Теңир асманга бейишти, жерге Аксыны жараткан

Алтын казык – Аксы атка конгон, кызыктуу таржымалдарга, укмуштай уламыштарга бай туулган жерим жөнүндө окурмандар менен бөлүшкүм келип турат.

“Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” дейт элибиз. Өзүнүн Ата Журту, Мекени, айылы тууралуу сыймыктана кеп кылбаган кыргыз жоктур. Менин кичи Мекеним – карт тарыхы бар айтылуу Аксы жергеси. Алтын казык – Аксы атка конгон, кызыктуу таржымалдарга, укмуштай уламыштарга бай туулган жерим жөнүндө окурмандар менен бөлүшкүм келип турат.

Аксы – Кыргызстандагы 100гө жакын туристтик зоналардын бирине кирген тоолуу район. Өлкөбүздүн түштүк-батышында жайгашкан. Борбордон 600-750 км. алыстыкта турат. Жалал-Абад облусуна карайт. Борбору – Кербен (мурдагы Караван айылы) шаары. Касиеттүү, сырдуу жер. Шүдүгөр-Ата, Баба-Ата, Байбулак-Ата, Пача-Ата (же Падыша-Ата) өңдүү мазарлары жана үңкүрлөрү, табышмактуу аска-зоолору, Сары-Челек көлү, Бозбу тоосу, Аркыт жаңгак токою, Кожожаш камалган Авлетим аскасы менен белгилүү. Түрдүү жер-жемиштери төгүлгөн берекелүү, аркар-кулжа, бугу, илбээсин, арстан, жолборс жана бүркүт баштаган куштун миңдеген түрлөрү мекендеген керемет жер.

Аксынын этимологиясы жөнүндө белгилүү тарыхчы Байас Туралдын төмөнкүчө жазганы бар: “Тарыхты жана санжыраны билген адамдар Өзбекстандын Наманган облусунун территориясында жайгашкан азыркы Ахси кыштагынын ордунда бир убакта Орто Азияга кеңири белгилүү, Фергана өрөөнүнө аттын кашкасындай таанылган атактуу Аксыкент калаасынын болгонун айтышат. Ал шаар жөнүндө Наманган шаарындагы адабият музейине айланган Молдо Кыргыздын медресесинде мындайча кыскача маалымат жазылган: “Фаргана өрөөнүнүн байыркы борбору болгон бул калаа б.з.ч. III-II кылымдарда негизделген. IX-XVI кылымдарда Аксыкент өрөөндүн көрүнүктүү шаарларынын бирине айланып, Фаргананын экономикалык, саясий жана маданий турмушунда зор роль ойногон. Мага “алтын казык” деген сөздүн айлана-тегерегинде атчан элдер жүргөндөй туюлат. Ошондон улам “алтын казык Аксы” көчмөн элдердин ордосубу деген ойго кетем”. (“Кыргызстан маданияты”, № 51, 22-декабрь, 1988-жыл).

Ал эми Аксы районундагы айтылуу Авлетим айылы жана Сары-Челек көлү, алардын аталыш тарыхы тууралуу окумуштуулардын кызыктуу ой-пикирлери арбын.

Авлетим

Илгерки замандарда бир хан жашап өткөн экен. Ал илимге жашынан кызыгып, ошол мезгилде болгон илимдердин көп түрлөрүн үйрөнүп, фалсафага (философияга) өзгөчө кызыгат. Ал ушунчалык акылдуу, билимдүү чыгып, рим, хинди, араб, фарс тилдеринде сүйлөй билип, Илим хан деген атка конот. Илим хан уулдуу болуп, уулум Афлатундай (Платондой) даанышман болсун деген тилек менен атын Афлатун коет. Аны атасы мамлекеттин жогорку даражалуу агартуучу, вазир, лашкер башчыларынын колуна тапшырып, тарбиялатат. Өткүр жигит болуп чоңоет. Эр жеткенде атасынын ордуна тактыга отуруп хандык бийлигин жүргүзөт. Ошондон улам бул жер Афлатун хандын ысымын алыптыр.

Дагы бир вариантында Авлетимди байыркы грек даанышманы, философ Платондун ысымы менен байланыштырышат. Чыгышта Платон – Афлатун, Аристотель – Аристарх, Александр Македонский – Искендер Зулкарнайн же аль- Искендер деген аттар менен белгилүү. Б.з.ч. IV кылымда жашап өткөн улуу кол башчы македониялык Александр Египет (Мисир), Вавилон мамлекеттерин, Кичи Азия өлкөлөрүн баш ийдирип, Орто Азияга чейин жеткенин тарых тастыктайт. Искендер Зулкарнайндын ошол Орто Азияга болгон жортуулдарынын биринде азыркы Авлетим айылы жайгашкан аймакка туш болуп, айлана-тегерегине көз чаптырып, мындай кооз жерди эч жерден жолуктурбаганын айтып, асман тиреген тоолордун чокуларын тиктеп туруп, “бул жер мындан ары Платон деп аталсын” дептир. Жердин аты жергиликтүү элдин тилине ылайыкташып отуруп, Платун, Аплатун, Афлатун болуп өзгөрүп айтылып калган дешет.

Ал эми окумуштуу-тарыхчы, профессор Т. Кененсариевдин пикиринде “Афлатун” деген сөз грек даанышманы Платон менен да, македониялык император Александр менен да эч кандай байланышы жок. Биринчиден, А. Македонский б.э.ч. 330-жылы Орто Азияга басып кирип, 329-жылы жайында Танаис (азыркы Сырдарыянын ошол кездеги грекче аты) же Яксарт (аз. Сырдарыянын ошол кездеги персче аты) дарыясынын сол жээгине, азыркы Хожент шаарынын жака белине 17-20 күндүн ичинде тышкы дубалы 9-11 км. болгон Александрия-Эсхата (Четки Александрия) деген шаар сепил курдурган. (История таджикского народа. Т. 1. Древнейшая и древняя история.- Душанбе, 1988.- 306-318-беттер). Күзгө маал Сырдарыянын оң жээгине топтолгон сактарды талкалоо үчүн дарыядан өткөн да, айыгышкан кармаш менен болгону 15 км. аралыкка чейин гана чабуул кое алган. Аз жерден таптакыр талкаланып калуу коркунучунан кайра дарыянын сол жээгине өтө качып кутулган. А. Македонский Сырдарыянын түндүк тарабын ээлеген сактарга карай экинчи чабуул койгон эмес. Ал 329-28-жылдын кыш мезгилинде Бактрияда туруп, анан 328-27-жылдары Спитамендин Мавереннахрдагы көтөрүлүшүн басуу менен алек болгон. Тарыхый маалыматтарда 327-жылы А. Македонский Орто Азиядан чыгып кеткен. Демек, кол башчынын же анын аскерлеринин Чаткал тоо кыркаларынын чыгыш тарабында жайгашкан Авлетим өрөөнүнө келиши мүмкүн эмес. Экинчиден, А. Македонский б.э.ч. 343-жылдан баштап грек окумуштуусу Аристотелдин (б.з.ч. 384-322-жж) окуучусу катары таанылган. Ал эми грек философу Платон б.э.ч. 427-348-жылдары жашап, б.э.ч. 356-ж Пеллада (Македонияда) туулган Александарды таптакыр көргөн да, билген да эмес. Демек, Македонский азыркы Авлетим өрөөнүнө келген күндө да Платондун атын бул жерге коймок эмес.

Анын үстүнө тарыхта Александр кайсы бир жержин мурунтан келген аталышын өзгөртүп, грекче ат коюу мисалдары учурабайт. Болгону ал шаар сепилдерди гана курдуруп, аларга өз атын берген мисалдар бар (Египеттеги Александрия, Кавказдагы Александрия, Маргианадагы Александрия, Четки Александрия ж.б.).

Т. Кененсариевдин пикири б-ча Афлатун деген ат трансформацияланган орто кылымдагы түрк жана перс сөздөрүнүн курандысынан жаралган топоним. Байыркы иран тилдеринде сууну, өзөндү жалпысынан “тун” деп аташкан (м: Дон, Дунай, Днепр, Днестр ж.б.лардын түпкү теги өзөн).

Биздин замандын X-XII кылымдарында гүлдөө доорун өтөгөн карахандар мамлекетинин курамына азыркы Аксы чөлкөмү да кирип, анда Аксыкент, Ранжит аттуу шаарлар болгондугу маалым. Мамлекетте жер ээлөө үч түргө бөлүнүп (мүлк, амляк, вакф) чиновниктер айрым бир кооз жерлерде “овлод” (корук) уюштурушкан. Демек, кооз өрөөн алгач “Овлотун” (корук өрөөн), кийин кыргыз тилине ылайык “Авлетим” деп аталып калышы тарыхый чындыкка туура келет деп жыйынтыктайт проф. Т. Кененсариев. (Ж. Алымбаев. Нүзүп бий. Бишкек: “Шам”- 2000. 35-б).

Сары-Челек

Авлетимдин эли жаз келери менен өзүнүн айтылуу жайлоолору Балтыркан, Ой-Алма, Каратоко сыяктуу улуу тоолоорго карай бет алса, айрым бир уруулары Кожо-Ата, Миң-Бугу тарапты жайлашчу. Эшбото тараптагы саруулар жаңгак токойлуу Аркыттын төрүнө барып конушчу.

Сары-Челектин алгачкы аталышы Тоскоол-Ата. Ал эмнени түшүндүрөт жана ким болгон? А эмне себептен Сары-Челек болуп өзгөрүп кеткен?

Эл арасында айтылып калган уламыш, жоромолдорго караганда илгери бажы салыкчысын тоскоолчу деп аташыптыр. Алар шаарлардын дарбазаларында, чоң кербен жолдорунда туруп, шаарга кирип чыккан элдерди, кербендерди текшерип, тоскоолдук милдетти аткарышчу экен. Ошол мезгилде кербендерди текшерип, тыюу салынган буюмдарды өткөрбөй, пара албай, бажы салыгын шарият буюрган өлчөмдө өндүрүп, чоң абийирге, атак-даңкка ээ болгон бир жигит жашаптыр. Кийинчерээк өз аты унутулуп, эл аны Тоскоол-Ата деп атап калышат. Карылыгы жеткенде мансабын уулуна өткөрүп берип, өзү дарыянын жээгинде калган өмүрүн тынч жашап өткөргөн дейт. Кийин дарыянын жолу тосулуп, анын суусу өрөөнгө топтолуп отуруп көл пайда болот. Ошентип, бул көл Тоскоол-Атанын наамында калыптыр.

Ал эми дагы бир айтым кепке караганда Эдем багын элестеткен бул жердин кооздугуна теңдеш жер табылчу эмес дешет. Бейиш багынын кушу – тоос куштар мекендеп, а мезгилде азыркыдан да көрктүү болуптур. Эл ал канаттууларга тийбей, жердин ээси, сулуулуктун, көркөмдүктүн символу катары ыйык көрүшүп, көлдү “тоос куштун көлү” дешип, бара-бара “Тоос- Көл”, “Тоос- Көл-Ата” аталыптыр. Ал эми Тоскоол-Ата – Тоос-Көл-Атанын өзгөрүп кеткен варианты.

Эми кандайча Тоос-Көл-Ата же Тоскоол-Ата Сары-Челек болуп калган? Бу туурасында да ар түрдүү жоромолдор бар.

Алгач, “Сары-Челек” топонимине семантикалык анализ жүргүзгөн окумуштуулардын пикирине таянсак, “сары” деген сөз кыргыз тилинде өң-түстү билдирсе, перс тилинде “чоң”, “башкы”, иран тилинде “кенен” деген маанини туюнтат. Мисалы, башчы, жетекчи маанисин берген “сары баш” деген сөз кыргыздарда да айтылып келген. Сары-Челек көлүнүн айланасында Кыла-Көл, Ийри-Көл, Ара-Көл, Чөйчөк-Көл, Бакалы-Көл деген майда көлдөр жайгашкан. “Сары-Челек” топониминин биринчи компоненти ошол көлдөрдүн эң башкысы деген түшүнүктү берип, ал эми экинчи сөзү сырткы түзүлүшүнүн окшоштугуна карата коюлушу мүмкүн. “Челек” деген сөз “көл” маанисин берет дегендер да кездешет. Жергиликтүү элдин уламыштарына таянсак, илгери көлдүн баш жагында жайланышкан бир уруу эл арчадан челек (чака) жасашып, ага айран уютушчу экен (аксылык саруулар жакынкы мезгилге чейин арчадан жасалган челектерди пайдаланып келишкен). Челекке бир нече жолу айран уютулгандан кийин ал саргайып, ал уруу сары-челек атка конуп, акырындап жердин, анан көлдүн аты Сары-Челек болуп калган дешет.

Дагы бир уламышта көл жээгинде арчадан челек жасап саткан жыгач устага байланыштырышат. Ал жыгач уста чөйчөк, карапа, челек жасап жаңгактын кабыгына кайнаткандыктан буюмдары дайыма сары түстө болчу экен. Өз аты унутулуп, Сары челекчи атыгыптыр. Ошол мезгилде жерлерди картага түшүрүп жүргөн орустар Сары челекчиден келаткан эки кишиге жолугуп калышат. Анан өздөрүнүн миссиясын түшүндүрүшүп, көлдүн атын сурашат. Жергиликтүү кишилер түшүнбөй, акыры бири-бири менен жаңсашып сүйлөшө башташат. “Биз Сары челекчиден келатабыз, ушул көлдүн баш жагында жашайт” дешет. А тигилер болсо көлдү “Сары-Челек” деп жазып кете беришет. (Жээнбек Алымбаев, Нүзүп бий. Бишкек “Шам” басмасы 2000-ж. 35-б).

 

Ташбаева Нурзада, «КАБАР ОРДО», 11.11.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.