Дөөтү уста менен ителги

(жомок)

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, – деди ал шакирттерине, – эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.

Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» – дептир. Анда алакөөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым», – деди устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң», – деп эрдин тиштенди. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошол кезде Дөөтү уста бут ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Ал бул шакиртине да кезикти, бирок дүкөнүнө барган жок, жөн гана: «Балам, иш кандай» деп сурамыш болду. Бала уялып эч нерсе айткан жок.

Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?» – деди да, артына кылчайбай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач жасады. Ошондон баштап иши кайра илгери жүрө баштады. Экинчи мактанганды койду.

Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп ташын чегип болуп, суу жыгайын деп жатса, тегирмендин чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Мен сиз менен мелдешейин деп келдим эле. Эгерде мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүргүзбөй койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» – деп сурады. Дөөтү уста: «Кой, антип бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Ошентип мелдеш башталды. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, тегирменди жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш тоңуп калган. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, алдынан чыкканын жара тээп кете берет экен.

Ал эми Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменин токтотуп, чын эле анын эрдигин көрсөтмөк, ызасын басмак. Дөөтү уста да ушул кезге чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүргөнүн айтышат.

«Кабарат»

Соц тармактар:

One thought on “Дөөтү уста менен ителги

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.