Арстанбек акындын алп саптары тасмада

arstanbek_video

Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу көлөмдүү терменин негизинде тасма жаралды.

ХIХ кылымда жашап өткөн ойчул, философ, комузчу, төкмө акын, «замана» агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири Арстанбек Буйлаш уулунун кылымдар бою басылып келген санат саптарынын негизинде тасма тартылды. Клип менен кыска метраждуу фильмдин ортосунан жаралган бул эмгекти авторлор “Терме тасма” деген жаңы термин менен атаган.

Тасманын режиссеру Алтынбек Максүтов мында чыгармачыл топ Арстанбек Буйлаш уулунун “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген эки гана сабын ачып бергенге аракет кылышканын айтты:

Азыркы заманда эл өзүнчө, бийлик өзүнчө болуп турат. Бирибирин түшүнбөстүк көп болууда. Бул абалтан келе жаткан көрүнүш. Арстанбек акын да ушунун үстүндө көп ойлонгон. Тасманын өзөгүн да ушул суроо түзөт.

Алтынбек Максүтов мындан сырткары тасмада талант менен бийлик ортосунда эзелтен бери келаткан карама-каршылыкты да бергенге умтулганын кошумчалады.

 

Талант менен өкүмдардын талашы

Тасмада Арстанбек жашап өткөн доордогу окуя чагылдырылган. Анда кайсы бир оокаттуу кишинин өргөсүндө шаан-шөкөт өтүп жаткан болот. Мансабына манчыркаган, бийлигине мас бир төбөл өз өргөсүндө сунулган тамакты ыргытып, дасторконун чачып, кесирленет. Бир маалда сыртка чыгып, өнөрпоздор отурган үйгө жөөлөп кирет. Аны көргөн ырчы-чоорчулар сестенип, оюн-күлкү тып токтойт. Төбөл төргө отуруп Арстанбекти ырда деп жаңсайт. Акын жашоо, өмүр, өлүм тууралуу термесин ырдап баштаганда ал улуу сөздүн касиетине жумшарып, ыр бүткөндө суусундук сурайт. Бирок ошол эле учурда сырттан дагы бир эл жакшысы байбачанын Арстанбектин ырын угуп, жумшара баштаганын жактырбай карап турат.

Тасмада Арстанбектин образын жараткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов аталган термени кантип ырдап калганын мындайча айтып берди:

– Бул терме Арстанбектин чыгармаларынан алынып, даярдалды. Обонун Токтогулдун мотивинде иштеп чыктым. Анан биз буга башка термелерден өзгөчөлөнтүп музыкалык көркөмдөө киргиздик.

Өмүрзак Кайыповдун айтымында, бул тасманын өзөк мааниси – эл менен бийликти бирдей ойго чакыруу. Ошол эле учурда ар бир адамды жашоонун маңызын туя билүүгө үндөп, жашоонун жыргалы бийлик, мансап, байлыкта эмес, адамдык насилде экенин даңазалайт.

 

Сын жана ойлогон ойду кыстаган турмуш

Бирок аталган тасмада айрым одоно кемчиликтер да орун алган. Кыргыз энциклопедиясынын кызматкери Тайлак Абдылдабековдун пикиринде, режиссер каармандардын кийимдерин тандоодо жаңылыштык кетирген:

Ал доордо Ысык-Көлдүн элечеги бир башка, алайлык кыргыздардын элечеги бир башка болгон. Калпактар да ошондой. Ал эми бул кыска фильмде каармандардын баары солтонун калпактарын кийип жүрөт. Окуя Теңир-Тоодо өткөн экен. Ал жактагы аялдардын алайлыктардын элечегин кийип алганы окшошпой калыптыр. Режиссер ушундай деталдарга көңүл бурбаптыр.

Тайлак Абдылдабеков жаштар мындай чоң темаларга кайрыларда адистерге кайрылып койсо дурус болорун айтты.

Тил жана адабият иниститунун кызматкери Мээрим Көлбаева“ Арстанбектен алп саптар” тасмасын кантип атоону да ойлонуш керек дейт:

– Мисалы, бул эмгекти “Терме тасма” деп атапсыңар. Терме деген оозеки адабияттагы өзүнчө бир жанр. Эгер санат ырын тартсаңар анда “Санат тасма” деп атайсыңарбы? Чыгармачыл топ ушул маселени да ойлонуп, чечип алышы керек экен.

Мээрим Көлбаева анткен менен бул эмгекти улуттук маданияттын тарых катмарында калган чыгармаларды элге жаңыча формада берүү деп баалады.

Режиссер Алтынбек Максүтов жогорудагы сунушка макул болуп, ал эми Тайлак Абдылдаевдин сынына мындайча жооп берди:

– Мен негизинен сын-пикирлерди туура эле кабыл алам. Чыгармачылыкта көбүнчө ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетет. Бул тасма чындыгында биз ойлогондой болбой калды. Себеби, мындай эмгектер бир күндө тартылбайт. Ага бир-эки ай убакыт керек эле. Биз бул тасманы эл аралык “Кийиз” фестивалы өтүп жаткан учурда бир күн, бир түн аралыгында тартып калганга жетиштик.

Анткен менен көрүүчүлөрдун басымдуу бөлүгү бул саамалык улуу мурастын учугун улагандыгы менен өзгөчө экендигин билгилешүүдө.

Тасмага жалпы жонунан жүзгө чукул актер катышкан. Аны тартууга “Мин кыял” коомдук фондунун жана авторлордун эсебинен 1 млн. сомго жакын каражат жумшалган.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 21.08.2014-ж.

Тасманы бул дарек боюнча көрө аласыздар – http://www.azattyk.org/media/video/26542286.html
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.