Европада кыргыз кийизи өтүмдүү

Берлинде эл аралык “Базар” көргөзмө-жармаңкеси аяктады. Акыркы элүү жылдан бери жарманке Import Shop Berlin деген аталышта өтүп келет.

Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкесиндеги кыргыз уздары жасаган куурчактар.
Берлиндеги “Базар” эл аралык жармаңкесиндеги кыргыз уздары жасаган куурчактар.

Жүздөн ашуун өлкөнүн кол өнөрчүлөрү катышкан жармаңкеге кыргызстандык да чеберлер катышып, боз үй тигип, шырдак жана башка кийиз буюмдары менен элди тарта алды.

Кийиз сувенирден Кыргызстан алдыда

Кол өнөрчүлөр өздөрү жасаган түрдүү буюмдары менен элдик мотивдердин негизинде жараткан товарларын алып келип сатышат. Жүздөн ашуун өлкөнүн чеберлери менен атаандаш болуу, кардарларды тарта билүү да чоң маселе. Муну билүү үчүн үч залга бөлүнүп отурган кыргызстандык уздар менен баарлашып көрдүк.

Сүрөтчү жана чебер Күлүпа Асанакунованын кызы Асел Сапакова аталган жармаңкеге 11-жолу катышып атат.

– Жармаңкеде башка өлкөлөр да кийизден жасалган буюмдарын алып келишет. Көп жылдан бери салыштырам. Кыргызстандын кийизи башкача. Ошондуктан кийиз сувенирлер боюнча Кыргызстан алдыда турат десем жаңылышпайм. Непал, өзгөчө Монголия көп учурда биздин кийизден жасалган сувенирлерди көчүрүп жасайт. Көп учурда Кыргызстандагы уздардан заказ кылышат деп да айтышты. Ал эми сатылышы ар кандай. 11 жыл ичинде эки жолу дээрлик баарын сатып кеткенбиз. Быйыл солгунураак. Сувенирлерди болсо барган өлкөнүн кызыкчылыгына, эмнени жакшы көрүшөрүн, улуттук өзгөчөлүгүн эске алып жасайбыз. Мисалы, азыр кичине периштелерди, чымчыкты жана Рождество майрамына кийизден жасалган балатыларды алып жатышат.

Гүлзат Чытырбаева Берлиндеги жармаңкеге экинчи жолу катышып жатат
Гүлзат Чытырбаева Берлиндеги жармаңкеге экинчи жолу катышып жатат

Гүлзат Чытырбаева быйыл бул жармаңкеге экинчи жолу катышып жатат. Турган орду кымбатыраак экенин белгилеген Гүлзат жармаңке жана элдин тандоосу, кызыгуусу тууралуу өзүнүн байкоосун ортого салды.

– Европалыктар кийизден жасалган буюмдарды жакшы көрүшөт экен. Моюн орогуч, кийиз оюнчуктар жакшы өтүп жатат. Быйыл биринчи жолу териден жасалган сумкаларды алып келдик. Бирок алар жакшы өткөн жок. Экинчиден, биздин оюнчуктар көп өзгөрбөй турганын байкадым. Жергиликтүү эл биз катышып жаткан жармаңкеге жыл сайын келишет. Бул оюнчукту былтыр да алганбыз деп айтып жатышат. Ошондуктан жаңы оюнчуктарды жасап, жок дегенде түсүн өзгөртүп туруу керек экен. Атаандаштык күч. Биз былтыркы эле буюмдарыбыз менен келгенбиз.

Боз үй саткан немис

Кыргызстандыктардын баары эле кийизден жасалган буюмдар менен келген эмес. Мисалы, быйыл биринчи жолу катышып аткан “Сайма” ишканасы жармаңкеге туш кийизден баштап, кыргыздын жашоо-тиричилик буюмдарында колдонулган сайманын түрлөрүн алып келген. Ишкананын өкүлү Маргарита Мяленко Израилде Берлинге салыштырмалуу жакшы сатышканын эскерди.

Евгений Зайберттин шырдактарына кызыккандар арбын
Евгений Зайберттин шырдактарына кызыккандар арбын

Ал эми Кыргызстандан келген теги немис Евгений Зайберттин чакан боз үйүн, чоң, кичине түркүн-түстүү шырдагын көрбөй кеткендер аз эле болду. 20 жыл илгери Германияга көчүп келген Зайберттин үй-бүлөсү он жылдан ашуун убактан бери кыргыздын боз үйүн, шырдагын сатат экен. Буюмдарды Кыргызстандагы чеберлерден алып келет. Айтымында, жылына беш-алты боз үй Европанын ар кайсы жагына сатылат.

– Былтыркыга караганда бир аз начарыраак, бирок соодабызга ыраазы элебиз. Быйыл эки орунга чыкканбыз. Шырдактардын баасы түрдүү, 50 евродон 300-500-900 деп кете берет көлөмүнө жараша. Ар кимдин табити ар кандай, ушундай өңдөгүсү жакшы өтөт деп айтуу кыйын. Анткени кимдир бирөөгө ачык түстөр жакса, кээ бири табигый өңдү тандашат. Боз үйгө кызыккандар да бар. Кээ бири дача кылганга же балдары үчүн чаканырагын алат. Жылына беш-алтыны сатабыз. Жакын жер болсо барып тигип беребиз, алыска алып кеткендерге видеосун берибиз. Мисалы, былтыр тартылган “Авицена” тасмасында биздин беш боз үйдү колдонушту.

Асел Темиралиева-Майердин кийиз буюмдары жармаңкенин көркүн ачты
Асел Темиралиева-Майердин кийиз буюмдары жармаңкенин көркүн ачты

Асел ТемиралиеваМайер Import Shop Berlin же “Базар” эл аралык жармаңкесине Кыргызстандын атынан катышкан алгачкы өкүл болгон. Ал 2003-жылы кийизден жасалган буюм-тайымдарды алып чыккан болчу. Азыр кандай товар европалыктарды көбүрөөк тартат, жергиликтүү тургундар эмнеге кызыгат деген маселени жакшы билип калган. Быйыл да минтип кандай жаңылыктары бар экенин “Азаттык” менен бөлүштү. Асел айым Кыргызстандагы “Тумар” кол өнөрчүлөр ишканасынын Германиядагы өкүлү. Ал бул ишкананын эле эмес, ар кайсы чеберлердин мыкты буюмдарын алып, өзү да заказ берип турат. Берлинде 53-жолу өтүп жаткан көргөзмө-жармаңкеге кыргызстандык кол өнөрчүлөрдү уюштуруп алып келген.

– Быйыл жарнама жакшы болду окшойт, жармаңкеге келгендер көп. Өзүбүз болсо жаңы нерселерди да, былтыр жакшы өткөн эски буюмдарды да алып келгенбиз. Мисалы, кийиз тапичкелерди көп сурашат. Андан сырткары үкү, түлкү, уй сыяктуу оюнчуктарды жакшы көрүшөт. Азыр ошолор жакшы кетип жатат.

Чебер уздар жармаңкеде европалык кардарлардын табитин үйрөнүшүп, кесиптештери менен тажрыйба да алмашты. Беш күнгө созулган “Базар” жармаңкеси 16-ноябрда жыйынтыкталды.

Канымгүл Элкеева, “Азаттык”, 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.