Апачинин акылы

Native American сүрөттөрүнөн
Native American сүрөттөрүнөн

Будуң-чаң түшкөн бул дүйнөнү улуу ойлор гана сактайт. Андай асыл ойлор эч кандай улутка, урууга, динге бөлүнбөйт. Адамзатты асыл ойлор сактап келгендиги үчүн аалам аңтарылып-теңтерилбей, өмүр уланып келет. Улуу ойлор кайсыл улуттан жаралса, демек, ошол улут да улуу экенине ишенем. Ал эми улуу ойду жер үстүндө жашаган ар бир улут айта алган. Мен бүгүн эзелтен эркиндикти эңсеп, табиятты башкалардан өзгөчө баркташкан кадимки индей элинин акыл-казынасын ачканга азганакай аракет жасадым.

Данияр ИСАНОВ

* * *

Оо, Жараткан Улуу Күч! Кимдин үнүн эшиттим мен шамалдан,
Бардык пендең сыңары – сага келип, жалынамын, жалбарам.
Сенде болгон даанышмандык, анан дагы зор күчүңө зарылам,
Бир тууганга мени күчтүү, анан өйдө кылбастан,
Алп душманым – “өзүмдү өзүм” жеңейин деп суранам!

Ден Жорж, халкомелем уруусунун башчысы (1899 – 1981)

 

* * *

Пайдасы жок элден болсок, Жараткан бизди жасамак эмес.

Джеронимо

 

* * *

Эгер жан-жаныбарлар менен сүйлөшө билсең, алар да сени менен тил табышат. Ошентип бири-бириңерди билүүгө оңтойлуу учур жаралат. Кокус, алар менен сүйлөшкөндөн баш тартсаң, анда алардын табиятын эч качан аңдай албайсың. Адам билбеген нерсесинен коркуп атып, талкалаганга өтөт. Коркунуч да акыры-түбү сени талкалап тынат.

Ден Жорж, халкомелем уруусунун башчысы (1899 – 1981).

 

* * *

“Мен, ар намысы бар адам катары сенин алдыңда турам. Менин эч кандай айыбым жок! Сенин алдыңда өзүн күнөөлүү сезгидей мен кылдай кыянаттык жасаган жокмун. АКШ, Канада жана башка өлкөлөрдөгү миңдеген индейлердин алдыңкы сабында турган ишмер катары ушул сот залында адилетсиздик өкүм сүрүп турганын көрүшкөн тарапташтарым мени ар качан колдоого алып, өз иштерин уланта беришмекчи. Силердин адамдар – үрөй учурган ушундай коомдо жашап жатышканынын өзү кандай гана аянычтуу. Силердеги коомдук түзүлүш сараңдыкты, расалар ортосундагы бөлүнүүчүлүктү жана коррупцияны, эң башкысы Жер Энени ойрон кылганга гана үйрөтмөкчү. Ал эми индейлердин коомдук түзүлүшүндө, биз, бир туугандарыбызга жана карындаштарыбызга “жакыр жашагандар менен муктаж болгондорго карата берешендик жасагыла” деп тарбиялайбыз. Баарынан да маанилүүсү, Жерди сактап, аны өзүбүздүн Эне катары санайбыз.

Леонард Пэлтиердин сот залында өкүм жүргүзгөн судья Паулуга карата кайрылуусу. Бенсон, 1977-жылдын 1-июну

 

* * *

Өлүм коркунучу эч качан жүрөгүңө кирбегидей жашап өт. Башка бирөөлөрдүн диний түшүнүгүн сыйла жана талкууга алба. Ошол эле учурда алардан да өз ишенимиңди сыйлагыдай талап кое бил. Өз өмүрүңдү узартканды үйрөн жана анын максаты катары элиңе кызмат өтөө деп түшүн. Ээн талаа, эрме чөлдө болгон күндө досторуңдун, бейтааныштарыңдын, ал гана эмес таптакыр тааныбаган адамдарыңдын жанынан өтүп баратып амандаша жүр. Бардык нерсени сыйлай бил жана эч кимге тизе бүгүп, эч качан этегине эңкейбе. Ар бир таңда жашоонун ырахаты менен жеген тамагың үчүн Жаратканга шүгүр кыл. Кокус, алкыш айтканга акым жок десең, анда ал сенин күнөөң. Эч качан эч кимди шылдыңдаба. Мазактагандык – акылманды акмак кылат. Жараткан андай адамдан жүзүн терс бурат.

Кимде-кимдин жүрөгү коркунучка толгон болсо, акырет сапарга аттанаарында онтоп-сыздап, Жараткандан “дагы кичине өмүр бере турчу, кайрадан мен жашоомду башка нукта баштайын” деп жалбарышат. Андыктан, өлүм ырын ырдап туруп, баатыр өз үйүнө кайтып бараткандай өл!

Текумсе, шауни уруу башчысы.

 

* * *

Мен согуштан тажадым. Биздин уруу башчыларыбыз өлтүрүлдү, кары-картаңдарыбыздан айрылдык, ымыркайларыбыз ызгаардуу сууктан тоңуп жатышат. Мага аларды табыш үчүн мезгил керек, же эмне эми мен аларды өлүүлөрдүн арасынан издеп табамбы?! Мен абдан чарчадым. Менин жүрөгүм сыздап турат. Мен эми эч качан салгылашпайм.

Джозеф, уруу башчы.

 

* * *

Адам буту тийген жерди эч ким, эч качан сатууга акысы жок.

Жаалданган Тулпар, уруу башчы.

 

* * *

Биз, Жер Эненин үстүндө жүрүп ар дайым өтө акырындык менен кадам таштайбыз. Анткени, болочоктогу муундарыбыздын жүздөрү бизди жер астынан карап турушат. Биз, аларды эч качан көңүлдөн тыш калтырбайбыз.

Онондага

 

* * *

Кээде мен кандайдыр бир суроо берип, анан жообун ошол замат укпай калган учурлар болот. Анан көпкө үндөбөй туруп ал: “Ар бир адамда ушундай аңкоолук баскан учурлар кездешет. Ошондой учурлар өтүп кеткен соң айрымдары эмне кеп сүйлөгөнүн эрте аңдап эстерине келишет да, алдыга кадам таштап, өсүп-жетилет. Мындай окуяларга кабылган ар бир жанга карата бизде мындай бир учкул ой бар:

“Качандыр бир кездерде сен жетиштүү деңгээлде макоо болсоң, анда кемчилигиңди сезип, акылмандыкка карай кадам таштайсың. Ошол эле учурда өтмүшүнөн эч кандай өрнөк албай, калыбынан жазбай калган болсо, анда калган өмүрүнүн бардыгын макоо бойдон жашап өтөт. Мындай адамдарга биз: Ушул макоолугуң карып-арыганча, өмүр бою сени коштоп жүрсүн!” – деп айтабыз.

Бөрү Искендер

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.12.12-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.