“Экинчи Рыспай”

t_koldoshev

Учурда аккордеондун коштоосунда аткарган ырлары менен таанылып келаткан жаш обончу Түмөнбай Колдошевди улуу муун өкүлдөрү Рыспай Абдыкадыровдун үзүлүп бараткан мектебинин улантуучусу деп эсептейт.

“Сөздү да мыкты тандайт, кемелине келтире да ырдайт”

Жаштардын басымдуу бөлүгү эстрадага ооп турган мезгилде Түмөнбай салмактуу обондору менен угармандарын таап калды. Азырынча бүтүндөй республикага тааныла элек обончуну өзү жашаган Ош шаарында күйөрмандары “экинчи Рыспай” деп аташат.

Ырчынын угармандарынын бири, адабиятчы Абдыкерим Муратов Колдошевди улуу муундар сагынган Рыспай Абдыкадыровдун обончулук мектебинин уландысы деп баалайт:

– Түмөнбай Колдошов өткөн кылымдын 60-жылдарында кыргыз маданиятында бурулуш жасаган Рыспай Абдыкадыровдун таасирин алган агымдын азыркы өкүлү. Ал өзү адабиятчы, табиятынан лирик, кыргыз поэзиясындагы элегия жанрынын эволюциясы боюнча кандидаттык ишин коргоо алдында турат. Андыктан да ырларынын сөзүн мыкты тандай алат. Эл унутуп калган Рыспайдын Айгүл Узакованын сөзүнө жазылган бир ырын кемелине келтире ырдайт экен, Абдыкадыров өзү тирилип келсе да арык манжалары менен аткаруучунун колун кысмак белем деп койдум.

Абдыкерим Муратов жаш обончунун сөз менен иштөө чеберчилигине да өзгөчө баа берет. Угармандардын айтканына караганда, Түмөнбай Колдошевдин Жыпар Умарованын сөзүнө жазылган элегиясы:

“Сагындыңбы?.. Мен да сагындым…
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы?.. Мен да таарындым…” деген саптары муңдуу обон менен жуурулушуп кеткен.

Медербек Шакир уулунун сөзүнө жазылган “Кош, эми сүйүү багы” деген чыгармасы да анын обончулук диапозону кеңири экендигин күбөлөйт. Дагы бир ыры Саткынбай Момуналиевдин сөзүнө жазылган “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен…” деп аталат. Анын «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң», «Жарты кайык» деген ырлары да өз угармандарын тапкан.

«Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам…»

Жазуучу Абдиламит Матисаков жаш обончу менен жолугушуу өзгөчө таасир калтырып, сезимдерге бүлүк салганын эске салат:

– Түмөнбайдын эне жөнүндөгү ыры арабызга аппак кут жаадырып, бизден алыс кеткен эне жарыгын кайрып бергендей болду. Ал ырдын сөзүн акын Фатима Абдалова жазган экен. Шумдук, обонго сөзү айкалышкан ыр булактап токсон тамырыбыз аркылуу жан дүйнөбүзгө агылып кирди…

«…Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам,

Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган…»

Алеки саатта ааламда жок аруу сезим менен кыялымда о нечен жылдар илгери жаны жаннаты болгон апам менен кезиктим!.. Ошентип Түмөнбай бизди ырдатты да, ыйлатты да… Ал күнү биз ыбырсыган ойлордон бийиктеп, баарыбыз энеге болгон кусалыктан күкүрттөй шыр күйүп кетүүчүдөй акыбалда, жүрөгүбүз жанчылып турду!.. 

Түмөнбай Колдошев Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын кулуну. “1-класста “Алиппе” майрамында Асанкалый Керимбаевдин “Энекем” деген ырын аткарып, түбөлүктүү темалардын бирин – эне темасын тандап алгам” – дейт обончу. Анын обончулук, аткаруучулук таланты Ош мамлекеттик университети, андагы студенттик күндөр менен тыгыз байланышта. Өзү ырчылык, обончулук шыгы ээ-жаа бербей турса да негедир тил, адабиятты тандап, кыргыз филология факультетинен билим алат. Азыр ал ОшМУнун өзү окуган бөлүмүндө мугалим болуп иштейт. Жогоруда айтылгандай, кыргыз поэзиясындагы элегия жанрынын эволюциясы боюнча кандидаттык ишин жактаганы турат.

Деген менен 28 жаштагы жаш обончунун табият ыроологон оргуштаган таланты аны музыка дүйнөсүнө жетелеп, көпчүлүктү тамшанткан, суктанткан, ыйлаткан, ырдаткан ырларды жаратууда.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 07.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.