Токтогул тууралуу жаңы китеп жарыкка чыкты

a_muratov_vbКурманжан датка менен Токтогулдун байланышын көрсөткөн чыгармалардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун “Келкел” романы.

Белгилүү журналист жана Токтогул изилдөөчү Абдыкерим Муратовдун Токтогул Сатылгановдун өмүр жолундагы талаштуу маселелерди көрсөтүп, тарыхый-документалдык маалыматтарды адабий чыгармалар менен салыштырып, акындын басып өткөн жолунун айрым учурларын көрсөткөн бул китеби “Айат” басмасынан 300 нускада 180 бет көлөмүндө жарыкка чыкты.

Бул адабий-тарыхый изилдөө акын качан туулгандыгын, анын ата-теги кайдан келгенин, устаттары кимдер болгондугун, ырлары кандайча түзөтүлгөндүгүн, Анжиан козголоңуна катышканын, абакта кайда, канча болгондугун, анын өмүрүндөгү Алымкан, Керимбай, Курманжан, Арзымат, Молдо Тойчу жана башка тарыхый инсандар тууралуу жаңы маалыматтар менен кызыктуу баяндоолордон турат.

Биздин маегибиз мына ошол улуу акындын өмүр жолунун бир учурлары тууралуу болду.

-Абдыкерим агай, Токтогул Сатылганов менен Курманжан датканын байланышы бир катар адабияттарда, көркөм чыгармаларда чагылдырылып келет эмеспи, Алайда жашаган датка энебиз менен Кетмен-Төбөдө жашаган акындын чын эле байланышы болгонбу?

-Экөөнүн байланышын көрсөткөн чыгармалардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун “Келкел” романы. Албетте, ал көркөм чыгарма деңизчи. Бирок анын кандайдыр бир даражада болсо да тарыхый негизи болушу да керек. Ошол чыгармада Токтогул досу Төрө менен адегенде Миң-Дөбөгө, Мадали эшендин резиденциясына барып, анан Алайга – Курманжан даткага өтөт эмеспи. Датка алардын эшен менен байланышына каршы болот. Анан мындай насаат сөзүн айтат: “Бул адам мусулмандарды орус акимиятына көз көрүнөө каршы үгүттөп жүрөт. Мындан бир коога чыкпай койбойт. Кан төгүлөт. Өзү, мейли, эшен деп эле коёлу, бир жактан ооп келген келгин. Кимди аяйт?! Баягы бир “мусулман заманы” дегенге азгырып, элди чапкынга айдап, максатына жетсе “калыйфа” болуп кеткиси келип жүргөн селсаяк”. Мына ушул насаат жазуучунун ою боюнча баарын муютуп, Токтогул менен Төрөнү эшен жолунан кайтууга түрткү болгондой пикир калтырат. Ырас, датканын айтканы туура, акылдуу сөз. Баарын түшүнгөн адамдын сөзү. Бирок ал сөздү токсон жылдан кийинки Төлөгөн Касымбековдун оозу менен айтып жаткансыйт. Тарыхый маалыматтарда миң-дөбөлүк Мадали эшен Курманжан датканын балдарына да козголоңго чыгууга үндөгөн таклиб-катын жиберет. Бирок алайлык кыргыздар бул көтөрүлүштө өздөрүн көрсөтпөйт. Айрым маалыматтарда бул көтөрүлүш тууралуу датканын уруктарынан бири Оштогу орус аскерлерине кабар жеткизип коюп, аны үчүн сыйлык алат. Мына ушуларга карап Курманжан датка Анжиан көтөрүлүшүн колдогон эмес деп айтууга болушу мүмкүн. Бирок чындыктын башка жагы да бар. Эгер датка бул көтөрүлүшкө ишенбеген болсо Алымбек датка менен уруулаш, аксакал, уруусу баргы, ноокаттыктарды баштап жүргөн Өмүрбек датканын тизгинин тартып калбайт беле дейсиң да. Ошол 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшүнө активдүү катышкан Көк-Арт, Кетмен-Төбө, Ноокат кыргыздары Курманжан датканын сөзүн укмак.

-Андай болсо Курманжан датка көтөрүлүштү же баштагыла, же баштабагыла дебей, байкоочу катары туруп бердиби?

-Эми аны түшүнүү үчүн тарыхый кырдаалга келели. Курманжан датканын ал кезде орус бийлигине каршы каары кайнап турган, өзү кол койгон шартнаама Орусия падышачылыгы тарабынан аткарылбай жаткан. Ал шартнаама боюнча орус аскерлерине каршы куралдуу көтөрүлүшкө катышкан элди жазадан бошотуу, туткунга түшкөн кыргыз жигиттерин азат кылуу, туткунга, түрмөгө, сүргүнгө кеткен аскерлердин туулган жерине келүүсүнө каршы чыкпоо, алардын мал-мүлкүнө тийбөө, салыктарды азайтуу, жергиликтүү элдин укуктарын тепсебөө, алардын динине, үрп-адаттарына кийлигишпөө керек эле. Мына ушулар бузулуп, айрым бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери Курманжан датканын алданганын табалап да, ачык айтып да, сындап да жаткан эле. Аны кыраакы эне түшүнүп, ичтен эзилип да, каны кайнап да жүргөн.

-Анан эмне шартнаамага кол куйду, орустарга каршылык көрсөтө албадыбы?

-Ырасында Кокон хандыгынын эң таасирдүү инсаны, Анжиан, Ош аймагынын башкаруучусу болгон Алымбек датканын уул-урпактары Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек ал кишинин көзү өткөндөн кийин Анжиандан Кашкарга чейинки азыркы Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Кара-Суу, Араван, Алай райондорунун, Ош шаарынын аймагында бийлик башчылары болуп келген. Алымбек датканын бир нече шаарларда 160тан ашык дүкөндөрү, Ошто Сулайман тактын этегинде 28 өжүрөлүү Фергана өрөөнүндөгү эң чоң медресеси болгон, анын кербендери Чыгыш менен Батышка тынымсыз каттап турган. Анан ошончо байлыкты жоготуу кыйынбы? Кокон хандыгын орустар басып ала баштаганда эң акыркы каршылыкты дал ушул Курманжан датканын балдары көрсөткөн. 1876-жылы аларды Гүлчөгө жакынкы Жаңы-Арыкта орус аскерлери жеңип чыккан соң тарых башка нукка өзгөрүп, Ак падыша менен тынчтык келишим түзүүгө Курманжан датка мажбур болот. Дагы кайта айтканда, мажбур болгон! Башка жол калган эмес. Ал качат, орустардан качат. Адегенде Эркеч-Тамдан Кашкарга ооп кетет, ал жактан дале коркунучтан арыла албайт, ошондо Ооганстандын Улуу Памирине өтүп кетмекчи болот, бирок аларды жолдон орус аскерлери кууп жетип колго түшүрөт да Чоң-Алайда жаткан М.Скобелевдин лагерине алып келишет. Датка ошол абалда орустар менен аргасыз “дос” болушу керек эле. Башка жол жок болчу.

Жамиля Нурманбетова, “Кабар ордо”, 11.04.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.