Назира Мамбетова: Репетицияга киргенде баламды коляскага салып койчумун

n_mambetova

Дасыккан, өз ишин мыкты билген көп жылдан бери кыргыз киносуна кызмат кылган КРдин эл артисти Назира Мамбетова алтымыштын кырынан эбак ашса да жаштардан кем калбай чуркап иштеп жүргөн кези. Анын “Курманжан датка” тарыхый тасмасында жараткан эмгегин көпчүлүк, анын ичинде актриса өзү баш болуп күн санап күтүп жүргөн кези. Актрисанын буга чейинки басып өткөн жолу, кино айдыңындагы орду тууралуу курган маек назарыңызда.

– Келиңиз маегибизди акыркы жараткан ролуңуздан баштайлы?

– Акыркы жараткан эмгегим аябай күчтүү, татаал, сүрдүү, айтор, аябай кылдат мамилени талап кылды. Чынын айтсам азыркыга чейин “Курманжан датка” тасмасын көрө элекмин. Эмненин ичинен чыктым экен деп 31-августту чыдамсыздык менен күтүп жатам. Садык Шер-Нияз менен жолукканда мен ушул тасма менен бар болом же жок болом деп тамашалап айткан элем. Кино айдыңында жүргөнүмө 43 жыл болуптур. Ушунча убакыттан бери биринчи жолу толкунданып жатам. Эки элдин ортосунда согуш чыгып башка эне уулунан ажырап сыздап калбасын деп өз уулун курмандыкка чалган адам өзгөчө адам да. Анан ушундай акылман каармандын образын жаратуу да оңойго турган жок.

– Кастингден миңдеген актрисалардын ичинен сизди тандап алганы да жөн жерден болбосо керек?

– Башында ушундай тасма тартылат экен деген кепти укканда мен кулагымды түрүп тартылсам болот эле деп дегдеп калган элем. Кийин кастингге катышканда колуман келбейт болуш керек деп кайдыгер мамиле жасай баштадым. Анан мени тандашканын билген соң сүйүнүү сезиминен коркуу сезими күчтүү болуп турду. Эми менин эмгегимди эл баалайт болуш керек. Төрөлгөндөн баштап Курманжан датканы өлгөнгө чейинки курагын жалгыз мен аткарсам бир жөн. Датканын жашоосун үч муунга бөлүп анын ичинен саясатчы Курманжандын доору менин энчиме туш келди. Мен буга чейин Садык Шерди саясатчы сыяктуу каада күткөн адам болсо керек деп ойлочумун. Съемка учурунда анын режиссердук дарамети күчтүү экенине көзүм жетти. Тартылуу учурунда эң оор кырдаал Камчыбекти дарга аскан жери болду окшойт. Костюмдарды кийдим, баламды дарга аскан жерге алып келишти. Алдын ала даярданган деле эмесмин. Ошол жерин кандай аткардым билбейм, бирок аркамда турган 500 адам кол чаап жиберишти.

– Жарым-жартылай дебейин, даткага окшош жок дегенде бир-эки сапатыңыз барбы?

– Кандай ачуу болбосун мен чындыкты жакшы көрөм. Кандай кырдаал болбосун калыс сөзүмдү айтып чындыкты колдоп келем. Бирок көп адамдар ал чындыкты мойнуна алганга даяр эмес экен.

– “Издейм сени” деген кыргыз сериалында кайнененин ролун катыра аткаргансыз, жашоодо өзүңүз кандай кайненесиз?

– Жашоодо кайнене эмес келинмин. Келиниме караганда бат кыймылдап, оокатымды шайдоот кылам. Туугандарым келиниң турганда отура бербейсиңби деп калышат. Ага деле болбойм. Дайыма кыймылда болуп көнүптүрмүн.

– Көп тасмаларда роль жараттыңыз, кайсы каарманыңыз жүрөгүңүзгө жакын?

– Актриса катары мени көбү “Мен – Тянь-Шань” фильминдеги Кадичанын ролу аркылуу таанып калышты. Ал кезде менин төртүнчү курста окуп жүргөн кезим эле. Режиссёр сынактан курсташым Дүйшөн Байдөбөтов экөөбүздү тандап алган. Режиссёр биринчи күндөрү мени терс каарман катары көрсөткөнгө аракет кылды эле, мен аны менен талашып-тартышып болбой койдум. “Эмне, аял киши өз бактысы үчүн күрөшкөнгө акысы жокпу? Эмнеге Кадичанын элге жаман жагы гана көрүнүшү керек?” деп режиссёр менен айтышып жатып акыры өз бактысы үчүн күрөшкөн, тагдыры татаал аялдын образын гана калтырганбыз. Убакыттын өтүшү менен элдин мени жаман көргөнү боор ооруга айланды. Анткени “Мен – Тянь-Шандан” кийин “Ак кемеде” Бекейдин ролун аткардым. Ал байкуш эки күндүн биринде күйөөсүнөн таяк жейт эмеспи. Тасмада сабаган жери көрсөтүлбөсө да, таяктаганын үн, ый менен жеткирген элем. Ошондон кийин элдер мага боору ооруп, “байкуш Бекей” деп жүрүштү. Ооба, көп тасмага тартылдым. Бирок бирөөсүн экинчисинен бөлүп көрсөтө албай жатам. Бардык эле ролум жүрөгүмө жакын, ар бири өз балаңдай болуп калат тура.

– Чыгармачылыкты биринчи орунга коюп жеке жашоону жыйыштырганга өкүнбөйсүзбү?

– Жеке жашоомо келгенде эки сүйлөм менен жыйынтыктап салгым келет. Жыйырма төрт жашка чыкканда турмуш курдум. Эки балалуу болгондон кийин кызганычтын айынан ажырашып кеттик. Үйүм бар болчу, ошентсе да жалгыз бой эки баланы багып өстүрүү оңойго турган жок. Актёрлордун айлыгы ал кезде жакшы эле болчу, жүз сексен сом. Бирок бул жерде кеп менин убактымдын аздыгына байланыштуу болду. Ойлоп көрсөм, менин жаш кезим чуркоо менен гана өтүптүр. Таң атпай балдарды бала бакчага алып барам. Бакчадан алып коляскага салып алып театрга жөнөйм. Репетицияга киргенде эшиктин алдына коюп коём, ыйласа ары-бери өткөндөр терметип сооротуп коюшат. Жаш кезде иштеп, жакшы ролдорду жаратып алайын деп бир гана жумуш менен жүрчү экенмин. Балдарым азыр деле кээде: “апа, сиз жумуш менен эле жүрчүсүз, биз өзүбүз менен өзүбүз болуп чоңойдук” деп калышат. Алардын айтканы да туура. Убагында жумуш деп жүрүп балдарыма балким, татыктуу тарбия да бере албай калгандырмын. “Балдарыңды эрке чоңойттуң” деп туугандарым да көп айтышат. Баш-отум менен жумушка чөмүлүп, жакшы көңүл бура албай калганым үчүн алардын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип, айткандарын эки кылбай аткарсам керек.

– Балдарыңыздын эч кимиси жолуңузду жолдогон жокпу?

– Силер көрүүчүлөр биздин иштин жыйынтыгын гана көрөсүңөр. Ролуң жаман же жакшы болгонун талдап коюп кете берүү оңой иш. Ал эми көшөгөнүн артында канча кыйынчылык жатканын биз актерлор өзүбүз эле билебиз. Берилген тапшырманы жакшы аткаруу дегенден сырткары биз режиссерго, директорго көз карандыбыз. Мага роль берсе экен деп жалдырап турган күндөр болот. Режиссер менен тил табыша албаган учурлар болот. Бирок мен чыдамкаймын. Анткени менин таап жеп жаткан наным режиссерго көз каранды. Балдарыма меникиндей жашоо каалабайт элем. Кудайга шүгүр, уул-кызым өз жолун таап кетти. Бири мугалим, бири жеке ишкер.

– Жалгыздык жаныңызга баткан учур болобу?

– Туура эмес жашадым деп айтпайм. Менин баш-отум менен эмгекке кирип кетмей адатым бар. Бул менин кемчилигимби же артыкчылыгымбы айта албайм. Мурда маңдайыңа жазганды көрөсүң деп улуулар айтса кантип эле ошондой болсун, өзүң аракет кылышың керек да деп ойлончу элем. Турмушумду сактап калганга мен да убагында көп аракет кылгам. Ары урундум, бери урундум, акыры туңгуюкка кептелгенде маңдайыма жазганы ушул турбайбы деп жаным тынган. Ооба, кээде жалгыздык жанга батып кыйналган учурларым болот. Жашырбайм. Андайда кайра эле чыгармачылык, жумуш, уул-кызым, неберелерим менен алаксыганга аракет кылам. Неберелериме жанымды бергенге даярмын. Алар менен ойноп, алтымыштан ашсам да бала кыялымды карматып иймейим бар.

– Таанымал адамдардын жашоосу сыртынан кооз көрүнгөнү менен күнгөй-тескей жагында биздикиндей эле түйшүк менен алышсаңыз керек?

– Эл сыяктуу эле тапкан айлыгыбызга жашап, жан сактап келебиз. Башынан эле байлык, мансап үчүн чуркаган жан эмесмин. Бирөөнүн жакшы жашоосун, эки кабат үйүн көрсөм кызыгып койгонум болбосо ич тарлыгым деле жок. Бул дүйнөдө адамдын жандүйнөсү эмнени кааласа ошол талапты аткарыш керек. Кудай деле пендени жаратып жатканда ар бирине энчи бөлүп берет экен. Мен өзүмө бөлүнгөн энчимди алып жашап жатам. Кымбат үйдө жашап, жакшы унаа минип жүргөн байларың деле ошол биз дем алып жаткан аба менен дем алып жашап жатат, биз жаткан топуракка барып жатат. Андыктан бул жалган жашоодо көроокат топтоп убактымды уттургум келбейт. Менин мээмде, жүрөгүмдө сахна деген ыйык сезим бар. Чыгармачылыктын артынан жүрүп жадагалса алиге чейин өз үйүм да жок. Оштогу үйүмдү сатып келсем, анын бир жарым миң долларына борбордон жер кепе да келбейт экен. Кээде тамашалап “аял кишинин оокаты канчалык көп болсо, ар бир оокатына кыйналып, нерв болот. Ар бир буюмун түгөлдөп, ойлонот. Оокатың канчалык аз болсо, нервиң ошончо аз кетет” деп күлүп калам. Анын сыңары, мен оокат жыйнап, мүлк чогултуп өмүрүмдү өткөргүм келген жок.

– Актрисалар жалтыракка, алтын-күмүшкө жакын келишет эмеспи. Сизде да андай илдет барбы?

– Жогоруда айткандай байлыкка кызыкпаган үчүнбү эмнегедир алтын жасалга тагынсам эле жоголуп кетмейи бар. Ошондуктан дайыма күмүш жасалгаларга көңүл буруп келем. Колумдагы билерик эжемден калган эстелик. Аны эч качан колуман чыгарбайм. Кымбат жасалгаларды көргөндө көзүм күйбөйт. Тескерисинче биртоп кылымды карыткан буюмдарды чогултканды жакшы көрөм.

– Кесиптештердин арасындагы көрө албастыкты кантип жеңесиз?

– Чыгармачыл чөйрөдө интрига, ич тарлык катуу өнүккөн. Алсыз, өзүнө ишенбеген чабал адамдар түркүн ушактарды ойлоп табат экен. Жеке жашоомо да кийлигишип, очогумду бузууга далай аракеттер болгон. Айла жок ар бири менен кармашып жүрө албайсың. Менин мөгдөп жатып калышымды каалап, театрга жолотпой өзү алдыга озуп кеткиси келгендер, мени жок кылгысы келгендер көп болгон. Бирок мен аларды сууга чөкпөй, отко күйбөй жеңдим. Азыр ошол адамдар айланамда жүрүшөт. Жакшы роль жараткан кесиптештериңдин кимиси сүйүнүп, кимисинин ичи тарып жатканы дароо кабак-кашынан билинет. Актриса эмесминби, сыр бербейм. Жылмайып, бетинен өөп учурашам.

– Кинодон нукура кыргыз аялынын образын жаратып жүргөнүңүз менен жашоодо орус мүнөз көрүнөт экенсиз?

– Мени көбү актрисасыңбы деп сурашат. Балким жүрүм-турумуман, көп жылдан бери иштелип жүргөн мимикаларым мени орус мүнөз көрсөтөр. Бирок өзүмө бала кыял, ачык-айрым деп мүнөздємє берээр элем.

Анара Дүйшөналиева, «Кабар Ордо», 06.08.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.