Исмаилов: Өз оюн кыргыз тилинде оозеки жеткире албаган жарандар абдан көбөйдү

a_ismailov_vb

“Өзүнүн эне тилинде – кыргыз тилинде өзүнүн оюн оозеки жеткире албаган жана өз оюн кагазга сабаттуу түшүрө албаган жарандарыбыз абдан көбөйдү. Ушул өтө өкүндүрөт”. Мындай пикирин Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов “Кабар Ордодо” кыргыз тилинин маселесине арналган тегерек столдо билдирди.

Ал ошондой эле, азыр жаш карысы дебей мите сөздөрдү колдонуп калганын айтып кейиди.

“Мектепте кыргыз тили, адабиятынан дарс окуган мугалимдер менен окуучулар да бүгүнкү күндө орусча “мите” сөздөрдү аралаштырып сүйлөп калыптыр”,- деген Исмаилов мугалим менен окуучунун ортосундагы диалогго мисал келтирди.

Мугалим:

– Кечээ эмнеге школго келген жоксуң?

Окуучу:

– Классный руководителибиз эртең урок болбойт, келбей эле койгула деген.

Сүйүшкөн жигит менен кыздын диалогу:

Жигит:

– Вечером мен өзүм сага звонтетем.

Кыз:

– Окей жаным, только на сотку. Домашныйга звонтетпе.

– Эмнеге?

– Үйдө мамашкалар бар. Паханды болсо сам занаешь аябай строгий.

Жүргүнчү менен айдоочунун диалогу.

Жүргүнчү:

– Братан, бул маршрутка Ошскийге барабы?

Айдоочу:

– Барат.

– По Токтогула мененби?

– Нет, по Боконбаева менен барат.

Кардар менен сатуучунун диалогу:

– Алмаңыздын ценасы канчадан?

– Элүү бештен.

– Сочнийбы?

– Ооба, абдан сочний.

Айылдагы чал кемпирдин диалогу: Чалы кемпирине кайрылып жатат.

– Кемпир, сен көң-тезегиңди заготопколей бер. А мен көмүрдү запаскалай берейин.

Расул Усеналиев, «Кабар ордо», 06.05.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.