Маданий окуяларга мол жыл

Сапары карып бараткан жылдын маданий окуяларына саресеп салдык. Орчундууларын окурмандардын эсине салалы.

kurmanjan_kino

«Курманжан Датка» кыргыз «чудосун»кайра тирилтти

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери кыргыз киносундагы «чудо» жоголуп кеткенине кейип келдик эле. Албетте, 2011-жылы Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу кинофильмдердин өлкөсү» аттуу эл аралык кино фестиваль өтүп, биздин кино режиссерлордун 60-70 пайызы жеңишке ээ болгон. Бирок, «Курманжан Даткадай» олуттуу көркөм фильм (2 саат 20 мүнөт) тартыла элек болчу. Аталган кинодо ХIХ кылымдагы кыргыз элинин тарыхы камтылган. «Кыргыз кинофильми» тарабынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн алгачкы көркөм тасма ушул болду. «Эң мыкты чет өлкө фильми» категориясына 5 фильм сунушталса, анын башында «Курманжан Датка» турду. Аталган дүйнөлүк сыйлыкты багынта албасак да, аалам алдыңкыларынын катарында ат салышуунун өзү эле кыргызга Ала-Тоодой аброй алып келди десек болот.

 

Көчмөндөр оюну – түрк дүйнөсүндө

Дүйнөлүк маданияттын өсүп-өнүгүүсүн шарттаган, ага салым кошкон ар бир өлкөнүн маанилүү, олуттуу маданий иш-чара, окуялары болот. Ысык-Көл облусунда сентябрь айында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну ааламга катар-катар өткөн революциялардан башы чыкпаган өлкөнү оң тарабынан көрсөттү. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Түрк дүйнөсүндөгү жаңы долбоор катары кабыл алынганы эл аралык мейкиндикте мамлекетибиздин беделин жогорулатты. Бишкек шаары – Ислам маданиятынын борбору

 

Бишкек шаары – ислам маданиятынын борбору

Ислам кызматташуу уюму ушундай аталыштагы лозунг менен иш-чараларды өткөрүп келет. Тактап айтканда, иш-чара өткөрүлгөн шаарлар – Ислам борбору деген аталыш алат. 2014-жылы Бишкек шаары Ислам борбору деп аталып, ыймандуу адамдардын көбөйүп баратканын айгинеледи.

 

Баалуулуктарыбызды дүйнө тааныды

Кыргыздын боз үйү дүйнөлүк баалуулуктардын тизмесине катталды. Мындай чечим Юнесконун өкмөттөр аралык комитетинин 9-жыйынында кабыл алынды. Буга чейин аталган тизмеге «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги жана ала кийиз-шырдагыбыз кирген.

 

“Жанжаза” – романы жаңы ачылыш

Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Султан Раев үчүн 2014-жыл чыгармачылыктын апогейине жеткен жыл болду. “Жанжаза” романы жарык көрүп, ага белгилүү казак адабиятчысы Мурат Ауэзов (Мухтар Ауэзовдун уулу) баш сөз жазды. Кеп китептин чыкканында эмес, анда дүйнөлүк маселелер көтөрүлгөндүгүндө. Аталган роман бүгүнкү күндө орус, англис тилдерине которулууда. Султан Раев бул ирет чыгармачылыктын башка мейкиндигинен көрүндү.

 

Токтогул Сатылгановго 150 жыл

Төкмө акындар Олимпинин башында турган улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын быйыл түрк тилдүү мамлекеттердин баары тегиз белгилешти. Бул мааракеге арналып, Кыргызстанда биринчи жолу Токтогулдун чыгармалары тууралуу энциклопедия жарык көрдү.

Анын мааракесин өткөрүүгө Өкмөт тарабынан 13,5 миллион сом бөлүнсө, мааракеге карата төкмө акындардын айтышына «Токтогул-150» коому 2 миллион, «Айтыш» коому 1,5 миллион сом бөлдү. Акындын чыгармалары, анын тагдырына байланышкан 15тен ашык китеп бир нече тилде жарык көрдү. Муну менен катар күүлөрү, обондуу ырлары толугу менен дискке жазылды.

 

Казак туугандар гастролдо

Казакстандын М.Ауэзов атындагы Академиялык драма театрынын артисттери октябрь айында Бишкек шаарына гастролго келди. Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрында бишкектиктер бир жума казак туугандардын өнөрүнө күбө болушту.

Казак туугандар театрдын көрөрмандарына “Абай” трагедиясы, “Күн чыгар алдында”, “Күүгүмдөгү махабат”, “Күлөбүзбү же ыйлайбызбы”, “Бири-бириңерди аягыла”, “Цыган серенадасы” аттуу спектаклдерди тартуулашты. Көрүүчүлөр “Султан Бейбарс” тарыхый драмасына жык-жыйма толуп келип, СССРдин эл артисти Асаналы Ашимовдун аткарган ролдорун ырахаттануу менен көрүштү.

Даярдаган Карбалас БАКИРОВ, «Эркин тоо», 29.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.