Жусуп Мамай манасчы менен Кубат Жусубалиевдин жолугушуусу

jusup_mamai_kerdegei

Кытайлык кыргыздардан чыккан белгилүү манасчы Жусуп Мамай дүйнө салды 1-июнь күнү каза болду. Манасчынын сөөгү Кытайдын өзү жашаган Ак-Чий аймагында жерге берилет. Мындан эки жыл мурун Кубат Жусубалиев Кыргызстандан Кытайды көздөй аттанганда эле “Манасчы Жусуп Мамайга жолуксам” деген тилек менен кеткен. Токсон беш жашка толуп, тоодой болуп олтурган манасчыга жолугуп, суроолоруна жооп алып, кызы Жамбы экөө ала барган калпак , чепкенин кийгизип кайтышкан. Төмөндө эки залкардын маектешүүсүн эске салалы.

К.Жусубалиев: – Тээ көптөн бери эле ушу сиз менен, аксакал менен жолугушсам, учурашып кетсем деген тилек жүрөр эле. Ошол тилектин сааты чыкты окшойт, аксакал?

Жусуп Мамай:- Жараткан бешенеге жазганын алдын ала биле албайсың. Жашай берсең, баарын жашоо өзү көрсөтөт. Адам ата, Обо энеден бери эле ушул көрүнүш. Нике кайып деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай кайыптардын түрлөрү бар. Эки адамдын жолугушуусу деле ошол кайыптардын бир түрүнө кирет.

– Кыргызда: “Өлбөс кул алтын аяктан суу ичет”,- деген макал бар. Өлбөс кул – бул бир байдын кулу эмес, кудайдын кулу деген сөз.

– Ошо кудайдын кулу көп жашаса баарын көрөт. Бардык тилегине жетет деген сөз да.

– “Өлбөс кул алтын аяктан суу ичет”. Бул сөздүн маанисин, тереңдигин кыргызың түшүнбөсө, кайдан айтсын. Кыргыздар “дүйнөнүн түркүгү” деген сөздүн да маанисин билсе керек да. Болбосо мындай сөз жөн жерден чыкпайт да. Деги эле өлбөстүккө кандай карайсыз?

– Сен айткандай эле дүйнөгө түркүк боло албайбыз. Бул жарыкчылыгың убактылуу. Көз ирмем. Мөлтүлдөгөн бир тамчы. Дирилдеген жалбырак. Бирок денең эмес, жандын, учкан жандын өлбөстүгү чындыктыр.

– Түкөм, кадимки жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экөөбүз бири-бирибиз менен аябай жакшы болчубуз. Бир жолу экөөбүз маек куруп, ал киши айтты: “Мен өзүмдү миңге чыккандай сезем, мен миң жашка чыктым”,- деп айтты. Сизде ошондой сезим болобу?

– Тирүүчүлүктө, жарыкчылыкта адамдарга жараткан ар кандай тагдыр берет. Сезим берет. Мен бул жашка келгеним менен менде андай сезим жок.

– Журт атасындай болуп аксакалыңыз жайкалып, токсон беш жашка толупсуз. Токсон беш жашыңызды, буюрса, кыргыздар тособуз деп турушат. Кыргыздарга сиздин эки ооз сөзүңүздү жеткире баралы. Ошол эки ооз сөзүңүздү кыргыздарга айтып койсоңуз?

-Бала-чакалуу, бирок ыркырап-чыркырап, үйүндө күндө уруш болгон аксакалдын үйүнүн эшиги тыкылдайт. Чыкса Мээнет турат эшикте: “Үйүңөргө мен керекминби?” – дейт. Аксакал ойлонуп: “Жок, керегиң жок” ,- дейт. Кетип калат. Эшик дагы тыкылдап, аксакал чыкса, Дөөлөт турат: “Сиздин үйүңүзгө мен керекминби?”- дейт. Аксакал дагы ойлонуп: “Жок, керегиң жок”,- дейт. Үчүнчү ирет эшик такылдайт. Ынтымак турат. Аксакал үйгө киргизсе, Дөөлөт менен Мээнет кошо кирет. Анын сыңарындай, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарса” , эл ичинде ынтымак болсо, бардык кыйынчылыкты жеңсе болот.

Бул жарыкчылыгың убактылуу. Көз ирмем. Мөлтүлдөгөн бир тамчы. Дирилдеген жалбырак. Бирок денең эмес, жандын, учкан жандын өлбөстүгү чындыктыр

16.08.2012-ж.

Жамиля Нурманбетова, “Кабар ордо”, 03.06.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.