Күн тутулган аалам кетти ичинде

alym_toktomushev

Тирүүлөр жаныбызда жүргөн адамдардын ким экендигин, кадырын дайыма эле туюп, баалай албайт экенбиз. Айтылуу акын, котормочу, журналист Алым ТОКТОМУШЕВ агабыздын арабыздан кеткенине бир айдан ашты. Ушу кезге чейин аны мындан ары көрө албасыма бирде ишенсем, бирде ишенбей кетем. Алым байке жөнүндө айтылаар сөз алдыда. Аздап болсо да чекесинен баштап көрөйүн.

“Эски дептер”… 2008-жылы маркум Мелис Эшимкановдун башсөзү менен чыккан Алым Токтомушевдин акыркы китеби. (Акыркы дебей турайынчы, артында калган адабий мурасы биртоп экен. Аларды иргеп, эки-үч китеп чыгарса болот тура деп Олжобай Шакир чуркап жүрөт).

Төрт аттам быяк жагым, тияк жагым,
Шырт эткен шыбырт чыкса туят баарын.
Өзүмдүн калп, чынымды табалбасам,
Жараткан, неге адам сыяктадың… – деп өзү жазгандай, Алым байке өзүнүн жаралганына, дегеле бу дүйнөгө сын көз менен карап жашады. Эми ушундай баары-жокко сын көз менен караган адам өзү эмне иш бүтүрдү экен, кандай өрнөк калтырды деп “Эски дептерге” үңүлсөк, үлгү ырларды, котормолорду, кара сөздү калтырыптыр. Ыр, адабият деген кандай болуш керектигин бийик деңгээлде көрсөтүптүр. Аттиң, азыркы чөкөтаандай чуркурап төрт сап ыр жазып алса анысын ааламга угузганга шашкан жаш акындар Алым байкеден үлгү алса кандай жакшы болор эле! Качан, кайда болсо да айтып келем:

Мен турган тушта – сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Алым байкенин ушул ыры мен үчүн лириканын жеткен чеги, бийик үлгүсүндөй туюлат. Ал эми М.Ю.Лермонтовдун:

Чыгамын жалгыз… Жылтырап
Туманга чөгөт жол учу.
Түн жыңсыз. Куу чөп тумчугат:
Угулат жылдыз шобурту.
Асманда сайрап… Көгүш түн
Асырап уктап жатат жер.
О турмуш сенден не күттүм?!
О неге болдум азапкер?!
Күтпөгөм. Күтпөйм эч нерсе,
Өткөндөр өтсүн кайрылбай,
Башты азат кылган кечтерге
Басылып уктап калгым бар!
Көмбөсө, бирок түбөлүк,
Кай кеткеним билинбей.
Толкуса тыптынч жүрөгүм,
Жаңырса жашоо дилимде.
Сүйүүнүн жайкын авазы,
Аңкытып турса жанымды.
Шооладай шоокум таратып,
Шуулдап турса калың дуб, – деген ырында Алым Токтомушев котормонун мыкты үлгүсүн көрсөткөн. Ал эми акыркы кезде “Жаңы Ала-Тоо” журналына жарыяланып келе жаткан балдарга арналган “Баарын билгим келет” деген котормосу өзүнчө кепке арзыйт. Алым байке демек кичинекейлер үчүн да эмгек кылган экен да.

Өткөн айт күнү Олжобай экөөбүз куран окутканы үйүнө бардык. Кызы Гүлзар, күйөө баласы Марат менен сүйлөшүп отуруп, Алым байке өлүмгө чейинки акыркы күндөрүндө эмне иш кылганына кызыктык. Гүлзар бир папканы аяр ачып көрсөттү. Кайран Алым байке, өмүрү өчөр-өчкүчө жаны тынбай иштептир. Дүйнөлүк алп жазуучу Габриель Гарсиа Маркестин “Хроника необъявленной смерти” деген повести бар го, ошону которуп жатыптыр. “Айтылып келбеген ажал баяны” деп которуп, анан котормону баштаган күнүн “16-август” деп коюптур. Биртобун оодарган экен, ошондон бир жумадан кийин өзү өтүп кетпедиби. Кол жазмасын, сөздөр менен иштөө ыкмасын көрүп суктандым. Менимче, кесипкөй котормочулар гана ушундай иштесе керек. А балким, так ушул чыгарманы өмүрүнүн акыркы күндөрүндө которгонунда сыр бардыр…

Эми журналистикага келсек, Алым Токтомушевдин коомдун аң-сезимин көтөрүүдө, кыргыздын дүйнөдөгү өз ордун таап, башкалардан кем эмес оокат кылып кетүүсү үчүн өтөгөн эмгеги ат көтөргүс. Алым Токтомушевдей дагы беш-алтоо болгондо азыркы жуналистиканын абалы да башкача болор беле?.. Бийлик төбөлдөрүнүн жасаганына кайыр айтып, терс жактарын безге сая көрсөтүп, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты талашууда, коргоодо көрпенделикти быякка таштап, чыныгы атуул журналист кандай жазып, кандай жашап өтүштүн үлгүсүн көрсөтүп кетти Алым байке. Өзү кээде айтып калчу: “Бийликке өмүр бою каш кайтарып келдим. Бирок бир да жолу алар мени коркутуп же куугунтуктаган жок. Анан эле айрым жаш балдар “мен баланча деп сындаганым үчүн бийлик куугунтуктап жатат” дегенине таңгаласың. Сынды айтса факты, аргумент менен баш көтөргүс кылып айтыш керек да. Сындан мурда жеке керт башына асылып жатса тигилер арданат да”. Чын эле Алым байке кандай макала жазбасын, ал келтирген факты, аргументтен кынтык табыш мүмкүн эмес эле.

Жеке жашоосунда көрбөгөндү көргөн, бир кезде кургуйдун түпкүрүнө түшүп кетип, бирок андан көккө көтөрүлүп чыга алган, чыкканда да мыкты акын, котормочу, журналист катары бадырайып чыгып көпчүлүктүн көөнүн бурдура алган, бу дүйнөнүн кызыгын албан түстө көрүүгө аракет кылган, дүйнөнүн, кыргыздын кайда баратканына сергек баам салган “көзү ачык”, шыргыйдай боюна талантты, мээнеткечтикти жуурулуштуруп, аз бирок саз, дүйнө жаркыткан, эч кимдикине окшобогон поэзияны, журналистикада уңгуга жугаар улуу сөздү калтырып, ичине күн тутулган ааламды ала кеткен чыныгы УСТАТ эле.

Аскер САКЫБАЕВА, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Күн тутулган аалам кетти ичинде

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.