Ташбек КУДАЙБЕРДИЕВ, Кыргыз эл артисти: “Үзүлбөгөн үмүт”

Чебер актер деген өзү менен кошо айланасындагылардын көңүлүн көкөлөткөнгө же көздөн жашын агыза мөгдөтө алууга тийиш. Ошондо гана актер актердук чеберчиликке ээ боло алат. Комедия жанрында көптөгөн образдары менен бирде айласыз элди күлдүрсө, бирде трагедияда көрүүчүлөрүн күйүнтө алган адам арабызда. Театр дүйнөсүнө элүү жылдан ашык кызмат өтөп кыргыз маданиятына зор салым кошкон Кыргыз эл артисти Ташбек Кудайбердиев актердук кесиптин түйшүгү менен ырахатын татып Нарын театры (азыркы М.Рыскулов атындагы) жаңыдан ачылган кездерде он жыл өз салымын кошсо, кийин Оштогу Султан Ибраимов атындагы драма театрында кырк жылга жакын талбай эмгектенип жүздөгөн жаркын образдарды жаратты. Ташбек Кудайбердиевди өткөн кылымдын алтымышынчы-жетимишинчи жылдарында театрга агылган адамдар Асанбек (Т.Абдумомунов “Атабектин кызы”), Чандыкбай (Т.Абдумомунов “Ашырбай”), Атакан (Б.Жакиев “Миң кыял”), Ситлый (В.Вишневский “Оптимисттик трагедия”) сыяктуу бир катар образдары менен жылуу кабыл алышкан.

Бууракандап кирген дайра сымал өмүр чиркин таштан-ташка урунуп, алда кайда шашылат. Жетээр жери, бараар чеги кай жакта? Кээ бирде бу турмуштун жандырмагын жандыралбай түркүн ойлорго келем. Керелден-кечке ой чубап отуруп жалгыздыкты жанга шерик кыла өткөн өмүр белестерин көз алдыма тартам. Мен жашаган үйдөн жогору карай тиктегенде чокусу бийик Сулайман тоосу көзгө урунат. Аттиң десең, бул тоо канчалаган окуяларга күбө болбоду дейсиң? Кучагына канчалаган кандуу жүрүштөрдү, кагылыштарды катып, адамдардын аксымдыгына, кыянатчылыгына, ташбоордугуна тоо-тоо болгону үчүн көтөрүп үнсүз тунжурап тургандыр!? Элибизде тоодой бийик бол деген сөз бекер айтылбаган. Адам тоодой тоскоолдуктарды багынтып, тоодой бийик болгондо гана алдыга койгон максаттарын жүзөгө ашыра алаар!? Кызык, ушул алыстан арзып көрөйүн деп келишкен адамдардан айырмаланып мен Сулайман тоого канча ирет көз чаптырдым экен!? Кырк жылга жакын убакыттан бери ар күнү ишке жөнөмөкчү болуп үйүмдүн астанасын аттаарым менен каректерим аргасыз тоо чокусуна кадалат. Мен тоого көз чаптырсам, тоо мага көз чаптырып…

* * *
Тигине, жылаңайлак чаңды кечип көчө бойлогон тестиер курактагы бала менмин… Башымды төмөн салып алып эмне үчүн элдикиндей энем жок, эмне үчүн мен башка балдар сыяктуу энелик мээримге оролбойм, аталык камкордукка кабылбайм деп көңүлүм зилдей көздөрүмөн жашым тамчылап кадамдарым туш келди ташталат. Таманымдын ташка урунганын да, тикенге тийип тилингенин да этибар албайм. Жетимдик көкөйүмө көк таштай тийген. Көрүнгөндүн колунда жүрүп кой кайтарган кездерде эч кимге айтпай эчкирип ыйлап алам. Ый бүткөн соң көкүрөктөгү бугум басаңдап, анан тээ түпкүрдө катылуу жаткан арзуумду, эңсөөмдү эстей калып, кыялдарым менен кошо алыска сабалап учам.

Согуш аяктайын деп калган кез. Кайсы бир жолу айыл аралап элдик шайырлар келип калышты. Ак таңдай акын Калык Акиев менен Алымкул Үсөнбаев баштаган элдик өнөрпоздор экен. Ошондогу кубанычымда чек жок эле. Элинин черин жазып эрмек болгон акындардын көмөкөйүнөн чыккан добушуна, элдик дастандар менен күүлөрүнө арбалдым да калдым. Кийин чоңоюп эр жеткенде мен да ушулар сыяктуу элдик өнөрпоздордон болсом деп кыялдандым. Анан көкүрөккө катылган аруу тилек менен адам болом деп улам алдыга умтулган жалын курак жаштыгымды билим алууга, өнөрдү өздөштүрүүгө арнадым. Билим алып келип актердук кесиптин азабына кайыл болсом, бирде ыйык сахнада туруп элдин алкышынан өткөн сый-урматтан башка нерсе жок экенине күбө болдум. Өмүрүбүздүн көбү дөңгөлөк үстүндө өттү. Төбөм көккө жетип ийгиликтин кучагына оролсом, кай бирде турмуштун бурганагына туруштук бере албай белим майышты. Бу өмүрдөн эмнени алган болсом, элиме, анан жериме эки эселеп кайтарганга акылуумун. Өмүрдө көңүл жаркытып дил тазарткан не бир шумдук окуяларга күбө болгонуң менен аттигиниң ай, таңдайда даамы калбаганы кызык тура!?

Бу адам кургуруң алда бир кыялдардын жетегине жетеленип отуруп ажайып да, аруу да балалыгын, алтын жаштыгын салаасынан агызып ийгенин аңдоос албай калат окшобойбу!? Адам шордуу бирде кыялдарын алкынта ат кылып минсе, бирде кыялдын өзүн кармай албай азап чегип… Адамдын кыялы, үмүтү болбосо анда адам адам болуудан калбайбы!?

Кыялдар… Үмүттөр… Канчасы ишке ашты да, канчасын таш капты!? Адам карылыкка эш болгону өткөн кезге көз чаптырып, ошол өтмүшү менен көңүлүн бир жашартып, улам алдыда турган асыл максатынын аркасында үмүтү үзүлбөй эртеңкиден жарык шоола издей берет тура. Көкүрөктө үмүт, кыял, санаа, тилек, максат болбосо өмүр кечиргениңен не опо!? Жашым жетимиш бешке келди. Адамга айтып болгус ырахат тартуулап, көңүл кушун көкөлөткөн касиети күч сахна үстүндө тынымсыз иштегениме 51 жыл болуптур. Кыргызга кылымда бир жаралган орошон таланттар менен чогуу басып, чогуу туруп, санаалаш курбуларга айландым. Дале чыгармачылыктан канагат алып, чыгармачылыктын айтып болгус азабына кайыл боло керемет образдарды жаратсам деп дегдейм…

Адамдардан дүйнөдө эң ыйык “апа” деген сөздү уга калганда аргасыз артка бир кылчайып алмай адатым бар. Апамдын көрөр күнү, ичер суусу эрте түгөнүптүр. Раматылык энем мен бу жарыкка келерим менен аз өтпөй аркы дүйнөгө аттанат. Азыр ойлоном, ошондо ажал менен алпурушкан шордуу энем жан кыйнаган кеселден арылалбай канчалык азапка батса да, бу ажайып өмүрдү моокуму кана сүргүсү келсе да аргасыз пешенесине жазганына баш ийип, эрдин кырча тиштей көздөрүнөн мөлт деп аккан жашы жаак ылдый сызылып артында калган мага жалооруй тиктесе керек. Эми бешикте ыңаалап эмчек издеген ымыркайынын алдыда турган тагдыры катаал болбой жеңил болсо экен деп санааркагандыр, шордуу энем. Ооба, апа! Тагдыр мени каалагандай калчап, бирде эркелетсе, бирде жыга чаап эсимди эңгиреткен учурлары арбын болду. Чымыркандым, чыйралдым. Жетим жүрүп жетилдим. Бирде жыгылсам, бирде туруп алдыга карай жүткүндүм. Колумдан келген ишти аткарып элиме эрмек болгонго умтулдум. Азбы-көппү, жасалган эмгек элге арналды…

Апамдын элеси кандай болгон алигүнчө билбейм. Ал эми атам кийинчерээк кайра түтүн булатып мени туугандарынын колуна таштап кетет. Ошентип бирде жездем Кубатбектин колунда жүрсөм, бирде Пирматтын коюн жайып армандуу балалыкты өткөрдүм. Согуштан кийинки жылдар. Айыл ичи аза күтүп, аялдар кара жамынган. Жокчулук жонду кесет. Жүгөрү менен талканга шүгүр кылып, эптеп курсагыбызды кампайтсак болгону. Кайсы бир жылы бут кийими жок калдым. Мектепке жөнөө мен үчүн эми анык азап болду. Таманым кесилип чор болду. Сабак баштала элек убакта таңкы үрүл-бүрүлдө туруп алып мектепти көздөй жылаңайлак чымын-куюн атып чуркап жөнөйм. Кудайдан тилегеним эле балдар бутумду көрүшпөсө экен. Эч ким жокто эптеп мектепке чуркап кирсем, жаным жай ала түшөт. Оюмда партанын алдына каткан буттарымды ким көрмөк эле деген ой. Өмүр деген Улуу Жолдун башаты менде дал ушундайча башталды…

* * *
5-классты аяктагандан кийин Өзгөндөгү мектеп-интернатына которулдум. Ошол жерден окуумду аяктадым. Эсимде, 10-классты аяктап атканбыз. Күндөрдүн биринде борбордон биртоп чоңдор келет, арасында Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Исхак Раззаков да бар деп калышты. Айтылгандай эле Исхак Раззаков биз жашаган мектеп-интернатыбыздын короосун жанындагы жардамчылары менен кошо аттап калды. Бизди окуткан эжей-агайларым Исхак Раззаковду жаңыдан жасалган кыздар жатаканасын мактап ээрчитип киришти. Ошол кездерде кыздарга жаңы жатакана берилген болчу. Ал эми балдардын жатаканасы үстү урайын деп, жамгыр жааганда тамчы шоргологон эски там эле. Мектепте алдыңкы окуучулардан болгондуктан уюштуруу иштерине аралашып калгам. Бир маалда окуучулар арасынан суурулуп чыгып Исхак Раззаковго:

– Агай, кыздардын эле жатаканасын көрө бербей, балдардын да жатаканасын да аралап көрбөйсүзбү?! – деп калдым. Балдар жатаканасын көрсөткөндөн уялып атышкан мугалимдерибиздин чачтары тик турду бейм!?

– Ой, көрөбүз, көрөбүз! – деди. Балдар жатаканасын аралап көрдү да саамга үн катпай туруп анан – Дагы эмне дартыңар бар, айткыла балдар!? – деди. Анан жанындагы арык каратору жардамчысына карап: – Жазгын! – деп буюра сүйлөдү. Ошол мүнөттөрдө буга чейин көргөн бардык азап-тозокторум, жетим жүрүп жетилгеним, таманым канжалап мөгдөп ыйлаган далай күндөрүм көз алдыма тартылып, алкымыма кептелген ачуу жашка мууна денем титиреп кетти. Канчалык карманууга далбас урган менен көкүрөктөгү толгон күйүт акыры жарып чыктыбы, буркурап ыйлап ийдим. Абалымды түшүнгөн Исхак Раззаков:

– Ыйлаба, көк жетим! Кой, ыйлаба! Мен да сендей жетим жүрүп жетилгем! Андан көрө айт, айта гой, кайсы кесипке ээ болгуң келет? Кийин мага жолугасың, макулбу?! – деп чөнтөгүнөн бир чакан кагаз алып чыкты да колума карматты. Азыр ойлосом, ал барак Исхак Раззаковго каалаган убакта киргенге мүмкүнчүлүк берген, атайы өзүнүн колу коюлуп телефону жана үй дареги жазылган уруксаат кагазы экен.

Мен келечекте артист болгум келет! Бир жакка барып окуюн десек, каякка барарыбызды билбейбиз? Бизге жардам берген эч ким жок! – дедим көзүмдүн жашын жеңим менен аарчый. Жанындагы жардамчысы менин жана жанымдагы балдар-кыздардын аттарын жазып, кайсы окууга бараарыбызды тактап алды. Ошондон кийин окуу жайга барабыз деп сүйүнүп калдык. Кашайып, аттестат колго тийе элек. Мында да балдардын аттестатын тез арада даярдаганга көмөк көргөзүшкөн кыргыздын мыкты атуулдары чыкты. Алар райондук жана облустук билим берүү мекемелеринде иштешкен Түмөнбай Сулайманбаев менен Сагынбай Беделовдор эле. Классыбыздагы Медер менен Сарыбайдын айткандарын орундатып мединститутка сынаксыз кабыл алышты. Мага болсо театралдык институтка сынак тапшырууга чакыруу келди. Фрунзеге келдим. Элдин эң кедейи жана ар кимден корунган коркогу мен. Сынакты кабыл алышкан комиссиянын алдында турам. Комиссия мүчөлөрү Муратбек Рыскулов, Ашыраалы Боталиев, Бакен Кыдыкеева жана Ташкенттеги институттун профессору Яков Мавеевич Лоббач экен. Эми этюд аткарышка туура келди. Муратбек Рыскулов мага карап:

– Велосипед тээп көрдүң беле? Кана, велосипед тээп өтчү!? – деп калды. Андан кийин “эми алмага ууруга кирип көрдүң беле? Алма уурдачы, агыны катуу суудан кечип өтчү, ыр окучу” деген сыяктуу тапшырмалар биринин артынан бири жаап жатты. Айткандарын орундатып, колумдан келишинче окшоштурганга далалат жасадым.

(Уландысы кийинки санда)

Данияр ИСАНОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.