Жүрөгүм менин тоолордо

Ата Журтка кусалык
Италияга кайтып келгеним менен жүрөгүм ар убак Кыргызстанда. Айрыкча ала келген гезиттерим, китептер, сүрөттөр өзгөчө бир сыйкырдуу күчү бардай артымдагы өтүп кеткен күндөргө улам кайра жетелейт. Толгон-токой сүрөттөрдүн ичинен өзгөчө мына бул бир майрамда түшкөндөр ошол күндүн элестерин экрандан чуурткандай элестетип, кайра-кайра көз алдыга келе берет. Чоң мекеменин алдында салтанаттуу маанай менен салтанаттуу музыкалар жуурулуша жаңырып, өздөрү да салтанаттуу көрүнгөн салттуу адамдар чогулууда. Аңгыча сөз сүйлөнүп, чогулуш да ачылды. Кайрадан салтанаттуу музыканын коштоосунда мекеменин алдындагы аллеяда тизилген бүт дүйнө өлкөлөрүнүн желектери көтөрүлүп, асманга учурулган ак кептерлерге аралаша шамалга желбиреди…

Сүрөттөрдү карап отуруп, кайрадан ошондой салтанат сезимдерге чулгана, үстөлүм үстүндөгү “Теңири Манасымды”, “Мекеним. Элим. Манасымды”, толгон-токой “Вечеркалар”, “Эркин-Тоолор” менен өзүмдүн “Кыргыз Туумду” четке жыйнап, маңдайыма түндүгү жылтылдаган кызыл желегимди оңдоп коюп, макаламды баштадым…

Жанагы салтанатка толгон майрам күн “Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдор бирлигинин” (“Достук үйүнүн”) 50 жылдык маараке күнү болучу. Ноябрь айынын 21инде Кыргызстанга учуп келерим менен ушул майрамга туш болдум. Ошентип, ошондо көргөн салтанатты дагы эле унута албай, аны “Достук карлыгачтары” деп атадым.

Достук карлыгачтары
Заңгыраган зал ичи чыгып сүйлөгөндөрдүн ар түрдүү тилдерине жаңырат. Отургандарга англис, немец, француз, түрк, монгол, орус, казак, өзбек тилдериндеги сөздөр, куттуктоолор, тамаша-күлкүлөр которулбаса деле түшүнүктүү болчудай. Анткени, жүрөгүндө Достук, Мээрим, Сүйүү деген улуу сезимдерди алып жүргөн бул адамдар кайсы тилде сүйлөбөсүн, тилдери тилмечсиз эле түшүнүктүү да. Достуктун улуту болмок беле. Дүйнөдөгү башка өлкөлөр ортосуна данакер, жүрөктөрүнө көпүрө болгон бул адамдардын ар кандай коомдор, бирдиктер, элчиликтер менен өкүлчүлүктөр аркылуу жасап жатышкан иштери ыйык. Балким, дүйнө жүзү ушундай жүрөктөргө кармалып тургандыр…

Алыскы 1958-жылдын ноябрь айында Фрунзе шаарында М.Д.Догдуровдун жетекчилиги астында чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар боюнча учредителдик конференция өткөрүлүп, Кыргыз ССРинин эмгекчилеринен, окуу жайларынан, коомдук, маданий, илимий жана башка уюмдардан жамааттар биригип, “Чет өлкөлөр менен кыргыз достук жана маданий байланыш коому” түзүлгөн. Анын максаты – кыргыз элин чет жердеги өлкөлөрдүн жашоо-турмушу, экономикасы, маданияты, тарыхы менен тааныштыруу жана ал элдерге Кыргыз Республикасы менен анын эли жөнүндө кеңири маалыматтарды жеткирүү эле. Ошол мезгилден ушул күнгө чейин бул мекемени жетектеп, республикабыздын бир топ белгилүү адамдары иш башында жүрүштү. Алар: эң алгачкы жетекчи Д.Догдуров, 1960-1973-жылдар ичинде жетекчилик кылган Т.Тургунбаева, 1973-1985-жылдарда Ш.Бейшеналиев, 1986-1997-жылдарда Ж.Ташыбекова жана 1998-2002-жылдары Ч.Базарбаев.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин биздин өлкө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен ар кандай байланыштарды конструктивдүү түрдө өнүктүрүүгө бет алды. Бул максатта коом иштерин дагы тереңирээк карап, өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы максаттарды койду жана 1994-жылы “Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдор бирлиги” деп жаңыча аталып, кайра түзүлдү.

Азыркы күндө ириде А.К.Малиевдин жетекчилиги менен 50 жылга созулуп келаткан коомдун иштери ийгиликтүү уланууда. Маселен, чет өлкөлөрдөгү ар кандай коомдук, өкмөттүк жана саясый күчтөр менен диалогдорду өнүктүрүү; Кыргыз өлкөсү менен чет өлкөлөр коомчулугун саясый, социалдык-экономикалык, илим, маданият жана искусство, салт жана үрп-адаттар чөлкөмүндө кеңири маалымат алмашууну иш жүзүнө ашыруу, байланыштарды түзүү, күчөтүү; чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жатышкан мекендештерибиз менен байланышуу сыяктуу маанилүү иштер иштелүүдө. Мындан тышкары, кайрымдуулук иштери да өткөрүлөт. Мисалы, өткөн жылы СURE (АК долбоору менен иштешип, натыйжада Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаарындагы 5 оорукана медициналык жабдыктар менен бекер жабдылды; Кыргыз фольклордук тобунун Япония өлкөсүнө гастролдук жүрүшүн уюштурушту; марафон өткөрүүнүн негизинде Бишкектеги Достук үйүнүн маңдайында Дүйнө өлкөлөрүнүн жетекчилери аллеясы курулду; акыркы жылдар ичинде Монгол достук коомунун, Кытай достук жана Тынчтык коомдорунун 50 жылдык мааракелерине, КНДРдин түзүлүшүнүн 60 жылдык майрамына барышты; өткөн жылдын октябрь айында Куба Республикасы менен шериктештигине арналып Италияда өткөрүлгөн Европалык конференцияга катышышты. Натыйжада, азыркы күндө кыргыз коому дүйнөнүн 50 өлкөсүнүн достук коомдору менен кызматташууда.

Ала-Тоо менен Помпейди бириктирген көпүрө
Италияга келерим менен кооз рамкага салынган “Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдор бирлигинин Ардактуу мүчөсү” деген дипломду Италия-Кыргызстан Манас маданият Ассоциациясынын президенти Франческо Миникучиге алып барып тапшырдым. Өткөн октябрь айында Рим шаарында өткөрүлгөн европалык конференциядан кийин атайын келип Ассоциациябызга кыргыздын желегин тапшырып кеткен А.Малиевди синьор Франческо абдан жакшы билет. Бара албаса да кыргыз достук коомунун мааракесине чакыруу билетин дагы эле сактап жүргөн президентибиз дипломду көпкө карап, сыймыктануу менен окуп бүтүп, адатынча жай гана: “Президент Малиевге салам айтып, ыраазычылыгымды билдирип коюңуз”, – деди.

Ушул мүнөттө дагы бир жүрөккө бир чоң көпүрөнүн салынганын байкадым… Ала-Тоо менен Помпейди бириктирген бул көпүрө бүт Европага тараса экен деп тиледим.
А синьор Франческонун айткан саламын Кыргызстанга мындайча жибергим келди: “Бүт ааламды тегерене канат кагып уча бергиле, достуктун кептерлери – карлыгачтар!”

Гүлнара АРЫКБАЕВА, гезиттин Италиядагы өз кабарчысы,
Италия-Кыргызстан Манас маданият Ассоциациясынын вице-президенти

“Кыргыз Туусу”, 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.