Майрамбек Токторовдун жаңы ырларынан

mairambek

МЕКЕН-ЖЕР

Ала-Тоодо алтын жатат уюган,
Булагыӊ көп агып жаткан сууӊан.
Ким бирөөлөр ичээрге суу издесе,
Андай сууга күндө бир маал жуунам.

Ата-Журттун азабында иргелген,
Эл экенбиз эркиндикте күн көргөн.
Бир кезекте душманга бек чеп болсоӊ,
Эми сени тытып жулкуйт ким көргөн.

Бүркүттөрүӊ чоочуп учса чууӊан,
Арман күйөт көлдөгү аппак кууӊан.
Шылуундарыӊөзөктүөрттөп турушат,
Бөтөндөрдөн көӊүл эчак сууган.

Ата-бабам аздыгыӊа түйшөлгөн,
Аз да болсок көп бололу Үркөрдөн.
Көрсөм дагы күн булутка киргенин,
Көрбөсөм дейм Мекенимди бүркөлгөн.

 

ЭӉСЕГЕНДЕ

Жаз болдуӊ жаштыгымды эӊсегенде,
Жарк этип маӊдайыма келсеӊ эмне.
Өзүӊдү миӊ кубултуп кыялдандым,
Өмүрдүн кош канаты дегдегенде.

Кача албай бу тагдырдын жазганынан,
Булуттай көчүп өттүм асманыӊдан.
Жамгырдай себелендим изиӊе мен,
Кокустан күйбөйүн деп аптабыӊдан.

Өмүрдүн өксүк жолун актагыдай,
Өрт кезим келсе гана баштагыдай.
Бар жогуӊ билинбеген күндөр өтүп,
Эч нерсе калбагансыйт сактагыдай.

Арадан алып учуп мезгил өттү,
Эӊсегем эл сыяктуу мен да көптү.
Элирип кыялымда күлүк минсем,
Эсимди бир эӊшерип жамгыр төктү.

 

МААНАЙ

Кар жаады сезимдерге бубак берип,
Жаз эмес, кышкы ызгаар убак келип.
Өзүмдү буюм сезип турдум азыр,
Койгондой кошунадан сурап келип.

Кейидим кем карчы көп жактарыма,
Кейидим кайгы капа тартканыма.
Өмүр бул бир көз ирмем бакыт тура,
Өлүмгө анчалык көп шашпагыла.

 

КЕЛЕ КЕТЧИ

(Обон үчүн)

Сен мени эстедиӊби, эстедиӊби,
Эстесеӊ эстеп бирок, кеч дедиӊби.
Өзүӊдү жылдыз кылып ай чырагым,
Сен баскан жолдор менен өтпөдүмбү.

Мен кантип унутайын өткөнүмдү,
Сагындым жоодураган көздөрүӊдү.
Жолубуз эки башка болсо дагы,
Жолугуп каламын деп көксөдүӊбү.

Жылуулук сенден келген кереметпи,
Жанымды жамгыр кылып себелетти.
Жаз күткөн жалбырагым күзгө жетти,
Жарыгыӊ чачып бир күн келе кетчи.

 

АКЧА

Акча, акча, жаныӊ акча, каныӊ акча,
Кымбаты бул дүйнөнүн укум кагаз,
Үмүтсүз шайтанга да үмүт жагат.
Акчанын азабынан аалам кезген,
Нысапсыз,  аргын, наадан, амалдуулар,
Тынч дүйнөнү жөн койбой бүлүк салат.
Акча, акча,
Бар болсоӊ бакыт болуп төгүлөсүӊ,
Жок болсоӊ азап болуп көрүнөсүӊ.
Мээнетин бүт дүйнөнүн бир эӊшерип,
Адамды бай кедейге бөлүп өзүн,
Кийимдин тигишиндей сөгүлөсүӊ.
Адам акча, аалам акча,
Акча үчүн тоголок баш оодарылат.
Адамдын жанын сатып, боорун сатып,
Алдуулар алда кайдан соода кылат.
Акча, акча,
Жашоонун куну канча, күнү канча?..
Сен кымбат көрүнсөӊ да баардыгынан,
Абийирден алда курдай арзансыӊ да,
Чындыкты көрө албаган жалгансыӊ да,
Окшошсуӊ ууруга да, жалганчыга,
Өмүрдү эки айрылыш салган чууга.
Акча, акча,
Кеӊ дүйнө сен бар үчүн тегеренет,
Байманасы ашканга бакыт болуп,
Баштан ылдый нур сымал себеленет.
Акча, акча,
Пендеге жетпей жүргөн кереметсиӊ,
Күчүӊө азгырылган далай жанга,
Ылай тургай отту да тебелеттиӊ!
Акча, акча,
Сага кулдай иштейбиз күнү-түнү,
Үзбөдүм мен да сенден үмүтүмдү.
Байланган бир кагазга кайран өмүр,
Сага мен айткым келет күйүтүмдү.
Акчадан өмүр кымбат деген менен,
Акчага кул дүйнөгө кебелбеген,
Адамзат айга колун сунса дагы,
Акчадай таш боор жана кереӊ белем…

 

КУР ДҮРМӨТ

Жашоо — бул күрөш кызылдай,
Жашагым келген утулбай.
Жалган сөз жарга такады,
Атылган октун учундай.

Көргөндү кээде күлдүрүп,
Көр дүйнө менен сүрдүгүп.
Жакшыга жаман теӊмин дейт,
Жашооӊду коюп бүлдүрүп.

Майрамбек ТОКТОРОВдун башка дагы ырлары

“Кутбилим, 28.03.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.