Владимир Санги: Өрдөк жөнүндөгү нивхи жомогу «Ала Дөбөттүн» өзөгү болду (уландысы)

sangi

(Башталышы бул жерде)

– «Ала дөбөт» алгачкы ирет жарык көргөндө коомчулук кандай кабыл алды? Владимир Михайлович, ошол учурдагы адабиятчылардын чөйрөсү жана окурмандардын чыгармага болгон көз карашы жөнүндө мүмкүн болушунча айтып берсеңиз? Анткени, азыркы окурмандарга муну билүү абдан кызыктуу жана маанилүү дагы…

– Ал учурда жаңыдан жарык көргөн ар бир чыгарма адабиятчылардын көз жаздымында калчу эмес. Басмаканадан чыгары менен эле адабий сынчылар баса калышып, «жиликтеп» салышчу. Окурмандарыбыз да өтө активдүү эле. Айтматовду билбейм, мени адабий журналда «Ала дөбөт» жарык көргөндөн баштап телефондон жана кат жазып куттуктагандар көбөйдү. Алардын арасында адискөй адабиятчылар, карапайым окурмандар да бар эле. Тамаша-чынга салып: «мени эмнеге куттуктап жатасыңар, авторго айтпайсыңарбы» — десем, «чыгарма сизге арналып, анан калса нивхи маданиятына чоң салым кошкон окуя болуп жатпайбы» — деп жооп беришти.

– А басылма беттеринде кандай ойлор айтылып, талкуу жүрдү?

– Негизинен, Пушкиндин Лермонтовго сюжет белек кылганын мисал келтиришип, «мындай окуя биздин адабиятыбызда экинчи жолу кайталанып, нивхи жазуучусу Санги айтып берген сюжетти Айтматов чеберчилик менен окурмандарга жеткизди» деген ойлор айтылды.

– Чыңгыз Төрөкулович менен «Ала дөбөт» жазылып жатканда же чыгар алдында жолугуштуңузбу?

– «Ала дөбөт» жарык көргөндөн кийин жолуктук. Кремлде адаттагыдай жазуучулардын бир иш чарасы өтүп жаткан. Чыңгыз мени орус эмес жазуучулардын катарынан көрө калып, топту жиреп өтүп келип: «Володя, баягы сенин белегиң повесть болду жана мен аны сага арнадым. «Дружба народов» журналына басылып жатат, окуп кой» деди. Жогоруда айтпадымбы, мага телефон чалуулар көп болуп, өзүм да кызыгуу менен окуп жаткам. Айтматов анан: «Сергей Бородин аксакалды билесиң да, сени «Ала дөбөткө» карата пикир жазып берсин деп суранды» деп калды. «Дружба народов» журналынын башкы редактору Сергей Бородин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, абдан жумшак киши эле. Көпчүлүк адабиятчылар, анын ичинде менин да ал киши менен мамилем жакшы болчу. «Чыңгыз, менин жазганым ыңгайсыз болуп калат го. Андан көрө адабий сынчылар, окурмандар жазсын» дедим. «Сен ал кишинин сакалын сыйлап барып койсоң. Анткени ага окурман же сынчылардын эмес, сенин пикириң абдан кызык. Володя, мен нивхилердин жашоосун таптакыр билбейм, ошондуктан сенин чыгармаларыңа кайрылып, адамдардын аттарын ошондон алдым» деди Чыңгыз.

Өтүнүч деген өтүнүч, аксакал башы менен Сергей Бородин, бет алдымда болсо Айтматов өзү суранып турса «кой» дешке болбой калды. «Жарайт, пикир жазса жазып берейин, бирок Чыңгыз, мага таарынба анда!» дедим. Ал: «мен эмнеге таарынмак элем»- деп жооп берди.

– «Мага таарынба!» деп эмнени айтайын дедиңиз эле?

– Айтматов өзү айткандай, чыгармада нивхилердин турмушун билбегендигин мен ошол элдин өкүлү, болгондо да жазуучу катары окуганда эле көргөм. Маселен, деңиз үстүндө, болгондо да жаздын суук күнү эч качан адам чаңкабайт. Мындай көрүнүш күн ысык тийген өлкөлөргө мүнөздүү. Анан да нивхи өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезет. Ошондуктан ал эч качан жаратылышка каршы чыкпайт. Эсиңиздеби, Мылгундун шамалды ашатып сөгүп атканы? Ушул сыяктуу нивхилердин турмушуна шайкеш келбеген окуялар чыгармада көп эле учурайт. Анан ушулардын баарын көрүп-билип туруп, пикир жазганда айтпай коё алмак эмесмин. Мага таарынба дегеним ошондон.

Канткен менен турмуш чындыгы башка, көркөм чыгарма башка. Бирок Чыңгыз Айтматовдун дүйнө таанымынын кеңдиги ушунда, өрдөк жөнүндөгү нивхи элинин уламышы менен фольклорго чыныгы турмушту жуурулуштуруп, келечек үчүн курмандыкка баш байлоо тууралуу мифологиялык поэманы жаратып салды. Бул чыгарма нивхи элинин эле эмес, бүтүндөй адамзаттын жан дүйнөсүн байыткан көркөм дүйнөгө айланды.

– Сиз бул пикириңизди журналга жазып бердиңизби?

– Албетте, атайын суранып жатышса, кантип жазбай койом. Жаздым. Аны окуп Айтматов өзү: «спасибо за честность» деп колумду кысты.

– Кыргызстанда мурда-кийин болдуңуз беле?

– Союз мезгилинде бир жолу болгом. Анда Фрунзе шаары эмес беле, СССРдин жазуучулар союзунда секретарь болуп иштеп, Кыргызстанга көчмө пленумду өткөргөнү келгем. Мынча болду, эми ошондогу бир окуяны айтып берейин. Жыйын ортолоп, чоң тыныгууга чыкканбыз. Бир топ жазуучулар болуп маектешип турсак, кара-тору, жоон-жолпусунан келген киши дарылдап: «Силер баарыңар биздин Айтматовду айланчыктап күн көрүп атасыңар!» — деп калды. Жаңылбасам, Бобулов деген болсо керек эле.

– Бобулов. Кыргызстандагы көрүнүктүү адабият сынчысы, жазуучу болуучу.

– Ал азыр барбы?

– Жок, каза болгонуна бир топ жыл болуп калды.

– Жаткан жери жайлуу болсун. Бул кимге айтып атат деп айланамы карасам, баары эле кыргыз жазуучулары. Демек, мага айтып жатса керек деген ой келди. Аңгыча Майрамкан аны болбосуна койбой жеңден жулкуп, ары тартып кетти.

– Сиз жооп кайтардыңызбы ага?

– Жок, жөн гана жылмайып койдум.

– Майрамкан Абылкасымова күлүү-күчтүү. Азырга чейин маданий чөйрөдөгү маанилүү окуяларга үзбөй катышып турат.

– Ага менден чо-оң салам айтып, ден соолугун сурап койгула.

– Сөзсүз айтамын. Сиз да бакубатта, аман-эсен болуңуз. Кыргызда «атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн!» деген кеп бар. Сиз менен маектешип олтуруп, ушул сөздүн касиетин сездим. Айтматовдун ааламына бир сүңгүтүп, эскерип бергениңиз үчүн мен өзүмдү өтө бактылуу сезип турам. Сизге чоң рахмат!

Абдыжапар Нурдинов“Кабар ордо”, 14.06.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.