Рысбек Мамытов, чебер: Кыргыздын оймолору түшүрүлгөн ээрди чет өлкөгө таанытам

er_tokumТери иштетип, андан көз жоосун алган асыл буюмдарды жасоо-элибиздин илгертен келаткан салттарынын бири.

Мына ошондой салтты бекем кармап, терини кайра иштетип, андан ээр, камчы, тумар, сумка, ар кандай кооздук буюмдарды жасап, аны чет өлкөгө сатыкка коюп келаткан Рысбек МАМЫТОВ менен тери иштетүү бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде пайдалуу экенин баарлаштык. Рысбек мырза ээр чаап, өзү жашаган аймакка эле эмес, аты Ысык-Көлгө тараган Жылкычы ШАРШЕНБАЕВДИН жээни экенин, бүгүнкү күндөгү ийгилигинин артында таякеси тураарын айтат.

“Бизге казактар атайын келип заказ беришет”

Рысбек мырза өзү жашаган үйдү кичи цехке айландырып алган. Ал жерде терини кайра иштетүү, териден жасалган буюмдарды даярдоодо он киши: ага-туугандары жана кайниси эмгектенишет экен. Көпчүлүгү териден шкатулка даярдашат. Үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар аялдар бул ишканада эртеден-кечке отурбастан, үйлөрүнөн тери буюмдарын жасап келишет тура. Үйдүн да жумушун бүтүрүп, мындай кичине бирок чоң түйшүктүү буюмдарды жасаганга да убакыт тапкан аялдардын орточо айлыгы 7-8 миң сом. Ким канча көп сумка, кур, шкатулка жасаса, ошончо көп акча алат экен бул жакта. Ошентсе да 7-8 миң сом деле айыл жергесинде жакшы киреше экендигин айткан айыл тургандары бул жакта абдан ыраазы болуп иштеп жаткандары байкалып турду. Аталган ишкананын жетекчиси Рысбек Мамытовдун айтымына караганда Казакстан, Франция өлкөлөрүнөн заказдарды алып, аны тездик менен бүтүрүшөт экен. Бул кичи ишканада иштеген чеберлер өз сөзүндө өткөн жылдан баштап кеткен чыгымды жабуу, жакшы киреше алуу үчүн жасалган буюмдардын сапатын дагы жогорулаткандыгын кошумчалады.

Сырьенун баары Бишкектен келет

“Бул ишти баштаганыма 7-8 жылдын жүзү болду” деген Рысбек уста, теринден чылгый жасаган көп убакытты алат жана бир эле нерсеге колдонулган үчүн теринин баарын Бишкектен алып келебиз дейт. Ошол келген терилерден сувенирлердин ар кандай түрүнөн баштап, кыргыз, орус ээрлерин чаап, токумдарын жасашат экен: “Бишкектен алынып келген 85-90 миң сомдук терини бир айда иштетебиз. Биз тери иштетүүдө койдун жана эчкинин терисин көбүрөөк колдонобуз. Бул аймакта оймо-чиймелерди абдан кооз түшүргөн биз эле бар болгондутан, баары биздин буюмдарга суктанып сатып алышат. Оймо түшүрүүчү жабдыктарым мени жогорку деңгээлге көтөрдү. Бирок аны толук айталбайм, себеби атаандаштык да бар да, сыр ачылып калат” деп кошумчалайт.

Ээрдин баасы 1000 доллар

er“Атка токулуучу ээр талдан жасалат. Саратан мезгилди көргөндө тал толугу менен кургап, ээр чапканга даяр болот. Анан негизги курал-чоң керки менен ээрдин формасын түшүрүп алабыз. Майда иштерди кичине керки менен бүтүрүүгө туура келет. Негизи чоң усталардын бир айда 5-6 ээр чаап, оймо түшүрүп даярдоого чамасы келет. А мен талаа жумуштары менен жүргөндүктөн, бир айда бир эле ээр чаба алам. Талдан жасалган ээр атка жеңил жана ыңгайлуу болот. Андан тышкары тал ийилчээк келгендиктен, устанын ишиш жеңилдетет. Ал эми семиз уйдун териси ээр үчүн жарашыктуу келип, калың болот, ээрге аябай ыңгайлуу. Мындай тери менен капталган ээр кылымга турат десем да болот. Ээр толук жасалып бүткөн соң 1000 долларга сатылат. Ал сумманын 30 миңден көбү өзүнө жумшалат. Оймо-чиймелерди атайын жабдыктар менен өзүм оем. Ошондуктан суроо-талап көп, кєбүнесе казактар заказ кылышат.

“Атайын бир кесиптик билимим жок”

“Булгаарыны көркөмдөп жасоо боюнча чеберлик” окуусу бар. Бирок мен орто билим алгандан кийин ата жолун улантууга бел байлагам. Апам колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчү болгондуктан, ошол нерселер кичинемден эле таасир берсе керек. Бир чети кыргызга керектүү буюмдарды унутта калтырбай жасап келе жатам. Аны чет өлкөгө таанытуу мен үчүн өзүнчө бир сыймык.

Ээр чапкандан тышкары териден нарда, шахмат, кемер, капчык, машине илгичтерин да жасаган Рысбек устанын ишканасындагылар мурда бир жумада 5 шкатулка жасасак сүйүнчүбүз дешет. Азыр бир күндө 50 шткатулка жасашат экен. Жумушчулар аларды Караколго, Бишкекке атайын дүкөндөрүнө сатыкка коюшаарын айтышат.

“Ушул тармакты чоңойтууну көздөп жатам. Бирок ээрдин оймо-чиймесин түшүргөн жабдык эле 1000 миң доллар турат. Мындай иштерге эч ким жардам көрсөтпөгөндүктөн, кыйналуу болуп жатат. Кирешени эсептеп көрө элекмин” деген Рысбек уста учурда кыргыздын буюм-тайымдары Кыргызстан, Казакстан, Франция сыяктуу мамлекеттерде аябай баркталып жатканын айтат. Эркектер улуттук буюмдардын эркек кишилерге керектүүсүн жасаса, аялдар аялдарга күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жасайт экен. Ошон үчүн да аларды аймактын эли аябай жакшы таанышарын айтышат. “Коомдук кызматта иштебесек да, балдарыбызды чеберчилик жана устачылык өнөрүбүз менен багып келатабыз, бирок уул-кызымды кол өнөрчүлүккө үйрөтпөстөн, алардын жогорку билим алышын каалайбыз” деген Рысбек уста менен жубайы кыргыздын нукура салтын сатап калууну каалашаарын белгилей кетишти.

Руфат Эргешов, «КАБАР ОРДО», 07.11.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.