Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалапкалам

Айтылуу акын, кыргыз-казак акындарынын Эл аралык айтышынын баш байгенин ээси, ак таңдай акын Азамат Болгонбаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

– Акыркы убакта алган сыйлык, наамдарыңыз куттуу болсун. Булар сиз үчүн күтүлбөгөн болдубу же көксөп жүргөнбү?

– Рахмат. Ар бир чыгармачыл адам үчүн өзүнүн мамлекетине, элине кылган эмгеги – көкүрөгүндөгү өнөрүн тартуулоо деп эсептейм. Бирок чыгармачыл адам кылган ишин сөзсүз түрдө сыйлык алышым керек, эгер мен албай калсам кадырым төмөн түшүп кетет же чыгармачылыгымдын деңгээлине доо кетет дебеш керек. Биздин залкарларыбыз мындай сыйлыксыз эле, мамлекеттик деңгээлдеги даражасы жок эле журтуна өнөрүн тартуулап келген. Учурда чыгармачыл адамдын көөдөнүн оргуштатып, көкүрөгүн тээп чыккан ар бир чыгарма, жаралган эмгек мамлекет тараптан бааланып турганы чыгармачыл адамдардын ишмердигине түрткү берет деп ойлойм. Чыгармачыл адам күлүк аттай болот экен. Сүрөөнү, колдоосу күчтүү болсо, ошончолук кубат алып кызмат кылат. Бул сыйлык мен үчүн, жеке акындар үчүн өзгөчө нерсе болду. Албетте, мамлекеттик сыйлык күтүүсүз келбейт. Сыйлык берүүчүлөргө алдын ала өмүр баян, чыгармачылык тууралуу документтерди топтоп жөнөттүк. Алаар, албасыбыз белгисиз болду. Сыйлык алсак көкөлөп, кур кол калсак, чөгүп кетчү адамдардан эмеспиз. Жалпысынан бизге кубаныч тартуулады.

– Акындык өнөргө кийинчерээк ыктап калганыңызды билебиз. Айрымдарда бул тубаса болот деп айтышат?

– Акындарда түпкүрүндө жаткан көрөңгө болушу керек деп эсептейм. Себеби акындык атайын курстардан окуп, өздөштүрүп ала турчу өнөр эмес. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылгы дагы төкмө акындардын оозунан жаралып келген деп эсептейм. Анткени ошол чыгармаларда кыргыздын тарыхы, санжырасы, каада-салты сакталган. Бүл өнөргө түпкүрдөгү улуулук керек деп эсептейм. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, бала кезимден баштап өнөргө жакын болуп өстүм. Ата-энем комузга беришти. Мүмкүн алардын көкүрөгүндө туюу сезими болгондур. Чүйдүн Арашан деген айылынан болом. Борборго жакын болгондуктан орус, кыргыз болуп мектепте окудук. Акындар өзгөчө Таластан, Токтогулдан чыгат эмеспи. Менин акын замандаштарым кыргыздын залкарлары кайнап турган жерден чыккандар да. Тамашалап силер залкарлардын жеринен чыксаңар, мен могу орустардын арасында жүрүп акын болгом деп калам. Тогузунчу классты бүткөндө Абдылаш деген агай таң атпай издеп келди. Ырдатып комуз черттирип, анан мага келип тур деди. Таң калганым, ошондо жалкоолонуп барбай деле койсом болмок. Себеби ал киши үчүн он чакырым жолду жөө басып барыш керек эле. Өнөргө болгон кызыгуу жетеледи десем болчудай. Жума күнү эртеден кечке жүрүп айтканын үйрөнүп, оокатын кылып жүрө берчүмүн. Андан кийин улуу акындар менен таанышып, чыгармачылыкты улантып кеттим.

– Алгачкы жолу айтышка чыкканыңыз эсиңиздеби?

– “Айтыш” коомдук фонду түзүлгөн учурда Замирбек агайлар айтыш уюштуруп калды. Биринчи айтыш өткөрүп жатышкандыктан, кандай кылсак болот деп сынап көрүшүптүр. Сегиз акын катышып, чоңдору Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек, Амантай, Абдылда, ыраматылык Майра Керим кызы болду. Калган үчөөнө чучу кулак кылалы дешти. Мен ошондо он сегизге толо элек кезим болчу. Кудай жалгап атым чыкты. Болгондо да биринчи экен. Демек, кетпей сахнада калышың керек. Ал кезде сахнанын деле маданиятын билчү эмеспиз. Элмирбек агай менен айтышып калдым. Ал киши “тай бала” деп ырдаса, “оргуштаган акынсыз оозуңдан салаалап, мен айгыр болгон кезимде качып жүрбө талаалап” деп тамашалап ырдаган экенмин. Азыр айтып күлүп калабыз. Ал кезде форма деле тиктирчү эмеспиз. Ош базарынан тойго алып барган үч жүз сомдук чоң чапандардан кийип алчубуз. Ошентип көп залкарды ээрчип, батасын алдым.

– Элмирбек агай азыр сиздин өкүл атаңыз да. Улуулугун, өкүл аталыгын эске алып утуп баратсаңыз деле утулуп койгон учурларыңыз болобу?

– Айтыштын негизги максаты акындар чыгып бири-бирин кордоп, шылдыңдап жеңүү эмес. Албетте, өкүл атам менен бир топ айтыштарга чыгып калабыз. Концерттерде ырдап калабыз. Ал киши дагы өнөрдү аздектеген адам. Мен ал кишини аттап өтө албайм. Чеги менен тамашалап ырдап, талаш тартышты ырдайбыз. Бирок эч убакта мен өзүмдөн улуу кишиден сыйдын чегинен чыга албайм. Экөөбүз айтышканда ал дагы, мен дагы баш байгени алган учурлар болду. 2009-жылы Нарындын жетимиш жылдыгында финалда Элмирбек агай экөөбүз айтышып калдык. Андан мен баш байгени алып, агай биринчи орунду багындырды. Мен байге алып үйлөндүм. Айтор, эриш-аркак жакшы эле келетабыз.

– Сый деп отуруп далай баш байгени алдырып жибербеңиз эми?

– Сый десе ырдабай эле сыйлап отуруу эмес да (күлүп).

– Казак акындары менен мамилеңиздер келишпейт деп угуп калабыз?

– Албетте, бул нерсе тарыхта дагы болуп келген. Сүйүнбай менен Арстанбек эки элдин ортосундагы тарыхты козгоп айтышкан учурлар болгон. Алар Кененсары, Ноорузбек, Ормон хандын учурундагы чатактардан баштаганда аксакалдар экөөң бири-бириңен ашкан акын экенсиңер деп, нарк менен токтотуп коюшкан. Басаар жолубуз бир болгондон кийин өзөктүү нерселер сакталып келген. СССР учурунда Осмонкул, Калык, Алыкул деген аталарыбыз казактын Үмөтаалы, Кенен деген акындары менен жакын мамиледе болгон. Эгемендүүлүктүн учурунда эки элдин акындары өз алдынча кетти. Бирок бардыгы жакшы жагына чечилип келе жатат. Себеби, биз кыргыздар ушул нерсеге алгачкы кадам таштайлы деген ой менен кош байге коюп айтыш өткөрүп келе жатабыз. Кээ бирөө жеңүүчү бирөө эле болушу керек деп айтып калат. Келечек үчүн чоң иш болуп эсептелинет. Анткени кыргыздын айкөлдүгү, улуулугу ушул иштер аркылуу тарых баалап алат. Акыркы учурларда казак-кыргыз акындарынын мамилеси дээрлик жакшы жагына ооп келе жатат. Өзүм эки жыл катары менен Казакстанга барып келдим. Албетте, кемчилик болбой койбойт. Бирок дээрлик иштин көпчүлүгү ийгиликтүү өтсө, анда айрым кемчиликтерин эске албай коюуга болот деп эсептейм.

– Акындар тилдин курчтугунан жабыр тартат деп айтышат?

– Албетте төкмө акындарда жаңылбас жаак болбойт дешет. Жаш учурда туура эмес сөздөрдү айтып алган учурлар болот. Бирок дээрлик айта турчу ойлорду ирээттеп, акыл калчап, көкүрөгүбүзгө жыйнап туруп айтканга аракет кылабыз. Саясий жагынан алганда бийлик тараптан кыйла эле нааразычылыктар болгон. Бирок биздин максат алардын бийлигин тартып алып, ордун басып алуу эмес. Биз болгону элдин ичиндеги акыйкатты айтууга дайым аракет кылабыз.

– Төкмө акындык ооздон чубалып чыгат деп айтышат. Айрым учурда жаттап алган учурлар болобу?

– Акындар жаттап айтат дегенди түз түшүнүп алгандар көп. Маселен, бир айтышта байгелүү орунга жетиш үчүн беш акын менен айтышышың керек. Ошонун ичинен бир акын менен кеминде жарым саат айтышасың. Тамашалап калабыз эгер тез айтканда бир мүнөткө алтымыш сап батат экен деп. Анан ошончону жаттап алууга мүмкүн эмес. Жазып анан жаттап алыш деле өтө татаал нерсе. Эгер чындап жаттап чыккан акын болсо, биз аны сыйлашыбыз керек. Ошончо мээнетин жумшап жатат.

Бизде акындар дээрлик кантип даярданат. Мисалы, көчмөндөр оюну болсо анда кандай айтыштарды козгосом болот деп ойлонот. Айланада болуп жаткан окуялардан кабардар болушу керек. Көкүрөккө топтоп анан айтканга аракет жасайбыз. Даярдыктар сөзсүз болот. Чыга калып эле төгөм деген болбойт. Элдин сүрөөнү да чоң мааниге ээ.

Мен 2004-2010 жылдары “Айтыш” коомдук фондусунун катчысы болуп иштедим. Андан 2016-жылдын башына чейин тең төрага болдум. Көпчүлүк учурда айтышка даярданууга убактым чектелүү болду. Айтыштарды өткөрүү жоопкерчилиги мага жүктөлчү. Ошону менен алектенүүгө көп убакыт жумшалчу. Быйыл айтышты өткөрүп бергенимдин себеби да ушул болду. Көчмөндөр оюнуна дагы акын катары эле катышып келдим. Учурда филармонияда иштейм. Дайыма чыгармачылык процесс жүрүп турат. Мындайча айтканда, тонусту дайыма кармап турганга аракет кылабыз. Анан кыргызда аш-той бар дегендей.

– Катуу тийсе кечирим сурайм. Бирок илгери той-аштарды кызмат кылып, мактап-жактагандарды жамакчылар деп коюшчу эле. Азыр эми бир топ эле мааниси өзгөрбөдүбү?

– Илгери залкарлар дагы аш-тойлордо кызмат кылган. Ошол эле Токтогул, Эшмамбеттер. Ал учурда бай манаптар эле той берген да. Азыр эми социалдык бөлүнүү деген жок. Ошондон улам түшүнүк пайда болуп калган. Бирок мактады деген ошол кишинин кадырын айтып, кылган ишинин зоболосун айтып ырдаган. Жөн жерден эле Манаска теңеп ырдаган эмес. Коомдо өнөрүн кыянат пайдаланган адамдар үчүн терс пикирлер айтылып келе жатса керек. Акындар ашта-тойдо ырдаган жана ырдай беребиз.

– Саясатчылар деле чакырышабы?

– Акындар көп учурда саясий мамилеге чек менен мамиле кылат. Себеби Кыргызстанда аты чыгып калган кол менен санап ала турчу эле акындар бар. Эгерде саясаттын аркасы менен материалдык байлыкка кызыга турган болсок, анда биз өнөрпөздордун эң байы болуп эсептелмекпиз. Акча үчүн кызмат кылган акындар дээрлик аз. Саясатчылардын деле жакшылыктарын тең бөлүшөбүз. Бирок чеги менен кызмат кылып келебиз.

– Өзгөчө шайлоо учурунда сунуштар көп түшсө керек?

– Түшкөн. Көбүнөн баш тарттык. Саясий кызыкчылыктарыбыз, маскаттарыбыз туура келбегендиктен же биз алардын саясий ишмердүүлүгүн жактырбагандыктан, айтор, түрдүү себептер менен кызматташкан жокпуз. Айрым акындар Садык Шер-Ниязды колдоп бердик. Айтыш өнөрүн көтөрүп чыккан бирден бир маданиятка эмгек кылган адам болгондуктан ишмердүүлүгүнө көмөктөштүк.

– Алдыда сизди кандай пландар күтүп турат?

– Буюрса, чыгармачылыктагы иштер өз орду менен жүрүп келе жатат. Акыркы учурда акындар айтыш менен эле алектенип калдык. Бул өнөрдүн өзөктүү жанрлары абдан көп. Илгерки залкарлардын чыгармаларын кайра иштеп жаздырып койсокпу деген ойлор бар. Анан акын Мирлан Самыйкожо менен “Устат” академиясы деп сөз чеберчилиги, журналистика, элдик оозеки чыгармачылык, адабият тармагы боюнча мектеп ачып жатабыз. Ошонун иштери менен алекпиз. Биздин ар бир кыла турган ишибиз түпкүлүгүндө кыргыздын улуттук өнөрүнө, кыргыздын идеологиясына байланыштуу иштерди жасайт экенбиз. Биздин колубуздан келе турган иш ушул экен. Бизнес кыла албайт экенбиз дегендей.

«Sputnik-Кыргызстан», Гүлдана Талантбекова, 10.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.