“Лейлек күрөшүнүн” чемпиондору иргелүүдө

Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугундагы беттештердин бири. 26-ноябрь, 2014-ж. Бишкек.
Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугундагы беттештердин бири. 26-ноябрь, 2014-ж. Бишкек.

Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу алгачкы ирет өтүүдө. Ага өлкө аймактарынан жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен куралган командалар катышып жатат. Бул элде “Лейлек күрөшү” деген ат менен да белгилүү.

Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиондугунда балбандар сегиз салмак ченинде таймашууда. Ага өлкө аймактарынан келген 216 балбан катышып жатат. Алардын бири – Туратбек уулу Талгат. Ал Талас облусунун атынан 57 кг. салмакта күч сынашууга чыгып, алгачкы атаандашын 10 секундга жетпеген убакытта жыгып, жеңишти колго алды.

– Тез эле атаандашымды жыгыш үчүн жамбашка салуу ыкмасын пайдаландым. Шамдагайлык менен чеберчилигимди пайдаланып, тез арада утуш ээси болууга аракеттенип, атаандашымды буйдамга келтирбей жыктым. Келечекте Кыргызстандын намысын коргоп, эл аралык мелдештерде жеңишке жетишким келет.

Алгачкы жолу өлкө чемпиондугу уюштурулуп жаткан бул улуттук классикалык күрөш эл арасында “Лейлек күрөшү” деген ат менен белгилүү. Ал Фергана өрөөнүнө жакын жашаган элдер арасында кеңири жайылган күрөш. Күрөштүн бул түрү 1970-жылдардан баштап Фрунзеде окуган лейлектик студенттер тарабынан кеңири чөйрөгө жайыла баштаган. Кийинчерээк 9-майда өтүүчү Ата Мекендик согуштун Жеңиш майрамында Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш болуп уюшулуп, ар жылы өтүүчү салттуу турнирге айланган.

2003-жылы болсо Лейлек күрөшү федерациясы түзүлүп, бир катар республикалык деңгээлдеги мелдештер уюштурулган.

Он жылдан кийин, атап айтканда 2013-жылы Лейлек күрөшү федерациясы Кыргыз улуттук классикалык күрөш федерациясы деп өзгөртүлгөн. Эми бул федерация өз аталышындай-Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнүн өлкө чемпиондугун уюштурду.

Бул федерациясынын президенти, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев бул күрөштү кыргыздын күрөшү катарында эл аралык деңгээлде таанытуу максатында федерация аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынганын айтты.

– “Лейлек күрөшү” дегенде көпчүлүгү бир райондун элинин күрөшү деп билип, аны жалпы өлкөнүн деңгээлине алып чыгууга кыйынчылыктар болду. Ошондуктан кыргыздын күрөшү катарында жаңыча аталышта алып чыгууну туура көрдүк.

Лейлек күрөшү федерациясы Кыргыз улуттук классикалык күрөшү федерациясы болуп кайра түзүлгөндөн тартып, күрөштүн эрежелерине да өзгөртүүлөр киргизилген.

Негизги эреже катарында балбандар күрөшкөн учурда курдан колду чыгарбай, чалбай, түртпөй күрөшүшү керек. Мурда таза жыгылганга чейин эле тизеси жерге тийген, же колу бел курдан чыгып кеткен балбан утулду деп эсептелип келген. Мелдештин башкы калысы, эмгек сиңирген машыктыруучу Абакир Рысов жаңы эрежелер күрөштүн кызыктуу болушуна өбөлгө түздү дейт.

– Жаңы эрежелерде таза жеңиш үчүн балбандар аракеттенишет. Кайтарма, жамбашка салуу, тизе ыкмаларын колдонуп, атаандашынын далысын килемге таза тийгизген балбан жеңүүчү аталат. Мурдагыдай тизеси тийип кеткенде эле жеңилип калды деген эрежени алып салдык. Атаандашынын тизеси жерге тийсе, атаандашын көтөрбөй туруп артка же алдыга бурап жыкканда, атаандашын көтөрүп, бирок өзү жыгылса же тизеси килемге тийген кезде упай берилет. Беш мүнөттө таза жеңиш болбосо, көп упай топтогон балбан жеңүүчү аталат.

Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнүн чемпиондоруна алгачкы жолу спорт чебери наамы берилет. Байге ээлери спорт чеберчилигине талапкер жана биринчи разряддагы спортчу наамдарын алышмакчы.

Ошондой эле калыстар, машыктыруучулар тиешелүү даражаларда наамдарга ээ болушат. Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугу 27-ноябрда аяктайт.

Кыргызстанда бел кур менен күрөшүүнү талап кылган Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнөн сырткары, Кыргыз күрөшү жана Алыш бел боо күрөшү боюнча федерациялар бар.

Аталган үч федерация Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык борбордун карамагында иш жүргүзөт. Ар бир күрөштүн өзүнө таандык эрежелери бар.

Кыргыз күрөшүндө бир колду курдан бошотуп, буттан чалуу, жамбаш, тизе ыкмаларын колдонуп күрөшсө, Алышта колду бел курдан чыгарбай чалуу, тизени пайдалануу өңдүү бир нече ыкмалар колдонулат. Улуттук күрөштөрдүн ичинен Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерация 2002-жылы түзүлүп, 2008-жылы FILA деп аталган, башкача айтканда Күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча дүйнөлүк федерациянын алдындагы салттык күрөштөрдүн катарына кошулган. Бүгүнкү күндө салттык күрөштөрдүн тизмесинде панкратион, кум үстүндөгү күрөш жана алыш бел боо күрөшү бар. Алыш күрөшүнүн кырктан ашуун мамлекетте улуттук

Эмилбек Чекиров, “Азаттык”, 26.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.