Чолпон Субакожоева: “Өзүбүздү мактаганыбыз менен убакыттан көп нерсе уттуруп жатабыз”

Ашуу ашып, Кытайга качып бараткан кыргыздар
Ашуу ашып, Кытайга качып бараткан кыргыздар. Сүрөт http://www.azattyk.org/ сайтынан алынды

1916-жылы кыргыз элинин көтөрүлүшү тууралуу “Үркүн” деп аталган документалдык тасма тартылып, 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата коомчулуктун назарына тартууланмакчы. Аталган тасма туурасында белгилүү публицист, акын, Манас таануучу Чолпон Субакожоева менен маектештик.

– Кыргыз элинин тарыхында өчпөс так калтырган Улуу үркүн же болбосо Улуттук боштондук күрөшү тууралуу тасманын жаралыш тарыхы тууралуу айтып өтсөңүз?

– Бул документалдык тасманын тартылып жатканына үч жылдан ашык убакыт болду. Кинону тартууда менден башка чыгармачылык топ иштешет. Сценарийди болсо өзүм жазгам. 40 мүнөттөн, эки сериалдан турат. Ага үркүнгө катыштыгы барлардын балдарынан, уккан-билгендерден жалпы 9 кишини тарттым. Тартуудан мурда Кытайга Жусуп Мамай атама такай барып тураар элем, ал мага “Чоң качкынга келген” деп кеп кылып, “Манаска жакшы көңүл буруп жатасыңар, Улуу качкында калып кеткен ата-бабаларыбызга жакшылап куран окулуп, сөөгү көмүлсө, алардын арбагы ыраазы болоор эле” деп айтып калчу. Андан башка ал жакта калып калган манасчылык өнөрдүн чоң устаты Тыныбек Жапый уулунун баласы Актан үркүнгө качып барып анын Тилебалды деген уулу Кытайда калып калган экен. Бүгүнкү күндө алар Ак-Чийде жашайт. Тилебалдынын Миталип деген уулу Манасчы болуп чыккан. Анын апасы бир туугандарын кандай жашап жатты экен деп сар санаа болуп, ыйлап жүрүп өттү дейт. Ал дагы үркүн тууралуу көптү билээр эле. Алардын айткандарын угуп отуруп, такталбаган тарыхтын актай барагын изилдөөнү эп көрүп, тарыхый материалды топтоого кириштим. Азыркы учурда ар кайсы жактан материалдарды топтоп жүрөм. Андыктан биз ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болушу үчүн алардын сөөктөрүн көөмп, канча киши апаат болгонун бардыгын тактоо азыркы муундун милдети.

– Тарыхый материалдарды учурда кимдерден алдыңыз, биз билгенден Ишенбай Абдуразаковдон тирүү кезинде алган маегиңиз бар экен?

– Кыргыздар үркүнгө эки жактуу карашат, бирөөсү дүрбөп, Кытайга качып, көпчүлүгү кырылып калган. Ал эми ысык-көлдүк сарт акелер болсо “орустар уй түгүндөй көп калк экен”, буларга туруштук бере албайбыз замбиректери, мылтыктары бар экен, жөн эле баш ийбей элди кырып албайлы” деп көчпөй койгондору да болгон. Ал эми качкандарынын көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин Бедел ашуусунда сөөктөрү көмүлбөй кала берген. Учурда муздун арасында калган биздин ата-бабаларыбыздын сөөктөрү дагы деле бар. Биз Үркүндүн 100 жылдыгы келе жатат дейбиз, үркүндүн балдары азыр 90, 80ге келди. Убагында коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдон үркүн тууралуу айткандарын видеого жаздырып калгам. Ал киши “бул окуяны калыс карашыбыз керек, үркүндүн кандайча чыкканын так билишибиз керек” деп какшап жүрүп көзү өттү. Анын апасы өлүктөрдүн арасында калган экен. Орустардын жазалоочу отряды кырганда алты жашар кыз экендигин агай айтып берген эле. Мындан башка Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУнун) тарых факультетинин деканы Аскар Беделбаев агайдын атасынан, апасы качып баратып төрөгөндө тонунун ичине баласын салып ийип “Бедел” ашуусунан өтүшкөн экен. Атасынын айткандарын алардын кантип качканын ал агайдан сурап билдим. Баялы Исакеевдин кызы Лариса эжеден да маалымат алдым. Жогорудагы кишилер үркүнгө катышкандардын өздөрүнүн башынан өткөргөнүн балдарына айтып бергенин жазып алдым. Анткени булардын көзү өтүп кеткенден кийин тарыхты тактай алмак эмеспиз. Көздөрү барында эмнени укканын, эмнени көргөнүн видеого түшүрдүм. Азыркы кезде Ташкенттен, Москвадан дагы биз билбеген документтер бар. Аларды караганга өкмөттөн, КРнын Тышкы иштер министрлигине кат жазып уруксат сурап жатам. Мындан тышкары Кыргыз Улуттук мамлекеттик архивде 60 даана сүрөт бар экен. Аларды да пайдаланам. Жакында Казакстандан бир топ материалдарды алып келдим.

– Казакстан деп калдыңыз ал жакта кыргызга таандык “үркүн” тууралуу тийиштүү материалдар бар бекен?

– Алматыга барып архивдик материалдарды алуу оңойго турган жок. Архив мекеменин директоруна киргенимде уруксат беришпеди. Мухтар Шаханов агайга барып жолугуп анын жардамы менен аталган мекемеге кирүүгө уруксат кагазын алдым. Үч күн отуруп материалдарды карап кийинки жолу караганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын Турар Рыскулов деген жазуучусу “Үркүн” тууралуу 2 томдук китеп чыгарышыптыр. Бизде андай китеп чыга элек. Персия, Орусия, Кытай жана башка чет өлкөдөгү маалымат булактарына таянып 40 томдук тарыхын жазып бүтүп чыгарышкан. Ал эми биздин чет өлкөдөгү кыргыздар тууралуу маалыматтын чекеси ойула элек. Алардын архивинде Үркүн тууралуу отчеттор, ар кандай иш кагаздар саргарган барактар бар экен. Кыргызга таандык Чокон Валихановдун “Манас” эпосун жазып алганы, кыргыз көйнөгү тартылган сүрөттөрдөн бери сакталып калыптыр. Биз тарыхчыларды каржылап, ар кайсы жердеги архивдик материалдарды жыйнасак эле такталган тарых чыкмак. Мен бирөөнү же бир уруунун байын мактап китеп чыгаргандан көрө, биздин түбүбүздү, каада-салтыбызды, кийимибизди, архивдик материалыбызды жыйнап ага карата иш кылсак жакшы болот эле дейт элем. Ташкенттен, Орусиядан, Улуу Британиянын чалгынчылары тартып кеткен сүрөттөр, ошол эле коңшу Казакстандын окумуштуулары изилдеген маалыматтар көп, аларды бир иретке салып, китеп кылып чыгарсак кыргыздар тууралуу эң жакшы маалыматтар чыкмак. Биз өзүбүздү мактаганыбыз менен убакыттан көп нерсе уттуруп жатабыз.

Кубанычбек Маматали уулу, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.