Кытайлык Төлөнтур Ыбырай кыргыз тилиндеги дептерлердин топтомун сатыкка чыгарды

tolontur1

Кытайда жашаган кыргыз жигиттери ишкерлик менен катар улут үчүн жан үрөп маанилүү иштерди аркалап келе жатышат.

Алардын арасында Төлөнтур Ыбырай уулу деген уулубуз кыргыз окуучулары үчүн араб алфавитиндеги кыргыз жазуусу жана ханзу (кытай) жазууларын жазганга кыргызча мукабалуу, баракчалары да кыргызча жасалгаланган “Каганат” аталышындагы кыргыз дептерлерин жасап сатыкка чыгарыптыр. Анын бул ийгилине кубанып эл уксун, эл билсин деген ниетте бир эки суроого жооп алып сиздерге жарыялап турабыз.

– Эмнеге дептер чыгардың?

– Бул идеяны 2 жылдан бери багып келгемин, өз улутубуз үчүн ооз көптүрүп, ич көптүрүп көп талкуулайбыз, балдарыбыз антип калды, минтип калды, маңкурт болуп калды деп. Антип куру сөз менен эле олтура бербейли тырмактай болсо да балдардын өз улутун таанып, өзөгүнө кайтып жетилсин деген ниетте чыгардым.

– Эки арипти да колдонуптурсуң

– Баштагы мукабада кирилл алфавитиндеги кыргыз жазуусу менен араб алфавитиндеги кыргыз жазуусу берилген, ошондон биз жактагылар кирилл алфавитин көптөп үйрөнүп кыргыз тилин дагы да ырааттуу колдонсун деген идея сунушталган.

– Каражат жагын канттиң?

– 30 миң юань каржыладым, жеке каржыман.

– Нускасычы?

Эми нускасын айтсам кандай болоор? Сыр бойдон калтырсам болобу? Себеп дегенде мусулманчылыкта соода сыр болсо болот, бирок, калп айтсам болбойт.

– Эл кандай кабыл алды?

– Элдин кабыл алуусу абдан жакшы, баары алкап, жакшы бааларын берип жатышат, көргөндүн баары кыя өтпөй алып жатышат. – Дептерлерде жакшы тилектер, жакшы ойлор жана илимдин тазалары жазылсын! Ишиңе ийгилик! Эсиңиздерге сала кетүүчү нерсе Төлөнтур Ыбырай буга чейин уйулдук телефондун тилин да кыргызча кылып чыгарып саткан эле. Ал дагы элге жагып Бишкектеги айрым басылмалар кабар кылып жазып чыгышкан.

tolontur2

Жылдыз Бек кызы, “КАБАР ОРДО”, 14.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.