Акжол КАНАТБЕК уулу, төкмө акын: “Атам менен апамдын жубайлык сүйүүсүн тартууга боёк да жетпейт…”

8-Mayra-Kerim1

Майра эже жѳнүндѳ жазылып да, айтылып да жүрѳт. Убагында акындык дараметине баа берип, тамшанып, таң калып укчубуз. Эми Майра Керим кызынын даңкына дагы жаңы түс киргизип, жаңы из салып, анын Акжол деген уулу алп акындыктын сүрүн көргөзүп келатат. Касиеттүү Ысык-Кѳлдүн шарпылдаган жээгинен азык алып, атасынан бата алып, эл алдына чыгып сыналып, улам чыйралып келаткан Акжол Канат уулу апасы жѳнүндѳ эргип айткан сѳздѳрүн муюп уктум.

Акжол, эне деген асыл сѳздү эстегенде эң биринчи эсиңе эмне түшѳт?

8-Akzhol-K–  «Апа, сиздин абдан жакшы кѳргѳн сѳзүңүз барбы, ал кайсы сѳз?» деп жанын койбой сурай берчүмүн. Анда апам абдан берилип, жан дүйнѳсүндѳгү сырын чын дили менен бѳлүшчү: «Балам, менин эң жакшы кѳргѳн сѳзүм – күтүү» деп айтчу. Чынында апамдын ушул жакшы кѳргѳн сѳздѳрүнүн күбѳсү болдум. Бакытын күтүп атама жолукту, баланы күтүп мени тапты, ѳнѳрүн күтүп элдин алдында аброй топтоду. Ошол абройду жакшы багып, күтѳ билип, элдин сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болду. Апам күтүүнү да, кантип күтүштү да билчү, «алма быш, оозума түш» деп жата бербей,  аябай аракетчил болчу. Кылган аракетинин акыбети кайтар мезгилин билчү, качан кылып башташ керек, канча убакыт кылыш керек, баарын алдын-ала туюп, сезип, бейчеки будуң-чаңга түшчү эмес. Бир ырды жазыш үчүн, жетимиш тогуз китеп алып окучу. Сезимимди кандай кооз сѳздѳр менен берип, кандай байланыштарга батырсам экен, лирика деген кандай болот, драма деген кандай болот деп тырышып, кѳк беттенип отуруп, салмактуу ойдун тегерегинде айланып-айланып жүрүп, бир эле конуп койчу. Бир конуп учуп кеткен нерсесине кайра экинчи кайтып барчу эмес. Сапар буйруп бир жакка арышын керип барып, кайра үйгѳ келип калчу. Бир гана ѳзүнүн үй-бүлѳсүнѳ ушундай мамиле кылчу.

– Майра эженин мүнѳзүн сүрѳттѳп берсең?

– Эгер кушка салыштырсам – мүнѳзү ителгидей болчу. Ителгиникиндей жоругу аябай кѳп. Бүркүт, алчу аңын жерге жете жаздап калганда тээп басып алса, ителги алчу олжосун абадан эле тээп түшүрѳт. Апам да, ителгидей ошону ыкчам жетип кармап, ошол сѳздүн жанын сыкпай кармап, ошол сѳзгѳ жан киргизип, дем берип үлгүрүп калыш үчүн кыйгачтап-кыйгачтап тегеренип кармап калчу. Айтыштарда да ошол ыкмасы менен жооп кылып кайтарганда тарс-тарс кайтарчу.

– Ушул сүрѳттѳѳңѳ мисал айта кете аласыңбы?

– Жайдын күнү элдин баары каникулга кетип, клубдун терезе пардаларын жууганы алып кеткен убагында клубда айтыш болуп калыптыр. Апам Табылды Актанов менен айтышып калат. Ошондо Табылды Актанов: «Бүгүн сиздин сахнаңыз жылаңач, кѳркү жок болуп калат экен….» деген сындуу сѳздѳр менен клубдун абалын айып кылып айтса, апам: «Кѳл дегенди эски кыргыз сүйүп келген…” сыяктуу сѳздѳрдү келиштире айтып келип, баягы сѳздүн кунун жоготуп жибербеш үчүн, «сен парда жок деп сахнага таарынбагын, бүгүн биздин клуб купальник кийип келген» деп, клубду көл жээгиндегилерге салыштырып, тапкычтыгы менен жеңилбей койгон. Эмнени баштаса да ошол нерсени аягына чейин чыгарып, ѳзѳгүн сууруп чыгып элге тартуулап, “мобуну жесең даамдуу” деп элге кѳрсѳтмѳйүнчѳ жаны тынчу эмес.

– Сен тамшанган, таң калган эмне ѳзгѳчѳлүгүн айта аласың?

– Ѳзү каалаган нерсеге жетпей калганын кѳргѳн эмесмин, азыр да билбейм. Каалаганына сѳзсүз жетчү. Эгер ѳзү чындап кааласа, жанагы «Эл артисти» же «Эмгек сиңирген артисти» деген кагаздар бар го, ошолордун бирине сѳзсүз жетмек. Бирок, алгысы келген жок. Ошол кагазды мага ким, качан берет деп күткѳн жок.

– Сенде Майра эженин калтырган жарык изин кубаттандырайын деген тилегиң күч экени байкалат…

– Апамдын мага артып кеткен ишеничин жерге таштап албайын деп аярлайм. Бул корккондук эмес, менин жигиттик милдетим деп эсептейм. Ошон үчүн ушул сѳздѳн кѳп жашына бербейм. Баса турган жолумду божомолдоп, болжолдоп ѳлчѳп, тетиктерине чейин терип талдап кѳрүп, апам чалкыган кѳл болсо, мен кѳзү жаңы ачылган булакмын деп эсептейм. Бир нерсени эрикпей, зерикпей отуруп алып абдан кылдаттык менен түшүндүрчү. Апамдын жѳн дүйнѳсүндѳгү байлыгынын тырмактай болгон күчүн кѳрсѳтүп берип коюш үчүн, менден абдан кѳп сѳз сарпталат. Эмнеге анча сарпталат, анткени мен апамчалык кѳл эмесмин. Кудайды карап иш кылабыз да, эгер сапар буюрса, апамдай болгон дайрага, апамдай болгон кѳлгѳ барып куйсам, ошого чейин сѳзүм арбыса, агымым күчѳсѳ, ѳзүмдүн жолумду таап, ошол жолумдун ыгына кирип, таштан-ташка чабылып, мѳлтүр суудай тунуп, бышып, Керим кызынын кѳлүнѳ барып куюлсам арманым болбос эле. Неге мен минтип айтып жатам, себеби, апам нукура сѳзмѳр болчу. Бир кишинин бир сапатын кѳргѳзүп берип коюш үчүн, апамдын бир сѳзү кетчү.

– Бир сѳзгѳ ошол адамдын ааламын батырып койчу турбайбы?

– Буга бир мисал келтире кетейин. Биздин урууда мотурайган, бою кичинекей, кара торусунан келген, мергенчилиги бар киши бар эле, апам аны «эй, аркардын сакасындай болгон» деп койчу. Кѳп чүкѳлѳрдүн арасынан карап турсаң арканын сакасы ѳзүнчѳ бѳлүнүп турат, ал байкебиз дагы кѳп элдин арасынан башкача болуп бѳлүнүп турчу. Жыпара Кожокеева деген шакиртин  “кебелбес” деп койчу. Себеби, ал эже ким эмне деп тийишип сүйлѳп жатса да кебелбей отура берет дагы, жооп бергени келгенде катыгын берип коёт.

– Алдыда Майра эженин учугун улантчу кандай кадамдарды жасаганы турасың?

– Кудай буюрса, «Айым айтыш» коомдук фондун жандандырам. Апам ушул коомдук фондду мына баштайм деп жүрүп, асылган дарттан арыла албай аркы дүйнѳгѳ кетип калды. Быйыл ушул фондду жандандырып, айтышууга шыгы бар кыздардын тамырын тартып, шыгына дем берейин деп жатам. Апамдын аркасында калган ишти шакирти катары эмес, энелик сүйүүсүнѳ бѳлѳнүп, сүтүн ээмп чоңойгон баласы катары улантсам дейм. Апама чоң ырахмат, ошонун баарын мага сиңирип туруп, ѳзү жасайын деп жетише албай калган ишти менин мойнума артып кетиптир.

– Сени эмне деп эркелетчү, сенде ѳз ѳнѳрүн улантчу данек бар экенин белгилеп айтчу беле?

– Апам мени «акылдуу жинди» деп койчу. Менин балам мындай болот, тигиндей болот деген сѳздѳрүн уккан жокмун, жѳн гана “балада бирдеме бар” деп коёр эле. Кѳлдүн үстүнѳн булут кѳчүп, булут кѳлдүн суусун ичип, ал кайра тоого барып жаап, тоодон чѳптүн тамырына сиңип, чѳптүн алдынан баары топтолуп, дагы бир жактан булак болуп чыгып, сапарын таап кайра келип ошол кѳлгѳ куюш үчүн, Кыргызстандагы кыз акындарды жок дедирбей апам демилге кылып баштаган «Айымдар айтышын» эч качан четте калтырбайм. Кудайым буюрса, калың элдин алдында кара койду союп бата алсам деп турам. Убагы келгенде кара тайды союп да бата алчу күн келер. Үмүттүү кишинин каалоосу дагы, келечеги дагы сѳзсүз кең болот деп ишенем. Бир кумганга мага демектен зам-зам суусун куй, сиңе турчу жерге барып куйбасаң эскирип кетет. Эскирип сасып кеткен суунун эч кимге кереги да жок, пайдасы да жок. Бар кѳрѳңгѳнү, алган тарбиямды пайдаланып кичинекей бир гүлдүн жарып чыгышына, гүлдүн жыпар чачкан жытынын аңкып чыгышына, ага адамдардын канып чыгышына салым кошо алсам, анда апамдын мага эмизген ак сүтүнүн бир тамчысын актай алармын деп үмүттѳнѳм.

– Канат байкенин канатына калкалаган ѳмүрлүк жары, ѳзгѳчѳ камкор түгѳйү болушуна татырлык аялзаты болчу да Майра эже. Атаңа болгон жубайлык  ѳзгѳчѳ мамилесинен кеп салсаң?

– Бул мени аябай кытыгылаган суроо. Апамдын байы, менин атам жумуштан чарчап келгенде «абышка, семь секунд даярдай коёюнбу?» дечү, ѳзүнүн «семь секунд» деген тамагы бар болчу. Аны бере салып, ѳзү ѳзгѳчѳ берилүү, сүйүү менен жасачу лагманын чоюп кирчү. Аны да жѳн салды жасабай, атамдын жарпын жазып, атама ѳнѳрүн тартуулап, «элге мен ырымды тартууласам, сага мен жүрѳгүмдү, бүткүл дүйнѳмдү тартуулайм» деп кѳѳрүн да, мээрин да тѳгүп, алдына тамагын кош колдоп сунуп турчу. Атама арнаган мындай сѳздѳрү бар:
Сенин жанарың, селдей агамын
Сезим кѳлүнѳ, батып барамын.
Сагынган кезде  санап кадамым,
Санаага түшсѳм кайда барамын.
Кабарың мага айтчы карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын.
Кучагым жазып, тосуп алаарым,
Кучакка толо сезим жанарым.
Сенин кѳздѳрүң жүрѳк эзгенин,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң,
Сени табам деп дүйнѳ кезгемин.
Аппак таңдардан талбай кѳздѳрүм
Сагынычымды кел таркат менин.
Кажети да жок сенден ѳзгѳнүн,
Ѳзүңдү күтүп жүргѳн кездемин, – деген саптар атам менен алгачкы жолугушуудагы арзуу сѳздѳрү.

Ал эми «Мага жар керек» деген ырындагы:

Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган,
Аялдык кѳрсѳтсѳм да,
Ал менден бийик турган.
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын
Узун тил ушактардан.
Алдыма таң атырган,
Жалындап жана турган.
Эр жигит ичиндеги
Эрекче жаратылган, – деген саптар атама арналган, атамда бар сапаттар. Атам үйдѳн тамашалап «апаң менин коңуругумду которуп ырдап жүрѳт, болбосо мен эчак эле артист болуп кетмекмин» деп калчу.

– Анда Майра эже ѳмүрлүк жары кылып, Канат байкенин ѳзгѳчѳ дарамети бар адам экенин билип тандаган турбайбы?

– Атам ѳзү шопур болсо дагы кара сѳздү катыра сүйлѳйт, макалдатып шумдук сүйлѳйт, ѳзү тамашакѳй, элге аралашканда айтчу сѳзүн сиңире-сиңире сүйлѳп, болбогон кепти сүйлѳбѳй, жүргѳн жеринин баарынан сый күткѳн, кадыр күткѳн киши. Апамдын чыгармачылыгына салымдан башка зыяны тийген жок. Залалын тийгизген жок, кыйынчылык келтирген жок, болгону колдоп турду. Шаарга келишкенде, жакшы кафеге кирип тамактанышып, мейманканага кайра келгенде, апам бала кыялын карматып «жүрү, бак аралап келбейлиби» десе, атам «эртең айтышың бүткѳндѳн кийин аралайбыз. Ага чейин оюңду чогулт, жакшы ойлоруңду таптап, тактап ал. Эбиң менен, кебиң менен бол» деп апамды укпай койсо, сууга түшкѳндү жакшы кѳргѳн апам сууга кеткенде, «домбраңды күүгѳ келтирип, ѳзүңдү тапта, булбулум!» деп катын жазып 5-6 саатка кетип калчу экен. Башка акындарга барып, чер жазыша сүйлѳшүп эс алчумун деп калат. Кайра келгенинде «башкасы ойлобосо да ушул байым ойлойт» деп, апам жаркылдап тосуп алчу тура. Атам менен апамдын бири-бирине болгон жубайлык сүйүүлѳрүн сүрѳт кылып тартсаң боёк жетпей калат го дейм.

– Атаңдын жантүгѳй теңинен ажырап калышы абдан оор болсо керек?

– Апамды жерге бергенче кѳзүнѳн тамчы чыккан эмес. Качан жерге бергенден кийин анан бошоду.  «Эми эмне кылайын мен, эми мен кантейин, эгизим менин. Мен кантем?» деп атам ѳзүнѳ-ѳзү суроо берип ыйлап келатты.  Атам ѳтѳ кайраттуу киши, ошондо биринчи жолу кѳрдүм атамдын ыйлаганын. Ошондо атамдын кѳзүнѳн тамган ар бир жаш алмаздан жаралган мончоктой кымбат болуп жатты. Болоттой курч, алмаздай бекем,кылычтын мизиндей ѳткүр атам ошо кезде жумшарды. Ушу нерсенин баарын толугу менен берген апам да. Апам атамды ѳмүрүндѳ бир кейиткен жок, ий, ай койчу деп бир жолу айттырган жок. Түшүнбѳстүктѳр болуп кеткен учурда дагы, «элин таштап мени ээрчип келген апаңды мен кантип сүйбѳй коём, мен кантип урматтап сыйлабай коём» деп турчу. Окшоштуктардын тартылуу күчү дейт го, апам кайсы жерде иштебесин кадырга, урмат-сыйга татыган киши болчу, атам дагы так ошондой киши, каякта жүрбѳсүн жаркырап элдин алдында жүрѳт.

Мундуз АСАНАЛИЕВА, «Көк асаба»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.