер кылууга далалат жасайт» деп тарыхый чындыкка үӊүлүп, эмне үчүн акындан революционер жаратуу зарыл болгондугунун реалдуу себебин ачып берген экен. Себеби, Анжиан козголоӊуна катышкан адамды Сибирге сүргүндө жүргөндө орус революционерлери менен байланышта болгон, өзү да революциялык көз карашта деп далил тартпаса, анда оруска каршы чыккан акынды алып чыгып жатат деп, 1938-жылдарда репрессиялангандардын анабашында Жоомарт Бөкөнбаев өзү туруп калмак. Токтогул орустарга эмес, падышалык Россиянын режимине каршы чыккандыгын эч качан далилдей алмак эмес. Ушундан улам Токтогулдун: «Айдалып кетип болуштан, азапты көрдүм орустан» деген ыр саптары «Айдалып келип болуштан, тууган таптым орустан» деп, оӊдоп-түзөөдөн өтөт. Кыскасы, демилгечилер тарабынан жыйналган акындын ырлары ал кездеги саясатка ылайык иргелип, саясый-идеологиялык электен өткөрүлүп, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Ө.Жакишев баш сөз жазып, китеп кылып чыгарышат, «Алгачкы мезгилде Ж.Бөкөнбаевдин айтуусу боюнча Токтогулдун ырлары китептерин басып чыгаруучулар тарабынан текстологиялык жактан такталган эмес, материалдардын идеялык багытын гана караган, «ылайыксыз» жерлерди кыскартып ташташканы» себеби ушунда десек болот.

Биз жогоруда мисал келтирген, адабиятчы А.Муратов эскерип кеткен дагы бир олуттуу учурду эстен чыгарбаш керек. «…20-жылдардын соӊунда жана 30-жылдардын башында эле Т.Сатылгановдун өз оозунан Б.Карпыков жана А.Кулукеев бир топ ырларын жазып алышкан экен, тилекке каршы, ал ырлардын көбү табылбай калган, же жок кылынган ». Демек, бул ырлар жөн жеринен эле жок болгон эмес. Ал ырлар көркөмдүк жагынан бийик деӊгээлде болгону менен идеялык жактан «каталыктары» болгон болуу керек да, андай чыгармалар Токтогулга саясый өӊүттө алганда кедергисин тийгизерин эске алышып, Жоомарт Бөкөнбаев башында турган демилгечилер ал жыйналган чыгармаларды атайылап жок кылышканы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Эгер, ошол учурдагы тарыхый кырдаалды эске ала турган болсок, анда Жоомарт Бөкөнбаев баштаган Токтогулдун чыгармачылыгын жыйноочулар, иликтөөчүлөрдүн иш-аракетинде: мейли, антип идеялык жактан ошол доорго туура келбеген чыгармаларынын көзүн тазалап ийишеби, же Токтогулду даӊазалоо үчүн башка акындарга бир беткей мамиле жасашабы, акындын чыгармаларына бир беткей баа беришеби, мында эч кандай деле алардын ысымдарына көлөкө түшүрө турган эч нерсе жок.

Кеп, Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдөөдөгү ошол алгачкы бейкүнөө аракеттер адабиятчылардын кийинки мууну тарабынан улантылып, кадыресе тенденцияга айлангандыгында, тенденцияга эле айланбастан, аӊ-сезимдүү түрдө бурмалоолорго, бир жактуулукка жол берилип жүрүп отургандыгында.

Оболу сөздү тоо булбулу Токтогулдун «Арзыматка» аттуу ырынан баштайлы. Токтогулдун 1956-жылы жарык көргөн Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган чыгармалар жыйнагындагы түшүндүрмөдө: «Арзыматка» – (1883-жыл) Токтогулдун алгачкы ырларынан болуп эсептелет. Ырдын чыгышына төмөнкү кырдаал себеп болгон: Кетмен-Төбөнүн манаптарынын бири Дыйканбайдын ырчысы Арзымат Сопу бий дегендикинде жергиликтүү мыктылардын арасында ырдап отурган болот. Бул жерге жаш акын да келип калат. (Ошол кезде Токтогул 19 жашка чыккан кези эле) Токтогул кирери менен эле Арзымат жаш акын – Токтогулду «жакырсыӊ», «томаяксыӊ» деп, өзү манаптын ырчысы экендигин айтып мактанып ырдайт. Токтогул андан мурун Арзыматка окшогон карт ырчылар менен айтышып көрбөсө да, беттешүүдө аны жеӊип чыгат» деп жазылган. Эми ошол эле жыйнакта жарык көргөн «Арзыматка» деген ырды чогуу окуп көрөлү.

Дыйканбайдын үйүндө,
Жүргөнү
ӊдү ырдадыӊ.
Кошоматка кой союп,
Күлгөнү
ӊдү ырдадыӊ.
Казы менен картага,
Тойгону
ӊду ырдадыӊ.
Кан Дыйканбай ырчысы,
Болгону
ӊду ырдадыӊ.
Кара карга үндөнүп,
Каркылдаган, урганым!
Манапты ээрчип эт жеген,
Мадырайган соргогум!
Мени жакырсы
ӊ деп кордодуӊ,
Жакыр да болсом мен өзүм,.
Жаандан чыккан жоргомун.

Токтогулдун «Арзыматка» аттуу ыры 1956-жылы 15 сап эле болгон. Ырдын түшүндүрмөсүндө: «Токтогул кирери менен эле Арзымат жаш акын – Токтогулду «жакырсыӊ», «томаяксыӊ» деп, өзү манаптын ырчысы экендигин айтып мактанып ырдайт. Токтогул андан мурун Арзыматка окшогон карт ырчылар менен айтышып көрбөсө да, беттешүүдө аны жеӊип чыгат» деп, Арзыматты «жеӊилдиге» чыгарып, Токтогулду «жеӊдиге» чыгарган менен, кадыресе ырлардын бири. Биерде биринин жеӊгенин, биринин жеӊилгенин тастыктаган эч нерсе жок. Токтогул биерде болгону Арзыматтын ырына жараша эле жооп берип жатат. Башка эч нерсе. Арзымат Токтогулду «жакырсыӊ», «томаяксыӊ» деп жатса, 19 жаштагы каны кызуу жигит «ооба, мен жакырмын, томаякмын» деп башын жерге салып отуруп калмак беле, каршылашынын сөзүнө жараша жооп берет да.

Ак таӊдай акындардын чыгармачылыгында мындай бири-бирине тийиштик кылып ырдап, бири экинчисинин ырына жараша жооп берген учурлар буларга чейин деле, алардын айтышынан кийин деле боло келген. Мында эрөөн-терөөн эч нерсе жок. Адабият тарыхында ага-инидей ээрчишип жүргөн делген Токтогул менен Эшмамбеттин айтыштарында деле «Арзыматка» дегенден да ачуу саптар кездешет.

Эшмамбет:

Адырга бүткөн жекенсиӊ.
Айтышканда нетерси
ӊ?
Алдастаба, куу көсөө,
Алкымы
ӊда бир кыл жок,
Апа
ӊа окшош экенсиӊ.

Токтогул:

Кара эчкинин терисин,
Каптап алган экенси
ӊ.
Кайра-кайра желимдеп,
Чаптап алган экенси
ӊ.
Эки боо кылып кудайдан
Эпчилдиктен, Эшмамбет,
Мактап алган экенси
ӊ.

Биз эки акындын «Айтыш» деген алым сабагындагы сылык саптарды мисал тарттык. Мында андан да чогоол саптар бар. Эшмамбет:

Чолок чаар жылкыдай
Чорто
ӊдогон эмесиӊ.
Чочугансып ырдаган,
Корто
ӊдогон немесиӊ.
Ачуума көп тийбе,
Бирдемени көрөсү
ӊ.
Ар че
ӊгелим – беш кадак,
Аябай туруп муштасам,
Айлы
ӊа жетпей өлөсүӊ, – десе, ачуусу келген Токтогул:

(Алаканын жайып бата берип)

Түбү сайын бериште,
Бирден эмес, Эшмамбет,
Экиден келип түнөсүн.
Кылына кырк экиден жаза көр,
Кудай, Эшмамбеттин күнөөсүн.
Эшиги тар бейишке,
Эбин таап мен кирем.
Эки боо кылы
ӊ барында,
Оор тартып бүт дене
ӊ,
Карыган теке кейптенип,
Ка
ӊкыйып сыртта жүрөсүӊ.
Арбайганда тарбаят
Ар бир жерин бир саят.
Сакал эмес бута го,
Бул сакалы
ӊ барында
Кантип жагат мүнөзү
ӊ? – дебатат.

Калык ырчы өзүнүн «Баскан жолунда» Эшмамбет менен кездешкенин мындайча эскерет: «Токтогул менен бирге жүрүп, жалтанбай топко кирип, Эшмамбет менен ээрчишип ырдап, Жаӊыбайга жанашып, Курман ырчыны кууп ырдап, Жолой ырчы жолобой, жолумду киши торобой «оӊой эмесмин» – деп жүргөн кезим.

Байгазы болуштун тарабындагы бир чоӊ байдын ашы болду. Ошол ашка бардык. Мен анда Караталдын ырчысымын. Каратал менен Байгазы экөө эки тарап. Эшмамбет Байгазынын ырчысы.

Байгазы Эшмамбетке:

«Сен, Акы устанын уулун сенин атаӊ жыгаччы деп кордогун» – деп көкүтөт.

– Болуш, мен сакалдуу башым менен жаш балага тийишсем уят го? Же жаш жагынан өзүмө катар ырчы болсо болот эле, – дептир Эшмамбет.

– Ой, Эшмамбет, сен Акы устанын уулун ырдаганыӊ Караталга тиет. Караталдын чоӊ атасы жыгаччы Самтыр эмеспи? Караталды сөзгө сындыралык, эмне кызык чыгар экен?..»

… Айласы куруган Эшмамбет:

«…Сенин атаӊ Акы уста,
Ар кимдин кылган жумушун.
Как жыгачка сыйынган
Оокаты менен курусун.
Ач курсагы тоюнбас,
Сен, Акы устанын уулусу
ӊ!» – деп Калыкты кордоп ырдап, Караталды сөзгө сындыруунун максат көздөп, Калыктан:

«…Атамдын балта-чотунун,
Сабы ата
ӊдан калдыбы?
Карагай беле кайыны
ӊ,
Кайы
ӊбы сенин зайыбыӊ?
Жыгачтан башка бар болсо,
Атамдын айтчы айыбын?
Көк токойдо теректин,
Кө
ӊдөйүбү алганыӊ?
Өрүк, жийде, алчанын,
Тикениби балдары
ӊ?
Минтип жүрсө
ӊ, Эшмамбет,
Адамга тийбейт жардамы
ӊ!» – деген жооп угат. Айтор буга окшогон кордоо мүнөзүндөгү алым сабактарды кыргыз акындарынын дээрлик бардыгынын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш десек болот. Акындар ар кандай шартка жараша, бири-бирине ар кандай мүнөздөмөлөрдү берип ырдай беришкен. Айталы, Найманбай ырчыга карата Эшмамбеттин алым сабагындагы:

Сен, Балыктын уулу Найманбай,
Сүйлөгөн сөзү
ӊ айбандай.
Сүлпөтү
ӊ жок көрүнөт,
Сөөмөй менен сайгандай.
Тайган болсо
ӊ итсиӊ да,
Ит болгон со
ӊ түгөнгүр,
Үрүп жүрүп бүттү
ӊ да.
Айбан болсо
ӊ чөп салам,
Тайган болсо
ӊ сөөк салам.
Айбан болсо чөптү жейт,
Тайган болсо сөөктү жейт
, – дегенге үндөш саптар Куйручук менен Найманбайдын айтышында да кездешет. Калмырзанын Найманбайга ырдаган ырында деле «тайган», «айбан», «ит» деген сөздөр арбын учурайт.

Демек, акындардын айтыштарында кордоо мүнөзүндөгү ырлар ырдала келгендиги, бирок, бул айтышкан акындардын акындык дараметинин чен-өлчөмү катары каралбашы керектигин белгилеп кеткибиз келет. Айтор, кайсы гана өӊүтүнөн алып карабайлы, Арзымат менен Токтогулдун айтышы катардагы айтыштардын бири. Сыягы, Арзымат Токтогулду «томаяксыӊ», «жакырсыӊ» деп ырдаган, Токтогул Арзыматтын сөзүнө жараша оройлук менен жооп берген.

Акыркы жылдарда «Арзымат Токтогулду демократ акын катары көрсөтүү максатында ойлоп табылган образ» деген да сөздөр чыгып кетпедиби, чынында Токтогулдун чыгармачылыгы ашкере идеалдаштырылып, саясый өӊ-түс берилгенин эске алсак, Арзымат менен Токтогул айтышканбы же жокпу деген күмөн суроо да пайда болушу мыйзамченемдүү нерсе. Эки акындын айтышынан эч күмөн санабасак болот. Арзымат менен Токтогул жолугушканын жана айтышканын бир катар маалымат булактары тастыктап турат. Жерлиги кетментөбөлүк, акын Исабек Токтогулов өзүнүн Токтогулга өмүрү-чыгармачылыгына арнаган китебинде: «Арзымат өзүнө ишенбегенби же артын ойлогонбу, айтор өзү тирүү кезинде өзүнүн ашын бердирди. Кеӊеш өкмөтү жеӊгенден кийин көзү тирүүсүндө аш берген Арзыматтын небереси деп Жолойдун уулу Тургуналыны жоопко тартып жиберишкени да ошондон. Арзымат уруусун төмөндөгүдөй сүрүп жүрүшөт. Жолойдон: Кыпчакбай, Тургуналы, Тургунбай, Сулайман. Тургунбайдын кызы Роза. Анын күйөөсү Арстанбеков Жолдошбек өмүр бою аскер комиссариатында иштеди. Анын уулу Советбек авто-куруучу. Үчүнчү уулу Тургуналы Жолоев абактан келгенден кийин ага акын Ж.Бөкөнбаев учурап калат. Жоомарт аны атайын чакырып сыйлап, мейман кылып: «Сенин чоӊ атаӊ Арзымат ырчыны жамандап койдум капа болбо» деп ага ат мингизген дейт. Тургуналынын арманы “эмнеге жамандадыӊ” деп айтпаганы экен. Анын күмбөзү Калбада курулган» – деп жазат.

Арзымат тууралуу адабиятчы Омор Соороновдун “Биз билген жана биле элек Токтогул» аттуу эмгегинде көздүү шакектей таберик маалыматтар бар: «Айрымдар “Арзымат деген ырчы болгон эмес, саясат үчүн Жоомарт Бөкөнбаев кошуп койгон” дегендей күдүӊ сөздөрдү айтып калып жүрөт. Ошондуктан бул маселеге да кайрыла кетпесек болбойт. Кол жазмалар фондусунда материалдардын ичинде Арзымат ырчы туурасында Жоомарт Бөкөнбаевдин “Токтогулдун өмүрү” аттуу очерк тибиндеги изилдөөсүнөн башка да айтылгандар бар. Кетментөбөлүк Калыбек Кыпчакбаев 1957-жылы Ж.Таштемировго: «Токтогул 13 жашка чыкканда элге (Саз-Жийдеге) көчүп келишкен экен. Сатыкей элинен бир көк байтал мине келген, ошону минип ырдай баштайт. Токтогул ошол 13 жашында топко ырдап, Майлыбай комузчуну, Арзымат ырчыны жеӊет. Арзымат Ажыбек манаптын ырчысы болгон, бирок Дыйканбайдыкында көп жүргөн, себеби Ажыбек (Дыйканбайдын) жакын тууганы эле. Арзымат таластык колпоч элинен болчу. Тоялы: “Менин ырчым менен айтыштырасыӊбы?” – деп, Дыйканбайга айтат экен. (Дыйканбай) “Айтыштырам, алып кел!” – дегенде, Тоялы (Токтогулду) ээрчитип барат. Ошол түнү Токтогул түш көрсө, 40 кыз менен 40 жигит комуз чертишип атыптыр. Алардын баарын Током жеӊиптир. Эртеси ырдагысы келип чөп-чарды, тоо-ташты айтса, баары куюлуша берет экен. Арзыматты түрдүү өнөр менен жеӊет” (Инв.№1914в, 63 – 64-бетте). Ушул эле Калыбек Кыпчакбаев 1953-жылы Дүйшөн Сулаймановго айтып берген сөзүндө да Арзымат туурасында кеӊири айтпайт, Токтогул Арзыматты жеӊген экен деп тим болот» деп жазат.

Демек, Арзыматтын тарыхта болгон адам экенинен күмөн жок болгондой эле, Арзымат менен Токтогулдун айтышканынан күмөн саноонун кажети жок. Эки акын бир эмес, бир нече жолу кездешкен. Бир нече жолу айтышкан. Экөөнүн ортосунда ага-инилик жылуу мамиле болгону да анык. Муну бизге Жоомарт Бөкөнбаев кечирим сураган Тургуналы Жолоевдин уулу Мөкүш Жолоевдин өз оозунан (болжолу 2009-жылдарда) укканбыз.

Кеп, Арзымат менен Токтогулдун айтышы, ал айтышта ким жеӊилип, ким жеӊгендигинде да эмес. Кеп, Жаки Таштемировго окшогон Токтогулдун чыгармачылыгын изилдөөгө бүт өмүрүн арнаган адабиятчыларыбыз Арзымат жана анын Токтогул экөөнүн ортосундагы адамдык жана акындык байланыштар тууралуу кенен, ар тараптуу маалыматтарды биле туруп, ал маалыматтарды аӊ-сезимдүү түрдө коомчулуктан жаап-жашырганында. Жаап-жашырып тим болбой, экөөнүн айтышын андан ары кол салып бурмалап, саясатташтырып жиберген кечирилгис каталыктарында.

Кайсы бир адабиятчынын кийлигүүсүнөн кийин Токтогулдун 1956-жылдагы академиялык басылыштагы ырлар жыйнагындагы «АРЗЫМАТКА» ыры мындай кейипке келген.

Бекти көрсөӊ, мактайсыӊ,
Бекер ичкен аш үчүн
Кошомат кылып беги
ӊе
Бечараны каптайсы
ӊ.
Ханды көрсө
ӊ мактайсыӊ,
Карды
ӊ тойгон жериӊде
Кошомат кылып ханы
ӊа
Карыпты көрсө
ӊ, каптайсыӊ.
Хан Дыйканбай үйүндө
Жүргөнү
ӊдү ырдадыӊ.
Кошоматка кой союп
Күлгөнү
ӊдү ырдадыӊ.
Бий, болуштун астында
Сен да билгени
ӊди ырдадыӊ.
Казы менен картага
Тойгону
ӊду ырдадыӊ.
Хан Дыйканбай ырчысы
Болгону
ӊду ырдадыӊ.
Кара карга үндөнүп
Каркылдаган, урганым!…
Манаптан ичкен ашы
ӊа
Мактанып жүргөн экенси
ӊ,
Мадырайган соргогум
Мени жакырсы
ӊ деп кордодуӊ.
Жакыр да болсом мен өзүм
Жаандан чыккан жоргомун.

«Арзыматка» деген баштагы 15 сап ырга арадан он жыл өтүп-өтпөй 9 сап ыр кошулуп гана тим болбостон, баштагы текстке да алымча-кошумчалар кирип, Токтогулдун 1964-жылы чыккан чыгармаларынын эки томдугунан баштап, ушундай мазмунда берилле баштаган. Токтогулдун ыры – акындын 100 жылдыгынын урматына «реставрациялануу» менен башкача өӊ-түскө ээ болгон. Суроо пайда болот: Токтогулдун ысымы узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына жетип калган маалда мынчалык ашөпкө идеалдаштыруунун кереги кимге эле? Мунун өзү Токтогулга көлөкө гана түшүрбөсө, атак-даӊк апкелбей турганы шексиз эмеспи. Бирок, антейин десек, «эрге отурганда эле кыйшык отурган» дегендей, «Арзыматка» деген ырга адеп «кол салып» «басмачылык» кылган Жоомарт Бөкөнбаев болуптур. Жоомарт Бөкөнбаевдин Арзыматтын небереси Тургуналыга: «Сенин чоӊ атаӊ Арзымат ырчыны жамандап койдум эле, капа болбо» деп ага ат мингизгенинин» сыры мына ушул жакта окшойт. Аны адабиятчы Омор Сооронов “Биз билген жана биле элек Токтогул» деген илимий эмгеги менен таасын далилдеди десек жаӊылышпайбыз. Абройлуу окумуштуу өзүнүн бул илимий эмгегинде, Сагындык Сапаров аттуу аксакалдын: “Карыялардан укканыма караганда, күз айларында Сопу бий атасы Керимкулдун ашын бериптир. Аш Кутчу-Сарууда өтүптүр. илгери той же аш бергенде, бир унаадан отун салчу экен. Токтогул бир унаа отун жүктөп келип түшүргөндө, Сопу бийдин үйүндө Дыйканбай баш болгон бир топ мыктылар отурушкан экен. Арзымат алар менен бирге экен. Ал (отургандарга) ырдап бериптир. Ошол жерде отургандардын бирөө: “Сатылгандын баласы ырчы боло турган, кыйын ырдайт”, – дептир. Токтогул апкелген отунун түшүрүп атса: “Башкалар түшүрүп коёт, тез кел, Дыйканбай чакырып атат” – дептир. Токтогул үйгө башбакканда: “Мына, бул бала!” – деп көрсөтүшүптүр. Токтогулдун кейпин көрүп, Арзымат ырдап кириптир. Бир топ жамандап ырдап туруп, комузун жерге коюп, наспайын чегип (атып) алып, мыкчыйып отуруп калыптыр. “Кандай мыкты болсо да катырдым го, унчуккус болду го”, – деп ойлоптур. “Бала айтабы (ырдайбы), айтпайбы, өзү билсин, комузду балага бер!” – дептир отургандардын бирөө. Током комузду ала коюп, Арзыматка карата жооп кайтарып ырдаган экен. Элден укканымдан кулагыма илинип калганы бул:

“Адыр эмей, талаамын,
Жигит эмес баламын.
Жардуу жер болсо өтөмүн,
Сен өӊдөнгөн ырчыга
Саламат аман чоӊойсом
Жандап кууп жетемин.
Кыя жер болсо өтөмүн,
Сен өӊдөнгөн ырчыга
Саламат аман чоӊойсом
Кысып кууп жетемин.
Манаптан ичкен ашыӊа
Мактанып жүргөн экенсиӊ,
Мадырайган соргогум.
Жарды да болсом мен өзүм
Жаандан чыккан жоргомун.
Мен жая салган торкомун.
Жаныӊа барып айтыштан
Хан Дыйкан,
Сенин жаалыӊдан коркомун”.

Муну Карамырза деген айтчы эле, ал өлүп калды. Токомдун өз оозунан уккан эмесмин. Мындайын билгенде Токомдун өзүнөн сурап албайт белем. Бул ырды Током өтө жаш чагында ырдаган экен, канча жашта экенин билбейм” (Инв.№1914а, 15 – 18-бб.). – деген эскерүүсүн мисалга тартып, иликтөөсүн мындайча улантат: «Жогоруда айтылган Токтогулдун Арзыматка берген жооп-ыры, башка информаторлордо кездешпейт. Жоомарт Бөкөнбаевдин 1939-жылы жазылган “Токтогулдун өмүрү” деген очерк тибиндеги изилдөөсүндөгү Токтогулдун Арзыматка берген 15 саптан турган жооп-ыры да жогоруда келтирилген ырга окшошо бербейт, жогорку ыр 19 саптан туруп, эки ырда теӊ “Мадырайган соргогум”, “Жарды да болсом мен өзүм” (Жоомартта: “Жакыр да болсом Токтогул”), “Жаандан чыккан жоргомун” деген үч сап гана окшошот, калгандары экөөндө эки башка. Токтогулдун томдуктарына кирип жүргөн ыр болсо, 26 саптан туруп, Жоомарттагы ырдын баш жагына 8 сап кошо жазылып, калган жагында да айырмачылыктар көп экен. Буга караганда Токтогулдун китебин чыгарганда Жоомарт же башка түзүүчүлөр, редакторлор тарабынан кошумча-алымчалар киргизилген окшойт. Ошондой болсо да (эки ырчынын айтышы толук, туруктуу болбосо да) Токтогулдун Арзымат менен айтышканы анык, Арзымат ырчынын таластык экени, тарыхта болгону чын экени, жогоруда фактылар менен аныкталды десек болот».

Демек, Жоомарт Бөкөнбаев ошол тарыхый кырдаалга жараша Токтогулду демократ акын катары көрсөтүү максатында «Арзыматка» деген ырдын үч сабынан башкасын өзү эле жазып салганы кашкайып көрүнүп турат. Арзыматтын небереси Тургуналыга: «Сенин чоӊ атаӊ Арзымат ырчыны жамандап койдум эле, капа болбо» деп ага ат мингизгенинин» сыры да ушунда экени талашсыз. Замандаштары тарабынан «сыпайы, сылык, кишиге үнүн көтөрүп сүйлөбөгөн адам болгон» деген Токтогулга берилген сыпаттамаларды эске алсак, анда 19 жаштагы акын Токтогул Арзыматка карата:

«Манаптан ичкен ашыӊа
Мактанып жүргөн экенси
ӊ,
Мадырайган соргогум»,
– деп ырдашы деле күмөн.

«Арзыматка» деген ырдын түшүндүрмөсүндө Арзымат менен Токтогул Сопу бийдин үйүндө айтышкан: «Ырдын чыгышына төмөнкү кырдаал себеп болгон: Кетмен-Төбөнүн манаптарынын бири Дыйканбайдын ырчысы Арзымат Сопу бий дегендикинде жергиликтүү мыктылардын арасында ырдап отурган болот. Бул жерге жаш акын да келип калат. (Ошол кезде Токтогул 19 жашка чыккан кези эле) Токтогул кирери менен эле Арзымат жаш акын – Токтогулду «жакырсыӊ», «томаяксыӊ» деп, өзү манаптын ырчысы экендигин айтып мактанып ырдайт. Токтогул андан мурун Арзыматка окшогон карт ырчылар менен айтышып көрбөсө да, беттешүүдө аны жеӊип чыгат» деп жатпайбы. Анда «Сопу бий дегенибиз ким» ушуга жооп издеп көрөлү. Биз жогоруда адабиятчы Омор Соороновдун КР УИАсынын Кол жазмалар фондусунан алган материалдарга таянып: «Сагындык Сапаров аксакал: “Карыялардан укканыма караганда, күз айларында Сопу бий атасы Керимкулдун ашын бериптир. Аш Кутчу-Сарууда өтүптүр. илгери той же аш бергенде, бир унаадан отун салчу экен. Токтогул бир унаа отун жүктөп келип түшүргөндө, Сопу бийдин үйүндө Дыйканбай баш болгон бир топ мыктылар отурушкан экен. Арзымат алар менен бирге экен» дегенин мисал келтирбедикпи. Мында дагы бир мыйзам ченемдүү суроо жаралат, «Эмне үчүн Токтогул Сопу бийдин үйүнө бир унаа отун жүктөп келибатат? Токтогул Сопу бийдин отунчусу болгонбу?». Жок, Токтогул отунчу болгон эмес. Мунун жообун Жоомарт Бөкөнбаевдин “Токтогулдун өмүрү” аттуу эскермесинен табабыз. Токтогулдун чыгармаларын чогултуу, жыйноо, тоо булбулунун ысымын даӊазалоодо ат көтөргүс эмгек кылган адамдын айтымында Кетмен-Төбөдөгү сарттар уруусунун жакшыларынын бири Сопу бий атасы Керимкулга аш берет. Кызмат кылуу, уруулаштарына жүктөлүп, он сегиздеги Токтогулга (Токтогулдун уруусу сарттар – Б.Т.) төрт өгүз отун алып келүү милдеттендирилиптир. Демек, бул маалыматТоктогулдун өзүнүн ата-теги кедей-кембагал болгон деген менен, жакын туугандары бий болгонунан кабарлайт. Андай болгондо, Токтогулдун Сибирге сүргүнгө айдалышына сарттар уруусундагы жакшылардын Рыскулбектин балдары менен болуштукту талашы, же мындан да элестүүрөөк айтсак, Кетмен-Төбө жашаган саяк уруусу менен сарттар уруусунун ортосундагы бийлик талаш себеп болгон, Токтогул уруулук чыр-чатактардын барымтасында калган деген эл арасындагы кептер бекеринен айтылбаса керек. Ушул фактыны иликтөө деле Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдөөнүн биз билбеген жаӊы барактарын ачат десек жаӊылышпайбыз. Ал өзүнчө чоӊ сөз.

Эми ушерден, эмне үчүн Жоомарт Бөкөнбаев Арзыматтын башка уул-неберелерине эмес, Жолоев Тургуналыга гана ат мингизген деген да суроого жооп бере кетели. Мунун жообу жөнөкөй эле. Арзыматтан төртөө: Өмүрбек, Бообек, Жолой, Курмушу. Жолой деген баласынын биринчи аялынан – Аалыбай, Каалыбай, Ташыбай, дагы үч кыз, кийинки аялынан – Кыпчакбай, Тууганбай, Тургуналы, Сулайман, дагы эки кыз. Жолойдун көп балдарынын ичинен элге төбөсү көрүнгөнү Тургуналы Жолоев. Тургуналы Жолоевдин өзүнүн колу менен жазып калтырганына караганда, ал 1894-жылы Талас районунун Калба айылында жарык дүйнөгө келген. Атасынан жети жашында калат. Небереси Мөкүш Жолоевдин айтымында: Жолойдун аялы, Мөкүштүн чоӊ апасы сулуу, ары акылдуу болгондуктан, кетментөбөлүк колунда бар адамдардын көзү түшүп калып, Таласка качып келишкен экен. Кийин жетимчилик турмуш Жолойдун көзү өткөн соӊ, аларды кайрадан Кетмен-Төбөгө, Тургуналынын таякелерине жол тартууга аргасыз кылат. Тургуналы ошентип Кетмен-Төбөдө эр жетип, чоӊоет. Ал аӊгыча совет бийлиги орноп, Тургуналы Жолоев алгачкылардан болуп, большевиктердин катарына өтүптүр. Алайда басмачылар кармашат. Тургуналы Жолоев 1920-жылдары Ортоазия аскер округунун 3-эскадронунун командири болуп, айтылуу кызыл аскер башчысы Арстаналы Осмонбековдун дивизиясында аны менен үзөӊгүлөш кызмат кылат. Өмүр бою партиялык-чарбалык кызматтарда: Алайда, Аксыда, Ноокатта, Токтогулда, Таласта, Токмокто, Базар-Коргондо иштеп, 1958-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин, өзү да ыр жазуу менен катар элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноо иштерине көп эмгек жумшаган. 1969-жылы «Талас суусу» аттуу ырлар жыйнагы чыгыптыр. Ал өз өмүр баянында Эшмамбеттин жана Жеӊижоктун ырларын эл арасынан чогултуп, жыйноого көп иш жасаганын айтып кеткенин, анын КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы анын кол жазмалары тастыктап турат. Демек, жашы жагынан улуу, анүстүнө Кызыл Армиянын катарында командир болгон, партиялык-чарбалык кызматтарда жүргөн Тургуналы Жолоевго Жоомарт Бөкөнбаев кезигип, кечирим сураганы мыйзам ченемдүү нерсе. Муну Жоомарт Бөкөнбаев Т.Жолоевден коркконунан кечирим сурады деп эмес, өзүнүн кетирген ашөпкө каталыгын мойнуна алып, адамгерчилик озуйпасын аткарган десек болот. Тургуналы Жолоев чоӊ атасы Арзыматты «байдын эшик ырчысы» болгон деген жаманаттынан коргоп кала албаганы: биринчиден, ал мезгилде Токтогулдун ысымын даӊазалоо үчүн мамлекеттик машина күнү-түнү күпүлдөп иштеп жаткан; экинчиден, Ж.Бөкөнбаев кечирим сураганда «Кеӊеш өкмөтү жеӊгенден кийин көзү тирүүсүндө аш берген Арзыматтын небереси деп Жолойдун уулу Тургуналыны жоопко тартып» жиберип, жаӊы эле абактан чыккан учуру болуп жатат. Кийин-кийин пенсияга чыкканда ошол жылдарда мококтук кылып койгону үчүн катуу өкүнүп, эки күндүн биринде Кыргыз ССР КП БКга арыз жазып, таянган таягы жер сабап отурчу экен. Муну бизге Тургуналы Жолоевдин уулу Мөкүш Жолоев айтып берген.

Баса, Токтогулдун «Арзыматка» деген ыры «эрге отурганда кыйшык отуруп калган», болду-болбоду бул ырга Жоомарт Бөкөнбаев «басмачылык» кылып, кол тийгизип жиберген дегенге, дагы бир далил тарта кетели. Буга алыс барбай эле, дагы деле, биз сөз башында мисал тарткан, Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган, 1956-жылы жарык көргөн Токтогулдун чыгармалар жыйнагы мисал боло алат. Бул жыйнак академиялык басылыш болгондуктан, Токтогулдун ырлары кимден жана кайсы жылы жазылып алынганы, кай жерде ырдалганы, ырлардагы аты аталган ысымдар кимдер экени китептин аягында түшүндүрмөлөрдө так көрсөтүлгөн. Бирок, эмнегедир акындын «Арзыматка» деген ыры кимден жана кайсы жылы жазылып алынгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Демек, бул «Арзыматка» деген ырдын «жаралышынан» шек жаратпай койбойт. Жоомарт Бөкөнбаев бекеринен Арзыматтын небереси Тургуналы Жолоевдин астынан өткөн жок. Токтогулдун айтылуу «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?» деген ырынын «жаралышы» деле күмөндүү. «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?» деген ыр эӊ биринчи жолу «Ленинди урматтайбыз» деген ат менен «Кызыл Кыргызстан» гезитине 1940-жылы 22-июнда жарыяланыптыр. Ошондон кийин гана китептерге жана хрестоматияларга «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?» деген ат менен басыла баштаптыр. Бирок, бул ыр да кимден жана качан жазылып алынганына Токтогулдун китептеринин биринде да түшүндүрмө берилген эмес. Совет мезгилинде Ленинге арналган чыгармалар ооздон чыга электе эле гезит-журналдардын биринчи беттерине басылып, партиялык суроо-талап жогору болгондугун эске алсак, Ленин тууралуу эӊ керемет ыр Токтогулдун көзү өткөн соӊ төрт жылдан кийин гана жарык көргөнү таӊгалычтуу эмей эмине?!! Тоо булбулунун «Беш каман», «Эшен-калпаларга» деген ырлары да кимден жана качан жазылып алынганы белгисиз экенин эске алсак, Токтогулду бүт дүйнөгө даӊазалоо менен катар анын өмүрү-чыгармачылыгына байланышкан ак тактарды тактоону колго алуу зарыл экенине коомчулуктун көӊүлүн бура кеткибиз келет.

Акыркы жылдарда, тарыхта Арзымат деген акын болгонбу, же жокпу деген суроо пайда болуп, билгени деле, билбегени деле бул маселеге кайрылып, асыресе «Мен Токтогулду көбүрөөк билем» дегендер биринен бири озунуп, «тарыхта Арзымат деген акын болгон эмес» деген тастыктаманы айтууга шашылып жатышты. Бул суроо коомчулуктун көӊүл борборунда турган суроолордон экенин эске алуу менен, Арзымат тууралуу азыноолак сөз кылалы.

Акын Исабек Токтогуловдун маалыматына караганда, Арзымат ырчы Жеӊдей – Сары уулу 1825-1830-жылдардын аралыгында Талас өрөөнүнүн Калба айылында туулган. Уруусу саруу, саруунун ичинен колпоч, колпочтон ак кийиз. Анын: «Эшмамбет ырчы аны тууган кылып, агасы катары өмүр бою катташып үйүнө келип кетип турганы маалым» дегенинде чындыктын үлүшү жатат. Себеби, Арзымат Таластын Калба айылынан болсо, Эшмамбет Калбага кошуна Кырк-Казык айылынан. Экөөнүн да уруусу бир: саруу, саруунун ичинен колпоч. Акын И.Токтогулов «Жоомарт Бөкөнбаев кечирим сураган» деген Тургуналы Жолоев акын менен сырдаш, муӊдаш адам болуп, Эшмамбеттин көзү өткөндөн кийин анын ырларын, айтыштарын чогултуу иштерине өмүрүн арнаганын эске алсак, Арзымат менен Эшмамбеттин тууганчылыгы бар деген сөзгө кошулбай коюуга болбойт.

Акын И.Токтогуловдун маалыматына таянсак, Арзыматтын чоӊ атасы Корчуке, анын атасы Албан. Турмуш шартка байланыштуу 1855-1860-жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүнө ооп, Торкенге келип чарбак күтөт. Ал бир эмес эки аял алган. Байбичесинен Курмушу, Бообек, Өмүрбек аттуу үч уулдуу болот. Курмушудан бала болгон эмес, Бообектен Үтүр, анын уулу Байкабас, андан Каныбек. Байкабас 1937-жылы туулуп, 2014-жылы 77 жашында каза болуптур. «Экинчи уулу Деӊизбек 1988-жылы туулган. Каныбектин Алтынбек, Жылдызбек деген уулдары бар. Ал эми Арзыматтын үчүнчү уулу Өмүрбектен (эркелетип Айгырчан деп коюшкан). Тыныбек, Болотбек уулдары бар.

Дагы бир маалымат Байкабастын апасы Дилдекан төрөгөндөн кийин көп өтпөй каза болгон. Атасы Үтүр согуштан кайтпай калган. Томолой жетим Байкабас агасы Өмүрбектин колунда чоӊойду. Өмүрбектин байбичеси 105 жашка чыгып кайтыш болду. Демек, Жумабү 1880-жылы туулган болот.

… Арзыматтын экинчи аялынан Жолой. Жолойдон: Кыпчакбай, Тургуналы, Тургунбай, Сулайман. Тургунбайдын кызы Роза. Анын күйөөсү Арстанбеков Жолдошбек өмүр бою аскер комиссариатында иштеди. Анын уулу Советбек авто-куруучу. Үчүнчү уулу Тургуналы Жолоев. Арзыматтын экинчи аялы Жумабү 1948-жылы 105 жашка чыгып дүйнөдөн өткөн. Ошондо ал 1843-жылы төрөлгөн болот. Жолойдун дагы бир уулу Сулайман. Анын уулу Момун өмүр бою мугалим болуп иштеген адам. Сулаймандын келини Момундун аялы Дилдекан Алкожоева азыр 82 жашта. Чоӊ кайнатасы жөнүндө көбүрөөк билет. Арзымат өлгөндө Эшмамбет келип, тууганы катары көпкө кошуп ыйлап, ырдаганы бар. Момундун кийинкиси, Мукаш, Эркин, Замир, Чубак, Данил, Сыргак жөнүндө да өзүнчө сөз кылса болот» – деп жазат И.Токтогулов.

Токтогул Сатылгановдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдөөдө көп жаӊы маалыматтарды таап чыккан журналист Мамат Өсөров Арзымат болгон эмес имиштерден кийин, анын чын-төгүнүн тактоо максатында 2008-жылы атайы ата арытып Кетмен-Төбөгө барган экен: «Июнь айында Кетмен-Төбөгө барып, Торкен айылында жашаган 85 жаштагы Төлөгөн карыядан жана Токтогул шаарчасында жашап жаткан Арзыматтын небере келини 1929-жылы туулган Дилдекан эжеден акындын чынында эле Кетмен-Төбөнүн Торкениндеги Жаныш деген жерде жашап өткөнүн, азыр да анын таш короосу сакталып турганын, андан канча бала, небере, чебере тарап, кайсыл жерлерде турганын тактап кайттым. Дилдекан эже Арзыматтын небереси Момундун байбичеси болот. Эмесе, Токтогул менен айтышкан чоӊ болуштун чоӊ ырчысы Арзыматтын өмүр баянына токтолсок: ал бир кездерде Талас тараптан кандайдыр себептер менен ооп келип жашап калыптыр. Арзыматтан Өмүрбек, Бообек, Жолой, Курмушу аттуу 4 уул жана 6 кыз болгон. Өмүрбектен Айгырчан, Айгырчандан Жаныбек, Тыныбек, Роза, Мариса. Жолойдон Сулайман, Тууганбай, Кыпчакбай, Тургунаалы. Тургунаалыдан кызы Сагын Таласта жашайт. Сулаймандан Момун, Эркин, Мөкүш, Рая, Эмилис. Момундан Дамир, Дамирден Сыргак, Илияз, Динара, Алымбек, Назира. Бообектен Үтүр. Үтүрдөн Байкабас. Төртүнчү уулу Курмушудан перзент жок. … мен жогоруда жазып кеткен Үтүр уулу Байкабас Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүндө кароол болуп иштейт, Мөкүш болсо, Бишкекте эмес, Сокулукта жашайт экен” – деп жазат.

Арзыматтын ата-теги, тукум-уругу тууралуу жазылган буга чейинки маалыматтарда так эместиктер болсо, жүрө-жүрө такталып, толуктала берери талашсыз маселе. Мында бир маселе: «Арзыматтын ырлары эл оозунан жазылып алынып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөрүлүп сакталып калды бекен?» деген суроо жаралат. Биз билгенден Кол жазмалар фондусунда Арзыматтын ырлары жок. Бүт өмүрүн 19-кылымдагы ырчылардын чыгармаларын жыйноого арнаган акындын небереси Тургуналы Жолоевдин кол жазмаларынын арасынан да Арзыматтын ырларын кездештире алган жокпуз.

«Токтогул менен Арзымат ырчылыкты таштаган» деген маалыматты жазган акын Исабек Токтогулов: «Оомал-төкмөл дүнүйө демекчи, 1882-жылы күзүндө Токтогулдан жеӊилгенден кийин Арзымат ырчылыкты таштап, өзүнчө өмүр кечирип калат. Арзымат ырчы Үч-Коргон, Наманганга же базары жакшы болуп калса Анжиянга чейин барып мал сатып, соода кылып келчү тура. Бир жолу чоӊ капчыгай тараптан Кабактын жолу, Токтобек тараптан Балыкуруттун ашуусу жабылып калып, тууган издеп Аксынын Кара-Суусунда жашаган Жеӊижоктун (Өтөнүн) үйүндө кыштап калат. Жеӊижок да таластык Саруу, жакын инилеринен болгону жашыруун эмес» деп айтып жатат. Буга караганда, Арзымат өз мезгилиндеги бардык ак таӊдай акындар менен: анын ичинде Жеӊижок, Эшмамбет, Токтогулдар менен мамилелеш болгону тарыхый чындык. Анда эмнеге, Жеӊижок, Токтогул, Эшмамбеттин өмүрү-чыгармачылыгын изилдеген адабиятчылар Арзыматты таптакыр эскеришпейт. Жок дегенде бир шилтем менен болсо да сөз кылбайт. Бул улуу муундагылардын эле эмес, бүгүнкүлөрдүн абийириндеги чоӊ маселе.

«Ээрге отурганда эле кыйшык отурган» «Арзыматка» деген ырда айтылгандай, Арзымат Дыйканбайдын ырчысы болгон дегендин чындыгы бар. Акын Исабек Токтогуловдун маалыматы боюнча: «Арзымат ырчы Торкенде жашап жаткан кези эле. Дыйканбай хан суу алдында калган Ак-Чийдин Теке-Ташында 50 боз үй тигип, той берди. Тойго Кетмен-Төбө өрөөнү эле эмес, Анжиян Таластан кадырлуу коноктор келген дейт. Ат оюндары берилди. Ат чабышта Дыйканбайдын Кула Кашка тулпары чыгат. Арзымат Дыйканбайдын аргымагын мактап:

“Кула Кашка аргымак,
Алдыда келди аркырап.
Чабандес жүрөт сүйүнүп,
Дыйканбай күлөт жаркылдап.
Тыбырчылап алкынат,
Канаты бардай талпынат.
Кайыптан бүткөн мал беле,
Дагы чапса да чыгат”
деп күлүктү сыпаттап, Дыйканбайды мактап көпкө ырдайт. Хан аталган Дыйканбай Арзыматка ат миӊгизет. Анда Арзымат:

“Дыйканбай берген буурул ат,
Чапса колдон суурулат.
О
ӊ жакка бутун ныгырат,
Же, мык урганбы туралап”.

Мына ошол күндөн баштап Дыйканбайдын ырчысы болуп калат. Ошентип, Арзымат оозунан бал тамган чоӊ ырчы катары атагы алыска тарайт» . Адабиятчы Омор Соороновдун архивдик маалыматтарга таянып жазган маалыматына караганда, Арзымат Ажыбек манаптын да ырчысы болуптур. Биерден тактап койчу маселе, «Манаптын ырчысы болгон» десе эле, совет мезгилинде таптык көз караш менен ак таӊдай акындарды мокочо катары сыпаттап ийишкен. Ырчылык – жылкычылык, койчулук, устачылык сыяктуу эле кесип экени, жан багуунун предмети болгону адабиятчылардын көз жаздымында кала берген. Оозунда шекер сөзү, бал татыган ырынан башка байлыгы жок акындар бирөөгө ырчы болбосо, кантип жан сактамак эле ой бир да адабиятчынын акыл-эсине кирип чыккан эмес. Эгер, ырчыларды бай-манаптын ырчысы болгон деп көзгө сайып, кол кесей турган болсок, анда бай-манапка жалданып тирилик кылган кедей-кембагалдардын баарын: бай-манаптардын жылкычылары, койчулары болгон айыпташыбыз керек. Чындыгында, ошол мезгилдин чен-өлчөмү менен карай турган болсок, ал тарыхый учурда ырчылардын коомдогу статусу алардын кимдин ырчысы болгондугуна жараша аныкталган. Айталы, Дыйканбай, Ажыбекке окшогон манаптарда ырчынын ырчысы гана ырчы болуу укугуна ээ болгон. Ырчылардын ырчылык дарамети кимдин ырчысы экенине жараша бааланган. Ушул өӊүттөн алып сөз кылсак, ошол эле Токтогул айтылуу Керимбай болушту, кетментөбөлүк Сапар болушту жандап жүрүп ырдаганы тарыхтан белгилүү. Таластын көкүрөк тарабын бийлеген Карабаш болуштун уулу Сүйөркулдун өз оозунан Токтогул Керимбай болуш менен Карабаштын үйүнө ээрчип келип, үч-төрт түнөп ырдап кеткенин укканбыз. «Аксыдан чыккан Жеӊижок, айтышарга теӊи жок» акыныбыз Сулайманкул датканын ырчысы болгон. Акындын өмүрү-чыгармачылыгы тааныш окурман муну дароо эле баамдайт. Сулайманкул датканын ырчысы болуу бардык эле ырчынын маӊдайына жазыла берген эмес. Кара жаак Калык Акиев өзүнүн «Баскан жолу» аттуу мемуарында Караталдын ырчысы болгонун, Эшмамбет Байгазынын ырчысы болгонун ачык эле жазган. Ырчылар бай-манаптарды жандап ырдаган үчүн, алар дайыма курсагы ток, кийими бүтүн, аттуу-тондуу жүрүп, аш-тойлорго катышып, жарчылык үчүн ат салышып айтышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Баса, Арзымат Дыйканбайдын ырчысы болгон деген менен, эл оозунда калган ырларына караганда, каарына алганда:

Акмат, Дыйканбай жүрөк дейт,
Биздин балдар билек жейт.
Билек катып калыптыр,
Жолой деген балам бар,
Жокчулуктун айынан,
Жолго жатып алыптыр…
Ызгаар бизге жакындайт,
Так-так сокум такылдайт.
Таштанай деген кызым бар,
Талкан жейм деп какылдайт,
– деп каптап ырдап жиберген учурлары да кездешет экен.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып: «Ким «Арзымат»? Арзыматпы же адабият тарыхын бурмалагандарбы?» деген суроого жооп издеп көрөлү. Кыргыз совет адабияты, анын ичинде акындар поэзиясында өтө идеалдаштырылып, улуттук сыймыкка айланган төкмө акындарыбыздын бири тоо булбулу Токтогул болду. Адатта, бирөөнү төбөбүзгө көтөрсөк, Айга, Күнгө теӊеп, эгер жок кылгыбыз келсе, жер менен жексен кылып салат эмеспизби. Токтогулду даӊазалоодо мына ошол тенденция орун алганын моюнга алып, анын өмүрү-чыгармачылыгын жаӊыча ыӊгайдан карап, кайрадан жазып чыгуу зарыл экенин моюнга алуубуз керек. Токтогул карапайым акындан демократ акынга айланып, фантазиясы ээ-жаа бербеген акын-жазуучуларыбыз анын образын жаратууда адабиятчылардан ашып түшүп, Токтогулдун революционер катары сүрөттөшкөнү мезгилдин зарылдыгы болгон. Аны түшүнүү менен кабыл алабыз. Токтогул астына ырчы салбаган алп акын болгонун тастыктоо үчүн, бүгүн: аны 50-60 ырчы жандап ырдаган, шакирттери көп болгон деген жоромолду бетке кармап, анын элдик ырчы болгон дегенди тастыктоо үчүн, Арзымат бай-манаптын ырчысы болгон, Токтогул элди жактап ырдаган аргументти бетке кармоонун кажети жок. Токтогулду ашөпкө мактабасак деле ал алтын тамгалар менен тарых барактарында калат. Жоомарт Бөкөнбаев бир мезгилде Арзыматтын небереси Тургуналыга: «Сенин чоӊ атаӊ Арзымат ырчыны жамандап койдум эле, капа болбо» деп ага ат мингизгендей» эле, бүгүн да кыргыз коомчулугу Арзымат эмес, биз «Арзымат» болуп келгенибизди, өткөн мезгилдин сасык саясатынын барымтасында калып:

«Кара карга үндөнүп,
Каркылдаган, урганым!
Манапты ээрчип эт жеген,
Мадырайган соргогум!»
– болуп, социалисттик кургак идеологиянын курмандыгы болгонубузду моюнга алып, Арзыматтын тукум-уругунан кечирим суроого тийишпиз.

Болотбек Таштаналиев, Интер.kg, 25.03.15-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.