Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталды

Сүрөт www.kabar.kg сайтынан алынды
Сүрөт www.kabar.kg сайтынан алынды

Карганбек Самаков кыргыз элинин атынан ЮНЕСКОнун мүчөлөрүнө жана жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине катталды. Мындай чечим бүгүн, 26-ноябрда Парижде өтүп жаткан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин IX отурумунда кабыл алынды.

Кыргызстандын делегациясын жетектеп келген Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков кыргыз элинин атынан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин мүчөлөрүнө жана жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

“Кыргыздын кайталангыс архитектуралык курулушу болгон боз үй жөн гана үй-бүлөнүн очогу болбостон Ата Мекендин белгиси жана жышааны болуп саналат. Кыргыз элинин көчмөндүк жашоо таризи өзгөрүп, өнүгүүнүн белгилүү тепкичин басып, заман талабына ылайык турак үйлөр пайда болгонуна карабастан боз үй бүгүн да салттуу маданиятыбызды ар тараптан чагылдырып турган, салттуу жашоо-тиричилигинин уңгусу жана борбору болуп калууда”,- деди депутат.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык Комитети Генералдык-ассамблеяда тандалып алынган 24 мамлекеттин өкүлчүлүгүнөн турат. Комитеттин эң негизги милдети адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча репрезентативдик тизмеге жана өзгөчө коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине мамлекеттер тарабынан сунушталган номинациялардын файлын кароо, алар боюнча чечим кабыл алуу, Конвенциянын максатына жетүүсү үчүн көмөк көрсөтүү, сыйлоо жана анын аткарылышы боюнча мониторингди камсыз кылуу болуп саналат. Жыйынга комитет бир жылда бир жолу чогулат.

Кыргызстан 2012-жылдан тартып 2016-жылга чейин комитетке мүчө болуп кирген. Быйыл Кыргызстан Комитеттин төрагасынын орун басары жана көмөкчү органдын мүчөсү болуп саналат. Көмөкчү органдын мүчөлүгүнө 6 мамлекет кирет. Алар адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмеге сунушталган номинацияларга баа берип, номинациялар боюнча болжолдуу чечим кабыл алат. Ага мүчө болуу өтө маанилүү болуп саналат жана көптөгөн мамлекеттер материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталгысы келет. Анткени бул тизмеге материалдык эмес маданий баалуулуктар боюнча номинацияларды киргизүү менен мамлекеттин аброю жогорулап, маданий мурастарын эл аралык деңгээлде пропагандалаганга шарт түзүлөт. ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине кирген элементтер тууралуу маалымат дүйнөдөгү эң ири туристтик проспектерге жайгаштырылып, маалыматтык жарнамалар ар түрдүү мамлекеттердин сыналгылары аркылуу чагылдырылат.

Быйыл биринчи жолу Кыргызстан менен Казакстандын атынан “Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттык белгилери ” аттуу бирдиктүү номинация ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине катталды.

Бул номинациянын демилгечиси Кыргызстан болуп саналат.

“Кабар ордо”, 26.11.2014-жылы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.