Кыргыз бычактары

Улуттук бычактар конкурсу жандуу өттү

“Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, жакында эле, тагыраагы 5-март күнү “Ар-намыс” саясый партиясынын кыргыз бычактарына арналып өткөрүлгөн сынагында кыргыз бычагынын дүйнөсү бир оодарылып алды.

Бул күнкү жыйын кыргыз күүлөрү менен кыргыз бычактарынын дүйнөсү киндиктеш, тагдырлаш, санаалаш жаралгандай муңдуу дагы, салтанаттуу дагы жана жандуу өттү. Бычактардын тарыхый даректери, усталардын кыргыз бычагы жөнүндөгү ой-пикирлери комузчулар Руслан, Замирбектин, кыякчылар Айназар, Эмилдин, чоорчулар Эрлан, Акылдын ойногон кыргыз күүлөрүнүн коштоосунда баяндалды.

Калыстар тобун тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жетектеп, “Ар-Намыс” партиясынын бул иш-чарасы чоң иштин башаты болуп каларына токтолуп, кыргыз бычактары жакынкы убакта кыргыз элинин улуттук буюму, эркектин баалуу шериги, өздүк буюму катарында өкмөт тарабынан уруксат суралып, баардык шарттагы жол-жоболору менен Кыргызпатенттен бекитилип, уруксаты алынышына шарт түзөлү деди. Ал эми, Феликс Кулов 1990-жылдары атайын тар чөйрөдө кыргыз бычагын жандандырууну аракет көргөнүн, ошону менен бирге орус окумуштуусу Ю.С. Худяковдун “Кыргыз жоо куралдары” аттуу эмгеги түрткү бергенине токтолду.

Конкурска кыргыз бычагын көрөйүн деп келгендердин көңүлүн кынында бычагы жарашкан кыргыздын кемер куру айрыкча бурдурду. Темирге, жыгачка, сөөккө, мүйүзгө, күмүшкө, ташка жан киргизген чебер усталар Тагай, Калил, Асылбек, Сүйүн, Муфтидин, Манас өңдүүлөр бир ооздон көзү бүтөлгөн дарыяны ачып бердиңер деп, чынында эле бычакка бир нерсе жасалса эле бул “холодное оружие” деп шыпырып колдон алып коёрун айтып, чын көңүлдөн кубанычтарын жашырышпай агылып, төгүлүштү. Ал эми “Ар-намыс” партиясы кыргыз бычагы, курал-жарактары жөнүндө кызыктуу, даректүү окуяларга атайын сыйлык белгилешип, илимпоздорго, тарыхчыларга, адабиятчыларга, журналисттерге жана ошону менен бирге жөн эле кыргыз дүйнөсүнө кызыккан ар бир жаранга кайрылаарын билдиришти.

Мындан ары атайы бийик көркөмдүк деңгээлде иштелип жасалгаланган кыргыз кемер-курларын кары-жашына ылайыктап, андагы жаркылдаган бычактары менен биргеликте чыгарууга белсенишкени айтылды. Алар конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болгон Барс-бек канжары, Ажо бычагы, Тон бычагы жана энесайлык кыргыздардын Багыр канжарынын үлгүлөрүнүн негизинде даярдалып, башка кызыктуу үлгүлөр да эске алынмакчы.

Курал-жарактарыбыз тарых баяндарында калган

Кыргыз каада-салтында бычак боюнча ырым-жырымдар күнү бүгүн жашап келе жатат. “Дасторкон үстүндө бычакты мизин өйдө каратып жаткызышпайт, душман көтөрүлөт” деген ырым бар. Бычакты ыргытпайт, кишиге тап бербейт, ойнобойт жана мизи менен кашынбайт. Өткөн тарыхка көз салсак, кыргыз темирдин түрлөрүн кылдат иштете билген, чылк алтындан түрдүү буюм жасаган, курч темирлерден найза, жебе учтарын, балта, кылыч, бычактарды созушканы дүйнө тарыхында маалым. Кыргыз курал-жарактары жөнүндө маалыматтар Ю.С.Худяков, Н.Я.Бичурин, Н.В.Кюлер, Г.П.Супруненконун эмгектеринде кеңири археологиялык табылгалар, сүрөттөр менен далилденген.

Айтса түгөнбөс узун тарыхтын дагы бир ээси кыргыз бычактары. Көөрү төгүлгөн усталар, кадимки темирди жандуу буюмга айландырышып, ага касиет-күч кошулган оймо- сызмаларды киргизишип, ошо менен бирге ар бир буюмду өз орду менен кылдат урунушкан. Жоо-жарактар тиричилик буюмдары менен аралашпай, огочо сакталган.

Кыргыздар ак калпагын башынан түшүрбөгөндөй эле, белинен куру чечилген эмес. Курунун салмагынан, сөөлөтүнөн эле ким экендиги такталып, билип турушкан. Малдардын терилерин ашатып иштетишип, кол өнөрчүлөр кыргыз бычагынын шериги – түрдүү кайыш курларды, ошо менен бирге хандарга ылайык керемет кемер курларды чыгарышкан.

Кемер кур бойго кубат кошуп, күч берип, ал эми кынындыгы бычактар салабаттуу көрк чачкан. Ошондуктан жаңы үй-жай күткөн, турмуш курган уулдары оболу атасынын колунан кур тагынып, өз алдынча түтүн булатуусуна өбөлгө болуп, ыраазычылык батасын алуу салтын аткарган.

Кыргыз бычактары деген сөздүн артында, кыргыз курал-жарактары тураарын анча деле маани бере албаганыбыз чындык болду. Себеби, кыргыз курал-жарактарынын артында колуна курал тутуп кармаган ээлери тураары бышык. Ошол куралдардын ээлери кыргыз тарыхында аттын кашкасындай таанымал болуп, ал эми аларды жандаган, алар медер-дос, жолдош туткан курал-жарактар тарых баяндарында үзүл-кесил гана эскерилип, көп убактарда дайын-дарексиз кетишти. Биз билип-окуп жүргөндөрдү сөз кылсак, “Эр-Төштүк” эпосундагы Эр-Төштүктүн жаасы анын өгөөсүндө болгону айтылат. Кадимки “Манас” дастанында Манастын “Ач айбарс”, “Зулпукор” деген куралдары, Алмамбеттин “Кыл болбос” кылычы деп аттары кесе айтылып, өзгөчө уста Бөлөкбайдын аты эскерилген. Бул окуялар жана куралдар өтө байыркы убактарда доор сүрүшкөн. Ал эми кыргыздын кечөөкү доорлорундагы Курманбек баатырдын, Эр Солтоной, Эр Эшим, Эр Табылды өңдөнгөн баатырлардын кандай курал-жабдыктары эл оозунда айтылып, ошол жабдыктарды кайсы усталар жасашканы маалымдалбай, изилденбей калгандай. Эмесе, гезит бетинен кыргыздын улуттук бычактары тууралуу маалыматтарды дале болсо жазабыз…

Мирлан ЖОЛДОШБАЕВ, «Көк асаба», 13.03.2013-ж.

kyrgyz_bychak1

kyrgyz_bychak2

kyrgyz_bychak3

kyrgyz_bychak5

kyrgyz_bychak6

kyrgyz_bychak7

Cүрөттөр АКИpressтен алынды

Соц тармактар:

One thought on “Кыргыз бычактары

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.