Эң кыска көркөм чыгармалар

Адабий чөйрөдө эң кыска роман тууралуу анекдот бар. Ал роман болгону үч сөздөн турат. “Төрөлдү. Үйлөндү. Өлдү”. Бир карасаң, чындыгында эле, бул үч сөзгө адамдын бүт өмүрү камтылган. Бирок бул сөздөр белгилүү нерсени жөн гана атап, эскертип койгондой. Таңгалуу жок. Ал эми чыныгы көркөм чыгарма, бери дегенде, адамдын жан дүйнөсүн жана акыл-эсин чыңалтып, аларга дүрбөлөң салышы керек. Канча сөз менен буга жетсе болот?

Акын-жазуучулар, кээ бири атайын изденип, кээ бири тамаша иретинде, бул багытта аракеттенип көрүштү. Алардын жыйынтыктары менен таанышып көрсөк.

Мен сунуштай турган чыгармалардын топтомун мен өзүм түзгөн жокмун. Интернеттен таап ылдым. Мага кызыктуу көрүндү. Силер менен да бөлүшкүм келди. Мен бир гана аларды алыма жараша кыргызчалаганга аракет кылдым.

 

Эрнест Хемингуэй

Бир жолу Э.Хемингуэй мелдеше кетет. Болгону 5-6 сөздөн турган кыска аңгеме жазып берем, бирок аны окугандын баары катуу таасирде калат деп.

Бул мелдешти жазуучу утуп алат. Анын чыгармасы мына:

«Кичи баланын бут кийими сатылат. Кийилбеген

 

Фредерик Браун

Ф.Браун эң кыска коркунучтуу окуяны жазган дешет:

«Жер бетиндеги акыркы адам бөлмөдө отурган эле. Бирөө эшикти какты…»

 

О.Генри

О.Генри салтту аңгеменин бардык талаптары сакталган (башталышы, кульминация жана чечилиши) эң кыска ангеме сынагын жеңип алган:

«Шопур чылымын күйгүзүп, бензин канча калганын билиш үчүн бензобакка эңкейе калды. Ыраматылык болгону жыйырма үч жашта эле.»

 

Француз аял

Эң кыска автобиографиялык чыгарманы жазуу боюнча сынакты улгайып калган француз аялы утуп алган:

«Мурда бетим жылмакай, ал эми юбкам бырышкан эле, азыр – тескерисинче

 

Ал эми төмөнкү чыгармалардын узундугу 55 сөздөн ашпайт.

Джейн Орвис

Терезе

Ританы мыкаачылык менен өлтүрүшкөндөн бери Картер терезе жанында отурат.
Телевизор көрбөйт, китеп окубайт, кат жазбайт. Анын жашоосу – парданын ары жагында көрүнгөндөр.
Ким тамагын алып келет, эсеп-кысабын жүргүзөт, ага баары бир, ал бөлмөдөн чыкпайт.
Анын жашоосу – чуркап өткөн спортчулар, жыл мезгилинин алмашуусу, өтүп жаткан машинелер, Ританын арбагы.

Картер түшүнбөйт, кийиз менен капталган палатада терезе болбой тургандыгын.

 

Лариса Керкленд

Сунуш

Жылдыздуу түн. Эң сонун маал. Шам чырак алдында тамактануу. Итальян рестораны. Кичи кара көйнөк. Укмуш чачтар, балбылдаган көздөр, жылаажын күлкү. Чогуу болгондоруна 2 жыл болду. Керемет жылдар! Чыныгы сүйүү, накта дос, экөө гана. Шампанский! Колун сурайм. Бир тизеге туруп. Адамдар карап калдыбы? Карай беришсин! Кооз бриллиант шакек. Бети албырып, эң татына жылмайганын карачы.
Кандайча, жок?!

 

Чарльз Энрайт

Арбак

Бул окуя болоору менен, кайгылуу кабарды аялыма айтыш үчүн үйгө шаштым. Бирок ал мени такыр укпагандай. Деги эле, мени такыр байкабагандай. Мени теше тиктеп өзүнө ичимдик куйуп алды. Телевизорду иштетти.

Ушул маалда телефон шыңгырап калды. Ал басып келип телефонду көтөрдү.
Анын бети чүрүшө түшкөнүн көрдүм. Ал боздой баштады.

 

Эндрю Э. Хант

Ыраазычылык

Кайрымдуулук фонду ага жакында берген кийиз жуурканы жыпжылуу, ал эми акыр-чикирлер челегинен таап алгын бут кийими бутун эч кыспайт.
Көчө чырактары бул муздак түндөн аны коргоп тургансып, көңүлүн көтөрөт.
Бакзардагы отургучтун жөлөнгүчү анын көптү көргөн кары арка-белине эң жакын бир тааныштай.
“О, Кудайым, рахмат сага, – деп ойлоно кетти,- жашоо – тим эле керемет!”

 

Брайан Ньюэлл

Азезил эмне каалайт

Эки жаш бала алыстап бараткан азезилди карап турушту. Адамды арбаган көздөрүнүн таасиринен дагы эле чыгыша элек экөө.
– Ал сенден эмнени сурады?
– Жанымды. А сенденчи?
– Телефон-автомат үчүн тыйын. Ага тез арада бир жакка чалыш керек экен.
– Тамактанып келбейлиби?
– Макул, бирок менде такыр акча калбады.
– Эч нерсе эмес. Менде акча толтура.

 

Алан Е. Майер

Бактысыздык

Бүт денем катуу ооруганынан ойгонуп кеттим. Көзүм ачып, керебетим жанында отурган медайымды көрдүм.
Фуджима мырза, бактылуу экенсиз, – деди ал, – эки күн мурда Хиросимадагы бомбалоодон кийин аман калдыңыз. Эми сиз госпиталдасыз, эч нерседен коркпой эле койсоңуз болот.
Алым жоктугунан, үнүм араң чыгара сурадым:
– Мен каяктамын?
– Нагасакиде, – деди ал.

 

Джей Рип

Тагдыр

Бир гана жол бар, биздин жашоо жек көрүү менен ырахаттын чаташкан түйүнүнө айланып, аны чечүүнүн башка жолу жок эле. Тагдырга ишенели: “орел” – үйлөнөбүз, “решка” – ажырашып кетебиз.
Тыйынды өйдө ыргыттык. Жерге шыңгыр этип кулап, бир аз айланып барып, жатып калды. “Орел”.
Биз тыйынды тунжурап карап туруп калдык.
Анан, сүйлөшүп алгандай чогуу айттык: “Балким, дагы бир жолу?”

 

Роберт Томпкинс

Чындыкты издеп

Акыры бул алыстагы, түнт айылда издегенин тапты. Эскилиги жеткен жыгач кепеде очоктун жанында Чындык отурган эле.
Ал ушунчалык кары жана түрү суук аялды көргөн эмес.
– Чындык сиз болосузбу?
– Чүрүшкөн кары башын ийкеди.
– Айтсаңыз, мен башкаларга эмне дейин? Эмне айтайын?
– Кемпир отко түкүрүп, жооп берди:
– Менин жаш жана сулуу экен де!

 

Август Салеми

Заманбап медицина

Фаралардын жарыгы, кулак жарган кычыр-кучур, сыздаткан оору, чыдагыс оору, андан соң жылуу, арбаган көгүлтүр жарык. Джон өзүн өтө бактылуу, жаш, эркин сезип, жаркыраган жарыкка бет алды.
Оору жана караңгылык акырындан кайта баштады. Джон шишик тарткан көздөрүн жай ачты. Бинттер, түтүкчөлөр, гипс. Эки буту ордунда жок. Ыйдан көзү шишиген аялы.
– Жаным, сени аман алып калышты!

Которгон Марат Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.