Кайра ачылган “Гүлдесте”

"Гүлдесте" тобу, 2014-жыл. Азат Элебесов биринчи катарда оң жактан экинчи.
“Гүлдесте” тобу, 2014-жыл. Азат Элебесов биринчи катарда оң жактан экинчи.

1970-80-жылдары аты чыккан “Гүлдесте” тобу кайра түзүлүп, концерт бере баштады.

1970-80-жылдардагы искусство агымын  аваз ансамблсиз элестетүү кыйын. Кичинекей Кыргызстандын ар тарабынан чыккан “Наристе”, “Гүлдесте” “Арашан”, “Күлгүн жаш”, “Досум Үсөн”, “Кыз Бурак”, “Назик”, “Гүлкайыр” жана башка ансамблдер райондук, облустук, шаардык маданият үйлөрүнөн, айылдык клубдардан чыгып элет жеринин маданиятына зор салым кошуу менен сыймыгына айланган эле.

Республикалык, союздук деңгээлге чыккан мыкты музыканттар менен ырчылар түрдүү аспаптарда так ойноп, кубулжуган өз үнү менен эл моокумун кандыра, суктанта ырдаган нукура таза таланттар болчу. Ошолордун ичинен эң бир күчтүү чыккандарынын бири Нарын шаардык маданият үйүнүн “Гүлдесте” аваздык ансамблинин жетекчиси Азат Элебесов:
– Республикалык конкурстарды жеңип алып Югославия, Чехияга фестивалдарга барганбыз. Москвага көп жолу бардык. Бүткүл союздук жаштардын чыгармачыл сынактарына катышканбыз. Ошолордун лауреаттары болуп ар бирибиз бирден алтын медал алганбыз.

1980-жылдардын аягында турмуш шартына байланыштуубу, айтор, топтогу музыканттар ар жакка тарай баштаптыр. Мындай көрүнүш башка аваздык топтордо да болуп, ошол кездеги кайра куруу жаңырыгы буларды да кыйгап өтпөгөн. Клубдар, маданият үйлөрү талкаланып, таланып-тонолуп, менчиктеше да баштаган. Өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде сактап калгандар “Досум Үсөн” жана “Кыз Бурак” гана болгон. Алар да азыркы жаңы эстрадалык ыкмага ыңгайлашып кеткен деген Азат Элебесов клавишада да, гитарада да чебер ойнойт:
– Азыр эстрада жанры бүт эле компьютерге ооп кетпедиби. Бирок андай музыка адамга көп таасир этпейт. Жансыз сыяктуу. Ошондуктан биз ансамблибизди кайра жандантып жатабыз.

Ал кезде кыргыз эстрадасынын башаты болуп эсептелген Чоро Кожомжаровдун ансамблинен таасирленген жаштар көп эле. 7-8-класстан эле музыкага шыктуу балдар гитараны билген Асанбек Токтомушев деген агайынын арты менен ансамбль уюштурушкан. Бул 1968-1969-жылдар эле дейт Азат Элебесов. Ошол эле мезгилде окууга өтө албай, кайра мектепте иштеп калган Дүйшөн Ботояров да ансамбль түзүүгө аракет жасаптыр:
– Бешөөбүз мектепте колго электрогитара, барабан жасап, сентябрь, октябрь, ноябрь ойноп, анан мен армияга кеттим.

Ал кеткенде армиядан жаңы келген Азат Элебесов менен Аман Сатымбаев Нарын электр станциясынын алдындагы клубда музыкант болуп иштей башташат. Сатымбаевдин айтымында:
– Угуучуга гүлдесте катары өзүбүздү тартуулайбыз да, “Гүлдесте” деп атап койбойлубу деп айттым. Бардыгына жагып калды бул идея. Бизге дароо эле шаардык комитет, аткаруу комитети материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөттү.

Ал кезде баары өз үнү менен гана ырдап, музыканы да сахнада өздөрү ойночу. Эч кандай фонограмма чыга элек кез. Ошондогудай өз үнүм менен “Гүлдестеде” кайрадан ырдап жатканыма кубанычтуумун деген белгилүү ырчы, КР эмгек сиңирген артисткасы Майрам Дүйшекеева:
– Мен 1977-жылы “Гүлдесте” тобунда ырчысы болгом. Көп ийгилик жаралган. Быйыл ансамблге 40 жыл толуп, ошо кездеги балдарыбыз азыр алтымыштан ашыптыр.

Азат Элебесовдун айтуусунда алгачкы концерттерин өздөрү туулуп-өскөн шаары Нарындан башташты. Күзүндө Бишкекте да чоң концерт берүү планда.

Алтынай Темирова, «Азаттык», 04.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.