Күнү бүгүнкүгө чейин теңдеши жок – Жусуп Абдыракманов

j_abdyrakmanov

Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү, бүгүнкү күнгө чейин теңдеши жок чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдыракмановдун карааны күн өткөн сайын Кан-Теңирдей калдайып алыстан көрүнөт. Ал өзү түптөгөн Кара-Кыргыз автономиялуу республикасынын туңгуч өкмөт башчысы болуп дайындалганда 26 гана жашта болчу. Кайран киши каракалпактарды кошуп Аралга чейин мамлекет түзүп, андан ары Орусияга түз чыгуу идеясын көтөргөн экен. Аныгында каракалпактар тили-дили бир тектеш эл. Ак калпагы бизпиз. Жусуптун дагы бир эрдиги — 33-жылдагы ачарчылыктан элди сактап калганы. «Кетсе менин башым кетээр, асты эл кырылбасын» деп элдин эгин-тегинин колуна калтырган. Бүгүн күндө кара жанын калк үчүн садага чапканга даяр турган мындай саясый лидерге суусап турган арманыбызды кимге айталы. Жусуп Абдырахманов өз доорунун улуу летописчиси да болгон. Айталы, Үркүн темасын бул кишидей ачып берген ушу күнгө чейин эч ким боло элек.

Канаты кайрылган кайран эр

Кийинки жылы Үркүнгө 100 жыл толот. Кыргыз элинин кылымдарды арыткан тарыхындагы ушул өзөгүңдү өксүткөн трагедиянын кенемтеси толо элек. Башка чукакпыс. (Акыркы эл санакта (2009) Кыргызстандын калкынын саны 5,3 млн.болсо, кыргыздар 69,9 пайызын түзөбүз.) Ооба, бул аралыкта кайгылуу үркүн, анын келип чыгыш себептери, келтирген кесепети тууралуу өтө көп илимий, тарыхый эмгектер, документалдуу фильмдер тартылды. Толгон-токой макалалар жазылды. Анын армандуу окуялары акын-жазуучуларыбыздын не бир жүрөк титиреткен чыгармаларында жазылды. Үркүн деген суук сөздүн өзү күнү бүгүн да денебизди муздатып, эстегенде бир ичиркенип алмайыбыз бар.

Жусуп Абдыракманов 13 жашында Кытайга качып, үркүндүн азап-тозогун башынан өткөргөн, өз көзү менен көргөн, жакындарынан айрылып томолой жетим калган инсан. Кийин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун өкмөтүнүн башында турган убагында «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» аталган, 1932-жылы жарык көргөн кунда жок эмгегин жараткан. Өзү айткандай, бул эмгектин үстүндө баса отуруп иштегенге чолоосу тийбептир. Бул темага кийин дагы кайрылып салмактуу эмгек берем деген экен. Ал тилегине жеткиришпеди. Дегеле, туурунан эрте талпынган бул кыраандын канатынын эрте кайрылышы качан да болсо орду толбогон өтө кейиштүү өксүгүбүз болуп кала бермекчи.

Генийге айла жок экен чолоосу тийбегенине карабастан жалпы Орто Азия масштабындагы ошол учурдагы коомдук, саясый, экономикалык кырдаалды, орус оторчуларынын максатын кыйшаңдай алгыс фактылар менен көзгө сая көргөзө далилдеген. Күнү бүгүнкүгө чейин Үркүн темасы айтылып, жазылып келет. Бирок бул теманы Жусуп Абдыракмановдой ар тараптан ушунчалык кенен ачып берген толук кандуу эмгекти кездештирүү кыйын. Анын ар бир сабынан чыныгы мамлекеттик ишмердин позициясын, суктанарлык аналитика, масштабдуу ой-жүгүртүүсүн, өз элинин кечээкисин, келечегин көрө билгендигин туйбай койбойсуң. Эң негизгиси, үркүн темасы боюнча ар кандай максатта, кээде популисттик өңүттө айтылып келе жаткан сөздөрдүн чекитин Ж.Абдыракмановдон табасың.

Алынган жер, айдалган кыргыз

Бүгүнкү күнгө чейин үркүндүн келип чыгышына кыргыздарды орус армиясына (оорук жумуштарына) алуу себеп болгон деген бир жактуу пикирлер күч. «Бул андай эмес,- деп жазат Ж.Абдыракманов, — 1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги себеби падышалык империалисттик Орусиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын социалдык-экононикалык абалында жатат. Бул көтөрүлүш Орто Азия элдери колониялык көз карандылыкта турган 1917-жылга чейинки мезгилде алардын турмушунда болгон революциячыл бардык окуялардын ичинен эң ири революциячыл окуя».

Ж.Абдракмановдун аталган эмгегинде кыргыз элинин революцияга чейинки турмушу, чарба жүргүзүүсү, уруулук түзүлүшү, оторчулардын саясаты кенен берилген. Айтымында, орус оторчулары келгенге чейин, андан кийинки совет мезгилине караганда да кыргыздар малдуу-жандуу болушуптур.

Орус оторчулары кыргыз элинин талуу жеринен, дал ушул мал-жанынын жайытын басып алуудан баштаган. Орто Азияда, анын ичинен Жети-Сууда орус кыштактары биринчилерден болуп курулуп, айлана-тегерегиндеги жайыт, айдоо жерлерин жыл өткөн сайын жалмап отуруп, кыргыздар тоого сүрүлүп калууга аргасыз болушкан. Түркстандын генерал-губернатору Кауфмандын буйругу боюнча 1874-жылы Кара-Балтада орустардын биринчи турагы негизделсе, 1877-жылы эле бир гана Таласта Романовка, Андреевка, Владимировка, Николай поле аталган төрт кыштак пайда болгон. Ошентип көчүп келе беришип Жети-Сууну жеп бүтүшкөн. Ж.Абдыракманов орус оторчулары өздөрү батпай баратканын мойнуна алып, Погорельский деген окумуштуу сөрөйү ачык эле минтип жазганын айтат: «Жети-Суунун колониялык мүмкүнчүлүгү биз ойлогондон чоң эмес болуп чыкты».

Алар түтөп байышкан

Ж.Абдыракманов сыздап жазгандай, кыргыздар 1916-жылга чейин жер-суу пайдалануу, чарбалык өсүш жагынан алганда эч кандай келечексиз абалда калган. Ал мындай фактыларды келтирет. 1915-жылы Пишпек уездиндеги жер бөлүштүрүүдө орустарга (жан башына) 8,46 гектардан жер тийсе, кыргыздардын үлүшү 3,38 гектардан ашпаган. Ал эми Караколдо кыргыздарга 1,66 га гана жер тийсе, орустарга 7,67 гадан жер тийген.

1909-11-жылдарда күргүштөп кирип келген орус келгиндери, кыргыздардын малын, асыл жерлерин тартып алуунун эсебинен аз эле убакытта түтөп байып кетишкен. Атургай аларга малынын саны жагынан алганда да кыргыздар шоона эшпей калган. 1915-жылды алсак, жылкы орустарда 20,1; бодо 40,3 пайызга көп болсо, кыргыздарда (жылкы 12,2; бодо 8,2 пайыз) бул көрсөткүч өтө эле төмөндөп кеткен.

Ж.Абдыракманов көптөгөн маалымат булактарына таянуу менен келгиндер байлыгы жагынан Европадагы орус дыйкандардан да ашып кеткендигин белгилейт. Натыйжада бул кабар жеткендер күн сайын агылып келип отуруп, Чүйгө, Караколго, Кочкорго, Нарындын дыйканчылыкка жарамдуу жерлерине батпай кетишкен. Аларга келгиндер башкармалыгы тарабынан дароо жерлер, жайыты менен кошо берилип турган. Мындай өз бет алдынча көчүп келүүлөр падышалык Орусия үчүн эң сонун жагдайды жараткан. Аларды финансылык колдоо милдетинен кутулушкан. Ал эми алар болсо кыргыздардын жери-малы турганда кор болмок эмес. Каалаган жерин тартып алганга аларга эч ким жолтоо кылбаган.

Ж.Абдыракманов Жети-Суу-дагы келгиндер районунун агроному В.Воротниковдун отчетунан төмөнкүдөй мисал келтирет. Анда орус келгиндеринин кыргыздардын өсүп турган беде аянтын таламандын так түшүндө эле бөлүп алгандыктары айтылат. Беденин ээсине жарымын чаап алууга уруксат берип «кенендик» кылышыптыр. Ал байкуш ошого эле ыраазы болгондон башка айласы калбады дейт. Анан күзүндө алынган бедени малга айырбаштап отуруп, келгин орустар бир жылда эле оңбогондой бай болуп чыга келген. Мындан тышкары, алар «малың эгинге кирип кетти», «тебелеп койду» шылтоосу менен кыргыздардын малын жетелеп кетип турушкан.

Көгарттагы баскынчылык

Ж.Абдыракманов түштүктү, айрыкча Көгарт аймагын да орус келгиндери ушундай эле жол менен басып алганын күйүп-бышып айтат. Сыр-Дарыя келгиндер районунун чиновниги Н.Рылов дегендин мындай айтканын келтирет: «1900-жылдын баш ченине карай жергиликтүү администрация (келгиндер башкармасы) отурукташтырууга жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү. Ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бет алдынча болуп калды. Көгарт өрөөнүндө келгиндердин чоң тобу кыргыздарды турган жеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты. Кыргыздардын кыштоодогу там-таштарын бузуп, өздөрүнө үй тургузушту же отун кылып жагып алышты. 1906-жылдын баш ченине карай Фергана облусунда жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган кыштак дал ушундай жол менен пайда болду». Ошондой эле кыргыз токоюнун кереметин туйган келгиндер токой ведомствосу аталган мекеме түзө салышып, дегеле токой аттуунун жанына кыргыз баласын жолотпой кууп турган. Кирген малдары болсо дароо алардын менчигине айланчу.

Кыдырбайлар кылбадыбы

Ушунун баары жеңил-желпи өтүп кете турган көрүнүш эмес болчу. Кыргыз калкы бир айласы табылса союл көтөрүп чыгууга ичтен бышып бараткан эле. Мындан тышкары, орус чиновниктеринин эзүүсү, паракорлугу да кабыргага таштай батып турган. Карап турсаң бүгүнкүгө деле окшошуп кеткен, сабак алчу жагдайлар түзүлгөн. «Кызык,-деп жазат Ж.Абдыракманов, – ата-бабасынан бери эл бийлеп келаткан салттуу манаптар бийликтен сүрүлүп, орус бийлигине ыкташа калган, шылуун, эл намысы, журт кызыкчылыгы деген сезимден эч нерсе жок, бар тилеги байуу гана болгон дагы бир топ пайда болгон».

Эл арасында мындай бир ыр айтылып жүрчү деп жатпайбы. «Кутургу өттү оруска, жардамга келип улугу, бу да кудай буйругу, жалгыз аттуу Кыдырбай, жетип алды болушка, бу да кудай буйругу». Анан дал ушул Кыдырбайлар балтанын сабы болуп берди дейт Ж.Абдракманов.

Тоолук мүнөз, сүткорлук деген түшүнө кирбеген ак пейил элди бир жагынан сүткөр көпөстөрдүн сүлүктөй соруп турганы да Ж.Абдыракмановдун баамынан сыртта калган эмес. «Сүткорлук- бул капитал кыргыздардын арасында ушунчалык жаман форма алгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алган. 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү орус көпөстөрү, өзбек, татарлар болушкан».

Ж.Абдыракмановдун ушуга байланыштуу дагы бир мисалында бир сүткор кыргызга берген бир жуп көлөшү үчүн арадан үч жылдан кийин тайлактуу төө, бир жылкы алганы айтылат. Мына ошентип падышалык администрация, паракорлук, талап-тоноо, эң негизгиси жети атасынан бери жердеген жерлеринен, пайдаланган сууларынан ажырап калышы карапайым кыргыздарды жарга такап койгон болчу дейт Ж.Абдыракманов.

Ал айныксыз далилдеп бергендей бул аз келгенсип оорук жумуштарына алабыз дешкендери, кыргыздардын ороодо сакталган дүрмөттөй жарылышына чоң себеп болгон.1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн объективдүү себеби ушул деп жазат ал.

Ж.Абдыракманов жүрөк үшүт-көн үркүн окуяларын өз элинин улуттук боштондукка умтулуусу катары сүрөттөп, элим умтулуп, ачбел, куу жондо кырылып жетпей калган улуу тилегин 1917-жылдагы революция алып берди деп бүтүргөн. Өз заманынын кулуну, улуу инсан Ж.Абдыракмановдун бул айтканында калет жок эле.

Темирбек Алымбеков, «КыргызКабар», 22.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.