Адабий сынак, №7 Ыр

№7

Жүрөктөш жок…

Ар кимиси ар башкача ой улап,
Кеткендер бүт чийилбей эч көңүлдөн.
Өткөн күндөр күндөй тийип кызарып,
Алыстыктан нурун чачат өмүргө.

Жаңы күндөр… Жаңы таанып өң-түсүн,
Жарат алып, улам таңып көнгөмүн.
Көөдөнүмдө дайым турган үшкүрүк
Колун сунат, жардамын шарт бергени. 

Жүрөктөш жок…А жанымда шарактап
Жүрсө көбү, дилдешимдей көрүнүп….
Кайрылган жок, мен да алардан ыраактап
Кеттим билем, кечиримсиз бөлүнүп. 

Улуулукка денем таштап, сөз берип
жүргөн менен, жүрөккө кек толгонго,
Бошотпогон жүрөгүмдөн бошонуп,
Адам үчүн дилим жарык болгонго, 

Качандыр бир кеткендерге ийилип,
Качандыр бир сурайттырмын  кечирим… 

Качандыр бир кечкендерди тааныбай,
Ак дилимден сурайттырмын кечирим. 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.