Мамат Сабыров: Мен адабияттын «Дублер палванымын»

Sabirov_MКээде жакшы кишиге жолугуп сукпат куруп отурган кандай сонун. Бирок кеп дүкөн курууда баары эле ширелүү андаза куруп бере албайт. Сөз багып, ой багып жүргөнсүгөн көп эле жазуучуларыбыз бар, көбү менен маек курган күндөрүм болду. Бирок кээде ууга чыгып жолу болбой калган мергенден бетер шаабайым сууп, жакшы маек куралбай калган учурларым арбын. Бүгүн журналист катары да, адам катары да мен сыйлаган жазуучу Мамат Сабыров менен маек куруп, кулак кужур кана түштү…

– Мамат аке, жаңы эле басмадан чыккан китебиңиз кут болсун. «Арзыкан» өзүңүздүн кулк-мүнөзүңүздөй жыйнак болуптур, окуп атам, оюмду кийин бөлүшөм… Эмнеге билбейм, сизден абыдан көптү үмүт кылам, себеби, адабий даярдыгыңызды тээ башынан билем. Анын үстүнө Кубат аке Жусубалиевдин шакирти болгонуңуздан улам сиздин калемден да айжаркын чыгармалар чыгарынан шектенбейм. Маегибизди «Дублер палван» аңгемесинин жазылуу тарыхынан баштасак кантет?

– «Дублер палван» реалдуу турмушта бар киши. Ал сөздүн толук маанисинде палван деле эмес. Күрөшкө барат да жалаң жаш балдар менен кармашат. Кайрат-күчү ашып-ташып турган курч балдар аны көз ачып жумганча эле көтөрө чаап, оюндан чыгарып коюшат. Эч кимди жыга албаган соң башка палвандардай байге алып, акча да таппайт. Бирок ал жыгылып калдым, элге күлкү болдум деп кайгырбайт да, чүнчүбөйт да. Эртеси кайсыл бир жерде күрөш болорун укса, кудайдын кур убарасын тартып кайра эле жөнөп калат. Элдикиндей машинасы жок, велесипед менен барат. Эки күнчүлүк жолго да «шайтан арабасы» менен кыйралаңдап кете берет. Себеби, күрөш анын жашоосунун маңызы, күрөшсүз жашайалбайт.

Мен аны дал ушул сапаты үчүн сыйлап калгам. Мен да өзүмдү адабияттын «дублер палванындай» сезип кетем кээде. Жазгандырыңды эч ким деле окубасын, түн уйкуңду кечип, көз майыңды коротуп кылган эмгегиңен эч кандай пайда таппасыңды билесиң. Бирок билип турсаң деле тырбалаңдап жаза бересиң, жаза бересиң…

– Бирок «Дублер палван» акырында машина утуп алат ко?

– Ошо китеп чыккандан кийин бирөө мага айтып атпайбы: «Сен бул аңгемеңде адам эч качан көздөгөн максатынан кайтпашы керек. Көшөрүп, аракеттене берсең акыры бир күн ийгиликке жетишесиң деген идеяны айтайын деген турбайсыңбы» дейт.Чынын айтсам, менин айтайын деген оюм таптакыр башка болчу. «Дублер палван» машина утам деп ойлогон деле эмес. Уткандан кийин аны эмне кыларын билбей туруп калат. Ал үчүн эң башкысы байге эмес, күрөштүн өзү.

– Бир өкүнүчтүүсү: бизде калемгерлер арасында маңдай-тескей отуруп ой бөлүшүү жөрөлгөсү калыптанбай келатат, буга эмне себеп деп ойлойсуз?

– Калыптанбай келатат эмес, мурда калыптанган нерсе жоголуп баратат десек тагырак ко. Чыгармачыл чөйрө деген түшүнүк тээ мурда, оозеки адабият мезгилинде эле болгон. Мисалы, Барпы, Жеңижок сыяктуу ырчылар атайын Токтогулду издеп барышып, учурашып, тоо булбулунун сынына толгон соң артынан ээрчип, аш-тойлордо чогуу ырдашкан. Азыр биз адабий сын, талкуу, полемика деп атаган нерселердин баары ошол учурашуу ырларынын, айтыштардын ичинде болгон. Совет доорунда бул нерсе болгону башкача формада уланды. Кайсыл бир жерде, кайсыл бир жазуучу менен жолугушуу болот же жаңы китептин талкуусу болот десе атайын издеп барчубуз. Өкүнүчтүү жери, биз акыркы кездерде ошол чыгармачыл чөйрөнү жоготуп алдык. Бүгүн адабият деген нерсенин өзү кереги барбы? – деген суроо коюлуп атканда буга таң калбаса деле болот. Калемгерлердин жолугушулары сөзсүз керек. Мен анча-мынча чет өлкөлөргө чыкканда көрүп жүрөм, ал жакта жазуучулар чогулуп, кофе ичип, бильярд ойноп, пикир алыша турган клубдар болот экен. Ырас, чыгармачылык жеке изденүү менен жарала турган индивидуалдык эмгек. Чыгарма жаратуу процессинде сен Габриел Маркес таамай салыштыргандай «деңиздин так ортосунда кемеси кыйроого учураган адамдай бечарасың, жалгызсың». Бирок келемдештер менен болгон жолугушулар чыгармачыл адамдын черин жазып, дем берет. Буга мен кечээ жакында дагы бир жолу ынандым. Шайлообек Дүйшеев,Түгөлбай Казаков, Султан Раев болуп бир жерде чогуу отурганбыз. Алардын өңдөрүн көрүп, сөздөрүн укканда тоого чыгып таза аба жуткандай сергип калдым.

– Ыраматылык Мурза Гапаровдун чыгармачылык өмүрүнөн сырткары адамдык жүрүм-туруму кызык инсан эле, ошо киши жөнүндө эмне эскере аласыз? Дегеле көзү өткөн залкарлар туурасында кеп кылып отуралычы…

– Билесиң да, Мурза Гапаров менин жердеш агам болот. Ушундан улам ал киши менен узак мезгил жакын мамилелеш болуп жүрүп, ширелүү ширинсөздөрүн угуп, таалимин алып калдым. Ал киши менен болгон ар бир жолугушуу, ар бир сукпат мен үчүн майрам эле. Бирок бир жолкусуөзгөчө эсимде калды. Мурза акенин атасы Гапар ава (айылда аны Гапар татты деп коюшчу) кайтыш болгондо Абдиламит Матисаков, Эсенбай Калдаров, Шерназар Шүкүров, дагы бир топ акын-жазуучулар болуп, үйүнө көңүл айтканы бардык. Куран окулуп буткөн соң биз бата кылып, турганга камданып калсак Мурза аке: «Үкалар, мынчалык келипсиңер, эми мейман болуп кеткиле» деди. Ал киши суранып аткан соң кайра отурдук. Чай үстүндөМурза аке бир төгүлдү го, чиркин! Адабият жөнүндө, калемдештери жөнүндө эргип сүйлөп атат, биз муюп угуп отурабыз. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгын баарынанжогору коюп, өзгөчө баалайт экен. Бир кошокту айтып кирди:

«Түндө жатып түш көрсөм,
Карарган көлдөр көрүнөт.
Карарган көлдүн үстүнөн,
Карарган өрдөк бөлүнөт.

Караган көлдөр – көз жашым,
Карарган өрдөк – өз башым»…

Кана, айткылачы, азыркы акындардын кимиси жакынынан айрылган адамдын кайгысын, күйүтүн, ыйын мынчалык таамай жеткирип бере алат?

Аябай эргип кетти окшойт, Мурза акенин көзү жашылдана түштү. Анан сөзүн кайра улады.

Албетте, СССР мезгилинде да бир топ эле жакшы акындар бар болчу. Бирок алар оозеки адабияттагыдай деңгээлге жете алышкан жок. Жете да алмак эмес. Себеби, төбөлөрүнөн соцреализмдин күнү сызгырып турган.

Мурза аке табиятынан ушунчалык назик, маданияттуу киши эле. Өзүнөн бир топ кичүү адамдарга да сиз деп кайрылчу. Саякаттаганды жакшы көрөр эле. «Көп кишилер эл көрөбүз, жер көрөбүз деп чет өлкөлөргө барышат. Бирок ошол эле учурда өзүбүздө канчалаган ачыла элек жерлер жатат» дечү. Чын эле түштүктүн, анын ичинде Ноокат менен Баткендин сулуулугун дал ушул Мурза аке жөпжөнөкөй сөздөрдүн күчү менен тартыпберди десем жаңылышпайт болушум керек.

– Устатыңыз Кубат аке менен сонун маектерди уюштуруп калчу элеңиз, дегеле а киши менен маек курууга атайын даярданасызбы же капыл-тапыл жолуккан жерден эле кептин кызуусуна кирип кетесиңерби?

– Кубат акеге мен алгачкы жолу 1985-жылы жолуккам. Агезде Кубат аке КТРдин «Кыргызтелефильм» редакциясында иштечү. Экөөбүз андан ары Ош базарына барып, чайканада эки-үч сааттай ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Анан жатаканага барган соң ал кишиден уккан сөздөрүмдү (эсимде калгандарын албетте) кагазга түшүрүп койгом. Ушул нерсе кийин мага өнөкөт адат, норма болуп калды десем болот. Кубат аке дегеле автобус, тролейбус дегендерге түшпөйт эмеспи. Он чакырым жергеделе жөө кете берет. Экөөбүз шаардын кайсыл жеринен жолугуп калсак да 7-кичи райондогу үйүнө чейин жөө барчубуз. Кубат аке узун сөздү баштап, алдыга түшөт. Ичине толтура китеп салынган чоң кара сумкасын көтөрүп, мен анын артынан ээрчип алам. Анан келген соң жолдон уккан сөздөрүмдү кагазга түшүрүп чыгам. Ошентип отуруп, бир күн карасам эле бир топ материал жыйналып калыптыр. «Ленинчил жашта» иштеп жүргөндө ыраматылык Мелис досум экөөбүз аны «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» деген ат менен гезитке чыгарганбыз. Жаңылбасам, төрт санына жарыяланган.

Дегинкиси, Кубат акеден бир эле жолу, а киши 70 жашка чыкканда «Де-Факто» гезитинин суранычы боюнча өзүнө айтып, диктофонду иштетип коюп, бир юбилейлик интервью уюштуруп бергем. Ал эми калгандары болсо устат менен шакирттин ортосундагы жеке маектер. Өзүң деле байкаган чыгарсың, Кубат аке жан дүйнөсүн бүт ачып салып, сыр бөлүшкөн жерлери бар, жол көрсөтүп, кеңеш айтып, кайсыл бир кемчиликтерим үчүн мени тилдеген жерлери бар. Бирок журналистик инстинктим күчтүүлүк кылып, анан калса Кубат акенин тажырыйбасы өз жолун, чыгармачылык чыйырын издеген мен сыяктуу дагы көп адамдарга пайдасы тийип калабы деген үмүттө аларды гезитке жарыялап ийип жүрөм. Устатым башында мунумду жактырбай, тилдеп калчу, кийин барибир жарыялай берериме көзү жетти окшойт, тим койду.

– Ошондой маектериңизден жакын арада дагы окуйбузбу?

– Аны айтыш кыйын го…Көптөн бери Алайга жеталбай жүрөм. Кубат аке өзү да Бишкекке мурдагыдай көп келбей калды. А киши азыр багбан болуп кеткен. Кердегейдеги үйүнүн алдында өз колу менен тиккен чоң багы бар. Ала шалбырт жаздан тээ кар түшкөнгө чейин ошол багынын түйшүгү менен алек.

– Сиз да өзүңүздү издеп жүргөн адамсыз, адам өзүн-өзү аңдоо деңгээлине качан жетет?

– Баязид Бистами аттуу улуу суфий болгон. Бир жолу ал үйүндө отурса бирөө келип, эшигин каккылай баштайт. «Бул ким?» – дейт Баязид. «Мен Баязидди издеп жүрдүм эле». «Аны отуз жылдан бери мен өзүм да издеп жүрөм» – дейт анда суфий. Анын сыңарындай, элүү жаштын ашуусун ашсам деле өзүмдү издеп, өзүн-өзү таануу аталган кыйын жолдо кыбырапкелатам. Адам кесибимди таптым, жазуучу болсо темамды, стилимди таптым деп айтышы мүмкүн, бирок эч ким өзүмдү таптым деп толук ишеним менен айта албайт. Бул бүт өмүрдү талап кыла турган узак процесс. Анан өзүңдү өзүң тааныгандан кийин, башкача айтканда, мен кайдан келдим, эмне үчүн жашап атам, эми кайда кетем? – деген суроолорго жооп тапкандан кийин даанышман Сократ айткандай, өлө берсең да болот.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 02.12.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.