Өчпөс из калтырган Насыр Дөөлөсов

davlesov

Насыр аганын арабыздан узаганына үч жылга аяк басыптыр. Соңку жылдары инсульт алып, кант диабетинин азабын тартып, 55 жыл турмуштун ысык-суугун бөлүшкөн байбичеси Сабира апанын жанында өмүр карыткан агабыздан 2011-жылдын 12-июнунда айрылганбыз. А быйыл 85 жашка чыкмак экен. Аман турса, куттук айтып белгилемекпиз… Анын ордуна Композиторлор союзунда эскерүү кечеси өттү… Агайсыз өттү… Чакан чөйрөдө музыкалык баалуу мурасы – “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясынан, “Курманбек” операсынан үзүндүлөр, “Айнаш”, “Саанчы жеңе” ж.б. чыгармалары жандуу аткарууда жаңырып, адамдык, чыгармачылык жагынанбы, кыргызга кызмат кылып, өрнөктүү өмүрдү жашап өткөн Агайды замандаштары, үй-бүлөсү, шакирттери эскеришти.

Турдубек ЧОКИЕВ: — Насыр агайдын “Жылкычы бозоюн”, “Саанчы жеңесин” радиодон угуп чоңойгонбуз бала кезде. Кийин искусство институтунда окуп калдык, анда биз билимдин күчү менен агай жазган “Аста секин, колукту” опереттасын түшүнгөнгө чейин жеттик. Биз окуп жатканда Насыр Давлесов ректор, Мукаш Абдраев бөлүм башчы, Молдобасанов, Эрматов сындуу залкарлар сфабак берчү. Сабак беришпесе да, алар менен бир имаратта кирип-чыгып жүрүү өзүнчө сыймык эле. Алардын айтканын кулак төшөп угуп, аларга окшошуп, аларды туурап жазган күндөр болгон. Ушундай бир күчтүү топ бир келип кетти десең! Ар бири өзүнчө эле мектеп болчу да. Азыр ушундай залкарларга зарбыз. Советтик доордун бир артыкчылыгы олуттуу музыкага, профессионалдык музыкага, искусствого, театрга, адабиятка аябай көңүл бурчу экен. Азыр кандай? Мисалы салыштыралы, 1917-жылдагы революциядан 1939-жылга чейинки 22 жылдын ичинде сабаты жаңыдан жоюлган, опера, симфония дегенди билбеген кыргыздар “Айчүрөк” деген операсын ырдап Москвага барышкан; Муса Баетовдор Эл аспаптар оркестрин уюштуруп алып ырдашкан! 1941-1945-жылдагы согуш маалында Опера жана балет театры иштеп турган. Чайковскийдин “Евгений Онегинин” кыргызчага которуп алып Кийизбаевалар ырдаган. Абдылас Малдыбаев менен Ферелер “Патриоттор”, “Көл боюнда” деген операларды жазышкан. Насыр аганын “Курманбеги”, 25-30 жыл болуп калды го, коюлбай калды. Баягы эле “Айчүрөктү” коюп келатышат. Акча жок дешет. Жан дүйнөнү акча менен өлчөй берген болбойт. Искусствону, музыканы терең түшүнгөн меценаттар жокко эсе, ага жеткенге чейин көп бар. Мындайда мамлекет өзү меценат болушу керек, мамлекет жарандарынын жан дүйнөсү жарды болбошуна кызыкдар болушу керек. Китеп окуган, Чыңгызды окуган, Молдобасановду, Давлесовду уккан адамдарды тарбиялашы керек. Учурдагы музыкабыздын, жаш муундун абалы башка, жалаң компьютерде жазылган ырлар менен тарбияланып жатат. Эми, ушундай залкарларды, 1939-жылы түзүлүп калган ушул Композиторлор союзунда эскерип жатабыз, бул тырмак агындай эле иш да. 30-апрелде мамлекеттик деңгээлде болот деп жатышат, Маданият министрлиги акча жок деп, Опера-балет театры өзү эле өткөрөт го дейм. Ал жерде агай көп жыл башкы дирижер болуп иштеген да.

Бексултан ЖАКИЕВ, Кыргыз эл Баатыры: – Биз студент кезде билебиз, композиторлор эң эле ынтымактуу эле. Союзунда 7-8 эле мүчөсү болор эле. Дегеле композиторлор, жазуучулар, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык жыйналышы болот десе, тиешебиз жок болсо деле келе берчүбүз. Бир жолу мынабу Чернышевский атындагы китепканада композиторлордун съезди болот экен деп угуп калдык. Ал жерде отургучтары катуу, анан шарак-шарак этип шалдырап турчу. Анда Кондучалова маданият министри болчу. Бир орус жок болсо дагы, ал кезде жалаң орусча болчу. Күлипа эже съездди орусча сүйлөп ачты да, “слова представляется народному артисту СССР, председателю союза композиторов Кыргызской ССР Абдыласу Малдыбаевичу” деди. Ал киши баягы отургучтарды шалдыратып кетип баратат, узак барды да, трибунага чыгып алып, тиги жагын карады, бул жагын карады, бир убакта: “Дөөлөсов, где мой речь” деди. Көрсө, доклады калып калыптыр да (күлүп) Ушул Казакстан, Алтайга чейин бардым, барган жердин баарында кыргыз обондору өтө кенен таркаган. Насыкенин бизде Чодронов менен Токтоналиев ырдачу “Айнашы”, “Саанчы жеңеси” бар алардын ичинде… “Курманбек” жакшы опера болгон, кимге кандай, мага аябай жагат. Ушул опера, балет деген өнөрлөрдү 30-жылдарда үйрөндүк. Насыкем жаңы өнөрдү үйрөткөндөрдүн эң белгилүүлөрү болду да. Эгемендикке жеткени ырахат алып жүргөн балеттен, операдан, классикадан алыстап калдык. Насыкемдин “Курманбеги” көпкө барат го дегем, бирок… Кыйналып турган доор да өтөт. Насыр Давлесовдун, Абдылас Малдыбаев айткандай, Дөөлөсовдун жолун улачу шакирттери бар, алар да бир муунду тарбиялайт деп ишенем…

Эсенгул ЖУМАБАЕВ, Кыргыз эл артисти: – 1958-жылы комузчулардан Сыдыков Үсөн, Барпиев Абдрахман, Субанбеков Аманды, кыякчылардан Исраилов Сабатбек, Исабаев Чалагыз, Кадыралиев Кадырбек, Кадыралиев Найзабек, Исмаилов Кекенбай, Турдубаев Саткын, контрабастан Жээналиев Бусурманкул – баарыбыз училищеде 2-3-курстабыз, бизди ээрчитип алып февралда филармонияга алып келди. Оркестрге отурасыңар, оркестрде иштейсиңер деп. Ал жерде ар кайсы улуттан көп, кыргыздан азыраак экен. Алардын арасына баарыбызды отургузду да, күзүндө Москвада декада болмок экен, ошого даярдады. 2-3-курспуз да, жыргатып деле ойнобойбуз, бирок тырышып, уят кылбайлы деп намыстандык… Москвага бардык, ойнодук, ойномуш да болдук. Биринчи жолу ошол декададан кийин эле оркестр андан нары Украина, Ялта, Крым деп гастролго кетти. Экинчи жылы да гастролго чыктык… Ошондо ойлойм, “отура бермек белек, оркестрди эл көрсүн” деп Насыр байке маселе коюп койсо керек. Насыр байке ошол оркестр менен “Сагыныч”, “Сүйгөнүмө” деген биринчи ырларын, Токтогулдун “Чоң Кербези”, “Карылыгын”, “Тогуз кайрыгын” оркестрге салып, кийин Кыргызстанды кыдырдык. Насыр байкенин Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин калыптанышына кошкон салымы чоң. Кыргыздын оркестри болгон соң, кыргыздын балдары көп болсун, такшалсын ой менен алып барган ошол балдардын көбү кийин композитор, дирижер, чоң-чоң музыкант болду. Насыр байке “Аида” сындуу өтө татаал балеттерди, чоң спектаклдерди койду. Искусство институтуна ректор болду, канча баланы тарбиялады, билим берди. Кыргыз музыкасы өссүн, кыргыздын улан-кыздары өссүн деген ниети бул кишиде өзү менен бирге болду.

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА, Кыргыз Республикасынын эл артисти: – Биздин убакта эки спектакль болот эле: “Бойдоктор” музыкалык комедиясы, “Аста секин, колукту”. “Аста секин, колукту” менен каякка гана барган жокпуз. Элдин арасындагы образдарды алып чыкканы элдин арасында жаңылык болгон. Молдо, Зияда, Сапарбай, көпкөн кыз, көпкөн жигиттер – ар бири оригиналдуу образдар болчу. Спектакль жакшы чыгып, мен “Жылдын мыкты ролу”, “Жылдын мыкты аткаруучусу” деген кызыл китепче алдым эле. Насыкемдин ооруп жүргөн убакта, түшүнбөгөн кишилердин айынан молдолорду шылдыңдаган деген сөз чыгып, кичине өзгөртүлүп кайта баштан коюлду. Бирок ошондо да толкунданып, жаңы төрөлгөн баланы кармап тургандай аябай сүйүнгөн. Насыр агайдын, кыргыз музыкалык искусствосуна, кайсы жанрларды албайын, бардыгын эмгеги сиңген. “Курманбек” – дүйнөлүк опера искусствосундагы табылга, үнгө ылайыкталып жазылган, өзүнүн вокалдык жолу бар чыгарма да. Насыр агайга арнап ыр жазгам минтип:
Давлесовдун музыкасы жаңырды,
Аралады шаарларды, айылды.
Сезимге бай образдуу обондор,
Оболотту жүрөктөгү жалынды.

Таякчасын так көтөрүп дирижер,
Колду сермеп оркестрге бурулду.
Алмашылып көрктүү улуу көшөгө,
Зал жаңырып, увертюра угулду.

Эрки бар, болоттон курч, темирден бек,
Таланттын жан шериги кызуу эмгек.
Насырдын эң урунтту чыгармасы,
“Аста секин, колукту”, ал “Курманбек”…

Эмгек деп үндөп эргиткен Насыр,
Эзилтип көңүл сергиткен Насыр.
Оюңдун баары ыр экен Насыр,
Ыр менен айткан сыр экен Насыр.

Опера жазып ырдаткан Насыр,
Орчундуу сонун ыр жазган Насыр,
Маданий турмуш сакчысы болуп,
Залкарлар менен бир баскан Насыр.

Насыр агайдай залкарлардын жолу узун болот. “Курманбек”, “Аста секин, колукту” эл ичинде дагы ырдайт.

Сагынаалы СУБАНАЛИЕВ, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Насыр агайдын шакирти: – Насыр Давлесовдин өмүр жолу, музыка көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымын айтканда үч маселеге токтолуш керек. Биринчиси, 2003-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деп уу-дуу болуп көтөрдүк, ошончо жылбы же андан кемби, ушул жылдарда опералык-симфониялык дирижер адистигине кыргыздан биринчи ээ болгон. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн. Ушунусу менен эле тарыхта калат болчу. Насыр Давлесов эл оркестринде иштеди, аткаруучулук деңгээлин, көркөм байлыгын, элге болгон репертуарын байытып, көбөйтүп бийиктикке көтөрдү. Опера театрында койгон чыгармаларын атын атасак эле жүрөк түшөт: “Спартак”, “Русалка” операсы, “Аиданы” коюш үчүн жүрөк, талант, шык, эмгек керек. Канча коюлду, канча угуучулар тарбияланды бул опералар менен.

Экинчи өнөрү – композиторлук чыгармачылыгы. Бул өнөрдү өзү изденип жүрүп, өзү аракеттенип жүрүп эң бийик чокусуна жетти. Композитор катары ырдан баштап симфониялык чыгармаларга, операларга, музыкалык комедияларга, кантаталарга чейин жазды. Эң акыркы чыгармасы мага жаккан скрипка жана фортепьяно үчүн жазган “Назкыял” каприччиосу. Эң мыкты, дүйнөлүк деңгээлдеги чыгарма, тилекке каршы, сейрек аткарып жүрүшөт. Операсы, операттасы менен чоң эрдик жасады. Кыргыз угарманы операны дароо эле түшүнө бербейт, түшүнө да койбойт, түшүнө турган да нерсе эмес. Ошону, угуучулардын бир муунун тарбиялоону милдет кылып жакындатып жазып, жөнөкөй чыгарма аркылуу татаал нерсени үйрөткөнгө аракет кылган.

Үчүнчү өнөрү – тарбиячылык, мугалимдик өнөрү. Бул жерде мен окуучусу катары өз кесибимде кандай ийгиликке жетсем, ал Насыр Давлесовичтин эмгеги. Мамлекетчил киши болчу, мамлекеттин өссүн, маданиятын өссүн деп бүт эмгегин жумшады. Насыр Давлесов көп жаштарга далай жакшылыкты кылды, бир-бир мен сени тигинттим дечү эмес. Бул – Насыкемдин кенендиги, бийиктиги, тазалыгы, элдин чыныгы уулу, маданият үчүн жанын, канын береген адам экендиги. Ушул касиеттери, чыгармалары менен кыргыз улуту дагы канча өмүр сүрсө, Насыкемдин өмүрү ошончолук узак болот.

Турат МҮСҮРАЛИЕВ, кошунасы: – Насыр Давлесовду 35 жылдан бери тааныйм, 25 жыл кошуна болдум. Бир подъездде жашап калдык. Мен бир нерсени айтайын: кыргыз мамлекетинде ар бирибиз эртең менен Насыр Давлесов жазган гимн менен ойгонобуз, Насыр Давлесовдун гимни менен уктайбыз. Насыкемдин инсан катары тарыхта калды. Искусство адамдары жөнөкөй келишет, Насыкем нагыз жөнөкөй жашап өттү.

Касым ЖУНУШБАЕВ: – Насыр менден 2 жаш кичүү эле, Насыке дечүмүн Композитор болуу, жазуучу болуу, мамлекеттик ишмер болуу, президент болуу абдан жакшы, ошолордон болуп туруп адам болбоо абдан кейиштүү, абдан өкүнүчтүү. Ушул жагынан алганда Насыкем абдан кичипейил, жөнөкөй, адамдын кадырын билген, адамдын көңүлүн оорутпаган жан эле. Кыз-келиндер институтунда 46 жыл иштедим, музыкалык факультетинде 17 жыл декан болдум. Кыргыз музыкасынын, кыргыз искусствосунун эң мыкты жигиттери менен иштедим. Анын ичинде Мукаш Абдраев, Султан Юсупов, Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов… Насыкем мугалим болду, кафедра башкарды. Баласагындын бир жакшы сөзү бар, “Жакшы адамдар менен иштөө жакшы, кызыл-тазыл гүлдөрдүн ортосунда жүргөн сыяктуу, ошол гүлдөрдөн жакшы, жагымдуу жыпар жыт чыгат” деп. Жыпар жыттуу жакшы адамдардын арасында жүрдүм. Ал жерден саат эсептегенди үйрөткөм, Насыкем ректор болуп барганда телефон чалып айтып жатпайбы, “саат санаганды үйрөнгөнүм жакшы болуптур, өзүмдүн декандарыма үйрөтүп жатам” деп. Экинчи жагынан алганда Насыр Давлесов, мага күйөө бала. Кыз-келиндер институтунда иштеген же ошол жерден колукту алган жигиттерди биз күйөө бала дейбиз. Мукаш Абдраевдин жубайы Уруят, Насыкемдин Сабирасы менден беш жыл окуп чыкты… Өлүм деген өтө бир мээримсиз нерсе болот экен. Насыкемди бизден ажыратып кетти, кыргыз элибиз жакшы композитор, жакшы дирижер гана эмес, эң бир жакшы адамга кемий түштүк. Өлүм деген өтө бир мээримсиз нерсе болот экен. Насыкемди бизден ажыратып кетти. Насыкемдин биздин арабыздан кетиши жакшы композитор, жакшы дирижер гана эмес, кыргыз элибиз эң бир жакшы адамга кемий түштүк…

Сулайман ИМАНБАЕВ, кудасы: – Насыкеме жакшы сөздүн баарына татыйт, туура келет. Татыктуу алтындай болгон үй-бүлөсү бар. Насыкем 3-4 жыл катуу ооруп, кудагыйдын күчү, эмгеги, аракети менен жакшы жашап өттү. Кудайдын буйругу менен кара чечекей куда болуп, бир дасторкондо ырыскылаш, пикирлеш катары ой бөлүшкөн ырахатты отуз жыл көрдүк. Ортодо балдарыбыз бар. Жазмыш экен, бизди байланыштырып жакын кылган келинибиз Чолпон да жаш кетти. Чолпонду көзүмө жаш албай сөз кылбай кое албайм. Жакшы атанын баласы, жакшы апанын баласы, жакшы үй-бүлөнүн баласы бизге да жакшы үй-бүлө болуп берди. Абдан жакшы жашадык эле… Насыр Давлесов өлгөн жок, артында кыргыздын таланттуу көп азаматтары турат. Насыкем толтурган улуттун уңгусу, келечеги кенен болот буйруса…

«Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.