22-август- кыргыз элинин жеңиш күнү

22-август – кыргыз элинин тарыхындагы эң манилүү даталардын бири. Анткени 1847-жылы ушул күнү эки боордош эл көп жылдык тирешүүлөрүнөн кийин, Талды-Коргондогу Капал чебинде генерал Вишневскийдин ортомчулугунда кыргыз-казак тынчтык келишими түзүлгөн. Ошону менен эки элдин ортосунда жылкы тиймей, эр өлтүрүү сыяктуу чыр чатактар токтоп, кою короолош, эли жоролош болуп бир куштун эки канатындай жашап келишет.

Бул чыр-чатактын башы эмнеде болгон? 18-кылымдын экинчи жарымында жунгар хандыгы кулап, калмактар Борбордук Азиядан бир отоло куулгандан кийин, калмактан бошоп, ээн калган жайыттарды талашып, эки бир тууган эл чабыша баштаган. (азыр деле огород талашып ага-ини согушуп, соттошуп атышпайбы)

Алсак, 1750-жылы Орто Жүздүн найман уругунан чыккан Көкжал Барак беш миң колу менен кыргызга кол салып жеңилип, өзү качып кутулган.

1765-жылдары Иле тараптан кыргыздар казактарды үч ирет катуу чапкан.

1767-жылы Абылай хан Ташкенттин тегерегиндеги кыргыздарды чабат.

1771-жылы уйсун аргын уругунан чыккан Көкжарлы Барак 20 миң кол менен кыргызга кол салып, өзү колго түшүп, башы кесилет.

1773-74 жана 1779-80-жылдарда Абылай хан кыргызга бир нече ирет кол салат. Бул чабыштарда Абылай хан солтонун бир уругу болгон талкан элин чаап кеткени болбосо, эки тарап ачык жеңишке жетише алышкан эмес. Ал чабыш тарыхта «Жайыл кыргыны» деп аталат.

Чабыштарда казактын Кашка, Жайсаң, Кооман, Жапек, Качке дегене баатырлары, кыргыздын Садыр, Жайыл жана анын уулдары Теке, Үсөн сыяктуу атагы чыккан баатырлары набыт болушат.

Абылай хан өлгөндөн кийин 1781-жылы кыргыздар улуу жүз казактарын чабат.

1784-жылы Абылайдын уулу Валихан төрө Чүй тараптан кол салып колго түшүп сатууга коё берилет. Ошол эле жылы Бердикожонун иниси Тыс султан Иле тараптан кол салып. туткунга түшүп, башы кесилет.

1785 жылы Абылайдын уулдары Касым менен Чынгыз султандар кол баштап келишип жеңилип, өздөрү колго түшүп сатуусуз эле коё берилет.

Ошол эле жылы кытай аскери менен Бердикожонун колу биримдикте Иленин оң өйүзүндөгү кыргыздарды чабат да кыргыздын колу жыйналып келгенде, качып кутулушат. Кыргыздар Бердикожонун артынан сая түшүп жүрүшүп, 1786-жылы колго түшүрүп башын кесет.

1786-жылы Барак султандын уулу Ханкожо кыргызга каршы кол баштап келатканда кол бузулуп, тарап кетишет.

1830-жылы Кокон хандыгына караган улуту казак Эдиге төрө кокон аскерин баштап келип, Суусамырда жеңилет.

1832-жылдары Касым хан кыргызга каршы кол баштап келатканда, кургакчылык болуп, мал чөптөн жутап кырылып, Касым орто жолдон кайтып кетет.

Бул чатактардын ичинен эң масштабдуусу жана толук изилденип бүткөнү 1845-47-жылдарда бир жарым жылга созулуп өтө канорлугу менен айырмаланган жана бул тынчтык келишимин түзүүгө себепкер болгон, Кенесары Касымовдун чабуулу.

Кенесары Касымов (1802-1847) Абылай хандын небереси 1837-жылы Орто Жүздүн башына бийликке келип, 1841-жылы жалпы казак төрөлөрүнүн курултайында ак кийзге салынып, бүткүл казак элине расмий хандыкка көтөрүлгөн.

Ал Орусиядан бөлүнүп, өзүнчө Казак хандыгын түзүүгө аракет жазаган. Бирок тилеги ишке ашпай, орус бийлигинен куугунтук жеп, кыргыз жерин көздөй чегинет. Эми Кенесарынын аракети Улуттук боштондук кыймылынан баскынчылык багытка өтөт. Кенесары орустан жеңилген ызасын эми кыргыз элинен чыгарууга, кыргыз айылдарын чаап, талап-тоной баштайт.

Биринчи чабуулу 1845-жылы кеч күздө болуп, ага кушчулар менен солтонун талкан уругу катышкан. Кушчу Бүргө баатырдын уулу Калчанын бүт айлы жыйым-терим менен алектенип жатканда, кенесарычылар капысынан басып калып, айлын өрттөп, талап-тоноп, Калчаны 400 жигити менен туткундап кетет. Ал эми кенесарычылардын башка бөлүгү солтолорго чабуул жазап, Көлбай баштаган талкан уругунан жеңилип калып кайра качышат.

Экинчи чабуулу 1846-жылы март айынын аяк ченинде болуп, Кенесарынын он миң туруктуу аскери (регулярный армиясы) экиге бөлүнүп алып Чүй өрөөнүндө жашаган солто менен сарбагыштын тынай уруусуна капысынан чабуул койгон. Бир бөлүгү Кара-Балта тараптан кол салып, бейпил жаткан элди катын – бала, кемпир-чалдарга карабай кырып, айылдарын өрттөп, жер менен жексен кылып кирген. Шашылыш жыйылган кол жоону алаксытып, айылдардан алыстатып, Карабалта капчыгайын көздөй чегинип жүрүп отурушкан. Капчыгайга терең кирип барганда, талкандын Эркинбай, Каратай, Тыныстан баатырлар баштаган колу жоонун алдын тозуп, артынан кыргыздын жардамга келген башка урууларынын тобу тозуп, кенесарычыларды кыргынга учуратышат. Бул согушта кенесарычылардын беш султаны менен 2000 жоокери колго түшкөндүгүн 1846-жылы 7-майда Айөгөзгө келген орус тыңчысы билдирген. Баскынчылардын экинчи бөлүгүн Кенесары хан өзү баштаган. Согуш азыркы Бишкектин түндүк тарабында орун алган Мыкан жана түндүк -чыгыш тарабындагы Мазарлуу- Карасуунун (азыркы Новопокровка) Жетим-Коо (азыркы Учхоз) ортосунда үч күн, үч түнгө созулуп, кенесарычылар чегинип Карасуудан кечип өтөбүз деп, түбү сормо саз, балчык болгондуктан баардыгы чөгүп кетишет. Туруктуу аскеринен дээрлик толук ажыраган Кенесары саналуу төрөлөрү менен качып кутулган. Кенесарынын үчүнчү чабуулу 1847-жылы 18-25-апрелде Токмоктун түндүк-чыгышы тарабындагы Текеликтин – Сеңири, Майтөбө, Орообашы деген жерлерде болгон. Кенесары, хивалык чеберлер жазаган 1500 мылтык, 2 замбирек жана найза кылычтар менен куралданган 20 миң колду бир жылдын ичинде жыйнаган. Согуш 7-8 күнгө созулуп, кенесарычылар толук кыйраган. Эл оозунда кеңири айтылып келген Ормондун от жактырып, бадал сүйрөтүп, чаңдаткан «опузасы» ушунда болгон. Бул жолу кыргыздын бет маңдай аламан согушта набыт болгон жоокерлеринен башка мурдагы эки согуштагыдай бейкут жаткан катын-бала кемпир чалдар зыянга учураган эмес. Анткени эл башында турган Жангарач, Жантайлар жоо келатканын алдын ала тыңчылар аркылуу билишип, Чүйдүн элинин баарын Чоңкемин, Кичикемин тарапка көчүрүп ийишкен.

Бул согушта айырмаланган 12 баатырды орус бийлиги алтын медаль менен сыйлаган жана 1847-жылы 22-августа кыргыз-казак тынчтык кишимин түзүүгө демилгечи болушкан. Себеби ал кезде казак эли толугу менен орустун букаралыгына өткөн эле.

Кадырбек Жекшелаев, тарыхчы, публицист,
“Кыргыз Кабар”, 22.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.