Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шекспирден бери 450 жыл өттү бирок адам ыйманы өзгөргөн жок”

Алгач философиялык суроодон баштайынчы. Адам бул дүйнөгө жыпжылаңач келип эле анан бирөө Шайлообекке окшогон мыкты акын болот экен, бирөө Көлбаевге окшогон криминал болот экен, дагы бирөө сага окшогон мыкты саясатчы болот экен. Эмнеге ушундай?
Уильям Шекспирди кайталап окуп жатам, улуу жазуучунун бул дүйнөгө келип кеткенине 450 жылдай болуптур. Ошондо деле чыккынчылык, ошондо деле эки жүздүүлүк, ошондо деле сүйүү болгон. Андан бери космоско учтук, техника өнүктү, интернет, уюлдук телефон, деги койчу эмненин баары пайда болду. Бирок, адамдын ыйманы өзгөргөн жок да. Эмнеге? Бул суроого мен эмес, не деген дөө-шаа ойчулдар жооп таап албаса керек. Тарбия дагы маанилүү нерсе, бирок генетиканы дагы унутпашыбыз керек. Бир үй-бүлөдө он бала тарбияланса, кээде ону он башка. Адам өзү жырткыч сыяктуу эле жандык. Мунун мисалы катары бир мисалды айтайын. Принстон университетинин психология факультетинде атайын тажрыйба жүргүзүшүптүр. Биринчи курста 28 студент окуучу экен. 14үн силер түрмөнүн чоңусуңар, 14үн силер камактагы эркинен ажыратылгандарсыңар деп экиге бөлүшүп, тажрыйба кылышыптыр. Эки күндөн кийин берки түрмөнүн чоңу болгондор бул атайын тажрыйба, оюн экенин билип туруп, берки камактагы курсташтарын кадимкидей эле эзип башташыптыр. Адам чыдагыс кыйноолорду жасап жиберишкен экен. Эки жумадан соң үч айга эсептелген лабораториянын тажрыйбасын токтотушуптур. Арадан 30 жыл өткөндөн кийин ошолордон сураптыр да, “Өмүрүңөрдөгү эң унутулгус күндөр кайсы?”- деп. Түрмөдө жаткандар “ошол күндөрдү, кыйналганымды эч качан унутпайм” – дешсе, берки чоң болгондор “эң сонун күндөрүм ошол болчу” – деп жооп бериптир. Көрдүңүзбү, адам кадимкидей эле жырткычтай жаралган. Аны мыйзам менен гана жөнгө салыш керек. Биринчи бул генетика, айлана-чөйрөсүнө анан өзүнүн напсисине карата адам калыптанат окшойт. Адамдын негизи эле көр дүйнөгө болгон ач көздүгүнө чек жок окшобойбу. Януковичти карагылачы, 25теги баласы 2010-жылы катардагы эле тиш доктур экен, азыр болсо 510 миллион доллары бар миллионер. Жөнөкөй адам мынча байлыкты кайдан, кантип топтойт? Мурдагы президенти Кучма дагы күйөө баласынын айынан ызы-чуу болуп кызматтан кеткен. Мындан эч сабак алышкан жок. Адамдын көзү эч тойбойт экен го.

– Ошол байлык, акча дегенди жеңчү бир күч барбы?
Норвегияда мисалы бир дагы миллиардер жок, бир дагы бомж жок. Бирок, бай өлкө. Ал эми кээ бир өлкөлөр миллиардерлердин саны боюнча дагы, кедейлердин саны боюнча дагы дүйнөдө биринчи орунда турат. Коңшу өлкөбүз, мисалы олигархиялык капитализм жолун тандап, байлардын коомун куруп жатышат. Биз калыс, адилет коом курганга аракет кылышыбыз керек. Биздин эл калыстык болбогон жерде жаны кашайып, жарылып кетет. Мисалы байлыгы менен Ысык-Көлдө жүз жыл илгери сан жылкылуу Сарыбай деген жашаптыр. Ошол эле анча-мынча элдин эсинде калбаса, байлыгы менен атак-даңк тапкандар тарыхтын таштандысында калышпадыбы. Ал эми ошол доордогу Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке дегендер сөзү менен азыркыга чейин айтылып жүрбөйбү. Демек бизде парламентаризм болгон. Ким калыс сүйлөсө, чындыкты айтса эл ошонун кебин сүйлөгөн, ошону урматтаган, ызааттаган. Ошол замандын депутаттары дал ушул акелерибиз болгон. Бизде байлыгың менен элди сатып ала албайсың, бийлигиң менен элдин эсинде зордоп кала албайсың. Чындыкты сүйлөп, калыстыктан тайбаган даанышмандар гана эл эсинде калган. Тарых адамдардын ысымына сараң келет.

– Чыгармачылыкка дагы, саясатка дагы, коомдук ишке дагы жетишип жатасың. Ушунун баарына убакытты кайдан табасың?
Өзүмдү өтө деле тыным албай иштеген эмгекчил деп да ойлобойм. Жалкоо да эмесмин. Болгону убакытты туура бөлүштүргөнгө аракет кылам. Ушуга байланыштуу бир окуяны айтып берейин. “Асаба” гезитине студент кезимде келгем. Абдан көп макала жаздык. Анан 2005-жылы Көк-Жардагы үйүмө көчөөрдө жеке архивимде гезиттер аябай көп экен да, анан ушунун баарын көтөрүп жүрөмбү деп көбүн өрттөдүм. Кийин кайсынысы китепке жараар экен деп барактап көрсөм, үч эле макалам жарайт экен. Түгөлбай Сыдыкбеков менен маегим, Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө жазган макалам, анан дагы бирөө. Ошондо сездим журналисттик бул күнүмдүк эле нерсе экен. Жазганыңды көп болсо бир күн окуйт, эки күн окуйт, анан унутта калат экен. Архивден алып аны эч ким окубайт. Ал эми көркөм дүйнөнү жазсаң беш жыл болобу, он жыл болобу окула берет экен да. Кийин “Учкунга” барып калдым. Басмакананын иши чыгармачыл адамдарга өтө ыңгайлуу экен. Кечинде кагаздагы жазуу эртең менен китеп болуп чыгып калат. Анан жаңы чыккан китептин жыты дагы наристенин жытындай болуп эң сонун, кадимкидей сүйүнөсүң. Өндүрүштө туура уюштура билип, калыс карап, заказ болсо, иш жүрө берет да. Убакытты чыгармачылыкка арнайын дедим дагы, эртең менен саат 7ден 9га чейин күнүгө бир нерселерди чиймелеп койчумун. Бул убакта телефон да өчүрүлөт, эч ким тоскоол болбошу керек. Ошондон бери ушул адатымдан жаза элекмин. Жогорку Кеңешке элден мурун мен келем. Кышында эң биринчи карга менин изим түшөт. Ушуга кадимкидей көнүп алдым. 9дан кийин кадимки көр тирилик башталат. Шайлоочулар келет, иш, чарбачылык маселелер, айтор убактың болбойт. Ошентип жүрүп, эки жарым жылда КРСУдан докторлук диссертациямды жазып бүтүп жактадым.

– Каяктан, кандай темада жактап келдиң?
Москвада Дипломатиялык академиядан жактап келдим. Темасы “Глобалдаштыруу шартындагы саясий идеология маселелери” деп аталат. Дипакадемиянын биринчи проректору болуп иштеген Кеңеш Кулматов агай зор жардам берди. Бул киши чынында улуу адам. Балким кезинде биринчи катчы ушул киши болгондо, тарыхыбыз туура жол менен кетмек деп ойлоп коем. Ал кишинин эл аралык саясат боюнча жазган окуу китеби Россиянын бүт жогорку окуу жайларында тиешелүү адистик боюнча кошумча окуу китеби катары окутулат.

– Кыргызстан качан өнүгөт?
Кыргызстандын өсүп-өнөөрүнө – таңдын атканы, күндүн батканы кандай чындык болсо, ошондой эле ишенем. Кыргыз элинин өзүнүн дүйнөдө орду, атайын образы болушу керек. Мисалы италиялыктар эң мыкты ырчылар, бразилиялыктар – мыкты футболчулар, япондуктар прикладдык искусстводо алдына киши салбайт, орустар авиациянын атасын таанытат. А кыргыздар кимдер? Уинстон Черчилль илгери Орусияга чалгынчыларын жиберип маалымат алган соң, “40 градус суукта балмуздак жеген элди эч ким согушта жеңе албайт”- деген экен. Ошол сыяктуу эле кыргыз элинин дагы образы болушу керек. Кыргызстан Орто Азияда суу башында турат. Суунун баасы акыркы 100 жылда 100 эсеге өссө, нефтиники 10 эсе эле өстү. Кыргызстандын 96 пайызы тоо. Анан биз Манас менен Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө жараткан, руханий эркиндикти баалаган элбиз. Биз өнүгүш үчүн эмне кылышыбыз керек? Эң негизгиси туура жолду тандашыбыз керек. Анан туура идея, үчүнчүсү элита биригиши керек. Туура, биздин саясатчылардын көбү элге жакпайт, бирок Украинанын элитасына караганда Кыргызстандыкы тың экен да. Эки жолу бийлик алмашты, качып бара жаткан президентке барып, арызын жаздырып алып жатпайбызбы. Мына Янукович жүрөт азыр “Мен мыйзамдуу президентмин” – деп. Юридикалык жактан алганда чын эле Янукович мыйзамдуу президент. Эки революцияда тең мародерчулук болду, бирок биз мамлекеттүүлүктү сактап калдык да. Украина эмне болуп жатат. Жарым-жартылайын бандиттер ээлеп алды, жарымы федерация кылат элек деп кыйкырып жүрүшөт. Кыргыз саясатчыларына канчалык сын айтканыбыз менен бизде мамлекеттик иммунитет бар экен, кайсы бир чекке жеткенде бириге калат экенбиз. Ар дайым мамлекеттин кызыкчылыгы саясий лидердин же партиянын кызыкчылыгынан бийик турушу керек.

– Деги, Жогорку Кеңеш төрт жылда эмне иш кылдыңар?
Азыркы парламент үч тарыхый миссиясын аткарды. Чыныгы парламенттик демократияга бет алдык, жаңы Конституциянын шартына ылайык тийиштүү мыйзамдар кабыл алынды, эң негизгиси – бүт бийликти легитимдештирип бердик. Сотторду шайладык, президенттик шайлоо өткөрдүк, жергиликтүү анан шаардык кеңешке шайлоолорду өткөрүп бердик. Украина азыр ушуну кыла алабы? Ливия, Египет кыла албай койду. Египетте мына төртүнчү бийлик алмашканы турат. Араб жазындагы өлкөлөрдүн бирөө дагы бутуна тура элек. Азыр Кыргызстан парламенттик өлкө катары дүйнөгө таанылды. Мурда жылына араң 100 миллион доллар жардам келсе кубанчубуз. Быйыл болсо Кыргызстанга 1 миллиард 300 миллион доллар инвестиция келет. Бул парламенттик комитеттен өткөнү эле. Андан башкасы канча? Он эсе көп акча келип жатпайбы. Анткени булар парламенттик өлкө, көзөмөл күчтүү, бири-бирине жедиртпейт деп ишенип берип жатышат. Баары бир түз жолдобуз. Дагы 2-3 жыл керек. Келерки парламент, Президент таза шайлоо жолу менен гана алмашуусу зарыл. Акыркы 20 жылда комузчулардын доору алмашты. Төкмө акындардын эң күчтүү мууну үйүрү менен келатат. Манасчылардын да мууну алмашты. Анан эле кашайып саясатчылардын мууну алмашпай жатпайбы. Интернеттен окудум, кадамжайлык жапжаш кыргыз жигит Түштүк Африка Республикасындагы ири алмаз казуучу компанияга президент болуптур. Ушундай азаматтарыбызды чакырып, түз эле “Кумтөргө” башчы кылып алсак болот. Ушундай таза, билимдүү, жаңы муун келсе Кыргызстан тез эле өнүгүп кетет деп терең ишенем.

– Элита алмашпай жатканын айтып жатасың, келээрки парламенттик шайлоодо жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды көрөрүбүзгө ишенсек болобу же баягылар эле парламентти басып алышабы?
Апрель окуясы болгондо Убактылуу Өкмөт жаштарды алып келебиз деп убада кылган. Алиасбек Алымкуловдон башка бир дагы жаш кадр келген жок. Вице-премьер министрлердин бири жаштардан болду, эми дараметин көрө жатаарбыз. Мисалы, Россиянын азыркы Байланыш жана массалык коммуникация министри Никифоров деген жигит 26 жашында Татарстандын Маалымат министри болуп, бүт өлкөнү электрондоштуруп салган. Грузиянын премьер-министри 33 жашта. 60 жаштан өткөн министрлер реформа жасап, тарыхта калганын билбейт экенмин. Миңдей баланын ичинен жүздөгөн лидерлер тандалып, анын жүзүн калтырып “Өнүктүрүү долбоорун” түзүп, аларга тренинг өткөрүлүп жатат деп уктум. Ошолор электен өтүп жарым-жартылайын министрликте иштетип, жарымын парламентте иштетип, такшалдырып, саясатка аттана турган доор келди окшойт.

– Парламенттик башкаруу менен жакшы баратабыз деген айтып жатасың, бирок айрым кесиптештериң Президент бийликти бир колго топтоп алды деп жатпайбы. Буга кошуласыңбы?
Мамлекеттик каттоо кызматы боюнча эле айтайынчы. Президент кийлигишкен да жок. Башчысын шайлай албай эмне болдук. 16 талапкер чыгып, анын 6оосуна кылмыш иши козголгон экен. Өттү дегени дагы акча таратты деп, коомчулукка уят болдук. Биздин “Ар-Намыс” фракциясы 3 ирет Өкмөттү куроого катыштык. Ал жакта 4 министрибиз, 2 вице-премьер министрибиз бар. Бизге тигини кой, муну койбо деп эч ким эч нерсе деп көрсөтмө берген жок. Аларды кызматтан алганда дагы өзүбүз алдык.

– Азыр Атамбаевдин колундагы “көзүрү” эмнеде деп ойлойсуң?
Азыркы Президентти сактап турган үч чоң өзгөчөлүгү бар. Биринчиден, Атамбаев мурункулардай болуп үй-бүлөлүк башкарууга барган жок, экинчиден коррупцияга аралашкан жок. Эгер ал коррупцияга аралашкан болсо эчак эле фактылар табылат эле. Оппозиция таппай, начар иштеп жатат же Атамбаев коррупцияга аралашпай жатат. Үчүнчүсү, диктатуралык режим орнотууга умтулган жок. Өз мөөнөтүндө кетем деп жатат. Оппозициянын көбү парламентте отурат, үчтөн бири БШКда, Эсеп палатасында, Байкоочу кеңештерде отурушат. Оппозиция азыр негизинен: кийинки шайлоодо оппозиция катары өтөйүн деп, экинчиден, сырттан жардам келеби деп балким үмүт этип жатышат.

– Президент менен жеке мамилең кандай?
Депутат менен Президент ортосундагы эле расмий мамиле.

– Сени кээде Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” 10 томдугун колдоп койду деп күнөөлөп жатышат.
Мен да кээде калем кармап, “Саякбай”, Тагай бий”, “Шабдан Баатыр” китептерин жаздым. Бирок, андай 10 томдук китеп жазуу колумдан келбейт. Бир сөз менен айтканда, өзүңдөн күчтүү жана таланттуу адамга ар дайым сый мамиле кылуу – ар бир адамдын парзы деп эсептейм.

– Калмактарды даңазалаган китеп деп жатышпайбы?
Айкөл Манас атабыз он беш жашында калмактарды биротоло багындыргандан башка эпизод кездештире албадым.

– Анан калмактарга байланыштырып, сага да тийишип жатышат го?
Түзүк сөз менен бузук сөздүн айырмасын, анан кыргыз санжырасын так билгендер андай ушакка ишенбейт. Чоң бабабыз Бөрүчөк баатыр калмактар менен урушуп, колго түшүп келген, анан бизде анын кичүү уулу Күсөкенин балдарын “калмаакылар” деп коет. Сарт менен сарттар уруусунун, кытай уруусу менен кытайлардын, моңолдор менен монгол улуту кайнаса каны кошулбаган сыңары, калмак менен калмаакынын да жети ата эмес, жетимишинчи атасына чейин кайнаса каны кошулбайт. “Катын калп айтпайт, каңырыш угат” деген кеп да.

– Акаев жакында эле “70ке чыгат элем, Кыргызстанга келет элем”- деп маек бериптир. Убагында бул кишини жанында жүрчү элең? Акаев тууралуу азыр пикириң кандай?
Чогуу иштегениме сыймыктанам. 1991-2000-жылдарда кылган иши – зор тарых. Аны эч ким тана албайт. Сомду киргизүү, Кыргызстанды дүйнө коомчулугу таанышы, алгачкы демократиялык, финансы, агрардык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу реформалары, 1995-жылы БУУнун чечими менен Манастын 1000 жылдыгынын өтүшү, басма сөз эркиндиги, Ош окуясынан кийин улут аралык саясатты бекемдөө, инфляцияны ооздуктоо, эл аралык финансы институттары менен иштөө сыяктуу залкар эмгектери тарыхта дагы такталып жазылар.

Ошол убакта Акаевдин өзүнө барып, бетине түз сын айткан эки эле кишини билем. Алар: Жумабек Ибраимов жана Абдыганы Эркебаев. Оппозицияныкы өзүнчө, жанындагыларыныкы башкача да. Акаевдин жанында жүрүп, анан ошол убакта чогуу иштегендер жолугуп калганда чындыкты бетине айтып, үй-бүлөлүк коррупцияны токтотуп кала албаганыбызга биздин да чоң күнөөбүз бар деп айтам. Мен 1999-жылы кеткем. Аскар Акаевдин 1994-жылдан 1999-жылга чейинки командасындай интеллектуалдык деңгээли жогору команданы андан бери көрө элекмин.

Ошол кезде президенттик администрацияда айлыгыбыз жетпей, түшкү тамакты карызга сурап иччүбүз. Бирок ошого карабай, ишемби күнү да толук иштечүбүз. Жекшемби күнү түшкө чейин иштечүбүз. Патриоттук да, интеллектуалдык да дух күчтүү болчу. Мамлекет башчысына жана Кыргызстандын эртеңки келечегине ишенип, жан үрөп эмгектенчүбүз. Ошентип иштеп жүрсөк, мамлекет кызыкчылыгын үй-бүлө кызыкчылыгы сүрүп чыгып, анан эле сырттан күйөө баласы же “Кошелек” деген сыяктуу кишилер келип маселелерин чечип жатса, нааразы болгондор пайда боло баштады. Ошентип депрессия ичтен башталды. Адегенде кырсык катары Аксы окуясы болду. Туура жыйынтык чыкпады. Президенттик кызматтан кантип кеткени өтө өкүнүчтүү.

Кыргызда “Жакшы эл султанын кор кылбайт” деген кеп бар. Акаевдин кыргыз элинен кечирим сурап, кайтып келүү ниетин билдирип жатканын кыргыз коомчулугу эл-журт менен кеңешип, ойлонуп көрсө, балким бул биздин тарых үчүн керектир. Акаев үчүн эмес, улуттун жүзү, кыргыз эли үчүн керек деп ойлойм. Ал эми “Кумтөргө” тиешеси бар үй-бүлө мүчөлөрү мыйзам чегинде тийиштүү жазаларын алышы керек.

– Жеке өзүң мамлекет башчысына кирип, каршы пикир айта алдыңбы?
– 1999-жылы октябрда “Кыргызалконун” жетекчилигине күйөө баланын досу О.Забара келгенде атайын кирип, эл, журналисттер туура кабыл албай жатат деп айттым. Эки жумадан кийин өз арызымды жазып, кызматтан кеттим. Ага эч өкүнбөйм.

Маектешкен Баратбай АРАКЕЕВ, Эрнис БАЛБАКОВ,
“Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.