Жел жетпеген Жеңижок

jenijok

Канаттуу ырлары, терең ойлуу алымсабактары, «Манас» баштаган дастандарды табына чыгара айткан жомокчулугу, мукамдуу обондору менен кыргыз-казакка аттын кашкасындай таанылган актаңдай акындын бири, пири Жеңижок Көкө уулу болгон. Алп акындын чыгармачылыгы Кеңеш доорунда бааланбай, басылып келген. Акыркы он жылдан баштап Жеңижоктун мурастары окурмандарга, угармандарга тартуулана баштады.

“Жел жетпеген Жеңижок, ак калпактуу кыргыздан айтышаарга теңи жок». Ушундай атак алып, калың калктын баасына татыган улуу төкмө акын Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун айрым көөнөрбөс мурастары да Кеңеш доорунда «замандын саясатына, мезгилинин талабына жооп бербейт» деген кур шылтоо менен басылмалардан басылбай, калк арасынан жыйналбай катылып келген. Качан гана кыргыз жергесинде эгемендүүлүктүн желеги желбирегенде эр-азаматтардын демилгелери, каржылоосу аркасында залкар акындын бай мурастары окурмандарга, угармандарга тартуулана баштайт.

Жезтаңдай акын Жеңижок 1860-жылы Таластын Сарыкөбөн деген жеринде (азыркы Карабуура районундагы Жийде айылында) кедейдин үй-бүлөсүндө туулат. Өтө ата-энесинен эрте айрылып, азаптуу турмуштун казанында кайнайт. Көрбөгөн кордуктарды көрөт. Жугуштуу «ала» оорусу менен ооруйт. Ташкара аттуу болуштун буйругу менен элинен куулуп, Аксыдагы таякелерине барып, ала оорусунан айыгып, өмүрүн акырына – 1918-жылга чейин азыркы Кызылтуу айылында жашап калат.

Төкмө акын Эшмамбеттин, замандаштарынын мүнөздөмөлөрүнө караганда, Өтө «орто бойлуу, ак жүздүү, тегерек кыркма сакалдуу, толмочунан келген сулуу, колу ачык март, үйүнөн мейман үзбөгөн меймандос, ырдаардын алдында бир күрсүнүп алып, тилин соймоңдотуп ырдаган инсан» экен.

Ал эми эмне үчүн Өтөнүн Жеңижок аталып калганы жөнүндө эл ичинде мындайча аңыз кеп айтылат. Кеч күздө Өтө жолдош-жоролору менен Намангандан базарлап келатып, Кербендин базарына кайрылып калат. Айтылуу Нурмолдо ырчы калың калктын ортосунда дин, шарият, «тигил дүйнө» жайынан шабырата төгүп ырдап жаткан экен. Өтө кунт коюп угат. Нурмолдо ырдап бүтөт. Ошондо эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш төкмө Өтө абалкы салтты улап, улуулук жолду урматтап, ыр менен Нурмолдого салам айтып учурашат. Анан собол артынан собол жаадырып, Нурмолдонун төрт айласын кетирип, айткандарын төгүнгө чыгарат. Нурмолдо ага жооп бере албай, алактап калат. Ошондо Өтөнү биринчи көрүп, алгачкы жолу ырын уккан калың калк: «Атаңдын көрү-ээй, бу жеңижок, жалмаңдаган анык жеңижок эме экен го! Жеңижок бала жеңди, бу Жеңижок кыйын ырчы экен!» – деп «дуу» дей түшөт. Ушундан улам Өтө Жеңижок аталат. Кийин бул ысым Аксы эле эмес, бүтүндөй кыргыз калкына тарайт.

Жердигинен зээндүү, алысты жакындан көрө билген акылкеч Жеңижок тамга таанып, сабатын жоюп, жети жыл окуп, колу кат тааныйт. Ырларын, дастандарын кагаз бетине түшүрөт. Анан:
«Арманга толо муң калды,
Аз кыргызым окууга
Ак куржун толо ыр калды.
Арманым айтса жаманбы,
Аз кыргызым кат билбейт
Ай, кантейин аңкоо кылган заманды»,
– деп муңканат. Ошентип, Жеңижок чыгармачылыгында жазмачылык менен төкмөчүлүктү бирдей өнүктүрөт.

Чү деген жерден эшилген кумду баскандай эргип ырдаган Жеңижок ыр берметтерин нөшөрлөнтө төгүү менен бирге «Манасты», «Семетейди», «Кожожашты», «Эр Төштүктү» күндөп-түндөп күпүлдөтө айткан жомокчу да болуптур.

Кечинде ырдаса таңды аппак атырып, эртең менен ырдаса күндү батырып ырдаган Жеңижок, өзүнүн керт башына байланыштуу эмес, жалпы аалам, жарык дүйнө жана тигил дүйнө, заман, жашоо, турмуш, адилеттүүлүк, акыйкатчылык тууралуу ырдаган, олуядай келечекти көрө ырдагын ойчул, көсөм-философ, нускоочу акындан болуптур. Алп акындын кайсы гана темадагы ырларын окубайлы, ар бир сабынан өзүнөн-өзү күүгө келген обондуулукту туябыз.

1982-жылы Жеңижоктун алгачкы ырлар жыйнагы, 1999-жылы азыркы «Теңир ордо» коомдук фондунун төрагасы Дастан Исламович Сарыгуловдун демөөрчүлүгү менен «Залкар акындар» түрмөгүнөн Жеңижоктун толукталган бир томдугу жарык көрөт.

– Дастан мырза, 1998-жылы өзүңүздүн демөөрчүлүгүңүз, демилгеңиз менен «Залкар акындар» деген ат менен баш сөз жазып, кара жаак Калмырзанын, чоюлган ырчы Чоңдунун, эски ырчы Эсенамандын, ак таңдай Үмөтаалынын ырларынын, айтыштарынын биринчи томдугун, ага удаалаш Жеңижоктун ырлары менен айтыштарынын бир томдугун басмадан басып чыгардыңыз. Ал эле эмес, Жеңижоктун туулган күнүнүн 140 жылдыгына арнап кыргыз, казак төкмө акындарынын айтышын да өткөрдүңүз. Деги эле кыргыз күүлөрүн, төкмө акындык өнөрдү туу туткан жана күйүп-бышкан чоң күйөрман катары залкар акын Жеңижоктун чыгармачылыгы жөнүндө жеке оюңуз кандай?

– Кылымда эмес, миң жылда кыргыздын насибине бир келген алп акын Жеңижоктун ырлары асман тиреген Алатоодой, чексиз жайылган кең талаадай, чагылгандай жаркылдаган, күндөй күркүрөгөн, жердей дүңгүрөгөн, тоо суусундай ташкындаган, аргымактай дуулдаган, эл турмушуна тирөөч, өмүрүнө устун, жанга азык болуп, өзөн-сайда, кокту-колоттордо, кыргыз элинде, жеринде жашап келатат. Жеңижок акынды «Теңирим кыргыз элине бир эле буюрган энчиси, керемет ырысы, улуу дөөлөтү, чачкан куту» деп айтсам акыйкат болоор эле.

– Эсиңизде болсо, замандаштарынын Жеңижокко берген баасынан сөз учугун уласаңыз?

– Менин оюмча Токтогул менен Коргоолдун берген бааларынан айта кетсем жетиштүү болот го. Токтогул «Жеңижокту жоктоо» аттуу ырында:
«Ак тулпар кетти желеден,
Ак шумкар учту чегеден.
Эми, туулбайт сендей пендеден!
Көк тулпар кетти желеден,
Көк шумкар учту чегеден.
Эми жаралбайт сендей энеден.
Тобурчак аттын дулдулу,
Топ жыйындын булбулу.
Аргымак аттын дулдулу,
Ак калпак элдин булбулу!
Акындар туруп не деген?
«Ак таңдай акын сиз» деген!
Чечендер туруп не деген?
«Белгилүү чечен сиз» деген!
Арыстан акын Өтө эле,
Агылган ырдын кени эле!» – деп, баа берип жоктосо, Коргоол акын:

«Аманбы, аба Жеңижок?
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышаарга теңи жок.
Анык булбул экенсиң,
Айдап төккөн чени жок!
Эсенби, аба Жеңижок?
Эки жаактуу пендеден
Эрегишээр теңи жок.
Элдин анык булбулу,
Элеп төккөн чени жок», – деген баасын бериптир. Ал эми Арстанбек абабыз Жеңижокко:

Ырчы балам Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок.
Ырдасаң сөзүң нар экен,
Түбү терең ор экен,
Сени менен беттешкен
Ырчылардын шору экен.
Айтышкан адам көр экен», – деп акындыгын жогору баалап, ак батасын бериптир. Ал эми акындын «Дүнүйө», «Аккан суу», «Санат», «Насыйкат», «Терме», «Замана» аттуу ырлары, Нурмолдо, Эсенаман менен айтышкан алымсабактары ХХ кылымда бир да акын жете албаган бийиктик экенин мезгил толук аныктап бербедиби.

– Арстанбек баштаган улуу акындардын, Эсенаман, Жеңижок, Чоңду, Калмырзанын эстеликтерин ордо калаага коюу жөнүндө өкмөткө кайрылыпсыз. Бул маселе бүгүнкү күндө чечилдиби же жокпу?

– ХIХ кылымдын залкар акындары Чоңду, Арстанбек, Эсенаман, Жеңижок, Калмырза саясаттын залакасынан бүгүн да мурастары калың кыргыз элине толук жете элек. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында жогоруда ысымдары аталган актаңдайларга эстелик үчүн жер бөлүп берүүнү суранып, шаардын мэрине, өкмөткө кайрылганбыз. Бирок алты айдан ашык убактан бери жер ала албай жүрөбүз.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

“Азаттык”, 05.10.2003-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.