“Кайрылчы, тагдыр…”

t_espaev

Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Токон Эшпаев 64 жаш курагында дүйнө салды. Ал «Чаткалым», «Акманым», « Керме тоонун кыздары» «Жаштык, жаштык», «Тагдыр», «Ай, эжеке» сыяктуу бир топ ырлары менен кыргыз музыкасына чоң салым кошкон.

– Жаштык, жаштык, жалынга баттык.
Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык…

Ушинтип ай-ааламды жаңырта безеленген мукамдуу үн азыр да көпчүлүктүн эсинде. Токон Эшбаев өткөн кылымдын 60-жылдарынын этегинде кыргыз музыка көчүнө кошулуп, шаңдуу ырлары менен жаш обончу катары дароо эле элге таанылган. Анын “Ай, эжеке”, “Ак тилек” сыяктуу ырларын жаш ырчылар улам жаңыча жасалгалап, азыр да ооздон түшүрбөй ырдап жүрөт.

Маркум акыркы кезде ооруп жаткан. Бул тууралуу Ош филорманиясынын жетекчиси, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова билдирди.

– Токон акебиз көптөн бери ооруп жүргөн. Ошол илдет аны алып тынды. Биз Токон аке менен он төрт жылдан бери чогуу иштеп келдик. Бул аралыкта ал биздин 130 киши иштеген Ош филармониясындагы жамаатка жогорку адамдык сапаты, мыкты обончулугу, мыкты аткаруучулугу, мыкты усататтыгы менен үлгү болуп келди. Биз баарыбызга кеп-кеңишин айтып келген мыкты инсаныбыздан айырылып, тообуз кулагандай болуп отурабыз. Муну менен бирге Гүлшайыр Садыбакасова Токон Эшпаевдин кайталангыс өзгөчө үндүү ырчы болгонун да эскерип отурду.

Ал эми мурдагы маданият министри, Кыргыз эл артисти Ибрагим Жунусов Токон Эшпаевдин жаркын элесине мындайча токтолду:

– Бул киши өзүнүн таланты менен кыргыз маданиятына, обончулук өнөрүнүн өсүшүнө чоң салым кошкон. Мен Токон акени ойлогондо анын жагымдуу, коңур, тембр үнү эске келет. Анын аккордеондун үнү менен ай-ааламды жаңырта безеленген мукам үнү азыр да кулагымда жаңырып турат.  Ошол эле учурда Токон Эшпаев көлкөйгөн көлөмдүү адам катары бапыраңдаган, жан дүйнөсү да, адамдык сапаты да, көңүлү да олбурлуу, кенен киши эле. Мен аны мектептеги кезимден бери билем. Бир конкурста мен Токон акенин «Чаткалым» деген ырын ырдап биринчи орунду алгам. Ошол кезден бери ал киши менен жакшы мамиледе жүргөнбүз. Не дейбиз, ажалга айла жок тура…

Ибрагим Жунусов мындан сырткары Токон Эшпаевдин обончулукта эч кимге окшошпогон орду бар экенин, эми анын экинчи өмүрүн чыгармалары уларын айтты.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 02.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.