Макей ава

makei

Макей ава кез-кезде редакцияга келип, ал-акыбалымды сурап, мага өзүнүн карыялык кеңешин айтып, менин жанымда кыйлага отуруп, азыркы мезгилдеги адабияттын кейиштүү абалы, учур, эне тил, өнөр, ата журт, биримдик, ыйман, инабаттуу инсандар, залкар акындар, элин коргоп жоо сайган баатырлар жөнүндө кеп салып, көздөн кар учуп турган учурда көңүлдү көтөрүп, илхамды күү ыргагын черттирип кете турган.

Айтор, ошондонбу, же башкаларга окшобогон жылуу-жумшак мамилесиненби, жана да байлыктан өткөн бакыт болорун, оозу менен орок оргондордун, котур ташы койнундагылардын, пейили бузуктардын жанына жолобоо керектиги баса көктөп айтканынанбы, мен нарктуу Макей аваны кадырлап, редакцияга көбүрөөк келүүсүн, көбүрөөк көөндү эргиткен кепти айтып берүүсүн самай турган элем. Мына ушуну калемдештеринин кадырын, чыныгы атуулдар кадырын, өнөрү өргө чапкандардын кадырын жакшы билген карыя жазуучу сезе турган.

Тынчтыкбек (Нурманбетов) эс алууда жүргөн, а мен окуучулардын дил баяндарынан, жаш талапкерлердин ырларынан, мугалимдердин дил туюмдарынан, илимпоздордун ой жүгүртүүлөрүнөн иргеп, буларды жупкадай журналдын жаңы санына даярдап олтургам. Бир маалда Жети-Өгүздө эс алып, ден соолугун чыңдап келген Байтемир аке (Асаналиев) баш багып калса болобу. Ал-акыбалды сурагандан кийин олтуруп, агалык насаатын айтып, дем бергендей болду да, анан өзү иштеген “Байчечекей” журналына кайтып кетеринде кайгыргандай үнүн каргылдана чыгарып, Макей Жоошбаевдин дүйнөдөн кайтыш болгондугун, топурак салалбай калганын айтты эле, мен бул суук кабарды угуп, заматта кызыктай боло түшкөм. Кырчын талдай бүрдөгөн “Кырчындын” жарым кылымдык мааракесинде келип, кубанганын билдирип, колубузду кыса куттуктаган. Андан соң менин “Жээренче чечендин акыркы күндөрү”, “Барс-бек кагандын көрөр көзү” деген романдарымды чын ыкыласынан окуп чыкканын да айтып, кайрадан колумду кысып, далымдан таптап койгон. Бирок даам сызууну күтпөй эле, эмнегедир башы ооругансып, денеси салмактанып турганын, үйүнө барып жатарын айтып кеткен.

Шум ажал акылга дыйкан Бакай бабабыздай карыя жазуучуну алып тынган тура. Кайран гана көөндү эриткен кепти көп билген аксакал ай! Коңур күздөй күлө карап, мээрим төгүп, кандай гана кыйынчылык болбосун чыдоо керектигин, ээк астында элдин эртеңкисин ойлоо керектигин, өспүрүмдөрдүн журналын сактап калуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо абзелдигин айтып, талыкпастан эмгектене берүү керектигин айтып, жүрөгүмө далай жолу кубанычтын отун жаккан эле. Анан да Абдиламиттин (Матисаков) аңгемелерин, публицистикалык толгонууларын, Бактыгүлдүн (Чотурова) ырларын окуп жүргөндүгүн, бирок экөөнө жолуга электигин айткан. Ошондо мен Бактыгүлгө телефон чалып, Макей аванын бара тургандыгын айтсам, ал кубанып калган. Арадан бир-эки апта өтпөй эле, Макей ава келип, Абдиламит менен Бактыгүлгө жолукканын, көпкө сүйлөшкөнүн, атурсун баарлашуусу “Кыргыз Туусу” гезитине басылганын, экөөнө тең ыраазы болгонун, экөөнө тең албан-албан ийгилик каалаганын айтып, кайрадан менин жүрөгүмдү жылытып, жакшы ойлорго кабылтып, батирин карай жөнөгөн.

Анткен менен байланышын үзбөй, кеч күздүн жамгыры себелей жаап турганда басмадан жарык көргөн “Кара шайтан” аттуу китебин алып келип, ак дилинен жарыла сунуп, чыгармачылыктын түйшүктүү жолунда арымдуу кадам, албан ийгилик каалаган. Ошондой эле баатыр бабалардын жоокердик салтын бузуп, өз кызыкчылыгын көздөп, тоолук кыргыздарды найзанын учу, кылычтын мизи менен каратып алууну каалаган Кененсарынын Ноорузбай баатыры баш болгон берендеринин, жоокерлеринин, жан-жөөкөрлөрүнүн, жалоондой жасоолдорунун кандуу жортуулунда жүрөксүп калтарыбай, аларга каршы туруп, айыгышкан айкаштарда Төрөгелди баатырга кошулуп, шериктерин шердентип, эрдик көрсөтүп, кастарын тиккендердин жеңилүүсүнө салым кошкон Корош баатыр тууралуу, Ормон хандын жүрөгү жылып, анын үстүнө алтын кымкап жаап, башына кундуз тебетей кийгизип, сабы алтын кылыч менен сыйлаганын айтып, өзүнүн тарыхый окуяларды жакшы биле турганын билдирген.

Дагы бир мертебе келгенде, даңкы дабан ашкан Качканак бий менен ак көрпө жайыл, нускалуу Зуура байбиченин азамат уулдары: Асан, Арзымат, Көкүмбай, Жоруп жөнүндө, жунгарларга каршы күрөштөрдө эрдик көрсөтөн Эр Садыр, Байдөөлөт баатыр, Календер баатыр жөнүндө, ары саяпкер, ары олуя чалыш, сүлөөсүндөй керилген, сүйлөсө жанды эриткен Сатылган ажы, Кожобек бий, анын акылы жетик, сезими тунук апасы Айша айымзаада жөнүндө айтып, кылымдарды карыткан элибиздин кыраандарынын бири болгон Абды Сүйөркуловдун улуу инсандыгы, көйкашкалыгы, санжыраны жакшы билгендиги жөнүндө айтып, кайрадан жүрөгүмдү жылыткан. Жана да зирек жазуучу, чыгаан публицист Абдиламит Матисаковдун, таланттуу акын Бактыгүл Чотурованын чыгармачылыгы жөнүндө орошон ойлорун айтып, көңүлүмдү көлдөй чалкыткан. Кутман карыя да, аксакал жазуучу да. Ушуларды эсиме түшүрүп, көзүмдөн жашымды имерип алгам. Бирок, мунумду Байтемир акеге көрсөтпөй, башымды жерге салып, үшкүрүк аралаш терең күрсүнгөм.

Кайран Макей ава ай! Тоо булбулу Токтогул жөнүндө абдан көлөмдүү роман жазып бүткөнүн, бирок басмадан чыгарууга каражаттын жоктугун, ошондон улам үч-төрт жерге барганын, изги тилеги кабыл болбогонун айтып да кейиген. Мен ушул романдан эки шиңгил сурап алып, жупкадай журналдын эки санына жарыялап, кутман карыяны кубанткан элем. Бул 1998-жылы болучу. Кийинчерээк Макей ава дагы келип, тарых күүсүндөгү инсандар, инабаттуу жакшылар тууралуу баяндарды куюлуштура төгүп олтуруп, көөндү эргиткен кептин арасына Токтогул Сатылгановдун кан Дыйканбайдын жүрөгү жактырган Даркан сулуу жөнүндөгү дастаны болгонун, бирок ушул дастандын кагаз бетине түшүрүлбөй калганын, бул залкар акын эмнегедир бирге жүргөн төкмөлөрдүн айрымдарына таарынып калгандай, өзүнөн көптү үйрөнгөн шакирттерине да капа болгондой, аны аларга айткан эместигин кошуп, мына шонтип өзү менен кошо ала кеткенин айтып, абдан кейиген эле. Анан мага мына ушул ай чырайлуу, сарамжалдуу, нускалуу Даркан сулууну кан Дыйканбай жокто, анын дөөлөттүү, дүнүйөлүү туугандарынын айрымдары: “Бул сулуу тексиз жерден, каныбызды бузат”, – дешип терең ойлонушпаганын, алды-артын карашпаганын, акылы жетик, сезими тунук жаш перини дырдай жылаңачташып, үстүнөн миң койду өткөрүшкөнүн, анда өлбөй калганда, чычырканакка бөлөп жаткырышканын, ошондо да аман калган, аны Нарын дайрасы менен Узун-Акмат өзөнүнүн кошулган жерине жакын болгон Улук-Коргондун ичиндеги зынданга салып койгонун айтып берген эле.

Бул абдан кайгылуу, армандуу баянды укканда кан Дыйкандын жүрөгү тилинип, жүлүнү сыздап, көзүнөн жашы төгүлүп кетчү экенин ырыстуу байбичелерден, дөөлөттүү аксакалдардан угуп калганын, аман болсо, мына ушул кайгылуу баянды жазып бере турганын билдирген. Мен кудуңдап кубангам. Бирок, таш боор ажалдын ушуну жазып бүтүрүүгө үлгүртпөй, Макей аваны алып кеткенин… Кайрадан жүрөгүм канап, кайрадан көзүм жашылдана түшкөн. Шуу үшкүргөм да, башымды көтөрбөй, “Кара курттун уюгу”, “Кара шайтан” деген романдардын жана бир нече повесттердин автору болгон, бирерде атайы улук башын кичик кылып, изги тилекте келип, текчедеги китептерди, сүрөттөрдү карап, журналдын жаңы сандарын барактап көрүп, сыпайы сүйлөп, батасын берип, жүрөктү жылыткан, калкыбыздын кулундарына жакшылык ыроолого, базар мамилесинин катаал шартында калемимди колдон түшүрбөөгө үндөп, турмуштун оош-кыйышы күчөгөн кезде далай жолу кадимкидей кайраттандырып, аксакалдык насаатын айтып, шыгыма шык кошкон Макей аванын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны жаннаттан жай алсын! – деген элем ичимден. Кийинчерээк канаттуу ырларды жазган Кудайберген акеге (Жуманазаров), Бергеналы акеге (Базарбав), Бактыгүл Чотуровага, Карбалас Бакировго айтып, мына ушул жөнүндө, болгондо да кан Дыйканбай менен Даркан сулуунун арзуусу жөнүндө  изилдеп көрүүнү, жүрөк кылдарына жете тургандай чыгарма жазууну ойлонуп көрсөңөрчү деген элем.

Аттиң арман! Бири кем дүйнө деген ушул тура. Арадан андан бери далай мезгил алмашты. Анткен менен Макей Жоошбаевдин көөндү эриткен кепке толгон чыгармалары калбадыбы. Уучубуз кур эмес. Балким мутабар мырзаларыбыздын арасынан кашкөйү чыгып, ыраматылык Макей аванын тоо булбулу Токтогул жөнүндө жазылган көлөмдүү романын басмадан жарык көрсөтүүнү, окурмандар журтуна жеткирүүнү ойлоп калгысы бардыр.

Тойчубай СУБАНБЕКОВ, жазуучу, «Кыргыз туусу», 29.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.