Нуркамал Жетикашкаеванын акындык изденүүлөрү

Бул макалада кыргыздын алгачкы карлыгач акын кызы Нуркамал Жетикашкаеванын жалпы чыгармачылыгына саресеп салынып, акындын лирикаларындагы өз дооруна ылайык орун алып калган тематикалык изденүүлөргө басым жасалат.

Кыргыз турмушунда аялдын ыр жазып башташы кыргыз жазма адабияты бутуна туруп, кадам шилтеп калган ХХ кылымдын отузунчу-кыркынчы жылдарына туура келет.

Өздөрүнүн адамдык тагдырлары түздөн-түз элине эркиндиктин баш багышы менен тең катар башталган Нуркамал Жетикашкаева, Сатин Абдыкеримова, Тенти Адышева, Нинакан Жүндүбаева, Жумакан Тынымсеитова деген асыл заттар аялдын ордун коломтонун жанынан, эри менен балдарынын кашынан көргөн элинин ичинен суурулуп чыгып, эл өз дастаны «Жаңыл Мырза» аркылуу биринчи ирет кыялый жасаган «бунтту» иш жүзүнө ашырып (гендер маселесинде), алгачкы карлыгачтар болушкан. Күнүмдүк көр тирликтин деңгээлинен аздап көтөрүлүп, билим алып, быягы Пишпектин тар көчөлөрүн артка таштап, бири СССРдин жүрөгү болгон Москваны чабыттап (Н.Жетикашкаева), «акын» деген алгачкы наамга арзып, «Алыбек алына жараша» жигиттер менен ат салышышкан.

Дүйнөлүк адабиятты мындай коелу, орус адабиятында Ахматовалардын атагы өлкөнү дүңгүрөтүп, поэзияда чыныгы кесипкөйлүктүн чокуларын багынтып жаткан учурда биздин эжелерибиз болгон «талантын» кошок менен чыгарып (ал тургай алгачкы профессионал акын Нуркамал Жетикашкаева эжебиз деле ырын окубай, ырдап айтчу экен), күлала болуп жүргөнүнө биздин коомдун маданий-социалдык шарты себеп. Ошондон улам кеч болсо да колуна калем алган акын кыздарына элибиз ыйбаа менен мамиле кылып, ийгилигин көкөлөтүп, кемчилигин кечирип келгенинин жөнү бар.

Нуркамал Жетикашкаева ырларын обондотуп айтып берчү экендигин акындын алгачкы өмүрлүк жары, белгилүү жазуучу, драматург Касымалы Жантөшевдин кызы Жибек Касымалиева макаланын автору менен болгон маегинде жылуу эскерген эле. Жибек эженин айтымында, казан-аяк менен тамак-аш даярдоого тартылуусу анчейин болбогон, туубаса да тутунган энеси Нуркамал менен атасы экөөнүн үйдө болгон сөзү чыгармачылык гана болуп, Нуркамал маал-маалы менен обондотуп ырларын айтып берип, бактылуу чакан үй-бүлө бакыттын анча узак эмес ирмемин баштан кечирген. Обондотуп айтуу, бул балким, салттуу кыргыз ырларынын кулакка жедеп сиңип калгандыгынан, кыргыз дүйнөсүнүн али салттуу көркөм дүйнөдөн алыстай электигинен болу керек. Ал учурдун ырлары сабатсыздык жоюлгандыгынан улам кагазга түшүрүлгөнү гана болбосо, али элдик оозеки чыгармачылыктын жылуу койнунда тыбырчылап жаткан. Ушул себептен, жогоруда ысымдары саналып өткөн акын эжелердин ырларына көз жүгүртсөк, алар, арийне, профессионалдык адабияттын үлгүлөрүнө караганда, көбүнесе мазмун, маңызы, ыргагы, тулкусу боюнча фольклорго жакындайт.

Нуркамал Жетикашкаеванын 1978-жылы жарык көргөн «Ырлар жана поэма» жыйнагындагы «Ырдаймын» деп аталган алгачкы ырына толук көз жүгүртүп көрөлү:

«Таалайлуу кызы элимдин,
Тартынбай калем аламын,
Кагаздын бетин саймалап,
Тамгадан түрүң саламын.
Жаркыраган заманда,
Жалындап өчпөй жанамын.
Ырдаймын өскөн бу күндү,
Ырыстуу жыргал күнүмдү.
Ырдаймын талбай толкундап,
Ыраакка созуп үнүмдү.
Эмгек, билим, шат менен,
Гүлдөтөм өмүр гүлүмдү.
Талабым жетип тилекке,
Кубанчым толсун жүрөккө.
Алдыга кенен жол ачкан,
Ар дайым жаша гүл өлкө!
Өмүрүн жаштын сугардың
Өлбөстөн аккан мүрөккө» [2, 9-б.].

Ырдын негизги мазмуну кыргыз элинин теңдик заманга жетип, таалайга батып турган учурундагы элдик өзүн-өзү таануунун (этникалык идентичность) абал, жагдайын көрсөтөт. Арийне, кечээ эле сөз айтууга укугу жок, үлбүрөп жүк бурчунда отуруп, кыз оюндарда көздөгөнү болбой койбосо да, көбүнесе көңүлү каалабаган адамга түбөлүккө узап, андагы ички уйгу-туйгусу да жүрөктүн тереңинде катылган бойдон, башка салган турмушту улантып кетчү кыргыз кызынын эми бет пардасын сыйрып таштап, жигиттер менен тең салыша арип тааный башаташы таалай болгондугу талашсыз. Бул Нуркамал акын жашаган доордогу учурдун демин илгиртпей убагында сезген баамчыл, көзү жетик кыздардын сезими болгон. Ырас, дал ушул мезгил тилкесинде деле «мектепке баруу» дегенди али жомоктой туйган, аң-сезиминде али караңгы-лыктын туткунунан бошоно албай, көр-тирликтин курмандыгы болуп жүргөн аял заттары элде арбын болгондугу талашсыз. Бул түшүнбөстүк үчүн эч кимди күнөөлөгөнгө мүмкүн эмес. Элдеги социалдык шарттын өзү али жалпы эле караламан кыргыз аң-сезиминде чагылып турган.

«Тартынбай колго калем алып» жатып дагы, кагазга жазуу эмес, кагазга «тамгаларды саймалоону» астейдил айтып жаткан бул кош саптын өзүндө да шырдак жасоо, сайма саюу энеден калган таберик мурас болгон кыргыз кызынын аң-сезиминдеги али пайдубалдуу турмуш элесин байкоого болот. Акын «ырдаймын» деп, кайталап айтып жатат (ырдын аталышынын өзү дагы «Ырдаймын» деп аталат). Ооба, акындын доору – али ырдан, обондон алыстай элек доор.

«Ыраакка созуп үнүмдү» – деп айтып жатканы кыргыз-дын кубанычтан эргип, көкүрөгүнөн шаңшып чыккан ыр элесин берип турса дагы, бул тилектин өзү символикалуу түрдө алганда, Нуркамал акындын чындап эле үнү алыска угулуп, өз мекенинен канат кагып учуп чыгып, алыскы Москванын кең көчөлөрүндө эргип, керемет шаарда билим алуусунун изги тилеги дешке болот.

Ырларынын эне тилинде гана эмес, убагы келгенде орус тилине которулуп калышынын өзү дал ошол үндүн алыска угулушун, талбай толкундап ырдоону, «жыргал күндү даңазалоону», «ырыстуу күндүн» демин сезүүнү түшүндүрөт.

«Ар дайым жаша гүл өлкө!
Өмүрүн жаштын сугардың
Өлбөстөн аккан мүрөккө»
– деген саптарындагы өлкөнүн эл үчүн түзүп берген шартын мүрөк суусуна салыштырууну акындын учурундагы элдин түшүнүгү, дүйнө таанымы дешке болот. Жанагындай катал кылымдык шарттардан, улуу үркүндөн аман калган аз калктын мындан башка айтаар сөзү болмок эмес. Бул жагынан өзүнүн алгачкы карлыгач акын кызы агынан төгүлүп ырдап жаткан ыр – ошол элдин ички көкүрөк-көйүндөгү ойлор. Демек, кыргыздын алгачкы акын кызынын жазган («ырдаган») алгачкы темасы өзүнүн ички жан дүйнөсү аркылуу элдин үнүн берүү болгон.

«Калем кармаган менин курбула-рымдын кичүү замандашы жана каламдашы Нуркамал болгон. Ал кыргыздын келин-кыздарынан чыккан калам ээлеринин туңгучтарынын, төлбашыларынын бири эле. Демек анын чыгармалары да улгайган замандаш акындарынын чыгармаларындай революциялык үгүт-насыят темаларына сугарылган. Советтик патриотизм, адабияттагы партиялуулук Нуркамалдын чыгармаларында калыптанган, айкын принципте турат. Бул көрүнүш поэтессанын ири ийгиликтери.

Нуркамалдын чыгармалары коомдун өткөрүп турган кырдаалында ылайык-талган татынакай адабияттагы көрүнүштөр» [5,5-б.], – деп жазган Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаев учурунда акын кыздын чыгармачылыгын «Нуркамал» аттуу эстелик» катары баалаган [5,8-б.].

«Биздин заман», «Октябрдын кызымын», «Ильич», «Биздин закон», «Лениндин туусу

алдында», «Ырысыбыз партия», «Сүйүнөм», «Өчпөс чырак», «Кантип жүрөк кубанбайт»,

«Коммунизм – биздин жол», «Өссүн өмүр жаркырап», «Ырысты көрдүм чалкыган», «Кубанам», «Мекен», «Элимде» аттуу ырларында акын жогорку ырындагы эле таалайын айтып бүтпөйт. Заманын «нур заман» деп мүнөздөп, Компартияга, Ленинге кайра-кайра ыраазычылыгын агынан төгүлө билдирип, бактысына сыйбай, «Октябрь берген тил менен, Калемим ырдайт колумда», «Октябрь берген эрк менен, Күн санап алга барамын» [2,10-б.] – деп, Октябрь Революциясынын «пардалуу жүктүн бурчундагы, туткундагы аялдарга» берген жарыгын кубана кабылдап, бул таалайды айтууга сөздүн гүлдөрүн тандайт. Үй-үйлөрдө Ильич шамы жанып, колхоз айылында катар-катар көчө түшүп, түз жолдор салынып, жаш бөбөктөр менен өспүрүмдөр мектепке катталып, машиналар көчө аралап, ага эл сонуркап, эмгек кызуу кайнап турган доор шарданын Нуркамалдын ар бир ырынан көрүп, сезүүгө, туюуга болот. Совет доорунун жыргалчылыгын жан эбиле ырдай берип, акын жадагалса ааламдагы Ай менен Күндү, теребелдеги бак-дарактарды, ошол эле кыргыздын тоолорун, сан миң түрлүү гүлдөрдү, ажайып таңды, күн менен түндү дагы унутуп койгон сыяктуу. Бүткүл жан дүйнөсүндө ошол ырыстуу заманды берген Ленин менен партияга эбилип-төгүлгөнү, албетте, ал учурда калем кармаган бардык эле калем ээлеринин дүйнөсүнө таандык болгон.

Өзүнүн чыгармалары басма сөздө жарыялана баштаган 1937-жылдары өлкөдө сталиндик репрессиянын арааны жүрүп, кыргыз акын-жазуучуларынын ичиндеги болгон көйгөйлүү ой чабыттар, санаалуу илептер биз сөз кылып жаткан акындын поэзиясында сезилбейт. Акындын ички жан дүйнөсүндө эч кандай карама-каршылык жок.

Акындын ырларын карап олтуруп, адатта чыгармачылыкта болуучу таасир маселесин оңой аңдоого болот. Бул – мазмуну жаңы доорду чагылткан, бирок таризи (формасы) элдик ырлардын тулкусуна негизделген, жеңил, сезимге жугаарлык, фольклордон алган таасир. Таасир болбогон күндө дагы, тымызын ой-кыялды бийлеген, жан-дүйнөдө үзгүлтүксүз орун алган салттуулук. Нуркамал акындын оюна ал учурда «бул ырымды дагы кандайча жазсам» – деп, форма издөө түйшүгү келбейт эле, анткени анын бүт аң-сезиминде кандай болбосун доордун ырын ырдап калуу максаты гана орун алган. Албетте, бул мыйзам ченемдүүлүк.

Чыгармачылыктын байып, кеңейиши үчүн, албетте, белгилүү бир шарттар зарыл. Бул жагынан акындын Москвадагы Луначарский атындагы институтка тапшырып, артисттик өнөргө ээ болуп, чоң шаардын маданиятын алышы эң жөнөкөй алганда, чыгармачылыгындагы тематикалык өзгөрүүлөргө өбөлгө түзгөн. «Москвама», «Ленин шаарын көргөндө», «Гүлдөй бер» сыяктуу ырлары буга мисал.

Акындын Москвадагы театр окуу жайын бүткөн учуру 1941-жылга туш келет. Бул учурда Ата-Журттун башына оор мүшкүл түшүп, элдин азамат эр-уландары майданга аттанышы, кылым башындагы теңдик заман Нуркамалга кандай таасир этсе, Ата Мекендик согуш андан кем эмес таасир калтырды. Көзүн ачкандан элинин тагдырын ырдап көнгөн акын, эл башына түшкөн мүшкүлдү жүрөгү менен терең кабылдаса, экинчи жагынан, майданга узаган экинчи өмүрлүк жары, адабиятчы Өмүркул Жакишев менен иниси Ырысбектин набыт болушу акын жүрөгүнө өтө катуу тийген. Катуу тийгендиги ушундан көрүнөт, атайын чоң калаадан окуп келген өнөрү менен Кыргыз драмтеатрында эмгектенсе дагы, өзүнчө образ түзүп, актриса катары көрүнө алган жок. Анткени, анын акындыгы жеңип кетти. Эл башына түшкөн оор кырдаал учурунда элдин демине дем кошо турган илептүү ырларды жазууну ал актрисалык милдетинен дагы жогору койду жана, албетте, бул парзын эң жогорку бийиктикте аткарды.

Акындын асыл жарына арнаган «Сагынам» аттуу ырын жүрөгүң ооруп отуруп окуйсуң:

«Сагынамын, сагынамын, сагынам,
Сагынарым сапар кеттиң жаныман.
Сагынганда, сагынганга баш кошуу
Сагынгандын таалайдагы багынан.
Багынан да, багыңан да, багыман,
Балапан деп сүйгөнүмдү сагынам.
Каракчылар каршы келди, болбосо
Карыш алыс калат белем жаныңан.

Жүрөк жалын, каным ысык, денем чок,
Алган жарың бардыгына тең орток.
Ойноп күлүп көрүшөбүз дечү элек,
Тилек келип, эсен болсок, соо болсок.
Эстейм, эстейм эчен шаттык күндөрдү,
Бирге өткөргөн айлуу жарык түндөрдү.
Элестетем, эч убакта унутпайм,
Эркелетип эрип жүрөк сүйгөндү.
Эчен басып салкын желге таңдагы,
Эркелеттиң, эркелеттим мен дагы.
Элиң үчүн курман болдуң эрлерче,
Эсимдесиң жүрөгүмдүн ардагы» [1,67-б.].

Акындагы бул өксүк а балким, андан аркы саналуу жылдык өмүрүн коштой жүрүп отургандыр, бирок согуш темасын ар кыл алкакта ачып берген акын эрки аны анчейин байкатпайт.

Бул жагдайда акын Салтанат Орозобекованын: «Нуркамалдын ырларын окуп жатып бүтүндөй доордун летописин барактап олтургандай туясың. Көкүрөгүндө оту бар, жалыны бар акын гана доордун үнүн уга билет. Нуркамал ошол бийиктиктеги акын. Бирок, таберик болуп калган ыр дүйнөсүнөн бөлөк дагы көрүнбөгөн, өксүк дүйнөсү өзү менен кошо кеткендей туюлат. Нуркамалдын керт башындагы оор трагедиясынан улам ушул ойго келем… Адатта акын кайгыны, жалгыздыкты өз поэзиясынын кудурети менен жеңет эмеспи. Чоң тагдыр чоң поэзияны жараткандай, Нуркамалдын өмүр тагдырын коштогон ал ырлар кайда деген суроо саласың… Неси болсо да Нуркамалдын бул табышмагы, өксүк ыры өзү менен кошо кеткендей. Акындык, аялдык жүрөгү канчалык назик болгону менен, анын ар-намыска бек, кайраттуу жан экенин ырларынан туясың. Аз, саз жазылган өмүр жөнүндөгү ырларынан ушул кайратты туясың» [4,65-66-бб.] – деп жазганы бар. Ырасында эле, биздин төл башы акындар жеке касырет-кайгысынан элдин мүдөө-тилегин жогору коюп, өздөрүн курмандыкка чалып, бүркүттөй ташка чабылып, заман салып кетишкендей туюлат. Эл алдындагы озуйпа милдетин ак өтөгөн Нуркамал акын өзүнүн энелик бактысын жалпы совет бөбөктөрүнөн көрүп, ыр арнап, алардын келечегине, элдин тагдырына көбүрөөк тынчсызданган.

Нуркамал Жетикашкаева лирикалык ырлардан тышкары «Жанган жалын» поэмасын дагы жараткан. Поэманын сюжети согуштан жарадар болуп, жеңиш менен кайткан Акылбектин жаңылыш кеп угуп, асыл жары Гүлүмдүн башка бирөөнө башы байланганына ичи тызылдап келе жаткан учурунда поэманын башкы лирикалык кейипкерине жолугушу менен өнүгөт. Экөөнүн ортосундагы маектерден улам, турмуш чындыгы ачыкка чыгып, асыл жары Гүлүмдүн дайынсыз болгон жарын күтүп, колхоздо тынбай эмгектенип, уулу Азаматты өстүрүп жаткан ыймандуу өмүр жолу айкын болот. Чакан окуяны чагылдыруудагы акындын лирикалык чегинүүлөрү барып келип эле анын өзүнүн жеке тагдырына чырмалышып тургандай таасир берет:

«… Кандай жаман,

Кандай кыйын,

Эки жүрөк бөлүнгөн.
Эстей калса,
Көңүл чөккөн,
Көздүн жашы төгүлгөн.
Ооба, кыйын

Жаш адамга
Сүйгөнүнөн айрылуу…» [1,130-б.].

Поэмасынын сюжетин эки жардын аман-эсен көрүшүүсү менен бүтүрүшү акын дилинде өзүнүн өмүрлүк жары менен көрүшүүгө карата кыял, «өлдү» деген суук кабар жаңылыш болуп калса деген аруу ниет эмес деп айта албайсың. А балким, өз тагдырын моюндап, ага башын ийсе дагы, акын башкаларга мындай айрылууну ыраа көрбөстүгүн чыгармасында агедил чагылтып турат.

Жыйынтыктап айтканда, Нуркамал Жетикашкаеванын лирикалары менен поэмасы өз доорун жан дили менен ырдап кеткен акындын элине табериги катары кыргыз поэзиясында жашай берет жана акын жөнүндө айтчу сөздөрдүн учугу али алдыда.

Адабияттар:

  1. Аялзатка таазим. – Б.: Ала-Тоо журналынын редакциясы. 1996.
  2. Жетикашкаева Н. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан. 1978.
  3. Кыргыз Республикасынын жазуучулары. – Б.: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы, 2008.
  4. Орозобекова С. Нуркамал /Китепте: Аялзатка таазим. – Б.: Ала-Тоо журналынын редакциясы. 1996.
  5. Токомбаев А. Нуркамал /Китепте: Жетикашкаева Н. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан. 1978.
  6. Эгембердиева А. Жылдар үнү. – Б., 2006.

Эгембердиева А.А., «Айгине» маданийизилдөө борбору,
“Кыргыз тили жана адабияты”, 14/2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.