“Аалам ата-энеден башталат” аттуу эссе сынагы жарыяланат

“Аалам ата-энеден башталат” аттуу темада 11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыяланды. Демилгени Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин Э. Ибраев атындагы журналистика кафедрасы көтөрүп чыкты. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет.

Уюштуруучулар эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсүн эскертет. Эссе төмөндөгү dinaraabdulamitova@mail.ru электрондук дарек аркылуу 2014-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат.

Элеонора Кыдырова, “Кабар Ордо”, 08.04.14-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Аалам ата-энеден башталат” аттуу эссе сынагы жарыяланат

  • 14.11.2014 at 15:04
    Permalink

    Жакшы демилге которгонсунор ушундай темада коптогон эссе, дил баяндардын сынагы болуп турса.

    Reply
    • 14.11.2014 at 15:38
      Permalink

      Эми бул демилге биздики эмес. Ошону үчүн мактоого алына турган да биз эмеспиз 🙂

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.