Чынчыл акын чын дүйнөгө кете берди

Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбек Бекболотовдун сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Адабиятка кечигип келип, бирок аз жыл аралыгында поэзия күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө татыган акын 66 жаш курагында оорудан улам 23-декабрда дүйнө салган.

Тургунбек Бекболотов акыркы жылдарда адабий чөйрөгө өзүнө гана таандык мекенчилдик үнү, ыр куроо стили менен келген акын катары таанылган. Ал өз ырларында бүгүнкү күндүн күрөө тамырын тыңшап, адилетсиздикке күйүп-жанып, элдин, жердин тагдырына кабатырланып келди. Мисалы, мекенчилдик темасында жазган “Ата-Журт” аттуу ырында:

Уурдатып убадага жылдарыңды,
Ата Журт, билем, ооруп турганыңды.

Жан тартып жакшы сөздү айтамын деп,
Жараңдын оозун кайра тырмадымбы?

Көбөйүп көкүрөгү бечелдериң,
Кертилип кете берер бекен жериң?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай,
Мертинтип алабызбы мекен белин?

Ата Журт, дарт-арманың ичиңдеби?
Үмүттүн оңой эмес үзүлмөгү.
Кылымдын көчү кайда бара жатат,
Тагдырлар устаранын мизиндеби? – деп күрсүнүп, ааламдаштыруу мезгилинде ишенимсиз башкаруучулардын колунда турган Кыргызстандын кейиштүү элесин көз алдыга тартты.

 

Мекенчил болуп төрөлгөн акын

Акындын калемдештеринин бири Жыргалбек Касаболотовдун айтымында, эгемендик жылдарда мекенчилдик темасында жазган акындар көп эле болду. Бирок Бекболотов алардын арасынан өз ырына калп айта албаганы менен өзгөчөлөнөт:

– Жарандык поэзия өзү негизи Кыргызстан эгемендик алардын алдында эле башталган. Анын башында Шайлообек Дүйшеев сыяктуу чоң акындар турган. Ал азыр деле өнүгүп келатат. Бирок жалпы жонунан аны ийине жеткирип жазган акындар аз. Учурда бул теманы тандап алган акындар көп. Бирок Тургунбек Бекболотов өңдөнүп ар бир адамдын жүрөгүнө жеткирип, ошол эле учурда жазып жаткан сабын чын дилинен айта билгендер аз. Бекболотовдун өзгөчөлүгү ырларына калп айта албаганында.

Касаболотовдун баамында, Тургунбек Бекболотовдун атуулдук поэзиясы эмоцияга чулганганы менен ал жерде жасалма ураан, жалган пафос жок. Акындын ырлары көркөмдүк-мазмундук жактан ийленип, саптары күтүлбөгөн жерден уйкашып, жүрөк түпкүрүнөн фонтандай атылып чыкканы байкалып турат.

 

Эртелеп атак-даңкка умтулбаган устат

Маркум акын өмүр бою Таластын Кара-Буура районунда жашап өттү. Ал 1985-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Кара-Буура кабарлары” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген.

Бала кезинен акынды чыгармачылыктагы устаты катары тутунуп келген журналист Мелис Айдаркуловдун айтымында, Бекболотов табиятынан элетти сүйгөн, жерге жакын адам эле. Ал ошондуктан Ата Журтка болгон сүйүүсүн таамай ырдай алган:

– Тукем экөөбүз Киров райондук «Октябрь таңы» гезитинде кабарчы болуп чогуу иштедик. Онунчу классты бүтүп-бүтө элегимде редакцияда иштеп калган сары ооз балапан элем, ушул Түкөмдүн, Элүүбай Отунчиевдин кеп-кеңештери, жардамы менен калем төшөлттүм. «Жакшы ырларды жазып жүрөсүң. Кабарды да ошондой эргүү менен саз жаз», – дечү Түкөм. Кийинки жылы мени аскерге алып кетишти. Ал жакта жүрүп да ыр жазам. Жазганымды жазгандай Түкөмө жөнөтөм. «Алыкулду оку… Сенин стилиң Омор Султановдукуна окшош, аны оку. Рамистей кыялкечтигиң да бар, өсөм десең аны да оку. Дегиси эле көп оку. Дүйнөлүк адабиятты, орустун мыкты акындарын оку. Бир нерсени чүргөй салып, ыр жаздым дебей өзүңө талапты катуу койгонго үйрөн. Эрте даңкка умтулба…» – деп Түкөң мага жооп жазат… Көрүшкөн сайын бир туугандардай жылуу учурашчу элек. Мүнөзү, жашоо образы, сүйлөө манерасы, деги койчу бүт турпаты, жан дүйнөсү менен элеттик адам эле. Сөздүн чыныгы маанисинде ДЫЙКАН эле…

Мелис Айдаркулов Тургунбек Бекболотовду акындыктан сырткары өз кесибине абийир менен мамиле кылган журналист катары да белгилеп өттү. “Маселен кезинде ал жергиликтүү жана борбордук бийликтин кемчиликтерин бетине айтып, анысы үчүн бир нече жолу жумушунан айрылып, кайра ишке алынган учурлары болгон”, – дейт акындын шакирти.

Тургунбекти акын кылган он алты жыл

Маркумдун калемдеши Карбалас Бакиров болсо Бекболотовду поэзияга чоң урмат жана чоң жоопкерчилик менен киришкен, өтө сергек жана абийирдүү акын катары бааларын айтат:

– Бул болорун болгондой жазып өттү. Анын чыгармаларынан азыркы турмуштун сүрөтүн көрсөк болот. Кыргыздын эгемендиктеги тарыхы анын ырларында жатат. Бул жагынан мен Бекболотовду орустун Некрасовуна салыштырам.

Бакиров ошол эле учурда мекенчил акын поэзияга кечирээк келгенин, бирок аз жыл аралыгында намыскөйлүк менен эмгектенип, чыгармачылыктын жогорку деңгээлине көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Акын Тургунбек Бекболотов 1948-жылы 12-декабрда азыркы Кара-Буура районунун Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1997-жылы элүү жашка жакын калганда “Көз караш” аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен адабий чөйрөгө таанылган. 1999-жылы “Чарчаган кылым”, 2003-жылы “Муздак тамчылар”, 2007-жылы “Кечиккен ырлар”, 2008-жылы “Махабат – бүтпөс дастаным” аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. “Муздак тамчылар” ыр жыйнагы үчүн Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыгын алган.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 26.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.