Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: “Саясат менен колбасанын эмнеден жасалаарын билгенде эч ким жолобойт эле…”

j_jumakadyr

Ырлары менен чындыкты айткан, кез-кезде пародия аралаш ыр саптары менен бийлик төбөлдөрүн  чымчып коймой жайы бар “Автомат акын” атыккан Жеңишбек мырзаны кепке тартып акындыктын күңгөй-тескейи тууралуу маек курдук.

– Учурда айтыш өнөрү күндөн-күнгө жанданып, ал тургай коңшу казак туугандар менен чоң-чоң айтыштарды байма-бай өткөрүп келебиз, сурайын дегеним бул өнөрдүн теги кайсыл элге таандык?

– Айтыш өнөрү бардык улуттарда эле болгон. Айрыкча түрк тилдүү элдерде укмуш өнүгүп, кийин унутта калып бара жатканда кыргыз менен казак калкы сактап келе жатат десек болот. Башка элдерде болгон эмес десек жаңылышып калышыбыз мүмкүн. Бирок азыркы учурда аталган эки элге таандык өнөр болуп калды десек да болчудай. Арабдарда куран түшүп жаткан мезгилде төкмө акындык эң жогорку деңгээлге жеткен. «Араб» деген сөз чечен дегенди билдирсе, тарыхта көптөгөн акындары, чечендери баяндалган. Түрк элинде да акындар өтө көп болгон. Азыркы тапта Кудай насип этип улуу өнөрдү биздин эл улантып келе жатат.

– Акын болгон соң коомчулуктун жакшысын-жаманын айтып ырдаш керек. Кандай болгон кезде да чындык ачуу болот эмеспи, чындыкты ырдайм деп жапа чегип кала элексизби?

– Акын болуш абдан татаал, анткени, ааламдын сырын билген башкача адамдар болушат. Ар бир кылымда ошол замандын ырын ырдаган акыны болот. Мелис Эшимканов Улуттук телеканалда жетекчи кезинде концерт берип «Токтогулдан суу жоголду, ким көрдү?» деп ырдагам. Ал концертти Сагын Ниязалиева деген эже тартты эле. Кийин эфирден кеткенден кийин Сагын эже ыйлап телефон чалып: «Ушинтип ырдабай эле койсоң болмок, КТР ызы-чуу болуп атат», – деди. Мага да жашыруун номер менен телефон чалышып:«Токтогулдун суусун сен текшерип калдың беле?» – деген коркутуулар болгон. Мени ушинтип атат, эмне кылам деп Орозбек Молдалиев агага кайрылсам: “Эч нерсе кылбайт, коркутуп коюшат, акырындык менен өтүп кетет”, – деди. Тамара Жаманбаева эже эфирди көрүптүр, саясатты ырдабай эле койсоң болмок экен деди. Мен болсо ырдагым келгенинен ырдадым дегем. Азыр деле кайсы бийлик болбосун айтыштарда жана менин компакт дисктериме сын көп айтылат.

– Акындык өнөр менен көп жакшы нерселерди тапканыңыз талашсыз, ал ортодо бул өнөрдүн кедергиси тийип жетпей калган максаттарыңыз да бар чыгаар?

– Акындык менен көп нерсени тааныдым. Элдин алкышына ээ болдум, эч кандай кедергиси тийген жок. Кезинде сатира жаатына да абдан жакын элем. Көргөн, билгендер сатира жаатың калып бара жатат, ошол жагын алып чыкпайсыңбы, эл акын катары эле билип калды деп айтып калышат. Өзүм Москвадагы актерлуктун окуусун аяктагам. Убагы келгенде ал өнөрүмдү да тартуулап элдин сынына коём деген оюм бар.Андыктан ал күндөрдү да илгери үмүт менен күтө турсак болот.

– Актёрдук билимим бар деп калдыңыз, киного тартыл деген сунуштар түшүүдөбү, дегеле кандай образ аткаргыңыз келет?

– Киного тартылуу боюнча ой максаттарым бар, бирок сунуштар түшкөндө баш тартып койдум эле. Негизинен комедия багытына жакынмын, дипломду жактоодо да комедия жанрын ойногом.

– Саясат боюнча пикириңиз кандай?

– “Саясат менен колбасанын эмнеден жасалаарын билгенде эч ким жолобойт эле” деген кеп бар. Саясатчы болобу, саясатчы болбойбу, далили, негизи жок адамдын артынан сүйлөгөн бул ошол адамдын даражасынын төмөндүгүнөн кабар берет. Ал эми саясатка барамбы-барбаймбы, айталбайм. Эртеңки күнүм не болоорун да билбейм, баарын бир гана Кудай билет!

– Акындар көбүн эсе элдин турмушуна, жашоо шарты менен ал-ахыбалына түйшөлүп келишет эмеспи, сизди кандай маселелер түйшөлтөт?

– Кыргыздарды түйшөлткөн өтө көп көйгөйлөр бар. Мага жакпагандарынан кеп салсам бирин бири алдап сатып кетмей маселеси абдан ойлондурат. Кечигип жүрүү, кечигип келүү да аябай жаман нерселердин бири. Ал эми элибиздин учурда саясатташып кеткени да өтө ойлондурган маселе, дагы бир чоң көйгөй деп улан-кыздарыбыздын ыйман маселесин айтсак болот.

– Ар бир эле өнөр адамынын келечекте шакирт калтырып кетсем деген тилеги болсо керек, сиз да устат таптап жатасызбы? Дегеле төкмө акын болом деген инсан кандай сапаттарга ээ болушу абзел?

– Төкмө акын болом деген инсан ойчул, көсөм, кыраакыадамдык жакшы касиеттерге ээ «адам» болушу керек. Шакирттерим Азамат, Аалыдан баштап кийинки чыгып келе жаткан жаш акындар десем болот. Баары сабак алышып ошону менен бирге эл алдына чыгып келишет. Көмүскөгө сактап таптап аткан балдарым да бар, алардын бири Оштон чыккан Идирис акын. Кудай буюрса көптөгөн акындарды чыгарабыз деген оюм бар.

– Дагы кандай иш-аракеттер менен алексиз же акындык менен эле чектелип турган чагыңызбы?

– Азыр көр оокат менен гана алекмин. Чыгармачылыкка жаңы пландар, идеялар бар. Кудай буюрса кандай жакшы чыгармалар менен жакшы иштер жаралаарын азырынча сыр кыла турайын.

Төмөндө Жеңишбек Жумакадырдын сөзүнө таандык «Баткенимдин арманы» деген ырды окуй аласыздар.

(Аруузатымдын обону менен)

Арманымды мен айтайын ыр менен,
Жыйырма жылы кыйналдык го чыр менен.
Чек араны суранамын чоңдордон,
Жок дегенде тосуп койчу зым менен.

Тажиктердин чек арасы зым болуп,
А биздики кулап калар зым болуп.
Арман басып дүнүйөм,
Айрылганча үйүмөн,
Айланайын, Мамат аке
Айбалаев бизге бир жолук.

Үч-төрт тажик сойлоп өтүп үйүмөн,
Бир заматта ойрон болду дүнүйөм.
Көрүп калсам Баткенимден джиптерди,
Ак үй жактан келдиби деп сүйүнөм.

Башкалардын чегарасы зым болуп,
А биздики кулап калар чым болуп.
Арман басып кейигем,
Айрылганча жеримен,
Айланайын, айланайын,
Депутаттар бизге бир жолук.

Партиялар каалагандай калчады,
Элдин бары шайлай берип чарчады.
“Кумтөр” менен Каркыраны карматтык,
Эми билбейм жоготобуз канчаны.

Кыздарыбыз ойлогону пул болуп,
Күйөө балдар ким экени сыр болуп.
Кудай Таала эс берсе,
Кытайларга кеткенче,
Кагылайын мен алайын,
Карындашым мага бир жолук.

Бир башкача сезим бийлейт дүйнөмдү,
Көргөнүмдө газы өчкөн үйлөрдү.
ГЭСибиз бар эсибиз жок экен го,
Токтогулдан суу жоголду, ким көрдү?

Карайлаган көңүлдөргө нур толуп,
Кайра баштан кубаналы бир болуп.
Жерин сатып талатпай,
Элин баккан Манастай,
Айланайын, кагылайын,
Ким болсоң да бизге бир жолук.

Руслан Замирбек уулу, “Де-факто”, 21.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.