Арийлердин «түпкү ата журту» каер?

migbar

Алгач «дүйнөлүк тарыхтын» сахнасында кандай элдер бар эле? Алар менен биздин ата-бабалардын кандай байланыштары болгон? Ушул улуу Туран аймагында эмне деген элдер жашашчу? Алар биздин ата-бабаларбы же кимдер эле? Эгер биздин ата-бабалар болсо, анда эмне үчүн тарыхыбызды ошолордон баштабайбыз? Эгер алар биздин ата-бабалар болушпаса, анда алар кимдердин ата-бабалары болушкан, биздин ата-бабалар кайда жашаган? Сөз анда ошол «түпкү ата-бабалар» тууралу болсун.

* * *

Борбор Азия элдери алгач “огуз”, кийин “тур” деген аталыштар менен белгилүү болушкан. Б.з.ч. VIII-VII к.к. тарта жогорку элдердин урпактары: “сак” – “сармат” – “скиф” деген аттар менен тарыхый аренага чыгышат.

Борбор Азиянын байыркы элдери тууралу алгач маалымат берген булак бул Иран арийлеринин ыйык китеби «Авеста» болуп саналат. Ал негизинен кудайларга арналган гимндерден турат. Бул жазма булакта Борбор Азиянын байыркы элдери «арийлер» жана «турлар» деп, жалпы жонунан бири бирине карама-каршы эки этностун аталышы катары учурайт. Бирок, аларды атактуу тарыхчы Л.Гумилев эки башка этнос катары карабайт. Ал арийлер тууралу өзүнүн «Этногенез жана жердин биочөйрөсү» деген эмгегинин түшүндүрмөсүндө минтип жазат: «Иранды Туранга каршы коюу, т.а. зороастризмди кабыл алган отурукташкан арийлерди дөөлөргө сыйынууну сактап калышкан көчмөн арийлерге карама-каршы коюу («идеологиясы») арабдар басып алганга чейин (VII к) маанисин жоготкон эмес». Б. а. Анын жазганы боюнча, «жаңы ишенимди кабыл алгандар – ирандыктар, ал эми мурунку ишенимин сактап калгандар – турандыктар» деп аталып калышкан. Бул идеяны кийинчерек тажик окумуштуусу Рахим Масов улантып минтип жазды: «Арийлер менен турлар өзүнүн тили, ишеними жана расалык көрүнүшү боюнча бир эле эл, болгону отурукташкан арийлер өзүнүн өнүгүү темпи боюнча мал баккан көчмөн турлардан алдыда болгон».

Эгер Х1Х кылымда жашаган орус окумуштуусу А. П. Чайковскийдин жазганына таянсак, анда Турандын байыркы эли «арий расасына» тиешелүү калк. Анын изилдөөсү боюнча, дээрлик 200 жылдан ашык убакыттан бери европалык окумуштуулар издеп таппай келатышкан арийлердин түпкү «ата журту» Туран аймагы болуп саналат. «Арий уруулары дал ушул Борбор Азиядан чыгып кетишкени тууралу алардын салт боюнча айтылып келаткан уламыштарында сакталган».

Автордун өзүнүн бул монументалдуу эмгегинде арий расасынын түпкү «ата журту» – Туран, тагырак айтканда, азыр биз сөз кылып жаткан Ысык-Көл өрөөнү экенин далилдейт. Андан да эң кызыгы арийлердин бул жерде калган бир уруусу «Пуру» деп аталганын, анан ал кече 19 к. чейин жунгарлар тарабынан «Бурут»8 деп аталган эл болушу мүмкүн экенин айтат.

Биздин изилдөөлөр боюнча, байыркы Туран элдери турларга чейин өздөрүн жалпы «огуздар» деп аталганын жогоруда айттык. Анткени, А. Байтурдун айтканы боюнча да, «кээ бир маалыматтарга караганда, түрк элдери адегенде жалпы «огуз уруулары» деп аталып, алардын түпкү атасы Угуз хан болгон»9. Дал эле ушул сыяктуу маалымат С. Закировдун эмгегинде да айтылат.

Туран аймагында жашашкан байыркы элдер тууралу биринчи маалыматты «Зенд Авеста» берет. Бул тарыхый булак берген кабар боюнча, улуу кудай Ахура Мазда «16 мамлекетти» негиздегени баяндалган. Бирок, бул жердеги Ахура Мазда жараткан өлкөлөрдүн «тизмесине» Туран аймагында жашашкан көчмөн элдердин «шаарлары» менен «мамлекеттери» кирген эмес. Анткени, Туран элдери Ахура Маздага эмес, Көкө Теңирге сыйынган элдер эле. Алар Ахура Мазда эмес, Көкө Теңир жараткан калктар болчу.

* * *

Өз мезгилинде, Азиянын алыскы бир тоолорунун арасынан орун алган бир “табышмактуу” өрөөн тууралу Геродот мындай маалымат берген: «Азияда айлана-тегереги, беш капчыгайы бар кырка тоолор менен куурчалган бир түздүк бар. Бир замандарда бул түздүк хорезмдиктерге тиешелүү болгон. Түздүк хорезм, гиркан, парфян, саранги жана фаманай элдеринин жерлерине чек аралаш чөлкөмдө жатат. Азыр эми ал жер Перс падышасына баш иет. Ошол айлана-тегереги тоолор менен тосулган түздүктөн чоң Акес дарыясы агып чыгат. Мурун, ошол туюк өрөөндөн агып чыккан ал Дарыя беш салаага бөлүнүп, беш капчыгай аркылуу агып өтчү да, жогоруда аты аталган элдердин жерлерин суу менен камсыз кылчу. Эми бул аймак перс падышасынын колуна өткөндөн кийин абал өзгөрдү. Падыша капчыгайдын оозун жаптырып, сууну тосуп салды». Натыйжада суу агып чыкпай, туюк өрөөндө көл пайда болду да, ылдыйкы түздүктө жашашкан элдер падышага акысын төлөп, анан сууну пайдалана турган болушту. Муну менен перс падышасы казынага өтө көп акча түшө турган бир булактын көзүн ачты.

Мына ушул «түздүк», орус окумуштуусу Чайковскийдин изилдөөсү боюнча, Ысык-Көл өрөөнү болуп саналат.

Усундар жана серилер

Огуз, тур, сак элдеринен кийин б.з.ч. доордо Туран аймагын жердеген эл усундар болуп саналат. Алардын олкөсүнүн ордосу да дал ушул Ысык-Көл өрөөнүндө жайланышкан.

Бичуриндин маалыматы боюнча, «Усундар эгин эгип, бак өстүрүп, дыйканчылык кылышпайт, алар малдарын айдашып, бир жерден экинчи жерге жайыт которушуп, көчүп жүрүшөт. Жашоо турмушу хунндарга окшош. Жылкыны көп кармашат, байларынын 4 миңден 5 миңге чейин жылкылары бар. Эли каардуу, ач көз, кырс, жырткыч мүнөз келишет. Усун көчмөн элдердин арасында күчтүү бийлиги бар ордолордун бири болуп саналат».

Белгилүү окумуштуу Н.А.Аристовдун жазганы боюнча, «усундар азыркы кара кыргыздардын түздөн түз ата-бабалары болуп саналат». Анын ою боюнча, усундардын элдик аты – «кыргыз», ал эми «усун» б.з.ч. 3к. Энесай кыргыздарынан бөлүнүп чыккан уруулардын союзунун аталышы, ал саясий термин.

Автордун айтуусу боюнча, кытай тарыхындагы маалыматтарга караганда, «кыргыздар менен өңү-түсү бирдей усундар, Ү1к. баштап кыргыз деген аталыш менен белгилүү боло баштайт».

Андан нары сөзүн улантып, мындай дейт: «Бир убактарда енисей кыргыздары менен Тянь-шань кыргыздары бир эл болгон. Алар б.з.ч. 3к. экиге ажырап, бир бөлүгү ХVIII к. чейин Енисейде калып, экинчи бөлүгү адегенде Танну кырка тоосунун түштүгүнө ооп өткөн да, кийинчерек хундардын кысымы астында батыш Тяньшанга келип туруп калышкан».

Окумуштуулардын жазгандары боюнча, «динлиндер, кагастар жана усундар көк көздүү, сары чачтуу, ак жумал элдер болушкан».

И.Бичурин келтирген кытай тарыхынын маалыматы боюнча, «усун се элинин бир уруусу болгон… Бул эл сейлердин урпактары».

«Се», «сей» сактардын кытай тилиндеги берилиши. Бирок, Аристов Бичуриндин жазганын ката деп эсептейт да, «усундар се элинин уруусу болгон эмес» дейт. Анын ою боюнча, бул эки элдин «бир расага тиешелүү болушу – ал усундун се элинен келип чыкканын көрсөтпөйт».

Жаш тарыхчы К. Э. Осмонов келтирген Зуевдин маалыматы боюнча «се» – «сак» элин эмес, байыркы тарыхка «сир» деген ат менен түшкөн элди билдирет. Демек, К. Э. Осмонов жазгандай, кытай булактарына «се» деген ат менен түшкөн элди «сир» (сер) деп түшүнүү керек.

Птолемейдин жазган маалыматына караганда түндүк-батышынан Скифия, түштүгүнөн Имай тоолору менен чектешкен «Серик» деген өлкө бар.К. Э. Осмоновдун ою боюнча, бул байыркы түрк тилиндеги эле «сары», «сарыг» деген сөз.

Н. А. Аристовдун жазганы боюнча, «түрк урууларынын ичине кеңири таралган саруу уругу түрктөр менен динлиндердин аралашмасы болуп эсептелет». К. Э. Осмоновдун ою боюнча, байыркы замандарда Борбордук Азия жана Түштүк Сибирде жашашкан «ак жумал» түрк уруулары динлиндерге тиешеси жок эле өздөрү «сары», «сарыглар» деп аталышкан. Окумуштуулардын болжолдоруна караганда, Птолемей жазган«сер-исседондор» (орус: «серские исседоны») «сары усундар»экени шексиз.

Кытай булактарынын маалыматтарына караганда, «Хан мезгилинде усундар, хунндар менен Батыш элдери жашаган аймактын ортосунда жашашкан». Ал эми бул эл тууралу Плиний: «Серлер бойлору бийик, чачы сары, көздөрү көк, үнү орой, тили түшүнүксүз эл келет» деп жазат.

К.Э.Осмоновдун пикири боюнча, бир замандарда серлер деп Сары Өлкөнүн (Кытайдын) жашоочулары катары, кытайлар өздөрү да аталышы мүмкүн. Бул учурда Птолемейдин «сер-исседондору» «сары усундарды» гана түшүндүрбөстөн, усун Кытайын (Серди), б.а. Кытайда (Серде) жашашкан усундарды да түшүндүрөрү шексиз».

Чынында, бизге белгисиз, тарых илиминде али тактала элек элдердин бири «Серика» өлкөсүнүн эли. Ал жөнүндө Птолемей минтип жазат: «Серика түндүк – батышында Скифия, түштүгүндө Индиянын Ганг дарыясынан бери, чыгышынан белгисиз бир эл менен… чектешет. Серик өлкөсүнүн мындай шаарлары бар: Даина, Пиала, Асмирайя, Троана, Исседон, Серский, Аспакара, Дросаха, Палиана, Тагура, Абрагана, Даксата, Оросана, Отторокара, Солона, Серастолица».

Туран өлкөсүнүн тарыхынын көп учурлары бизге белгисиз, ал эми «Серик» өлкөсүнүн тарыхы Туранга салыштырмалуу такыр эле табышмак? Мисалы, кытай булактарында усундар б.з.ч. 2 к. Жети-Өзөн аймагында жашап жатышкан көчмөн элдер катары тарыхка түшөт.

К.Э.Осмонов, И.Бичуриндин «Се үйү менен Усундун нике союзу…» деген сөзүн мындан нары «Сир үйү менен Усундун нике союзу…» же кыскача «Усундун Сир үйү» деп окуу керек экенин айтат.

Кытай тилинде «р» тыбыш жок экени белгилүү, ошондуктан жаш тарыхчынын жогорку тактоосу туура деп ойлойбуз. Сыягы түпкү теги бир бул эки уруу кайрадан кошулушуп, күчтүү союз түзүшкөн окшойт.

Мына ушул жерден «сарыг», «саруу» этнонимдери «сары түстү» түшүндүрөрүн айтуу менен бирге, «усундун» этимологиясына да токтолуп кетүү керек деп ойлойм.

Аристовдун ою боюнча, көптөгөн түрк уруулары өздөрү жээгин бойлоп жашаган дарыялардын аттары менен аталышкан.Мисалы, карлыктар – Карлык дарыясынан, лебединдер – Лебедин, тубалар – Туба ж.б. Дал ушул сыяктуу эле усундардын этникалык ысмы, алар түштүккө кеткенге чейин жашашкан Июс жана Сон дарыяларынын аттарынан улам ушундай аталып, кытай тарыхына «Июс – Сун» деп, өзүнүн жашаган аймактык аталышы менен түшүшү мүмкүн?

Башка бир пикирлер боюнча, «усун» монгол сөзү. Ал түрк тилиндеги су, кытай тилиндеги шуй, тибет тилиндеги чу деген сөздөр менен тектеш, мааниси «сууну» билдирет. Демек, усун – «суу эли» же «чачтуу эл». Анткени, башка бир учурда, монгол тилинде усун – «чач» дегенди да түшүндүрөт. Усундун дагы бир мааниси Страбон жазган Асия же Асиан деген сөздөр менен да байланыштуу. Анын маалыматы боюнча, асиа же асиандар Яксарттын ары жагында сактар менен жанаша жашашкан.

Кытай тарыхчысы Ян Шыгунун жазганы боюнча, «усундар өздөрүнүн сырткы көрүнүшү боюнча батыштын башка элдеринен айырмаланып турат. Азыр ал жерде жашап жатышкан маймылга окшош, көк көз, жерде сакал түрктөр алардын урпактары болуп саналат».

Ошентип Түштүк Сибирдин «көк көз, сары чач, ак жумал» элдери кытай тарыхына «усун» жана «динлин» деген аттар менен түшкөнүн көрөбүз. Тарыхта ушул эки элдин түпкү теги тууралу талаш-тартыштар дагы деле аягына чыга элек. Окумуштуулардын кээ бири, бул элдерди «фин расасына» жатат десе, экинчилери, аларды «арий расасына» таандык элдер экенин белгилешет. Үчүнчүлөрү, «түрк тилинде сүйлөгөн» элдер дешет.

Мисалы, Аристов шилтеме берген Кастрендин айтканы боюнча, «фин, түрк жана самоед уруулары ак жана сары расаларды бириктирип турган байланыштыруучу топ болуп эсептелет. Алардын ата мекени Об, Иртыш жана Энисей дарыяларынын башталышындагы Алтай жана Сайан чөлкөмү болуп саналат. Түрктөр менен самоеддерге тууган финдердин ата журту да дал ушул өлкөдө экени шексиз».

Аристовдун маалыматы боюнча, Радлов «динлиндерди түрк уруусу» деп эсептейт. Радлов, энесайлыктар байыркы бир маданияты өнүккөн элдин урпактары экенинен шек кылбайт. Ал ошондой эле байыркы ак жумал элдер менен фин рассасына жаткан элдердин туугандыгын да танбайт. Бирок, Риттердин, байыркы замандарда индогерман уруулары Сибирге келип, ал жерде алар белгилүү бир маданиятты түзүп, андан кийин түштүктөн каптап кирген көчмөндөрдөн кырылып жок болгон деген оюна кошула албайт.

Үчүнчү багыттагы теория – ал «арий теориясы». Флоринскийдин пикири боюнча, Сибирдин коло доорунун маданияты арий расасынын түндүк бутагына жаткан келт, герман, литва жана славяндарга таандык. Алар Сибирге арий элдеринин ата мекени болгон Орто Азиядан келишкен; келттер менен германдар батышка эртерек журт которуп кетишип, а славяндар болсо, бул жерде көпкө чейин жашап калышкан. Б.з. 1-2 кк. гана алардын бир бөлүгү Сибирди таштап, «гунн» жана «болгарлардын» ата-бабалары менен бирге Уралдан ары батышка ооп өтүшкөн.

Кээ бир окумуштуулардын жазгандары боюнча, «арий уруулары Сибирди жердеп турган учурда, ал жерде монголдор да, татарлар да болгон эмес».

Аристовдун пикирине караганда, байыркы «Сибир расасынын сүйрү баштуулугу» анын арий расасына таандык экенин жеткиликтүү далилдеп бере албайт. Анткени, ал жерде арий расасына жатпаган сүйрү баштуу башка раса бар экени да аныкталган. Анын ою боюнча, “Орто Азия арийлердин түпкү ата журту” экендиги, “ушул жерден алардын тарашы жана бир бөлүгүнүн Түштүк Сибирге келиши”, ал Бэнфэянын “арийлер Кара деңиздин түндүк-чыгышынан тараган” деген оюндай эле илимий болжол.

Андан нары Аристов, Флоринскийдин, Түштүк Сибир эли арий расасына жаткан деген ою туура эмес дейт. Тескерисинче, Иакинфтин маалыматына караганда, түрктөр менен монголдор байыртан бери жашашкан жергиликтүү элдер болушкан. Ал эми динлиндерди болсо, ал монголдор деп эсептеген38. Аны ою боюнча, кытай тарыхынын маалыматтарына караганда, «Чыгыш океандан Каспий деңизине чейинки Азиянын ортоңку тилкесин ээлеп жаткан элдер, бул чөлкөмдө алар байыртан бери эле жашап келатышат».

Албетте, биздин максатыбыз:серлер менен усундар арий расасына жаткан же жатпаган эл экенин далилдөө эмес. Биздин максатыбыз – байыркы Борбор Азияда ушундай аталыш менен жашаган баба элдердин болгонун кабарлоо гана. Анткени, биз Кыргыз санжырасын изилдегенде Туран аймагында жашашкан дал ушул сак, сармат, скиф, усун жана сери элдеринин уламыштарына жана мифтерине көбүрөк таянабыз.

(уландысы бар…)

Байас Турал, “Мурас”, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.