“Жаңы Ала-Тоо” адабий журналы Түрк элдеринин Евразия Жазуучулар бирлиги менен биргеликте аңгемелер конкурсун жарыялады

Евразия Жазуучулар бирлиги жана “Жаңы Ала-Тоо” журналы III эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер конкурсун жарыялайт

Конкурс Түркиянын премьер-министринин коомдук Фондунун колдоосунда өтөт.

Темасы: эркин

Чыгармаларды тапшыруунун акыркы күнү: 30-октябрь 2014-ж.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо: ноябрь 2014-ж.

Өлкөлөрдө сыйлыктарды тапшыруу аземдери: ноябрь 2014-ж.

Эл аралык жыйынтык чыгаруу: ноябрь, 2014-ж.

Эл аралык сыйлык тапшыруу аземи: декабрь 2014, Азербайжан, Баку

Конкурска катыша турган чыгармалар : Кыргыз Республикасы, 720031. Бишкек шаары, Горький к. -1 А, “Турар” басмасы, “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналынын редакциясына колмо кол же jany.alatoo@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Эскертүү: эл.почта аркылуу чыгармаларын сунуштагандар чыныгы маалымат, фотосун конверттин сыртына псевдонимин (адабий ысмын) гана жазып, почта аркылуу жөнөтүшөт.

Өлкө боюнча сыйлык өлчөмдөрү:

Биринчи орун: 1000 түрк лирасы (ТЛ)
Экинчи орун: 750 ТЛ
Үчүнчү орун: 500 ТЛ

Калыстар тобу адабий журналдын жана жазуучулар уюмдарынын өкүлдөрүнөн куралат.

Эл аралык сыйлыктар

Биринчи орун: 1000 түрк лирасы (ТЛ)
Экинчи орун: 750 ТЛ
Үчүнчү орун: 500 ТЛ

Конкурстун шарттары:

1. Аңгемелердин темасы эркин.
2. Конкурска мурда жарыяланбаган чыгармалар катыша алат.
3. Конкурска бир автор эки чыгарма менен катыша алат.
4. Конкурстук чыгармалардын көлөмү 1000 (миң) сөздөн кем эмес, 10000 сөздөн (он миң) ашпоосу керек.
5. Конкурстук иштер конвертке салынып, сыртына жана чыгарманын биринчи бетине псевдоним (адабий ысым) гана жазылат. Автордун чыныгы аты-жөнү же маалымат, кандайдыр белги жазылып калган болсо, ал чыгарма конкурстан алынып салынат.
6. Жазуучу өзүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, кыскача биографиясы менен бирге 1 фото сүрөтүн бөлөк конвертке салып, сыртына лакап атын жазып, конкурстук чыгарма салынган чоң конверттин ичине кошо салат.
7. Компьютерде 12-шрифт жана 1,5 саптык аралык менен терилген конкурстук чыгармалардан 6 нуска тапшырылат. Конкурстук чыгармалар менен бирге word форматындагы электрондук тексти CD дискине жүктөлүп жиберилет.
8. Конкурска катышкан чыгармалар кайтарылбайт, ага автор доо коё албайт.
9. Конкурста байгелүү орунга арзыган чыгармалардын бардык укуктары Евразия жазуучулар уюмуна жана “Жаңы Ала-Тоо” журналына тиешелүү болот.
10. Калыстар тобунун мүчөлөрү жана мурдагы конкурста жеңүүчү болгон авторлор конкурска катыша албайт.

III Эл аралык Махмуд Кашгари атындагы адабий конкурстун биринчи этабы түрк тилиндеги мамлекет-аймактарда өткөрүлөт жана жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктары тапшырылат.

Конкурс түрк тилдеринин бирөөндө жазган бардык авторлорго ачык.

Өлкөлөрдө жеңүүчүлөр аныкталган соң, биринчи орунга арзыган чыгарма түрк тилине которулуп Авразия Жазуучулар союзуна жөнөтүлөт. Аларды эл аралык калыстар тобу дагы бир жолу карап чыгып, жеңүүчүлөр аныкталат жана сыйлыктары тапшырылат.

Евразия Жазуучулар Союзу,
“Жаны Ала-Тоо” адабий журналы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.