Бакаш Алтыбай Уулу. «Жакшылык жакшылык менен кайтпайт»

(жомок)

Илгери бай жалгыз баласын көзү ачылсын деп окутууга молдонукуна алып келип берет. Бала биринчи жана экинчи жылдары абдан жакшы окуп жүрөт. үчүнчү жылга айланган кезде баланын окуусу абдан начарлап, өзү арыктап, жүдөйт. Эмне үчүндүр балдарга кошулбай, жалгыздап жүргөндү жакшы көрөт. Молдо ата-энесине айтпай эле байкайынчы деген чечимге келет.

Молдо балдарды окуткан жерде чоң суу, анын бир өйүзү жар экен. Бала тышка чыкса эле баягы жар өңдүү жерге отура берген адатка айланып калыптыр. Молдо баланын бардык кылык-жоруктарын байкап:

– Айрыкча жардын башына эмнеге барып отурат? Байкагыла, – деп, балдарга тапшырма берет.

– Молдоке, биз байкадык, жарга отуруп, сан этинен бакага кесип бергенин көрдүк – деп, балдар таң калуу менен айтышат.

Бул сөздү уккандан кийин, молдо өзү байкайт. Бала өзүнүн сан этинен кесип, бир көк чаар бакага бергенин молдо өз көзү менен көрөт. Молдо баланы өзүнө жалгыз чакырып алып, сурап баарын билгиси келет.Бала таптакыр айтпайт.

– Окубаймын, эч нерсе түшүнбөдүм, – деп молдого таамай айтат.

Ошентип бала көшөрүп окубаймын деп үйүнө келет. Ата-энесине дагы эч кандай сырын айтпайт. Баласынын өңүнөн азып, арыктаганына ата-энесинин жүрөгү сыздайт.

– Башка шаарга барамын – деп, бала көктүгүнө салды. Ата-энеси ыйлаганына дагы караганы жок. үйүнөн безип кетмек болду. Алар азык камдап, ат берелик деген тилине да көнбөдү. Бала далай жолду арытат. Таңдайы так катып суусайт, ага дагы карабайт. Жүрүп-жүрүп жайылган малдын көптүгүнөн адам жүргөнгө жол жок. Аргасы кетип бала ойлуу карап туруп калат. Бир кезде жайылган мал экиге бөлүнүп жайылып, ортосунан чоң жол ачылат. Жолго түшүп бала ылдамдай басат. Бир убакта шамал дегдеңдетип алдыга карай сүрөгөн өңдөнөт. Баса, баягы бала сан этинен берип жүргөн чаар бака ажыдаарга айланат. Бала баратса, жолдон ажыдаар оозун ачат. Сан этин берген бала экенин билип, оозун жаап, бала менен амандашат.

– Сен менин досум экенсиң, ишенбесең өзүңдүн саныңды көрсөтчү, – дейт. Караса саны оюлган. Экөө ого бетер чапташып, достугун күчөтөт. – Кайда барасың? Менден кандай жардам керек? – дейт.

– Мага эч кандай жардамдын кереги жок, – деп ыракмат айтат.

Ажыдаар төрт чарчы ташты балага берип, мындай дейт:

– Бул сыйкырдуу таш, чарчасаң кубат берип, күч аласың, курсагың ачса, оозуңа жакындатсаң, каалаган тамагың даяр болот, өлгөндү тирилтип, өчкөн адамдарга кылган жакшылыгың жакшылык менен кайтат, – дейт. Бала досунун айтканына макул болуп жолго чыкты.

Жолдо кетип баратса, он эки жашар бала көзүн ачпай өлүп жатат. Бала өтүп кетип, ойлонуп кайра келет.

Бала:

– өтө жаш бала экен, мунун колунан эмне келет, андан көрө жаныма жолдош кылып алайын, – дейт.

Ташты баланын чекесине сыйпап, тирилтип алат.

Бир аз ары жүргөндөн кийин өлгөн жыланды көрүп, ташты тийгизип койсо, ал тирилди, сойлоп кетет. Андан ары баратышса, бир кумурсканын уюгун көрүшөт. Ташты тийгизип койсо кумурсканын баарысы тирилип , падышасы ырахматын айтат.

Эки жолдош жолун улантып баратса, аарылардын өлүп жатканын көрөт. Ага ташты тийгизип койсо, баарысы тирилип учуп кетет.

– Бир керегиңе жарайбыз, – деп алкыш айтат.

Далай жол жүргөндөн кийин жаш бала:

– Чарчап-чаалыктым, ачка болдум – деп, такыр баспай коёт. Аргасы кеткен балага аябай боору ачыйт. Ажыдаардын досу баягы ташты колуна карматып:

– Эми чарчабайсың, ачка дагы болбойсуң, – дейт. Жаш бала касиеттүү ташта кандай сыр бар экенин билип алат. Анан жакшылык кылганын унутуп, карасанаганга ниети бузулат. Ал убакта күчкө толгон кези эле.

Бир жерге келип отурушат. Жакын жердеги кудуктан адегенде жаш бала суу ичет. Анан ажыдаардын досу эңкейген кезде, жаш бала аны кудукка түртүп жиберет. Ал кудуктан чыга албастан, бүткөн бою суу болуп, ошол суудан ичип, чыкканга эки көзү төрт, айласы жок жата берет.

Бир убакта ажыдаардын досунун бутунун башын бирдеме кыбыратат. Караса баягы өзү тирилткен жылан. Ким түртүп жибергенин жылан досуна айтат.

– Досум, сен чыгарышты өзүң билесиң, менин колумдан келбейт. Бирок сени чыгарыш үчүн мен хандын кызын чагамын. Ал суу бойлоп сейилге чыгат. Отура калган жеринен мен чагам. Кыз аябай шишип кетет. Сени алып бармайынча, мен ууну тарата беремин. Сени табып, тамырчы издеп жүрүп вазирлер кудуктан чыгарып алышат. Баргандан кийин үч күн, үч түн кыз менен бирге бол, мен ууну тартып аламын. Хандын кызы айыгат. Ал сага колукту болот.

Баарысы жылан айткандай болот. Хандын вазирлери чыгарып, баланы ханга көрсөтөт. Бала жылан үйрөткөндөй шартты айтат.

Хан экөөнүн бири-бирин сүйүп калганын билип, эң кыйын тапшырмаларды берет, күйөө бала аны аткарганга аракеттенет.

– Биринчиси, караңгы үйгө буудай, арпа, сулу, тарууну аралаштырам. Ошону сен төрт бөлөк кылып, түнү менен бөлүп бересиң.

Бала айласыздан макул болот. үй караңгы, эшик бекиген. Бала арга таппай отурса, баягы кумурска достору келип,төрт данды төрт бөлүп, төрт бурчка үйүп коёт. Аны хан эртеси көрүп, аябай таң калат.

– Экинчиси, алтымыш окшош чүмбөттүү арабага жасалгалап туруп, ошонун бирөөнө кызды отургузам. Кайсыл арабада экенин тапсаң, кызым сеники, таппасаң өзүңө өзүң таарын.

Бала башы айланып, кандай арга болот деп аябай капаланат.

Ошол кезде баягы тирилткен аарылар келип мындай дейт:

– Сен капа болбогун. Кыз кайсы арабада отурганын билебиз, аны менен бирге биз уюлгуп уча беребиз. Бизди көрүп, сен жолго жакындап өтө берген кезде кызды колдон карма.

Бала кызды табат, хан убадасы боюнча кызын берет. Күйөө баласын өзүнө биринчи вазир кылып алат.

Хан ууга барганга камынат. Кызы атасын камдаш үчүн сандыгын ачат. Баягы ажыдаар берген ташты көрүп, күйөөсүн тааный коюп сурайт. Көрсө, баягы тигини кудукка түртүп жиберген уятсыз келип ханга жагынып, вазир болот. Кыз атасы аркылуу баланы чакыртып сурайт. Жаш бала баарысын бурбай чынын айтат.

Эртеси хан күйөө баласына:

– Кана, өлгөндөрдү тирилтчи? – дейт.

Ал коктудагы өлүп жаткан көп жырткычтарды тирилтет. Алар ханды баш кылып жеп салат. Алар өлгөндөн кийин бала колуктусу менен өз ата-энесине келип, жакшы жашап калат.

«Мурас»

Соц тармактар:

One thought on “Бакаш Алтыбай Уулу. «Жакшылык жакшылык менен кайтпайт»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.