Эрнест АБДЫЖАПАРОВ: «Кыргыз киносунда жаңы доор башталды»

kino

Кыргыз киносу жаш болсо да, көптөгөн доорлорду, баш айланткан ийгиликтерди, жо­готууларды башынан өткөрдү. Ар кандай учурда чыгармачыл адамдар искусство үчүн жашап, аны өнүктүрүп келишкен. Токсонунчу жылдары «иши бүткөн» кыргыз киносуна жан киргизип, анын отун өчүрбөй кайра тирилткендер кимдер? Кыргыз киносу учурда кандай абалда? Ушул суроолорго жооп издеп, кинорежиссерлор Темир Дүйшекеев менен Эрнест Абдыжапаровду кепке тарттык.

– Эрнест мырза, айтсаңыз, бир учурда кыргыз киносунун «иши бүттү» деп улуу режиссерлорубуздун бири айткан эле. Бирок кыргыз киносу бир аз «аксап», анан бат эле баш көтөрүп кетти. 90-жылдарда элдин баары базарлап кетип, маданият унутулуп калган эмеспи. Ошол катаал учурда эки-үч режиссер гана өз кесибин таштабай, карандай чай ичип жүрүп кино тартып, кыргыз киносун сактап калган деп айтып жүрүшөт. Ошол режиссерлордун бири катары ал учурдан кеп козгосоңуз…

– СССР кыйрап, баары ач калып, кино таптакыр унутулуп калган кезде да, эң начар, эң кедей, эң жаш деген кыргыз киносу дүйнөгө мыкты кинолору менен тааныла алды. Ооба, биз Т.Океев, Б.Шамшиев же Актан Арым Кубат, Бирназаров Темир, ж.б. режиссерлор кыйын болгондуктан биздин кино бийик деңгээлге көтөрүлгөн дешибиз мүмкүн. Кыйын учурда иш алып бардык. Биздикиндей кырдаалда калган казактар, тажиктер кино тарта албай калышкан ошол учурда. Тажикстанда мурдагы мыкты режиссерлору кетип калып, азыркыга чейин жакшы кино жарата албай келишет. Бирок режиссерлордон мурун, Кыргыз киносунун сакталып калуусунун себеби, элибиздин турмушка болгон чыгармачыл көз карашы, өзгөчө жан дүйнөсү десек жаңылышпайбыз.

Бизде француздарга чейин эле кино элеси бар болчу. Биздин «Манасыбыз» чыныгы кинодой элестүү айтылат. «Манас» айтып жаткан адам азыр кинодо колдонулуп жаткан толук план, кичи план, чегинүү, кирүү деген нерселерди сөз аркылуу колдонуп, угуучуга кадимки кино лентасындай кылып элестүү берет. Ыр түрүндөгү тексти болсо, кудум кинонун сценарийиндей. Ушундан улам биздин каныбызга кино табити эзелтен эле сиңип калган. Ошондуктан биздин киного каражатты аз берип, муунтуп, таптакыр бут тосуп койсо дагы кыргыз киносу булак сымал өзүнө жол таап, жылжып агып чыгып, улам жаңырып, улам тазарып келе берет. 1990-жылдар буга чоң мисал болуп бере алат. Андыктан, «кинону бул сактап калган» – деп айткан туура эмес болуп калат деп ойлойм. Себеби кино эч качан өлмөк эмес. Албетте, ошол учурда оор эле болгон. Мен, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров болуп, үчөөбүз бир «лепешка» нан сатып жеп жашаган күндөрүбүз болгон. Кинону эски, жарабай калган ленталарга тартчубуз. Жаан жааганда «Кыргызфильм» студиясынын төртүнчү кабатынан кирген жаан биринчи кабатка чейин агып кирчү. Жаандуу күндөрү, 3-2- кабаттагы тамчылап жаткан сууга таштек, чака коюп иштечүбүз. Кыргыз киносун мамлекет унутуп койгон болчу. Айлык деле алчу эмеспиз.

– Анда эмне себептен улуу режиссерлор «кыргыз киносунун иши бүттү» деп айтышты?

– Буга жоопту ошол кездеги кыргыз киносунун абалына көз чаптырып издешибиз керек. Ошол туурараак болот го деп ойлойм. 1991-жылы СССР таркап, Москвадан акча келбей калды. Ал жылы Г.Базаров деген улуу режиссерубуздун бир топ мыкты тасмалары чыккан. 1992-жылы СССРдин күүсү менен 12 кино тартылды. Андан кийин кинолор токтоп калды. 1980-жылдардан тартып эле жеке студия­лар ачыла баштаган. Бирок алардын баары 1992-жылдан кийин жакшы иштеп кете алышкан жок. Көбү бизнеске ылайыкташып кетишти. 1995-жылга чейин ар кандай жеке студияларда документалдык, кыскаметраждуу кинолор тартылып атты. Ошону менен кино суюлуп, бир аз тартыла түштү. Так ошол учурда кыргыз киносунда жаңыча ой жүгүрткөн, башкача көз караштагы жаңы ысымдар, жаңы дем пайда болду. Өзүнчө топ болуп келген Б.Алимбаев, Э.Рыспаев, Актан Арым Кубат болушту. 1993-жылы Актан Арым Кубат «Селкинчек» деген киносун тартты. 1994-жылы менин «Менин пирим Алмамбет», Т.Бирназаровдун «Ыйлаба, носорог» деген кинолору чыкты. Б.Алимбаевдин «Башат» тасмасы, Э.Рыспаевдин «Глиняный мальчик» деген тасмалары жарык көрдү. «Кыргызфильм» студиясы тарабынан менин «Таранчы» деген тасмам тартылды. Г.Базаров Кыргызтелефильмде кыскаметраждуу кинолорун тартып атты. Ошентип, ал учурда кино токтоп калган жок. СССРдин деминенби, айтор, кинолор тартылып эле атты. Бирок, ошол көп кинолордун ичинен дүйнөгө таанылып, башкача көз карашты туудурган «Селкинчек», «Таранчы», «Ыйлаба, носорог» тасмалары болду. Бул кинолор кыргыз киносунун чек арасын жарып чыгып, дүйнөлүк фес­тивалдардан жеңиш менен келишти. Кыргыз киносу ошол учурда дүйнөлүк кино сүйүүчүлөргө ушул аттар менен тааныш болду.

Темир ДҮЙШЕКЕЕВ, Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын режиссеру:
«Адамдардын табити төмөн түшүп кеткенине кейийм»

– Кыргыз киносу жаралгандан кийин, көп өтпөй эле дүйнөгө өзүн мыкты тасмалары менен жар сала алды. Бирок эгемендиктен бери кыргыз киносу дегенде эле көбү мурдун чүйрүп: «Кыргызстанда жакшы кино жок» – деп айтып калышты. Учурда кыргыз киносу эң алгачкы жолу тасмага түшүрүлгөн Люмерлердин «кыймылдуу сүрөттөрүндөй» эле болуп калды дегендер да бар. Чынында эле, ошончолук төмөнкү деңгээлге түшүп кеттикпи?

– Биз кино жөнүндө сөз кылганда, кыргыз киносу дебестен Кыргызстандагы кино деп алсак туура болот го деп ойлойм. Себеби учурда жумасына экиден жаңы ойномо (мурда көркөм деп атачу элек, азыр ойномо деп атап жүрүшөт) кино чыгып жатат. Бул бир жагынан жакшы. Бирок да, сапат жагынан өнүгө албай жатабыз. Ал чыгып жаткан кинолорду көбүнчө өз акчалары менен тартып жаткан жаштар түзүшүүдө. Көп фильмдерде көркөмдүүлүк деген таптакыр жок. Режиссер, кино, кадр, жарык берүү жана түстүк гамма деген эмне экенин билишпейт. Базалык билимдери жок. Көп кинолор түстүү гана болбосо, Люмерлердин «Поезддин вокзалга келиши» деген сыяктуу, кыймылдуу сүрөтүнөн айырмалары жок чынында. Бирок аларды «сенин киноң начар экен» – деп эле колго чаап, токтотуп койгон туура эмес. Баары эле баштаганда шедевр кино жарата албайт да. Аларга ар тараптан жардам бергенге аракет кылышыбыз керек. Ошондо сандан сапатка өтөт. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, алар да ушинтип отуруп бийиктиктерге жетишип калышар деп ишенели. Анткен менен, жаштардын арасынан да мурдагы «кыргыз кереметин» кайра жандандырууга алы жетип, тиши өтө тургандар чыгып атат. Айрыкча далил кинолорду, кыскаметраждуу фильмдерди тартышып, биздин жаш режиссерлор өзүлөрүн көрсөтүп, чет өлкөлөрдөн көптөгөн сыйлыктарды жеңип келишип, «Кыргызстан – кыскаметраждуу кинолордун мекени» деген атка кондурушту. Ал эми эгемендикти алгандан берки жылдары «Кыргызфильми» – деп мактанып айта турган кинолор тартылды. Мисалы, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Нуртай Борбиев сыяктуу режиссер, киночуларга мамлекет тарабынан эч кандай колдоо болбосо да, мыкты кинолорун жаратышты. Жалпылап айтканда, кыргыз киносу кемчиликтери менен бирге өнүгүү жолунда деп айтсак болот.

– Көптөгөн кино сынчылар, кино тууралуу түшүнүгү бар көрүүчүлөр: «Азыркы театрларда көрсөтүлүп жаткан кыргыз фильмдери адамдардын эстетиткалык табитине зыян алып келет. Ал фильмдерди көргөзбөш керек», – деген сөздөрдү айтып келишет. Көркөмдүк бийиктиги жок фильмдер көрүүчүлөргө чын эле зыян тийгизип жатабы?

– Ооба, көркөмдүк дегенден кабары жок фильмдер көп сандап тартылууда. Алар, чынында, адамдын табитине таасир берет. Мунун баары заманга жараша болуп жатат. Мындай көрүнүш музыкада, сүрөт жана адабиятта да байкалууда. Адамдардын табити төмөн түшүп кеткенине кейийм. Мисалы «Белгисиз маршрут» деген кинону алып көрсөк. Анда көрүүчүлөр үч пластты көрөрү байкалды. Биринчи пласт – фильмдеги уруш, мушташтарды, күлкүлүү жерлерин көрөт. Экинчи пласт – фильмдеги автобус кыргыз өлкөсү экенин, андагы адамдар кыргыз жарандары экенин түшүнөт. Ал эми үчүнчү пласт – автобустун ичиндеги тополоңдо сүт төгүлгөнүнөн, глобус тегеренип кеткенинен, эски автобуска кыргыздын ээрин токуп айдашынан фильмде эмне деген ой жатканын, эл кандай абалга келип калганын билет. Ал эми табитти бузат деген фильмдерде бир дагы ой, бир дагы жакшы окуя жок. Жөн эле тартып атышат. Мисалы «Президент жана бомждо» эмне деген ой бар? Бирок алар өзүлөрүнүн акчасы менен тартып жатышкан соң, кантип кой дейбиз. Антсек, биздин сөзүбүздү угушпайт да.

– Кыргызстанда жакшы кинолор тартылбай жатканынын себебин бир даары режиссердук жакшы мектеп жоктугуна байланыштырса, кай бири мамлекеттин колдоосу керек экендигин айтат. Жакшы режиссерлор чыгышы үчүн эмне кылышыбыз керек?

– 1960-жылдары Т.Океев, М.Убукеев, К.Кыдыралиев Москвадагы искусство инс­титутунун кино жаатын бүтүрүп келишти. Алар ошол жактан кино эмне экенин түшүнүп, окуп келишкен. Ошол эле учурда Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков атылып чыгышты. Музыка жаатында, сүрөт жаатында да укмуштуудай таланттар чыгышты. Менимче, ошол учурда Көкө Теңир кыргызга бир кут берген окшойт. Анткени ошол эле институтту бүтүрүп келген казак режиссерлору эч нерсе тарта алышкан жок. Азыркы аттуу-баштуу Бирназаров, Абдыжапаров сыяктуу режиссерлор ошол Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиев менен жүрүп үйрөнүп калышкандар. Ооба, алар эч кимди окуучу кылышкан жок. Бирок чогуу аралашып жүрүп сиңишип, үйрөнүп калышкан. Азыр да Абдыжапаров жаш режиссерлорду тарбияласам деп жүрөт. Бирок аз убакыттагы курста көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүн эмес да. Ошондуктан базалык окутуу системасы бар Москвага, ВГИКке таланттуу балдарды окууга жибериш керек. Мисалы, эмдиги жылга «Кыргызфильм» студиясына 70 млн. сом бөлүнөт деп жатышат. Ошол акчанын бир бөлүгү балдарды окутууга жумшалышы керек. Ал жерде Бондарчуктун, Ромдун, Козенцевдин, Герасимовдун лекциялары сакталып турат. Ошону окуп, үйрөнүп келгендер, эгер идиреги болсо сөзсүз бир нерсе чыгат.

– Эми өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга келсек. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Бир күнү эртең менен Н.Борбиев үйгө келиптир. Келип эле: «Мигранттар жөнүндө сценарий жазбайлыбы», – деп калды. Мен «Кантип жазабыз?» деп таң калдым. Анткени экөөбүз тең мигрант болуп көрбөсөк, чет өлкөдө иштеп көрбөсөк, кантип жазабыз деп ойлодум. Ошентип, мигранттар менен сүйлөшүп сценарийди жазууну баштадык. Бир күнү «Дүйнөдө сен бар үчүн жашап келем» деген ыр бар эмеспи, ошол ырды жазган аял менен сүйлөшүп, анын башынан өткөн окуяларды сценарийге кийирдик. Ал ырды аял түрмөдө отурганда жазган экен.

Долбоордун атын «Тагдыр» деп коюп, азыр ошол тасманын үстүндө иштеп жатабыз. Мен ал жерде продюсер, экинчи режиссер болуп жатам. Бул фильмде миграция маселесин көтөрдүк. Миграция маселеси акыркы жылдары абдан курч болуп калды. Мигранттар чет жерде такыр колдоо жок, көптөгөн азаптарды көрүшүүдө. Өзүлөрүнүн жандарын тобокелге салып иштеп, бул жактагы туугандарын багышууда. Бул коомдогу трагедия. Ошол мигранттардын акчасы менен азыр өлкөбүз жашап калды. Мигранттар жөнүндө ар кандай кино тартып атышат. Көбү мигранттарды жаман кылып чагылдырышууда. А биз болсо мигранттарга көңүл бурдуруу үчүн кино тарталы деп чечтик.

– Маегиңизге чоң рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Даярдаган Токтобек ҮСӨНОВ, «Кыргыз Тууусу», 18.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.